Тарых кыргыздын акындарынын ырларында

Жумгалда ХIХ к. Байзак баатыр же Байзак ажы (1838-1914-ж.ж.) деген акылман жашап өткөн. Анын ар бир сөзү, кылган иши эл оозунда, жазма тарыхтарда бар. Байзак жаш кезинен таң чыгып калыстыгы, акылмандыгы менен журтка таанымал болгон. Эч качан мал күткөн эмес. Фарс, орус тилдерин бир аздан билген.

Бабасы Түлкү баатыр кыргыз-калмак согушу аяктагандан кийин, кытай менен ар кандай маселелерди чечиш үчүн 1758 ж. Пекинге элчилике баргандардын арасында болгон. Байзактын жигит кезинде агасы Атагелди “эл, жер тааны” деп кытай тарапка өткөн Хива, Бухара, Самарканд, Ташкент, Кокондук кербендерине кошуп берген экен. Ошондон улам Орус империясы 1876-ж. Кытай менен чек араны тактоодо жерди жакшы билгенден улам Байзак чек араны тактоого катышкан. Суусамырда түндүк кыргыздардын курултайы өтүп ошондо Солто элинен чыккан акын Калмурзанын айтканы.

Ассалоом алейкум!
Калайык калкка таанымал,
Калмурза айтат саламды.
Жер соорусу Суусамыр,
Жердеген Байзак аманбы,
Эрегишкен тууганды,
Эп кылган аманбы.
Караламан калкына,
Калкан болуп туу болгон,
Калыс сөздөн эч тайбас,
Акылынан айныбас,
Чечендиктен жаңылбас,
Дүйнө жыйнап мал күтпөс,
Кадырман Байзак аманбы.
Кытайга чейин кыйын деп,
Кеп кылган Байзак аманбы,
Кытайдан чекти бөлгөндө,
Тең келбес Байзак аманбы.
Оруска оомат келгенде,
Ошолор менен кошулуп,
Үрүмчү, Ак-Суу, Үч Турпан,
Чек кылган Байзак аманбы.
“Какшаалдын тоосун кайтар!” – деп,
Кармашкан Байзак аманбы.
Манастын суусун Кытайдан
Талашкан Байзак аманбы,
Кыргыздын ханы Шабданга
Жанашкан Байзак аманбы,
Хан Шабданга катарлаш,
Отурган Байзак аманбы.
Ызаат кылып оездор
Кол сунган Байзак аманбы,
Үзүлгөнөн учугун,
Улаган Байзак аманбы,
Ак падыша кадырлап,
Сураган Байзак аманбы?

Калмурзанын бул ырында Байзактын Кытай чек арасын бөлгөндөгү эрдиги, намысы тууралуу айтылып жатат.

Жазма тарыхта Байзактын чек араны токтоодогу эмгеги үчүн орус императору Александр III Станислав тасмасына тагылган күмүш медал менен сайлаган.

1914 ж. Байзактын көзү өткөндө ар тараптан эл келгиче сөөгү 6 күн кармалып, Соң-Көлдө күздөөсүндөгү Ак-Талаалык, Жумгал, Суусамыр саяктары Жумгал суусунун эки өйүзүнө 1000 боз үй тигишип, маркумду узатууну Көкүмбай, Эшимбек, Мырзабек манаптар башкарышып, ариетке келген элди улам жорго которуп минип кадимки Куйручук тейлеген. 100 жигит коноктордун аттарын жайлап, 50 жигит өкүрүп турушкан. Боз үйдөгү элге эт суу төгүлгүс жорголор менен жеткирилип тартылып турган экен. Ошондо Солто элинен барган Жаманкул акынды коштурушкан. Байзак Мекеге барып ажы болгон. Жаманкулдун кошкону.

Ажынын киндик каны төгүлгөн,
Жумгал ата кенен жер.
Кудайдын жазуу иши экен,
Көз жумду ажы кеменгер!
Аяктай чымга жашынтып,
Акыры алды кара жер.
Олуя саба колдосо
Топурагы жеңилдээр.
Жараткан эми жар болуп,
Акырет жайын белендээр.
Ариетине келишти,
Мындагы Солто калың эл.
Осуятын баатырдын,
Унутпайт эми кыргыз эл.
Касиетин ажынын,
Кез келди калкка себелээр,
Кушчу, Кытай, көп Саруу,
Кең-Кол билген ажыны
Базыс, Мундуз, Ичкилик,
Бүт Солто билген ажыны.
Адигине
, Моңолдор,
Алай билген ажыны.
Черик, Тезек, Коңурат
Таамай билген ажыны.
Кыжылдаган
Кытайдын
Чеги билген ажыны.
Ат-Башынын, Нарындын
Эли билген ажыны.
Бөлөкбай,
Талкан, Жедигер,
Чүй бүт билеген баатырды.
Дөөлөс, Бугу, Шыкмамат
Кө
л эли билген баатырды.
Арык тукум, Алакөз,
Тоңу билген баатырды.
Түнкатар, Түнтөй, Кайдуулат,
Чогуу билген баатырды.
Оездордун ордосу
Бишкек билген баатырды.
Аңыз кылып билбеген,
Издеп келген баатырды.
Алайдагы Алымбек,
Башта билген баатырды.
Андан кийин Курманжан,
Датка билген баатырды.
Муршабдагы кыргыздар
Жатка билген ажыны.
Жер ортосу Көпмалдуу

Тобу билген баатырды.
Жалпы кыргыз жамааты

Чогуу билген ажыны.
Букара, Ташкент, Самарканд
Жеке билген ажыны.
Кабаасына жүз койгон
Меке билген ажыны.
Олуя-Ата, Алма-Ата
Болушу билген баатырды.
Казакка чейин таанылып,
Султан билген баатырды.
Сары-Арка менен Көкчө тоо
Конушу билген баатырды.
Чек бөлгөндө таң калып,
Турпан билген баатырды.
Кулжа, Текес, Кара-Шаар,
Кашкар билген баатырды.
Нойгут, Черик, Коңурат,
Какшаал билген баатырды.
Кыргыз, кыпчак жамааты
Жалпы билген баатырды.
Кара калпак, Өзүбек,
Калкы билген баатырды
, – деп кошкон экен Байзакты. Бул ырларда тарых уялап жатат.

Байзактын аялзатка баа, сын бергенин эмки жолу жазарымын.

Жолдошбек Токоев, Фейсбук баракчасынан алынды

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.