Көркөм адабий чыгармалар, котормолор жана усулдук колдонмолор үчүн жарыяланган сынактын Жобосу

  1. Жалпы жоболор

1.1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (мындан ары – Улуттук комиссия) тарабынан көркөм адабий чыгармалар, усулдук колдонмолор жана котормолор үчүн жарыяланган сынактын жобосу (мындан ары – Жобо) “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди ѳнүктүрүүнүн жана тил саясатын ѳркүндѳтүүнүн улуттук программасынын” жана “Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясынын” аткарылышын камсыздоо максатында иштелип чыкты;

1.2. Жобо “Азыркы адабият”,“Дүбүрт”, “Дүйнѳлүк адабият”, “Дүйнѳ” серияларынын алкагында жарык көрө турган көркөм адабий чыгармаларга, котормолорго, балдар үчүн сүрөттүү (иллюстрацияланган) китептерге жана усулдук колдонмолорго сынак (мындан ары – сынак) ѳткѳрүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт;

1.3. Сынак КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан бир айлык мөөнөттө ѳткѳрүлѳт.

 

  1. Сынактын максаты

2.1. “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди ѳнүктүрүүнүн жана тил саясатын ѳркүндѳтүүнүн улуттук программасын” жана “Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясын” ишке ашыруу;

2.2. Мектепке чейинки билим берүүчү мекемелерде балдарды мамлекеттик тилде окутууга арналган мыкты усулдук колдонмолорду, тармактык энциклопедияларды, көркөм чыгармаларды, хрестоматияларды, сөздүктөрдү ж.б.чыгаруу;

2.3. Акын-жазуучуларга, жаш калемгерлерге жана котормочуларга чыгармачыл дем берүү жана колдоо;

2.4. Кыргыз адабиятын өнүктүрүү, жайылтуу;

2.5  Котормонун деңгээлин көтөрүү, өнүктүрүү;

2.6. Дүйнѳлүк адабияттын мыкты үлгүлѳрүн которуу аркылуу мамлекеттик тилде окуганга мүмкүнчүлүк түзүү, мамлекеттик тилди ѳздѳштүрүүгѳ ѳбѳлгѳ жаратуу.

 

  1. Сынактын талаптары

3.1. “Азыркы адабият” сериясына коюлган талаптар:

  • Чыгармалар КР Улуттук жазуучулар союзунун сунуштамасы менен кабыл алынат;
  • Автор КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү болуусу кажет;
  • Мурда жарык көрбөгөн чыгармалар гана кабыл алынат;
  • Көрүнүктүү сынчы-адабиятчылардын коштомо пикири талап кылынат;
  • Чыгармалардын адабий көркөм деңгээли, адабий тилдин ченемдерин, жазуу эрежелерин сактоосуна жана маани-мазмунуна жараша баа берилет;
  • Көлөмү Microsoft Word документи тибинде, 14-шрифт, 1–сап аралык менен (ыр сабынын аралыгы – 1,5) Times New Roman арибинде 100-300 бет болуусу шарт.

3.2. «Дүбүрт” сериясы боюнча коюлган талаптар:

  • Автордун курагы 15 жаштан 30 жашка чейин болуусу шарт;
  • Мурда жрык көрбөгөн чыгармалар гана кабыл алынат;
  • КР Улуттук жазуучулар союзунун, Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын же башка адабий клубдардын сунуштамасы менен кабыл алынат;
  • Көлөмү Microsoft Word документи тибинде, 14-шрифт, 1–сап аралык менен (ыр сабынын аралыгы – 1,5) Times New Roman арибинде 50-150 бет болуусу шарт
  • Чыгармалардын адабий көркөм деңгээли, адабий тилдин ченемдерин, жазуу эрежелерин сактоосуна жана маани-мазмунуна жараша баа берилет.

3.3. “Дүйнѳлүк адабият” сериясына коюлган талаптар:

  • Сынакка башка тилдерден кыргыз тилине которулган чыгармалар катыша алат;
  • Чыгармалар мурда башка котрмочулар тарабынан которулбаган болууга тийиш;
  • Көркөм-эстетикалык, адеп-ахлактык жагынан кыргыз адабиятынын мыкты салттарына шайкештиги бааланат;
  • Чыгармалардын адабий көркөм деңгээли, адабий тилдин ченемдерин, жазуу эрежелерин сактоосуна жана маани-мазмунуна жараша баа берилет.
  • Көлөмү Microsoft Word документи тибинде, 14-шрифт, 1–сап аралык менен (ыр сабынын аралыгы – 1,5) Times New Roman арибинде 100-300 бет болуусу шарт.

3.4. “Дүйнѳ” сериясына коюлган талаптар:

  • Сынакка кыргыз адабиятынын мыкты үлгүлөрүн башка тилге которгон котормочулар катыша алат;
  • Бир котормочунун эмгеги бир гана тилде болуусу керек;
  • Чыгарма мурда которулбаган болуусу абзел;
  • Чыгармалардын адабий көркөм деңгээлине, маани-мазмунуна жараша баа берилет.
  • Көлөмү Microsoft Word документи тибинде, 14-шрифт, 1–сап аралык менен (ыр сабынын аралыгы – 1,5) Times New Roman арибинде 100-300 бет болуусу шарт.

3.5. Балдарга арналган сүрөттүү (иллюстрацияланган) китептерге коюлган талаптар:

  • Сунушталган эмгек балдардын жаш курагына ылайык келиши керек;
  • Тарбиялык мааниси терең, балдарды мекенчилдикке, жакшы сапаттарга үндөгөн, дүйнө таанымын кеңейтүүгө багытталган, улуттук баалуулуктарга ылайыкталган китептер бааланат;
  • Китеп сүрөттүү, көркөмдүгү жогору,сүрөттөрү сапаттуу, маанилүү болушу зарыл.

 

  1. Сынака катышуу шарттары

4.1. Чыгармалар жана котормолор Microsoft Word  документи тибинде, 14-шрифт, 1–сап аралык менен (ыр сабынын аралыгы – 1,5) Times New Roman арибинде болууга тийиш.

4.2.  Чыгармалар жана котормолор электрондук түрдө жана кагаз түрүндө (2 нускада) кабыл алынат;

4.3. Сынака 5.1 пункттун талаптары сакталган, чыгармалар тѳмѳнкү аталыштар боюнча катыша алышат:

  • Проза (роман, повесть, аӊгеме, новелла, эссе, очерк);
  • Поэзия;
  • Драма.

Балдар үчүн:

  • Окуу комплекстери,окуу куралдары,усулдук колдонмолор;
  • тармактар боюнча энциклопедия;
  • көркөм чыгарма;
  • хрестоматия;
  • сөздүк ж.б.

4.4. Кайсы серияга талапкерлигин көрсөтүүсү зарыл;

4.5. Плагиат (көчүрүп алган) деп табылган чыгармалар сынактык кароодон четтетилет;

4.6. Автор же котормочу жөнүндө толук маалымат: өмүр баяны, дареги, байланыш телефондору, сапаттуу сүрөтү(электрондук түрдө);

4.7. Кѳрсѳтүлгѳн мѳѳнѳттѳн кечиктирилген жана катышуу шартына ылайык тапшырылбаган эмгектер сынакка кабыл алынбайт.

 

  1. Сынактын жыйынтыгы

5.1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Эксперттик-редакциялык кеӊеш сунушталган эмгектерди тандоодон ѳткѳрѳт. Сынактын талаптарына жооп берип, эксперттердин сынынан өткөн чыгармалар жеңүүчү катары өзүнчө китеп болуп басууга даярдалат.

5.2. Сынактын жыйынтыгы чыгарылгандан кийин жеңүүчүлөрүнүн эмгектери КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын mamtil.kg сайтына жайгаштырылат.

 

  1. Сынактын мѳѳнѳтү

Сынакка чыгармаларды кабыл алуу 2017-жылдын 19-июнунда саат 17:00дө токтотулат.

Чыгармалар электрондук түрдө mamtil-synak@mail.ru дарегине жѳнѳтүлүүгѳ жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга 2 нускада тапшырылууга тийиш.

Дареги: Бишкек ш., Бѳкѳнбаев к., 182, 6-иш бѳлмѳ. Маалымат үчүн телефондор:

0551 996 517 Сезим(“Азыркы адабият”, “Дүбүрт” сериялары боюнча), 0551 996 048 Бегайым (“Дүйнѳ”, “Дүйнѳлүк адабият” сериялары жана балдарга арналган китептер боюнча).

«Мамтил», 18.05.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.