Маданият, ыйман, адеп…

Булар бири- бири менен байланышкан терең түшүнүк жана коомдун өнүгүшү үчүн абдан зарыл. Бүгүн биз айрым замандаштарга кайрылып, “Ыйман, адеп жана маданият жылынын таасирин сезип жатасызбы? Мекендин жараны катары кандай салым кошо алдыңыз?”деген суроого жооп алдык.

Бактыгүл Чотурова, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын:

– Ыйман, адеп, маданият жылы деп жакшы аталды. Бирок атап коюш бир башка, аны ошол жылы эле эстебей, улуттук ар- намысы бар атуул өмүр бою аны туу тутуп өтсө кандай жакшы болот эле. Ооздун жели менен эмес, жүрөктүн кагышы менен сезишибиз, аткарышыбыз керек. Мендей чыгармачыл адамдар жазган чыгармалары аркылуу кыргыз болуп туруп кыргыз тилин кандай барктап, сөз менен иштегенди канчалык деңгээлде алып жүргөнүбүздөн билинет го дейм.

 

Жамалбек Ырсалиев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты:

– Биринчиден, бул жыл атына жараша заты болуп жакшы жыйынтык берсе деп тилейм. Жер жерлерде ар кандай иш- чаралар уюштурулуп жатканына күбө болуп жүрөм. Жакында Ысык- Көлдүн Өрнөк айылында жогорку деңгээлде иш- чара өткөрдүк. Жергиликтүү эл менен кошо кыргыз эстрада жылдыздары барышты. Баарыбыз өз салымыбызды коштук. Кыргыз күрөш, көк бөрү, аркан тартыш ж.б. улуттук оюндар көрүүчүлөрдүн, катышуучулардын бүйүрүн кызытты. Байгелерин жеке ишкер Эркин Мамбеталиев коюп берди. Буюрса, алдыда дагы бир топ пландар бар.

 

Өзүбек ажы Чотонов,Дил мүрөгү” адеп- ахлактык борборунун мүдүрү:

– Өкмөт тарабынан эч нерсе байкаган жокмун, диний уюмдар көп жолугушууларды, сабактарды уюштуруп жүрүшөт, акцияларды, ак жоолук энелер деген сыяктуу долбоорлорду уюштуруп жатышат.

 

Жеңишбек Жумакадыр, КР эмгек сиңирген артисти, төкмө акын:

– Негизинен бул жарлыкка ылайык иш- чараларды байкап жүрөм. Маселен, китеп окуу боюнча жарыштар өтүп жатат. Ыйманды жар салган дүйнөлүк ырчы Сами Юсуфтун келиши да ушул жылдын таасиридир. Ал эми улуткаөтө чоң таасир бере турган чоң иш- чаралар жыл аягына чейин болот го деп ишенем. Элдин кабыл алуусу абдан жакшы. Элибиздин унутта бараткан каада- салты, маданияты кайрадан кайтып, бийик деңгээлге чыгышына мен да салымымды кошконго аракет кылам.

 

Жийде Зоотбекова, СТВ телеканалынын продюсери, теле алып баруучу:

– Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялана электе эле, эфирден адептүүлүк, маданияттуулук тууралуу темаларды көтөрүп чыгып, абдан көп эксперименттерди жасап, адепсиз адамдарды элге көрсөтүп,кесибимдин артында аз да болсо коомго тарбия берүүгө салымымды кошуунун аракетинде элем. Кийин НТС каналында 6000 сүрөттү элден чогултуп, акция өткөргөнүмдө, элге бириктирүүчү адам керек экенин, эл идеологияны издеп жатканын байкадым. Ошентип жогорку кызматта иштеген адамдардын бири менен сүйлөшүп ушул ыйман, адеп маданият деген темада элди багыттасаңар жакшы болмок деген ойду айтсам, кийинки жаңы жыл элге “ыйман адеп жана маданият” жылы деп жарыяланып калды. Мен аны таң калуу менен кабыл алдым, бир чети кубануу менен десем болот. Балким, жөн эле туш болуп калса керек, ким билет, бирок 2017- жыл “ыйман, адеп жана маданият” жылы экенин эске алып, азыр СТВ каналында да элди кайрымдуулукка үндөгөн “Бумеранг” программасын ачып, социалдык темада эфир алып барып жатам. Буйруса, көрүүчүлөрдү дагы көбөйтүп, күйөрман чогултуунун жолундамын.

 

Кайрат Чорчоев, врач-уролог:

– 2017- жыл “Ыйман, адеп жана маданият” жылы деп жарыяланганга өтө кубанычтамын. Себеби, экономикалык кыйынчылыктардан улам үй- бүлөнү багабыз, каражат табабыз деп көп адамдар маданиятты, ыйманды унутуп, балага тарбия берүү экинчи планга өтүп калды. Эч качан адептүүлүккө, ыймандуулукка чакырганыбызбы токтотпошубуз керек. Тарбиянын баары үй- бүлөдөн башталат, балдарыбызды ыймандуу, адептүү кылып тарбияласак, ошол балдардан коом куралат, коомубузда ыйман, адеп болуп, маданият өнүксө өлкөбүздө береке, ырыскы болот деп ишенем. Демек, бул жылдын маани- маңызы, биздин жашообузга тийгизген таасири зор.

 

Айымжан Муканбетова, студент:

– Быйылкы жылдын Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыяланышы кандайдыр бир деңгээлде жаштарга да таасирин тийгизип жатат. Мектептерде, жогорку окуу- жайларында ушул жылдын урматына ар кандай сынактар, иш- чаралар өткөрүлүп жатканын байкадым. Мен ойлойм, адеп- ахлак, ыйман, маданият бар жерде алга карай өсүп- өнүгүү, урмат сый болот. Тилээрим: жүрөгүбүз арманга эмес, ыйманга толсун. Жаштарыбыз көчөдө, коомдук жайларда таштанды таштап, жосунсуз жоруктарды жасабаса. Ал эми өзүм жок дегенде өзүмдүн колумдан жаралган кийимдер аркылуу салымымды кошкум келет. Кыргыздын улуттук кийимдеринин дизайнын жасап, оймо- чиймелерди түшүрүп, Кыргызстандын атын башка өлкөлөргө тааныткым келет.

“Кыргыз тили”, 06.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.