“Кыргыз поэзиясы” тиркемеси даярдалды

GLIDE кызматын колдонуп, “Кыргыз поэзиясы” деген тиркеме иштелип чыкты. Бул тиркемеде 50 дөн ашык акындын ырларын тапса болот.

Тиркемедеги акындардын тизмеги да, алардын ырлары да толукталып турмакчы. Ар бир акындын бардык ырын топтоо максат кылынган жок. Ар бир акындын бул сайттагы баракчасынан 3төн 8ге чейин менин пикиримдеги мыкты делген ырлары гана киргизилди. Анткени тиркеменин негизги максаты катары – кыргыз поэзиясынын көп кырдуулугун көрсөтүп, акындардын чыгармачылыгы менен аздан болсо да тааныштырууну көздөдүм.

Балким, мен тандаган ырлар менен макул болбошуңар мүмкүн. Бул кадыресе көрүнүш. Ар бирибиздин табитибиз ар башка эмеспи.

Анан да бул сайтыбызда кайсы бир акындын мыкты деген ырлары болбой калышы мүмкүн. Ошондуктан сунушуңарды, кеңешиңерди укканга даярмын.

Бул тиркемени сайттын Телеграммдагы окурмандары гана чөнтөк телефондоруна жүктөй алат. Ошону үчүн бул каналга жазылууңарды сунуштайт элем. Анын дареги: https://t.me/kg_adabiyat

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.