Евгений Евтушенко

e_evtushenko

АРМИЯ

Палатада радиону басаңдатып,
жарадарлар баштан сылап – муюп биз,
Зимадагы госпиталды тазартып,
балдар хору концерт бердик унуткус.

Баштагыла дегенди угуп тикийди,
деми күчөп, айланайын, баарынын –
балдар, кыздар эки катар тизилди
алдында ушул согуш каармандарынын!

Одурайып олтургандар – дос ошо,
көзү чуңкур, кабагы оор – карашып.
Ал-ансайын момураша, бошошо,
анткен менен тиктейт бизди аяшып.

Согуш соолтуп – оорук кандай кичирген,
кан-сөлү жок, арык баары – жарымдай.
Айрык, көөнө пальтолордун ичинде
аларга биз – согуш каармандарындай!

Көз караштар учкул, жеткил кандай-аа!
Сестранын мээри – кайрым-жолубуз!
“Вставай, страна огромная!” –
ырдайт, ырдайт биздин балдар хорубуз.

Винницалык хохол ырдап тур дагы,
халатында киселдин из-тагы бар,
балдагынын кара жалтыр кундагы
клеёнка, кийиз менен таңылган.

Терезеде ырдап бурят – кайратман,
костромалык сапер ырдап-сыздады.
Окуучулар сымал ырдап солдаттар,
солдаттардай ырдап жаттык биз дагы!

Баары ырдады чын жүрөктөн, айбаттуу –
няня ырдады эски этегин кымтынып.
Керзовойчон доктор айым сайрап тур
колундагы градусник унутулуп.

Аяр кирип жүк ташыгыч палвандар
тура калып керебеттин артына,
кошо ырдашты шапкени алып – балбаңдап,
дымак менен, өксүү менен кардыга.

Угулган ал жарылуунун учунда
уңгу болоор ак жарыкты боолгодук.
Ушул, ушул Армия бар үчүн да
ушул, ушул Мекен калды корголуп.

 

* * *

Лапылдап кар жаап жатса – көрк өзүнчө,
канча ирет ойгонуп мен чечек делдим –
оорукта – аял, бала өлкөсүндө,
оорукта – өлкөсүндө кезектердин.

Дүкөнгө жыйнагандай күчүмдү анык
жүгүрөм капчыкты ала күлмүң этип.
Береби карточкага бүгүн балык,
а балким, берет уйдун чүйгүн этин.

Тааныштын үнү тосот жаземдебей:
“Эмне, кеч?… Ташта мобу жоругуңду?..”
Анан ал химиялык калем менен
колума жазат кезек-номурумду.

Кезекти ээлеп коюп, кедеңдеп мен
коргондун кемтигинен эптеп ашып,
тамтаңдап аңдуу-дөңдүү нечен чектен,
вокзалга жетип келем тердеп-шашып.

Эл ана эвакуа-цияланган,
муң-зары көздөн кирип – сөздөн чыгат.
Гүүлдөгүн ачкалыктын кыялардан
көтөрүп апкелгендей өлбөй чыдап.

Бир жезмит чаңырууда. Беркиндеги
онтолоп жаткандарды-айт чабалактап.
Чачтарын саксайтышкан кемпирлери
наалышат нары-бери жабалактап.

Оо, анан чүмбөт-чүмбөт жабдуу толгон
поюздун – эшелондун сакчылары
тиктесе мени ушул кар-бороондон –
тимеле эрип кардын жатты баары.

Серептеп эки колду – көз ынанып,
телмире узаттым мен далай жолго.
Ал тургай кошо кеттим түшүп алып
мен түшүп кетпеген ал вагондорго.

 

ҮЙЛӨНҮҮ ТОЙЧУКТАРЫ
А. Межировго

Согуш кезги тойчуктар-ай үйлөнгөн –
жыргалдардын жыртыгындай алданма.
Ачылып сөз айта алышпас күндөрдө
чыкпайт ойдон өлүм дагы, арман да.

Кыштын ушул жолу менен кар таптай,
шамал менен жамандыкка каршыгып,
шашылыштын тойчугуна калдактай,
коңшу айылга баратамын шарты ыйык.

Каалгыгандай басык менен мынабу,
көкүлүмдү маңдайымда серпилте,
атаңгөрү, ашкан бийчи сыңары
гүү-шаа түшкөн үйгө алып кирет эрсинте.

Арасында дос-туугандын ар кандай
жасанган да толкунданган түр менен
олтур Күйөө Чакырылган – Кармалган,
ойлор кыйнап – эс-мас болгон сүр менен.

Бирге олтуру – Верасына ээ болуп,
эртеси эле такыр башка тийээр күн –
бозоргон бир шинель кийип, не жорук,
согуш беттейт ичинде ошол шинелдин.

Бөтөн жерде өрмөлөп да жөрмөлөп,
куралы да кубандырбай жүгүртөөр?
Согуш деген кимди аямак өлбө деп,
балким, аны немис огу бүлүнтөөр?

Стаканда көбүк чертип-жараар миң,
ичишке анын канча күч бар мүлдөсүн.
А ким билет, алгач түнү алардын –
акыркы да түнү болуп жүрбөсүн?

Кайгы басып турат Күйөө көзүнөн,
жабыркоосу жан дүйнөнүн байкалат.
Төгүлгөндөй төркү үстөлдөн өтүнөт:
“Бир-р жакшылап бийлечи?!” – деп кайталап.

Ичимдигин илбей көзгө – унутуп,
баары, баары мени карайт жабыла.
Баратканды-айт чимирилип – муютуп,
таканы улам такылдатып дагы да.

Ар бир мүчөм бөлүнүп да шалактап,
эрип полго түшө жаздайм эптүүлөй.
Ышкырганды-айт алакан чаап тарактап,
ыргыганды-айт шыпка чейин жетчүдөй.

Кулап түштү дубалдагы ураандар –
куттуу болсун, Гитлер капут, а демек.
Колуктунун жашы чаңга буланган,
ысык жашты салсак кантет тебелеп?

Карашалап бүттүм, кокуй, шайым ооп,
кара жанга, кара жанга дем берсин.
Менин бийим – ичиндеги жалын-от,
“Бийлегин!!!” – дейт!
Бийлейм кайра эрдемсий.

Тамандарым – жыгач болуп… тойтуктап…
кайтып үйгө келгенимде – башкамын.
Мастар мени издеп башка тойчуктан,
чакырганда – өлүп кала жаздаймын.

Апам дагы араң-зорго жөнөтөт,
күбөсүмүн, бийчисимин үлпөттүн.
Дасторконго кол сунганда, өнөкөт,
так ортого чыгарышат күчтөп бүт.

Колуктусу ыйлап кирди билгендей,
достору да “ба-а” деген тур көздү алса.
Жаман болдум – бийлөөгө бут шилтенбей,
бирок, бирок, бийлеш керек өлсөм да!

 

ӨТҮК

Таборго окшош бул вагон ойда-а мына –
бакылдакты угасың ары жактан.
Чөп шыкашып тамбурдун сол жагына,
Кудай сымал уктоодо моряктар.

Марусялап бирөөсү элжиреди!
Саргыч мыймый щини ичет шалпылдатып.
Киргил тарткан немени беркилери
иттик кылбай жүргүн дейт алкымдашып.

Оо, мен анда куштармын тыңсынганга,
бир тобуна белгилүү болуп алгам –
сары өтүгүм чыйкылдап-кыйкырганда
бийик такам такылдайт жолуңардан.

Бирде тигил, бирде бул саткын деди
колтугуна шарт кысып өтүгүмдү.
Айтам кесе: “Толго да, тарткын эми!
Черт таманын. Сатпайм…” – деп өкүмүмдү.

Еткулга деп бир күнү жанымда тың,
жашташ жигит келаткан сынай-арбап.
Казандай чач, чоң келген галифа шым,
жылаңайлак, а бирок, жылаңайлак.

Мен өтүкчөн болгонум – эмине экен,
эмине экен – жылаңбут болсо мобул?
Жасалабы аракет дагы нечен –
анын бутун аз тиктеп томсоромун.

Кайсы жер бу? Мүнөткө жарыбаган
токтоп поюз, эл сыртты карашууда.
Бүт вагонго жаңырды жарыя анан:
“Тигил жакта бир нерсе таратууда!”

Кейип-чуркап уйкулуу көздөр кошо,
а мен өтүк кийээрде кулак туштан
кимдир-бирөө кыйкырды сөздөрдү ошо:
“Кечигесиң, жүгүргүн жылаңбутчан…”

Жүгүрдүм мен! А бирок, бекеттеги
дүкөнчөгө келгенде алактадым –
көзүм чалып – казанчач те четтеги
өтүгүмдү бутка илип баратканын.

Ууру артынан учтум мен ылдый кайра
жетсем эле жеп-тытып таштачудай.
Буферлерден буферге ыргыганда
айрылды шым – абийрим сакта, Кудай?!

Ансайын мен түйүлүп шайым жыя,
акыр жетип – вагонго чаба такап…
Өтүгүмдү тултуюп кайырды да,
өңгүрөгөн боюнча бара жатат.

Эсеңгиреп мен дагы катыптырмын
чаба жааган жамгырдан карап аны.
Балчылдаган жер менен шашып кургур,
жылаңайлак баратат ана дагы.

Дароо биздин вагондо уюп белги –
папкечендер баш болуп кайтарышып,
стакандын жармынан куюп берди
новосибирь портвейнин алпарышып.

Жамап шымды аялдар чакырылган,
мүшкүл эмес бул дешти. Чырлар калды.
Сыртта айнектен – бир көккө атырылган,
бир төмөнгө шуңгуган зымдар каардуу…

 

* * *

Сүйүүдө кандай өткүр, кандай алпсың!
Мен болсо бечарамын бүжүрөгөн.
Жакшылык колдон келбейт – арнабасмын,
жасабайм жамандыкты өзүңө мен.

Токойго алып кирип эрбеңдетип,
жолу жок жакка баштап жүргөндөйсүң.
Гүлдөрдү баратсак да белден кечип –
сен менден күлө баккан түр көрбөйсүң.

Акыры өзгөрүштөр тур алдымда,
дагы эле не кылышты чолуп боолгойм.
Чаалыгып, колду бер деп сурандың да,
койкоюп колго кирдиң толук бойдон.

Алдыда баарысы эми мөлтүр, жаңы,
жана да жапжаш – бизди чакырып шай!
Абайла, көйнөгүңдөн көрдүм ары
көкүрөк келатканын ачылыштай!

“Асмандын көкмөктүгүн айтчы деги!
Токойдо толгон куштун ырлары эмне!
А демек… демек… алып барчы мени
сени мен алып бара турган жерге…”

 

В.БОКОВГО

“Бур-р” деп тамак туздалган,
булоолоп сүт – жыты урду.
Жайкалган чөп бул саамда
канча баш даам бышырды?!

Бетке кызыл нур түш деп,
жатам түндө – күтүүдө.
Тал чөп менен бир түртсөм
жылдыз качып түшүүдө.

Бүт унутуп койдум бейм
айдалган жер баштанып.
Сүйгөнүм да дос кимдер?
Күлгөм кимге – баш чагып?

Кашка жылдыз, караңгы –
кандай сонун түн ушул.
Маселем жок каламбы –
билбейм бүдүр үлүшүн.

Эркелетсе табигат –
мен эркелей электей…
Өпкүлөсө табигат –
мен өбүлө электей…

 

МАША

Көл бойлоп кыз басат тез-тез тыңсына,
чалпоо мүнөз, кызарып да кубарып.
Чыгып турат ич дүйнөсү сыртына,
азыр андан аял чыгып тур анык.

Жээкке токтоп, тапичкесин чечти эми,
кечти – шуңгуп музыкага киргендей.
Түшүнүгү болсо дагы чектелүү,
шаңкаюуда ай-ааламды билгендей.

Эстүү белем. Эссиздик да толуп тур.
Көз карашы жанып көкүл астынан,
жалт деп ылдый тайып – Маша болуп тур,
олуттуу да бакыраң көз, жакшынам.

Чоңсунганга чокоюм деп салгандай,
апапакай ничке бала буттары
кызды мага апкелатса тайманбай –
таңдай кургап, тамылжыды бүт-баары.

Алыста ушул – эски кайык жанынан
өптүм колун мактангандай, кайраттуу –
эриндерим чыканактан арылай
роза түстүү тырмаккаче барбаспы.

Тик чумудум беткап кийип найчалуу,
Маша үстүдө жүргөн сүзүп-талаалап.
Көз айнектен карап аттым канча бир
чырмакталган өсүмдүктү аралап.

Көрдүм жашыл чырмакталган дүйнөдө –
коштоосунда суу түбүндө агымдын –
наристе бут калтылдоодо сүрдөнө
апакай бир сабагынча тамырдын.

Сүзүп барам багынткандай “тактыны”,
суу түбүндө сүзүп жүрүп таптым жол.
Бактысызмын – болгон үчүн бактылуу,
а бактысыз боло калсам – бактым зор!

Не дейм? Апаң чочубасын эгерим,
капа кылбайм өзүм бир көз ирмемче.
Сенден керек – болуш үчүн медерим
эң кичине, анан эң чоң бир нерсе.

Үмүтү зор, көксөөсү күч айтылуу
түбөлүктүк, өлүмдү азыр качырбай
карайм тике мөл жүрөгүң аркылуу
деңиздин бир жанган бүдүр ташындай.

Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН

Соц тармактар:

One thought on “Евгений Евтушенко

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.