Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка 11 номинация боюнча сынак жарыяланды

Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгына сынак жарыяланды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынакка 35 жашка чейинки чыгармачыл адамдар кытыша алат. Жеңүүчүлөр диплом, төш белги жана 100 миң сом менен сыйланат.

Сынактын катышуучулары 11 номинация боюнча ат салышат:

  • Адабият жаатындагы мыкты чыгармалар;
  • Журналистика жана телекөрсөтүү жаатында мыкты эмгек;
  • Музыкалык чыгармачылыгы жана аткаруу чеберчилиги боюнча мыкты иш;
  • Көркөм чыгармалар (сүрөт, айкел кооздо жана монументалдык сүрөттөр);
  • Шаар куруу, архитектура жана дизайн тармагындагы долбоорлор;
  • Театр жана цирк өнөрлөрү боюнча мыкты чыгармалар;
  • Кино жаатында мыкты жетишкендик (сценарий, композитордук, режиссердук, оператордук жана аткаруучулук иштер);
  • Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш;
  • Экономика, бизнес жана меценаттык мыкты жетишкендик;
  • Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик;
  • Жаштар саясатына кошкон өзгөчө салымдар.

Катышуучулар эмгектерин 20-августка чейин Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигине тапшырууга тийиш.

Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы 2000-жылы түзүлгөн.

“Sputnik-Кыргызстан”, сүрөттүн автору Александр Федоров, 27.05.2017-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка 11 номинация боюнча сынак жарыяланды

  • 13.07.2017 at 10:05
    Permalink

    Сынак боюнча айрым суроолор түшүп жатат. Менимче, аларды уюштуруучулардан тактап алган оң го дейм.

    Алар – КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ЖАШТАР ИШТЕРИ, ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ.

    Сайты: http://sport.gov.kg/sendmail/obrashenie

    Дагы башка даректкери:

    Адрес 720033, г . Бишкек, ул. Тоголок Молдо, 17
    Приемная (+996-312) 32-54-81
    Пресс-служба (+996-312) 32-53-80
    Fax (+996-312) 32-53-08
    E-mail goskomsport05@mail.ru
    Порядок работы Рабочие дни: Понедельник-Пятница Выходные дни: суббота, воскресенье Часы работы: с 09:00 до 18:00, обед 12:30-13:30
    Телефон доверия (+996 312) 62-51-86
    Телефон Статс-секретарь Приемная 62-52-17
    Телефон Заместитель директора по спортивной части Приемная 62-52-17
    Телефон Заместитель директора по молодежной политике Приемная 32-53-03

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.