Жылкычы Жапиев: Адабиятта кыскалыкты жакшы көрөм

Белгилүү кара сөз чебери Жылкычы Жапиев өмүрүнүн кыйла жылдарын басма ишине арнаган. Башкалардын чыгармаларын оңдоп, басмага чыгарып көркөм текстти жарыкка чыгаруунун түйшүгүн мыкты билген жазуучу сөзгө өзгөчө этият мамиле жасайт. Ошондон анын чыгармалары окууга жеңил, кыргыз тилинин стилдик байлыгы, автордун сөзгө этият мамилеси окурманды кайдыгер калтырбайт.

“Азаттык”: Жылкычы ага, адабиятта драматургиядан башка жанрлардын баарына “тиш” салып көрүпсүз. Ошолордун ичинен кара сөздөн ири эпикалык жанрга – романга кайрылбапсыз. Сиз менен чогуу баштаган, сизге курбалдаш жазуучулардын көбү роман жазышты. Сиз эмнеге анткен жоксуз?

Жапиев: Бир кезде роман жазыш мода болуп кеткен. СССР кезинде роман жазгандар көп болгонун сен деле жакшы билесиң. Ошол романдар жакшы редактордун колуна тийип, автор экөө жакшы иштешсе ал чакан бир повесттин көлөмүндө болмок. Мунун себеби ал кезде калем акы көлөмүнө жараша төлөнчү. Ошон үчүн романчылар көп болуп кеткен. Китептин өзү романга жооп бере албаган чыгармалар көп.

Мен узак кылып роман жаза албайм, андайга чыдамым жетпейт. Улам бир жаңы сюжет таап, улам жаңы эпизоддорду кошкум келбейт. Ал эми менин повесттерим 50 – 60 беттин эле тегерегинде. Кыскалыкты жакшы көрөм. Кыска чыгармаларда, ар бир сөзүм мага кызмат кылыш керек. Ансыз өлүк сөз, өлүк тыбыш, өлүк тамгаларды пайдалангым келбейт. Ошон үчүн кыскалыкты жакшы көрөм.

“Азаттык”: Жылкычы ага, сиздин каармандарыңыз негизинен элет адамдары, айылдан шаарга келип калган же болбосо шаардан айылга барып жаткан адам. Сюжеттик чечилиштер ушул мотивдин айланасына байланат. Сиз алгач Маданият үйүнүн жетекчиси болуп иштеген болушуңуз керек. Алгач музыка жагына өтөйүн дедиңиз беле?

Жапиев: Жок, андай деле эмес. Мен аскерден кеч келип калдым. Армияда тентектик кылгандарды ошентип кеч кетиришчү. Анан ноябрдын аягында келип Кара-Балтада автоклубдун башчысы болуп иштеп калдым. Автоклуб жайында Суусамырда, Таласта, кышында Кенес-Анархайда малчыларды тейлечү. Ырчыларды алып барып концерт коюп, кино көрсөтүп келчүбүз. Ал жерде бир жарым жылдай иштеп кеттим.

“Азаттык”: Аны сиз “Махабат баяны” деген повестиңизде жазыпсыз. Сиз башында сын жазып, анан ырга өтүп, кийин анда ойду айтуу татаал болуп кетет экен деп кара сөзгө өттүңүз. Прозадан да белгилүү бир темага көбүрөөк кайрылдыңыз, аныңыз кыялдагы Жапония дүйнөсү. Бул жагынан Мурза Гапаровду өзгөчө барктаган жазуучусуз. Калемдешиңиз да жапон дүйнөсүн жакшы көрчү. Жапон адабияты менен кандайча ооруп калдыңыз?

Жапиев: Жапон адабияты менен таанышып, аларды туурап жаза баштадым. Бир топ “черновиктерди” жаздым. Алардын баары тууроо болчу. Айрым жерлери окшош эмес, көчүрүп алгандай болуп калды. Анан жапон адабиятын жакшы үйрөнүш үчүн мен киносценарийлерди көп окудум.

Илгери Мурза Гапаровдун балдар үчүн чыккан кичинекей китеби бар, ошону окуп мен аябай таң калдым. Кыргызча ушундай берсе болот турбайбы деп, Мурза акенин чыгармаларына кызыга баштадым. Кийин сүйлөшүп билип калдым, ал киши жапон адабиятын аябай жакшы көрөт экен, бир топ чыгармаларды жазыптыр. Кийинки “Киотого кеткен жол” деген чыгармамды Мурза Гапаровго арнап, китептин атын ошондой деп койгом.

Биздин кыргыз прозасында стилисттер өтө эле аз. Эң мыкты стилист деп Мукай Элебаевди баарынын алдына коёт элем. Анын “Узак жол”, “Кыйын кезеңинде” бир да ашыкча сөз, эпизод жок. “Мен келсем кемпир очоктун жанында отуруптур” деп эле баштайт. Булбулдар сайрап атат, күн мындай тийип турат дегендер жок. Дал ошондой стилисттер Ашым Жакыпбек менен Мурза Гапаров.

(Маектин калган бөлүгүн “Азаттыктын” аудиосунан угуңуз)

Бекташ Шамшиев, “Азаттык”, 26.04.2017-ж

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.