Көӊүл буруӊуздар, бешик ырларына сынак жарыяланды!

«Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясы жана Кыргыз Радиосу менен биргеликте мыкты бешик ырларына сынак жарыялайт.

Сынакты өткөрүү мөөнөтү 2017-жылдын 7-июнунан 1-ноябрына чейин.

Конкурстун максаты: Салттык (элдик) жана жаңы мыкты бешик ырларын чогултуу, жаратуу жана аларды эл ичине таратуу аркылуу бешиктеги наристелердин эртелеп өнүгүүсү үчүн көмөк берүү.

 

Сынакка катышуучу бешик ырларына коюлуучу эреже-талаптар:

Сөздөрүнүн бала үчүн тилек айтууга,аны сооротууга жана уктатууга багытталышы; ырдаган үндүн назик жана жагымдуулугу; ырдын уккулуктуулугу, жумшактыгы; ырдагы мээримдин төгүлүп турушу; ырдын эне менен баланын , ата менен баланын ортосундагы эмоциялуу жакындыкты камсыздоосу; музыкалык инструменттердин коштоосун колдонбоо; ырдын тексти 3 куплеттен кем болбоого тийиш.

Сынакка Кыргызстанда жашаган бардык чыгармачыл инсандар, энелер катыша алышат. Сынакка салттуу, элдик ырлар да, автордук ырлар да кабыл алынат.Ырдын тили чектелбейт.

 

Сынакка катышуунун шарттары:

Бешик ырларын ырдап, аны CD же DVD дискке жазып, сөзүн өзүнчө кагазга жазып, аларды ковертке салып «сынакка» деп жиберүү керек. Ошондой эле конверт ичине сынакка катышып жаткан адамдын фамилиясы, аты-жөнү, дареги, ким болуп иштегени, мобилдик телефонунун номери көрсөтүлгөн маалымат да салынышы керек. Сынакка катышууну каалагандар бешик ырларын Бишкек шаары, Чүй көчөсү 106, 108-бөлмө дарегине жиберсе болот. Сурап-билүү телефону 0312 66 03 82.

Же бешик ырын, анын текстин жана сынакка катышуучу тууралуу маалыматты төмөнкү электрондук дарекке салса да болот: beshik.yry@gmail.com

Бешик ырларын сынакка кабыл алуу 2017-жылдын 1-ноябрына чейин жүргүзүлөт. Жыйынтыгы 2017-жылдын 10-ноябрында чыгат.

Сынактын жеӊүүчүлөрү атайын диплом жана баалуу белектер менен сыйланат.Сынак тууралуу толук маалыматты roza.kg сайтынан алсаӊыздар болот.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.