Анэс Зарифьян: Адам назик анан аябай морт болот

Кыргызстандык белгилүү акын жана окумуштуу, медицина илимдеринин кандидаты, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Анэс Зарифьян менен маекти сунуштайбыз.

Анэс Зарифьянды окурмандар өткөн кылымдын 60-жылдарынын этегинен тарта акын катары жакшы билишет. Алагчкы ырлар жыйнагы 1983-жылы жарык көргөнү менен чыгармалары 60-жылдары эле басма сөздө жарыяланып келген.

Анэс Зарифьян: Лирика мен үчүн сырдуу, табышмактуу. Албетте, кээ бир учурда автор тигил же бул чыгармасы эмнеден улам жаралганын так айта алат. Менин чыгармачылыгымда болсо тематикалык ырларда; социалдык, жарандык, тамашалуу, сатирикалык пландагы ырларымдан муну байкоого болот. Ал эми лирикада ар дайым бир сырдуулукту байкайм. Кайсы бир учурда сага өзүң да күтпөгөн саптар келет. Табиятымдан мистикага такыр жакындыгым жок. Бирок сөз чыныгы поэзия тууралуу болгондо мага кээде акын өзү көктөн же кайсы бир жактан келген энергиянын кабыл алып жаткандай туюлат. Мистикадан жабыр тартпай турганымды дагы бир жолу кайталайм. Сиз Рамис Рыскуловду эске салып өттүңүз, менимче бул гениалдуу адам укмуштуудай антенна менен алда кайдан сырдуу энергия алып, өзү аркылуу өткөрүп берип жаткандай сезилет. Болбосо анын образдарын карап көргүлөчү, бул туш келди эле адамдын оюна келбей турбаган кереметтер эмеспи.

Би-Би-Си: Сиздин ыр саптарыңызды окуган сайын азил-тамашаны, жеңил-желпи чымчылап, кыйытып айтылган аскияны байкайм. Бул эми сиздин стилиңиз деп айтсак болобу?

Анэс Зарифьян: Мүмкүн, бул тууралуу эмне десем, эгер сиз байкагандай арбын кездешсе, демек бул стиль деп да айтсак болот. Менимче, юмор чыгармачылыктан оолак кишилерде деле жетиштүү да. Оюн, жан дүйнөсүн айтайын десе мүмкүн ал сүрөтчү эмес, бирок дүйнөнү адаттан тыш же таң калаарлык призмасынан көрөт. Мен ошондой адамдарды жактырам. Чыгармачылыгымда менин кесибим да өтө маанилүү орунда турат. Анткени медицина жаштайыңан эле жашоого болгон көз карашыңды өзгөртүп салат экен. Анткени дарыгер болгон соң адамдын эң күчтүү жактарын эле эмес, адам канчалык назик, морт болоорун, физиологиясы, акыл-ою эмне экенин көрүп кийин жашоого такыр башка көз караш менен карайсын.

Би-Би-Си: Дарыгер катары айтсаңыз чыгармачылык адамдын табияты менен кандай байланышы болушу мүмкүн?

Анэс Зарифьян: Балким менин кесибим дарыгер болбогондо кандай болмок? Талант деп эле ашыра айтуудан этият болот элем. Мына, кимдир бирөөлөргө өзүнүн жан дүйнөсүн ачып берүүнүн ар кандай ыкмалары берилет. Мисалы, кээ бирлери бий аркылуу, дагы бирлери скульптурада дагы башка-башка тармактарда өздөрүн көрсөтө алышат. Аларга ошондой жөндөм берилген. Дегеле адамдын чыгармачылык ишмердүүлүгү мага абдан табышмак, сырдуу. Эмне үчүн дегенде адамдын төрөлүп жашап кетиши үчүн такыр башка зарылдыктар талап кылынат. Айталы, таза ден соолук, тукум улоо жөндөмдүүлүгү, күч жана башка. Баарына так түшүнүктүү нерсе адам төрөлүп эле жашоо үчүн ыр жазуу же кыл калем менен иштөөнүн эч кандай кереги жоктой. А андай болсо адамзатта чыгармачылык, жан дүйнө, көркөмдүк деген кайдан? Мына мага ушул табышмак. Кызыгы бул сыяктуу атайын өтө мыкты изилдөөлөр да жүрүп жатат. Аныктай турган эң негизги маселе чыгармачылык адамдын психофизиологиясы, адамдын биохимиясы менен байланышы барбы? Албетте, байланыш бар. Болгону ал азырынча толук чечмелене элек. Анын үлүшү ар кимге ар кандай өлчөмдө жана ар башка түрдө да берилгендей. Бирөө көркөм эч нерсе жазып же тартпайт же ырдабайт. Бирок ал кайталангыс мыкты спортчу болушу да буга мисалдай. Албетте менин жумушум менин чыгармачылыгыма шыкак, эргүү берип турат. Ал тургай мен көп жылдар мурун бул тууралуу атайын саптарды да жазгам.

Би-Би-Си: Учурда орус тилинен кыргыз тилине же тескерисинче тилден тилге которуунун абалы кандай болуп жатат деп ойлойсуз?

Анэс Зарифьян: Менин котормо жаатындагы тажрыйбам абдан аз. Өкүнгөнүм, кыргыз тилинде эркин сүйлөй албаганым. Тилди билбей туруп сөзмө-сөз которуп иштөө бул аябай түйшүктүү иш. Сен чыгарманын түп нускасындагы мазмунуна канчалык жакындадың же алыстап кеттиң, автордун айтайын дегени бурмаланган жокпу деген чоң жоопкерчилик бар. Мен ошонун баарын экске алып чакан болсо да айрым бир эмгектерди которууга бел байлагам. Мисалы чыгаан композитор Калый Молдобасановдун балдарга арналган кыргыз тилиндеги бир нече ырлары бар экен. Менин ыр жазууга эле эмес музыкага жакындыгымдан улам ал киши сен которуп бербейсиңби деген сунушу менен кайрылып калды. Эске алчу жагы анын мазмунун эле эмес, обондун ыргагына да ылайыгын сактап которуу керек эле. Абдан аракет кылдым. Кийин аксакал да ыраазы болуп калды. Басылып чыкканын да айткан эле. Кийин дагы бир кызыктуу окуя болду. Кыргызстан элдеринин биринчи курултайы өттурган болуп калды. Мен да уюштуруу иштерине тартылган элем. Бир күнү текст жазылган кагаздар колум тийип калды. Карасам кыргыз тилиндеги ырдын текстти экен, “Кыргыз жери” деп турат. Көңүл бурсам сөзүнүн автору Түмөнбай Байзаков, обону Апаз Жайнаков деп турат. Мен бул ырды оркестрдин коштоосунда Саламат Садыкованын аткарганын уктум. Менин баамымда керемет ыр. Денем дүркүрөп кетти. Ыр эле эмес гимндей сезилди. Мен ушуну которууга белсендим. Кыргыз калемдештирмдин да көмөгүн пайдаландым. Абдан кунт коюп иштедим. Ошондон кийин аны орус тилинде салтантаттарда, жыйындарда ырдап да көрүштү. Мен котормонун сапатын сурамжылап көргөнүмдө тилге жатык болгонун, ошондуктан ырдалып жатканын айтышты.

Армян элинин классик акыны Ованес Тумоняндын айтканын кайталагым келип турат. Ал абдан таамай айткан. “Котормо бул айнектин ичиндеги роза, аны көрөсүң. Бирок жытын сезе албайсың” деген. Бирок мен эч убакта өзүмдү дасыккан котормочулардын катарына такыр кошпойт элем. Ошондуктан котормонун деңгээли тууралуу мен бир нерсе айтканым туура эмес болуп калат. Бул сурооңузга Вячеслав Шаповалов абдан туура жооп берсе керек. Бул багытта укмуштуудай котормочулар да чыккан.

Кайсы учур болбосун котормонун мааниси жоголбойт деп ойлойм. Анткени, кыргыздын мыкты калемгерлеринин чыгармаларын кыргыз тилин билбеген француз болобу, армянбы башкабы айырмасы жок. Аларга жеткирүүнүн башка кайсы жолу бар? Бул котормо. Кыргызстанда котормочулардын күчтүү бир мектеби болгон.

Абдыбек Казиев, “Би-Би-Синин Кыргыз кызматы”, 14.07.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.