Евтушенко кылдат туюмду ырга салган

Соңку жылдары Америка Кошмо Штаттарында өмүр кечирген орустун улуу акыны Евгений Евтушенко 85 жашында каза болду. Непадам “менин көзүм өтүп кетсе эскерип алар ата журтум бар” деп жазган акын. Анын жакындарына калтырып кеткен керээзине ылайык сөөгү Москва алдындагы орус акын-жазуучуларынын Переделкино чыгармачылык айылындагы мүрзөгө коюлары кабарланууда.

Евгений Евтушенко деген орус поэзиясындагы улуу таланттын жаралышына оголе көп объективдүү-субъективдүү мүнөздөгү жагдайлар шарт түзгөн.

Ириде ал табиятынан таланттуу адамдардын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы жер ооп келген балтикалык немис, кесиби геолог болгону менен ышкыбоз акын, апасы мектеп мугалими, сталиндик заманда Москвадан чет жакка куулган интеллигенттерден. Сибирде төрөлгөнү менен билимди Москвадан алган акын шоктугунун айынан боз улан кезинде мектептен куулуп, атасынын кийлигишүүсү менен Казакстанга геологиялык чалгындоочулар менен иштөөгө кетет.

1949-жылы биринчи ыры чыгып, үч жылдан кийин алгачкы ыр жыйнагы жарык көрүп анын аркасы менен Жазуучулар союзуна кабыл алынат, Адабият институтунун студенти болуп калат. Евгений Евтушенко айтылуу институтту деле аягына чыга албайт, саясий көз карашы үчүн окуудан четтетилет. Бирок нукура талантка айла жок, ыр сүйүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө арзыган акындын ал кездеги “сылык-сыпайы адабиятка” ызы-чуу салып, бүкшүп бараткан көркөм жагдайды удургутуп ийген чыгармалары жалаң кагаз китеп аркылуу гана эмес, он миңдеген угармандарды чогулткан стадиондордо, кенен аянттарда жаңырып, поэзиянын коомдук кадыр-баркы опсуз бийиктикке көтөрүлүп кеткен.

Ошол 60-жылдары орус поэзиясын бийик сапаттык деңгээлге көтөргөн жаңы муундун арасынан аттын кашкасындай бөлүнүп турган Евтушенко узакка созулган чыгармачылык өмүрүндө элүүдөн ашуун ыр китептердин, аларга удаа кара сөз, кино, аудио, публицистикалык чыгармаларын жаратып, убакты-саатын жалаң көркөм жаратмандык ишке жумшаган. Адам сезиминин оңой менен кармалбас кылдат туюмун поэзияга салып, аны бийик акындык үн менен көркөм чагылдырган Евгений Евтушенконун кыргыз адабиятына, айрыкча Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын бийик баалаганы, Ала-Тоого атайын келгени белгилүү. Аны Кыргыз эл акыны Кыялбек Урмамбетов мындайча эскерди:

– Ал Кыргызстанга да келип кеткен. Ошондо элди таң калтырганы – ал бардык ырларын жатка окуганы. Өзү канча жашка барса да ошончо ырын кантип жаттап алат? Анан ал ырларын жатка окугандагы өзгөчөлүгү ар бир сөздү кыраатына келтирип, маанисине жеткирчү. Ырды жазган бир тең, аны окуган бир тең. Себеби элдин жүрөгүнө жеткирүү керек.

Кыялбек Урмамбетов атасы белгилүү акын Совет Урмамбетовдун Москвада болгондо Евгений Евтушенконун ырларын жатка окуганын көрүп катуу таасирленгенин, угармандар арасында аялы да отурганын айтып келгенин эскерди.

– Бир чети артист, бир чети мыкты акындын бул дүйнөдөн кайтканы чоң жоготуу болду. Биз кыргыз жаштары, кыргыз акындары ыр окуганы жагынан ушул Евтушенкодон үлгү алышыбыз керек, – дейт Кыялбек Урмамбетов.

Евгений Евтушенко менен 60-жылдары адабиятка келген албан, алп, нукура акындардын акыркысы бул жарыкчылыкты таштап кеткенин Кыргыз эл акыны Сагын Акматбекова да кайгыруу менен эскерди. Андрей Вознесенский, Роберт Рождественский, Белла Ахмадулина, Булат Окуджава менен бир убакта орус поэзиясында жанар тоодой атылып чыккан бул муундун бирин экинчисинен бийик же пас коюу мүмкүн эмес.

– Килейген стадиондорго элди чогултуп, көчөлөрдө, Маяковскийдин эстелигинин жанында ыр окушчу да. Мен да ошолор менен кадырлашып, кийин 70-жылдары Кремлдин съезддер дворецинде ошолор менен кошо ыр окушуп калган да жайым бар. Сурашып калган жайым бар. Аябай чоң жоготууну сезип турам. Бир гана орус адабиятынын жоготуусу болгон жок. Бул дүйнөлүк поэзиянын жоготуусу болду деп эсептейм,- дейт Сагын Акматбекова.

Заман менен тең жүрүп, өз доорунун көйгөйүн козгоп жашаган улуу акын узак жылдарга созулган чыгармачылык жолунда бийлик башында отургандардын көзүн карабай, саясий системага баш ийбей айтайын дегенин айтып, коммунисттик “темир капас” тушунда эле дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүн кыдырып, өзүн канаттуу куштай эркин сезген. Төрт ирет үйлөнүп анын атын улантчу беш уулдун атасы болчу. Акын жана кара сөзчү Олжобай Шакир Евгений Евтушенконун жарандык позициясы өзүн интеллигенция өкүлүмүн дегендерге үлгү деген пикирде.

– Ушул жагынан орус чөйрөсүндөгү интеллигенция өкүлдөрүнүн арасынан эки жүздүү болгон жок. Анан дүйнөлүк алкакка чыкканда да ушунусу көңүл бурдурду да. Адабияттын өзү сенин чеберчилигиңден мурда адам катары, жаран катары позицияң, турумуң кандай – ошо да тараза ташын теңдеп турат экен. Мына Евтушенко ошол озуйпаны акын катары толук аткарды.

Олжобай Шакирдин пикиринде, Евгений Евтушенко ырбы, кара сөзбү, көркөм өнөрдүн башка салаасындабы – баарында өзүнүн мыкты чебер, таланттуу инсан экенин көрсөтө алды.

Белгилүү философ-эстетик сынчы Калык Ибраимов 60-жылдары космос поэзияда өтүмдүү тема катары чыгып, акындар он миңдеген адамдарды стадиондорго чогултуп, акындар коомдук аң-сезимди алдыга сүрөөчү күчтөр катары чыгышканына токтолду.

– Евтушенконун дагы бир өзгөчөлүгү – бул өзүнүн өмүрүндө 50дөн ашуун китеп жазып чыгарыптыр. Анын көбү, албетте, поэзия. Бирок бул көп жанрда эмгектенген адабиятчы болгон. Бул прозада эмгектенген, сценарист, кинорежиссер, актер болгон.

Акындын “Сталинди жерге берүү” деген фильми 80-жылдардын аягында коммунизм доору бутүп баратканын каймана туюнткан чыгармасы болуп калды.

Совет адабиятынын соңку чейрек кылымында мыкты жаратмандардын алдыңкы катарында турган Евгений Евтушенко учурунда айтылуу Нобель сыйлыгына талапкер катары көрсөтүлүп, бирок кайсы бир себептерден улам албай калганын Калык Ибраимов маалымдады.

Евгений Евтушенко кыргыздын биртоп акындары менен чыгармачылык байланышта болгон. Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Омор Султанов, Рамис Рыскулов, Майрамкан Абылкасымова, Сагын Акматбекова, башка акындардын чыгармачылыгына кызыгып, кээ бирлерин орусчага которгон. Ошондой ыкыбалга туш келген кыргызга канаатташ казак акыны Мухтар Шахановдун “12-3=?” деген поэмасына Чыңгыз Айтматов баш сөзүн жазган. Коммунисттик доордо айрым парттөбөлдөрдүн бийлик башында узакка отуруп калышын эзоп тилинде баяндаган ал чыгарма учурунда бир топ тоскоолдорго учураган. Евтушенко Чыңгыз Айтматов тууралуу “бул өзү улуттук тоскоолдуктан чыгып кеткен жазуучу болчу” деген баасын берген.

Евгений Евтушенко орус адабиятындагы 60-жылдардын мууну деп аталган тамыры тереңге кеткен көркөм катмардын эң эле ачык, жаркын өкүлү болчу. Анын чыгармачылыгы өзү чыгарган “Орусияда акын – акын дегенден бийик” учкул сөзүнүн тууралыгын ырастап, нукура сүрөткер катары жашап, өз доорунун окурмандар сүйүүсү деген жооптуу сыймыкка татып, саясий системанын куугунтугуна да кабылып, бирок ага баш ийбей, кайталангыс сүрөткер деген бийик аттын баркын түшүрбөй, миллиондогон окурмандарына калп айтпай, өмүрүн чыгармачылыкка толугу менен арнап өттү. Эми анын экинчи чыгармачылык өмүрү башталат.

Бекташ Шамшиев, «Азаттык», 04.04.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.