Залкарлардын тамашалары

Сүрөттө: Токтонаалы, Ысмаил 1958 ж. Москвада.

Раматлык төкмө акындар Токтонаалы Шабданбаев Ысмаил Борончиев кыргыз казакты кыдырып ээрчишип, кайла жыл таң-тамаша кылышты.Токтонаалы Кызыл армиянын катарында Ак гвардиячылар менен согушка катышкан, Ысмаилдан улуу киши болгон. Токтонаалынын ээгинде сакалы бар болсо, Ысмаилдын сакалы жок, толук адам болгон. Чүйдүн бир айлында концертте оболу улуу катары Токтоналы Ысмалилга тийишип элди күлдүрүш үчүн минтип ырдайт:

Сакалы жок кишинин,
Салабатту кеби жок.
Агасына асылып,
Айтыша турган жөнү жок.
Ээгиңде бир кыл жок,
Кум чайкап кеткен арыктай.
Эттенип бүтүп калыпсың,
Суудагы ит балыктай, – деп ырдаса анда Ысмаил:

Токо, кеп баштадың сакалдан,
Сакалы жок кишини,
Кууйт бекен катардан.
Эки боо кылы ээгинде,
Эчкилер байге ала элек.
Буту-коолу тулгадай,
Бууралар байге ала элек.
Үстү-башы кооз деп,
Үпүптү эч ким сала элек.
Тартайып бою узун деп,
Тайганга сөйкө сала элек.
Эки кулак узун деп,
Эшекти эч ким чаба элек.
Көп сакалдуу кишилер,
Токо, көргөзмөгө бара элек.
Сен, сакалыңа мактанба,
Ошондон жаман неме жок,
Тамак ичип жатканда.
Оюңа келген сөздөр бар,
Бирок, оозум барбайт айтканга, – деп ырдаптыр агасын тамашалап.

Жолдош Токоев

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.