Карл Райхл: Германиялык чыгаан манас таануучу жана эпос изилдөөчү

Жогорудагы сүрөттө Карл Райхл кесиптеши Мухаммед Ху Чжэнхуанын үйүндө. Бээжин. 22.10.2015.

Заманабыздын мээнеткеч жана ар тараптуу иликтөө жүргүзгөн аалымдарынын бири – немис окумуштуусу, манас таануучу Карл Райхл жөнүндө азыноолак сөз.

Профессор Райхлдын ишмердиги – илимпоздук күрөштүн символу

Германиялык заманбап түрколог, манас таануучу, кыргыз таануучу, дастан таануучу, Бонн университетинин профессору Карл Райхл (немисче: Karl Reichl) 1943-жылы 4-июлда Германиянын Бавария жергесиндеги Вайден (Weiden) шаарында жарык дүйнөгө келген.

Ал 1963-68-жылдары Мүнхендеги (Германия) жана Монпеллье шаарындагы (Франция) университеттерде англис жана роман филологиясы ажистиги боюнча таалим алган.

1968-жылы англис жана француз тилдери боюнча мамлекеттик сынактар тапшырган.

1968-1970-жылдары Кэмбриж университетине (University of Cambridge) караштуу Магдален коллежинде (Magdalene College) илимий багытта окуган.

1971-жылы Мүнхен шаарындагы Мүнхен университетинде Орто кылымдар жаатында докторлук диссертациясын коргоп, философия доктору (Ph.D.) даражасын алган жана анын орто кылымдардагы Англиядагы диний поэзияга арналган бул диссертациясы 1973-жылы Мүнхенде жарык көргөн.

Професссор Райхлдын бейнесин толук элестетүү үчүн илимпоз катары гана эмес, жогорку окуу жайларда педагог катары да ырааттуу жүргүзгөн иш-аракетин көңүлдө тутуубуз абзел.

Ал 1971-1977-жылдары Мүнхен университетинде доцент (Assistant Professor) болуп иштеди.

Ал эми 1977-жылы ал философия доктору (Dr. phil. habil.) жана профессор даражасы үчүн тил илими тармагында “Түрдүк грамматика жана сөз калыптанышы” (Professorial thesis in linguistics: Categorial Grammar and Word-Formation) темасында диссертациясын жактаган жана бул диссертация Түбинген (Tübingen) шаарында 1982-жылы жарык көргөн.

Карл Райхл 1977-1978-жылдары Бохум (Bochum) университетинде доцент болуп иштеди.

Ал эми 1978-2008-жылдары ал Бонн университетине (the University of Bonn) караштуу Англистика, американистика жана келтология институтунда Орто кылымдар адабияты жана тарыхый тил таануу адистиги боюнча толук профессор кызматын аркалады.

Ардагерлик кезең профессор Райхлдын илимий-педагогдук ишине тоскоолдук кылган жок. Ал 2008-жылдан тартып Ардагер профессор (Professor Emeritus) даражасында өзүнүн илимий-чыгармачыл иштерин дагы эле жемиштүү улантууда.

Профессор Райхлдын илимий жана илимий-педагогдук ишмердиги камтылган айрым кызматтарын санап өтөлүк:

Карл Райхл 1978-жылдан тартып Бонн университетинде (ротациялык тартипте) кафедра башчысы, декандын чет өлкөлүк студенттер үчүн жооптуу орун басары, ар кыл комиссиялардын мүчөсү, Орто кылымдар борборунун катчысы сыяктуу иштерди аркалады.

Ал 1978-88-жылдары Бонн университетинде Борбордук Азия боюнча атайын Иликтөө Тобунун (Sonderforschungsbereich) шерик мүчөсү болду.

Ал эми 1995-жылдан тартып ал Каракалпакстандын борборундагы Бердах атындагы Нөкис мамлекеттик университетинин ардактуу профессору кызматын аркалап келет.

Профессор Райхл 1999-жылдан Түндүк Рейн-Вестфалия Илимдер академиясынын мүчөсү, 2010-жылдан тартып КЭРдин борбору Бээжиндеги Кытай Коомдук илимдер академиясына караштуу Этностук адабият институтунун илимий кеңешчиси болду.

Чет мамлекеттердеги дарстары да Карл Райхлдын шакирттери ар башка өлкөлөргө чачырагандыгын айгинелейт.

Мисалы, 1990-жылы Карл Райхл АКШнын Гарвард университетине (Harvard University) караштуу Салыштырма адабият факултетинде жана Жакынкы Чыгыш тилдери жана цивилизациялары факултетинде чакырылган профессор (Visiting Professor) болду.

Ал эми 1995-жылы ал Франциянын Париж шаарындагы Жогорку иликтөөлөр боюнча тажрыйбалык мектепте (École Pratique des Hautes Études) чакырылган профессор болду.

Профессор Райхл 2007-жылы Израилдеги Иерусалим Жөөт университетинде (the Hebrew University of Jerusalem) Ислам таануу жана Ортоңку Чыгыш таануу факултетинде чакырылган профессор болду.

2009-жылы болсо ал Иерусалим Жөөт университетинде Салыштырма адабият факултетинде чакырылган профессор болуп иштеди.

2011-жылы профессор Райхл АКШдагы Мэдисон шаарындагы Висконсин университетинде (the University of Wisconsin) англис тил факултетинде чакырылган профессор жана Гуманитардык билимдер боюнча изилдөө институтунун илимий кызматкери (Fellow of the Institute for Research in the Humanities) болуп иш жүргүздү.

 

Түркология жана түрк дастандарын изилдөө

Түрк тилдериндеги фолклордук мурасты жана адабиятты иликтөө – профессор Райхлдын чыгармачыл ишмердигинин басымдуу бөлүгүн өзүнө алган тармак. Тактап айтсак, профессор Карл Райхл түрк, өзбек, уйгур, каракалпак, казак, кыргыз, түркмөн ж.б. тилдерди үйрөнгөн түрколог адис. Ал фарсы тилин да өздөштүргөн.

Профессор К.Райхлдын эмгектеринин бир катары түрк калктарынын оозеки адабий чыгармачылыгын, эпосторун жана чакан дастандарын иликтөөгө жана алардын айрымдарын кыргыз, өзбек, каракалпак, түркмөн, казак жана уйгур тилдеринен батыш европалык тилдерге (немис, англис) которууга байланыштуу болду.

Анын өзүнүн ушул саптардын ээсине 2017-жылы 8-апрелде жазган катына караганда, ал оболу өзбек тилин үйрөнгөн жана өзбек эл жомокторунун өрнөктөрүн которгон (бул котормо 1978-жылы Бохумда жарык көргөн). 1982-жылы болсо профессор К.Райхл түркмөн эл жомокторун которуп жарыялады. 1985-жылы ал которгон каракалпак эл жомоктору да басмадан чыкты.

1981-жылы Карл Райхл совет-герман маданий жана илимий алмашуу программасынын алкагында Өзбекстанда илимий сапарда болгон эле. Ал Ташкен шаарында Өзбекстан Илимдер академиясынын Адабият институтундагы Фолклор таануу бөлүмүндө профессор Төрө Мирзаевдин илимий жетекчилиги астында иштеди. Андан соң ал Нөкис шаарында Өзбекстан ИАсынын Каракалпак бөлүмүндө профессор Кабул Максетовдун илимий жетекчилиги астында изилдөөлөр жүргүздү.

Бул сапары маалында Карл Райхл өзбек жана каракалпак тилдеринде айрым фолклордук чыгармалардын үзүндүлөрүн жандуу аткарып жаткан учурунда үн жазгычка жазып алган.

Кийинчерээк ал өзбек элинин эки дастанын немисчеге которуп жарыялады (“Равшан” дастаны, 1985; “Алпамыш” дастаны, 2001).

Ошондой эле профессор К.Райхл каракалпак тилинен англис тилине “Эдиге” дастанын которуп, 2007-жылы жарыялаган. Бул дастанды Райхл мырза өзү 1981-жылы алгач жолуккан бир каракалпак дастанчыдан үн жаздыргычка жазып алганын белгилей кетелик.

 

Манас таануу

Кыргыз таануучулар профессор Карл Райхлга манас таануудагы салымдары үчүн өзгөчө ыраазы. Анын өмүр жолуна кылчайсак, Карл Райхл Мүнхен университетинде окуган студент чагында эле кыргыз элинин “Манас” эпосунун Вилгелм Радлофф жазып алган вариантын окуп чыккан. Демек, студент кезинен эле Карл Райхл агайыбыз манас таануу тармагына кызыгып калган экен.

Айтмакчы, 1985-жылы ал кытай-герман маданий жана илимий алмашуу программасынын алкагында алгачкы ирет Шинжаңга илимий саякат жасайт. Ошол эле жылы ал Кытайдагы түрк тилдүү калктардын жомокторунун бир томдугун өз котормосунда жарыялаган. Алардын арасында кыргыз эл жомоктору да бардыгын белгилей кетелик.

Дал ошол 1985-жылы Карл Райхл алгачкы жолу кытайлык кыргыздардын чыгаан манасчысы, Кыргыз Республиксынын Баатыры Жусуп Мамай (1918‑2014) менен кезиккен.

XXI кылымдын башында Кытайдын Шинжаң аймагындагы “Манас” изилдөө борбору жана башка илимий институттар профессор Карл Райхлга кайрылып, “Манас” дастанынын Жусуп Мамайдын айтуусудагы вариантын кыргыз тилинен англис жана немис тилдерине которуу өтүнүчүн билдиришкен. Бул жөнүндө бизге Шинжаң “Манас” изилдөө борборунун жетекчиси, профессор Мамбеттурду Мамбетакун тастыктап айтты.

Бул өтүнүчкө ылайык, профессор Карл Райхл “Манас” дастанынын Жусуп Мамай айткан вариантынын үзүндүлөрүн англис жана немис тилдерине которуп, чет-четинен жарыялап келет. Буга чейин кыргыз жана немис тилдеринде бир том (2014) жана кыргыз жана англис тилдеринде эки том (2014, 2015) жарык көрдү.

Профессор Райхл Ала-Тоого да бир нече ирет келген. 1995-жылы ал “Манас” дастанынын шарттуу 1000 жылдык мааракесине катышуу үчүн расмий герман делегациясынын курамында Кыргызстанга келип, мааракелик чараларга катышкан.

1999-жылы ал ЮНЕСКО уюштурган “Борбордук Азиядагы тынчтык жана дин” конференциясына (Бишкек) катышкан. Ошол эле жылы Карл Райхл “Дүйнө элдеринин эпостору” эл аралык бирикмесин уюштуруу чараларына катышуу үчүн Бишкекке дагы бир жолу келген. Бул уюмга Бексултан Жакиев президент болуп, К.Райхл вице-президенттердин бири болуп шайланган.

Профессор Карл Райхл дүйнөдөгү ар кыл өлкөлөрдө 200дөн ашуун эмгектерин жарыялады. Анын ичинде “Манас” дастаны жаатындагы макалалары Кыргызстанда да илимий жыйнактарда жарык көргөн.

 

Унутулгус жолугушуулар

Профессор Карл Райхл 2013-жылы 15-ноябрда Улуу Кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналган эл аралык илимий жыйынга (Бишкек) катышкан жана ачылыш отурумда “Көөнө Кыргыз тарыхы тууралуу жобо манасчы Жүсүп Мамайдын варианты боюнча” (The Concept of Early Kyrgyz History According to the Manaschy Jüsüp Mamay) деген темада баяндама жасаган.

Бишкектеги илимий жыйын аяктаган соң, ноябрдын суук, бирок илимий шеринеден кийинки жагымдуу маанайга кошул-ташыл болгон ажайып күнүндө Ала-Арча капчыгайына бардык. Андан соң кечкурун биздин үйдө баарлаштык. Коноктор кетээрде профессор Карл Райхл аксакал катары үй ээсине жана меймандарга кыргызча таптаза сүйлөп, ак бата бергендиги бизди да, дасторкон четиндеги казак, кыргыз конокторду да маашырлантты.

Урматтуу манас таануучу агайыбыз Райхл менен биз 2015-жылы 20-21-октябрда Бээжинде да жолугушуп, “Кытайдагы уйгурлардын дастандарына арналган эл аралык симпозиумга катыштык.

Жыйын аяктаган соң, 22-октябрда профессор Райхл, жапон манас таануучусу Такао Нишиваки, кытайлык кыргыз тарыхчысы Ысакбек Бейшенбек менен чогуу кытайлык даңазалуу окумуштуу, кыргыз таануучу, манас таануучу жана дунган таануучу, профессор Мухаммед Ху Чжэнхуанын үйүнө бардык.

Мага алар менен заманбап манас таануу көйгөйлөрү жаатында узакка чейин баарлашуу насип болгонуна канааттанам. Дал ушул жолугушууда манас таануу маселелери бардыгыбызды ширелткен көрүнбөс алтын жипке тете экенин сездим.

 

Шакирттери көп аалым

Профессор Карл Райхл таанымал кыргыз таануучу Гундула Салктын Кытай жергесине алгачкы илимий сапарга чыгуусуна жана Кытайдагы кыргыз таануучулар менен таанышуусуна данакер болгонун Гундула айым ыраазылык менен айтканы эсте.

Ал кездеги жаш окумуштуулар Гундула Салк менен Мамбеттурду Мамбетакун1996-жылы Түндүк Кытайдын Манчжурия аймагындагы Хэйлуңжаң вилайетинде байырлаган фу-йү кыргыздарына илимий саякат менен барып, фу-йү кыргыздарынын тили жана этнографиясы менен байланыштуу англис тилинде баалуу эмгек жарыялашкан (Turdu, Mambet; Gundula Salk: “The Fu-Yu Gïrgïz and their past. Three stories collected in Manchuria during the Period of the Establishment of the People’s Republic of China”. In: Turcica 30 (1998), pp. 287-296).

Келээрки (2018-) жылы 4-июлда профессор Карл Райхлдын 75 жылдык мааракеси, Теңир жалгаса, Кыргызстандын жана КЭРдин илимий коомчулугу тарабынан кеңири белгиленет деп ишенебиз.

Немис элинин чыгаан манас таануучусу жана “Манас” дастанынын котормочусу Ала-Тоодо да арзып күткөн сый конок.

Германияда да, Кыргызстанда да, Кытайда да анын шакирттери арбын.

 

Професссор Карл Райхл жарыялаган эмгектердин кыскача тизмеси:

Religiöse Dichtung im englischen Hochmittelalter. Untersuchung und Edition der Handschrift B.14.39 des Trinity College in Cambridge. [Religious poetry in the Late Middle Ages in England. Analysis and edition of MS B.14.39 of the Trinity College in Cambridge.] München, 1973.

“Tractatus de Grammatica”. Eine fälschlich Robert Grosseteste zugeschriebene spekulative Grammatik. Edition und Kommentar. [“Tractatus de Grammatica”: A speculative grammar erroneously ascribed to Robert Grosseteste. Edition and commentary.] München, 1976.

(Ed. with Walter Sauer) A Concordance to Six Middle English Tail Rhyme Romances. Frankfurt a. M., 1993.

(Ed. with Joseph Harris) Prosimetrum: Crosscultural Perspectives on Narrative in Prose and Verse. Cambridge, 1997.

Spielmannsidiom, Dialektmischung und Kunstsprache in der mittelenglischen volkstümlichen Epik. Nordrhein-Westfälische Akademie der Wissenschaften. Geisteswissenschaften. Vorträge G 383. Paderborn, 2002.

Die Anfänge der mittelenglischen weltlichen Lyrik: Text, Musik, Kontext. [The beginnings of the Middle English secular lyrics.] Paderborn, 2005. [English translation publ. in 2011]

Musik und Spiritualität im englischen Psalter des spätmittelenglischen Mystikers Richard Rolle. [Music and spirituality in the English Psalter of the late Middle English mystic Richard Rolle.] Paderborn, 2012.

(Ed.) Medieval Oral Literature. De Gruyter Lexikon. Berlin, 2012 [pb. 2016].

Тил илимине байланыштуу эмгектери

Categorial Grammar and Word-Formation: The De-adjectival Abstract Noun in English. Tübingen, 1982.

Englische Sprachwissenschaft. Eine Bibliographie. [English linguistics. A bibliography.] Berlin, 1993.

Оозеки адабият. Түрк тилдериндеги акындар поэзиясы

Usbekische Märchen, mit Übersetzung, Glossar und Anmerkungen. [Uzbek folktales, with translation, glossary and notes.] Bochum, 1978.

Türkmenische Märchen, mit Übersetzung, Glossar und Anmerkungen. [Türkmen folktales, with translation, glossary and notes.] Bochum, 1978.

Karakalpakische Märchen, mit Übersetzung, Glossar und Anmerkungen. [Uzbek folktales, with translation, glossary and notes.] Bochum, 1985.

Rawšan. Ein usbekisches mündliches Epos. [Ravshan. An Uzbek oral epic.] Wiesbaden, 1985.

Märchen aus Sinkiang. Überlieferungen der Turkvölker Chinas. [Folktales from Xinjiang. Traditions of the Turkic peoples of China.] Köln, 1986.

Turkic Oral Epic Poetry. Traditions, Forms, Poetic Structure. The Albert Bates Lord Studies in Oral Tradition 7. New York, 1992. (Turkish translation Ankara, 2002, Russian translation Moscow, 2008; Chinese translation Beijing, 2011.)

(Ed.) The Oral Epic: Performance and Music. Berlin, 2000.

Singing the Past: Turkic and Medieval Heroic Poetry. Ithaca, NY, 2000.

Das usbekische Heldenepos Alpomish: Einführung, Text, Übersetzung. [The Uzbek heroic epic Alpomish: Introduction, text, translation.] Wiesbaden, 2001.

Edige. A Karakalpak Oral Epic as Performed by Jumabay Bazarov. Helsinki, 2007.

Manas in der Version von Jüsüp Mamay. Übersetzt von Karl Reichl. Bd. 1. Publikationen des Xinjiang “Manas” Forschungszentrums 5. Beijing: China Intercontinental Press, 2014.

Manas in the Version of Jüsüp Mamay. Translated by Karl Reichl. Vol. 1. Xinjiang “Manas” Research Centre Publications 4. Beijing: China Intercontinental Press, 2014.

Manas in the Version of Jüsüp Mamay. Translated by Karl Reichl. Vol. 2. Xinjiang “Manas” Research Centre Publications 4. Beijing: China Intercontinental Press, 2015.

The Concept Of Early Kyrgyz History According To The Manaschy Jüsüp Mamay // Кыргыз каганаты түрк элдеринин орто кылымдардагы мамлекеттүүлүгүнүн жана маданиятынын алкагында: Борбордук Азиядагы Улуу Кыргыз каганатынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган II эл аралык илимий жыйындагы баяндамалардын жыйнагы: 2013-жылдын 15-16-ноябры, Бишкек ш. / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), ж.б. – Бишкек: “Maxprint” басмасы, 2014. – “Мурас” коомдук фонду. – [“Тарых жана мурас” түрмөгү]. – Б. 47-53.

Тынчтыкбек Чоротегин, “Азаттык”, 17.05.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.