Жаш калемгерлер үчүн жарыя!

Кыргызпатентке караштуу интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу балдар жана жаштардын чыгармачылыгына шык-дем берүү, өсүп-өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү максатында жаш калемгерлердин тунгуч чыгармаларын “Саамалык – 13” адабий альманахына 2017-жылдын 1-февралынан 15-апрелге чейин топтоп жаткандыгын билдирет.

Чыгармаларды кабыл алуунун шарттары:

– Эч жерде жарык көрбөгөн алгачкы чыгармалар кыргыз, орус тилдеринде кабыл алынат;
-Чыгарма компьютерде 14-шрифт, саптардын аралыгы – 1,5 болуп, Times New Roman арибинде терилүүсү шарт;
-Чыгармаларды e-mail почтага жөнөтүү керек: akylbekov.ilgiz@patent.kg
– Автордун жашы 35 жаштан ашпоого тийиш;
– Сунуш кылынган чыгармалары менен кошо 3х4 өлчөмүндөгү бир сүрөт берүүсү талап кылынат;
-Кыскача өмүр-баяны, дареги, байланыш телефону;
-Альманахка жиберилген чыгармалар рецензияланбайт жана кайтарылып берилбейт.
-Китеп жарык көргөндөн кийин авторлорго 5 нускадан бекер берилет.

Сурап-билүү үчүн байланыш телефондор
(0312) 52-12-47, (0550) 59-05-10.

“Эркин тоо”, 25.01.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.