Айбек Абдылдаев: «От кечкен отуз күн…»

(аңгеме)

Күндүн көзүн көрбөй калышы мүмкүн эле…

Алеппонун будуң-чаң түшкөн көчөсүндө алаңдап чуркап баратып, кылайып чыгып келе жаткан күнгө көзү чагылышты. Колун күндөн калкалап тура калды. Талкаланган, ураган, жер менен жексен болгон имараттарга күн нуру жайыла тийип, тээ бозоргон талаага өтүп төгүлдү.

Күн менен кошо шаардан чыккан топ жөө жалаңдап, боз чаптуу адырды беттеп түндүктү көздөй агылып жөнөдү. Узун боюн калың топтун арасына жашыра албай, бүкүрөйөт. Көздөгөнү эптеп Сириянын түндүгүнө жетүү. Калганы кудайдан. Өрткө ыргытылган ширеңкенин бир талындай болуп Элкуттун жаны көзүнө көрүнүп, кол тийсе тырс сынып кетчүдөй абалда. Чала уйкудан көзү кызарып, сакал-муруту өсүп, бөтөн экени, бүтүйгөн көзү, жалпак бети деле билинбей калды. Шаарга келип үч күндө көргөн азабынан эси эңги-деңги.

Шаардан алыстаган сайын качып-бозуп бараткан топтун арасын уңулдаган ый, оор үшкүрүк аралады. Бозоргон талаанын эркин жели камгактарды туш келди учуруп, арттагы алааматтын илебин алып келүүдө. Аба ыш жыттанат.

— Беш чакырымдай жүрөбүз, анан кан жолго түшүп, лагерди көздөй кеткен унаа болсо, олтурабыз, – деди топтун ичиндеги эркектердин бири арабча.

Азыр шаарга жакын аймакта кан жол менен кетүү кооптуу. Ошон үчүн качкындар бозоргон талаада камгактай калдактап, туш келди чачырап баратты. Айрымдар чоң сумкелерин жонуна артып алган. Бети-башын чүмкөгөн катын-калач, көзүнөн нуру өчүп, сакалы уйпаланган карыялар, энесинин этегин кармаган балдар топурап, улам артка кылчактап баратышат. Үй-жайы калды артта. Балким балалыгы калды. Азаптуу жол эми балдарды чоң кишиге айлантат. Чоң кишилерди мусаапырга…

Токой-түз өртөнгөндө азуусун айга жалмаган жолборсуң менен талаанын жели менен жарышкан желпеңдеген жейрениң, аксагы менен тескеги, алдуусу менен алсызы куйрук улаш чуркай берет. Бирок адам дегениң ушундай капсалдаңда дагы кастыгы менен өчөгүшкөн арам оюн таштабайт тура.

Августтун куйкалаган дагы бир күнү ушунтип башталды. Элкут кошулган топтун арасында улгайган кишилер, аялдар көп. Түз эле түндүктү көздөй бет алышты. Шаардан качып чыккандардын көбү Түркиянын чек арасын көздөй кетишти.

Түндүккө оогон топтун бир себеби: жакындары жаалданган куралчан топтордун арасында. Аларды кыйып кете алышпайт. Жоочулар кудайлап кыйкырып, кудай жолуна чакырганы менен колдору канга боёлгон. Ал кан болсо туугандарынын бетине да сүйкөлгөндөй эле. Ушуну ойлогондо уулу дагы бирөөнү бейкүнөө өлтүрүп, канына забын болбоду бекен деген ой кайра мээсине кадалып, жүрөгүн мыжыкты.

Элкут айрым сөздөрдү гана илип калбаса, араб тилинде шар сүйлөй албайт. Ошондон боюн ала качып, жашырынып келаткандагысы. Тоо арасындагы бейпил кыштагын таштап, миңдеген чакырым жол басып, бөтөн элге келгендеги максаты жалгыз баласын табуу.

Топтун арасында бараткан аялдардын биринин уңулдаган ыйы басылбай койду. Топко баш-көз эркектердин бири корсулдап аны тыйганга аракет кылды эле, жанындагы аялдар жаалап, болуша кетишти. Наристе баласынан ажыраптыр, байкуш.

— Андалиб, кызым, кайратыңдан жанба! Сен дагы төрөйсүң…

Капкара чүмкөнгөн аялдардын бири келинди сооротуп, кайрат бергиси келип жатты. Эркектер койгон өрттүн жалыны биринчи келип аялдын этегине жабышып, бүт денесин куйкалайт экен. Анан наристе балдардын каны чачылып, ошону менен өрт өчөт окшобойбу. Ушунтип ойлоду Элкут айылда боздоп калган аялын эстеп.

* * *

Күздүн этеги айыл-ападагылар үчүн жыргал. Жыйым-терим бүтүп, эркектер колоктоп бош жүрүп калышат. Бозо уулап, карта чапкылап, кечинде арык жээгине каз-катар тизилип алып, ой-даа саясаттын акесин таанытышат. Ошондой бейгам күндөрдүн биринде айылга диний окуунун артынан түшүп, чет элде жүрүп буларга чоочун болуп калган Салим келди.

Жаштарга бөтөн көрүнгөнү менен айылга жат киши эмес. Салим энесинен эрте калган, атасы Ырысбек аны тогуз жашында эле облус борборундагы медресеге берип салыптыр.

— Өгөй энеге кор болбосун деди окшойт, жакшы кылыптыр, – деди айылдагы кемпирлер.

— Байкуш баланы бозортпой, айылда эле окута бербейби, – деген Салимге ылым санагандар.

Өгөй эне деле жоош-момун Ырысбекке бүлө болуп кеткен жок. Улам чыр чыгарып, төркүнүнө кетип калып, кайра теңтуштары алып келип берип, баш-аягы үч жылдай бирге жашады. Анан Ырысбектин мингич атын саттырып шаарга кеткен бойдон келбеди. Жоош неме күчүн арактан чыгарды. Ошентип жүрүп мас болуп, чилдеде сыртта калып тоңуп өлгөн. Атасы каза болгондо, Салим топурак сала алган эмес. Ошо менен айылдан кол үзүп, көп жыл кабарсыз жүрдү. Эми ата конушуна келген экен.

— Баягы Ырысбек жамандын баласы кадыресе адам болуп келиптир дейт. Молдо турбайбы чоң эле.

— Жамандан жаан деген ушу, өтө табышкер экен. Молдонун табышы күчтүү да…

Салимдин өтө окумал, такыба киши болуп келгени тууралуу кабарды алгачкылардан болуп айылдагы катын-калач таратты. Молдо аттууга өзгөчө сый менен мамиле кылган айылдаштарына Салим тез алынды. Бара-бара айыл турмушуна кадыресе аралашып, аны менен көптүн иши болбой калды. Салим динге байланышкан аңгемелерден кеп салып, элди Кудай жолунда жүрүүгө үгүттөп, акыл айтат. Анын кебин аксакалы, көк сакалы муюп угат.

— Мындай жүргөнүбүз болбойт, туугандар. Эски адаттарыбызды таштайлы, кудайга кызмат кылалы! Бу жалган дүйнөдө бүгүн барбыз, эртең жокпуз. Кудай алдына барганда жооп бере тургандай бололу…

Илме-чалмасы көп анын сөздөрү божурап кулакка жагымдуу. Күнгө кактанып олтурган абышкалар үңкүйүп олтуруп угушат. Жаштар тегеректеп алат. Катындар алыстан кулагын салып, жатарда Салимди мактап, күйөөсүнүн кулагынын кужурун алышчу.

— Такыбалыгын карачы, табышкерлигин көр. Өткөндө Өмүрбектин уулунун никесин кыйып, бир соолугун жетелетиптир. Арактан башың чыкпайт сенин!

Тээ абалтан сырттан келген жаңылыктын баарын өзүнүн жашоо-турмушуна ылайыктап кабыл алып көнгөн тоолуктарың моюн толгоп, бүгүн такыба болсо, эртеси кайра бозосун ичип күркүрөп, Салимдин ыгына көп көнө бербеди. Кыш түшүп, ат суутуп, улак чапмай башталганда элдин көбү Салимди дагы унутту.

Элкут айылдагы кадыр-барктуу киши. Жамандык, жакшылыктар ансыз өтчү эмес. Санжыраны, тарыхты жакшы билип, ооганда кызмат өтөгөнү да айылдаштарына аны андан бетер кадырлуу кылып турчу. Жаш чагында анын муштуму өтүмдүү эле. Эми акылын курчутуп жүргөнү. Бир курдай Салимге качандыр бир кыпчак тааласында даң салган ата-бабалары тууралуу кеп козгоп көрдү. Ал жылмайып укканы менен кепти улап кеткен жок. Ошондо бир ичи муздаган, не теңсинбедиби деген да ой кетти.

Элкуттун жалгыз уулу Баймурат колоктоп айылда жүргөн жаштардын көзгө толумдуусу. Чымыр денелүү балбан жигит. Кайра тартпаган өткүрлүгү, кержеңдеген көктүгү да бар. Өзүн тарткан. Элкут аны эл катары окутайын деп ниеттенген. Баласы көңүлсүнбөй койду.

— Чет өлкөгө чыгып иштеп бутка турам, окугандар нени кыйратып атыптыр!

Бирок, бөтөн элге жөнөткүсү келбей, улам маалкатып, айылда кармап жүрөт. Мектепти бүткөнүнө эки жылга аяк басты. Аскерге да кетиргиси жок. Салим келгенден кийин аны тегеректеп, көп сүйлөшкөндөрдүн бири Баймурат болду.

— Мейли, айылдан чыкпаган немеге кызык болуп жаткандыр, – деп маани бербеди Элкут. Кайра сүйүндү.

— Арак ичип, көрүнгөн менен мушташып жүргөндөн көрө, молдонун тарбиясын алганы дурус.

Шаркыраган суу кургак таалага бир аз жайылып эле, сиңип кетет. Бирок таштак жерге сиңбей эле, аркырап агып жөнөйт. Тоодогу сел ошентип башталат. Катуу нөшөрдөн кийин таштак жерге суу сиңбей, кыян жүрөт. Бу жолу да кудум ушундай болду. Жалындаган жаштык, ичтеги караңгылыкка кошулганда беттегенин бербей жайпап эле шар төгүлдү.

Бөксө тоолордун боорундагы айылда кыпчактардан тараганбыз деген эл атам замандан бери жашайт. Балким кийин эле келишкендир. Түпкүлүктүү калкка эбак сиңишип, андан бери жыйырма, балким отуз ата өтүшүп кетти го. Ким билсин. Элкут ошол бабалары тууралуу санжыраны божурап, баатыр бабаларынын эрдигин мактанып, балдарынын кулагына кумдай куйчу. Бара-бара уулу атасын тарбиялоого аракет кыла баштаса боло! Эгерим алардын турмушунда мындай болгон эмес.

— Ата, кудай безерилер менен олтуруп бозо ичпе, кудайдын жолуна түш!

— Каяктагы ыпыр-сыпырга мээңди толтуруп, ата-бабаң баскан жолду чанасыңбы, иттин баласы. Алар эмнеге кудай безери болуп кылыптыр!

— Сени тозоктун жолунан кайтарышым керек. Сен шайтандын сөзүн сүйлөп жатасың, ата!

— Т-т-октот! Токсобанын тукумунда сага окшогон акмак болгон эмес. Ата-бабаңдын баары ушул эле динди карманып, камыр-жумур жашабады беле, силер каяктагыны баштадыңар, келесоолор! Атасына баласы акыл үйрөтөт деген эмне!

Уулу кине койгудай бул кудайдан жөө качкандардан эмес. Кудайга ишенет… Жаратканга ишенбегенде кандай, кудай урбайбы анда. Ата-баланын ортосундагы кер-мур айтышуу күчөдү. Элкут уулу өзүнөн алыстап баратканын сезди. Бирок артка кайтарууга алы келбеди. Аны ойлогондо баары кеч болуп калган эле.

Уулу Орусиядан жумуш таптым деп, шайланып жөнөп калганда, алдын тосо албады.

— Мейли, кагылып, согулуп, акча эмне экенин, ата-эненин кадырын билип келерсиң. Анан атаң менен айтышканыңа бир өкүнөрсүң, бала!

Бир ай өтпөй уулу Чыгыштагы согушка аралашып кеткенин кыска гана билдирүү кылып кол телефонуна жазып ийди. Тамашабы, бу эмне?! Алгач ишенбеди, ишенгенден кийин үч күн оозуна наар албай, сулк жатты. Жо-ок, сулк жатпаптыр, өлүк жатыптыр. Уулу Орусияга чыгып кеткенден так бир аптадан кийин Салим ың-жыңсыз кеткен.

Салимдин сабагы Элкуттун ушул кезге чейин айткан насааттарын дароо эле ыдыратып, баасын жоготуп салганына акылы айраң-таң.

— Ыя, атаны кокуй, бу наалаты Салимге уулумду кантип алдырып жибердим. Кай жерден жаздым, кай тарбиядан кемчилик кетирдим…

Уулу кетип калганы тууралуу милицияга өзү барып айтты. Ошондо башка айыл-ападан, өлкөнүн ар кайсыл аймактарынан согуш жүрүп жаткан Сирияга кеткендер көп экенин билди. Муну биринчи жолу укту. Согуш деген Элкуттун ден-соолугун да, жаштыгын да куураткан апаат эмес беле. Оогандагы эки жылдык аскер кызматы тууралуу коюнунда жаткан аялына дагы ооз ачпаган. Анысы жара! Кайра-кайра эстеп, чукулай бергиси келчү эмес. Оорутат, сыздатат…

Бирок согушту издеп барышкан эмес эле. Согуш буларды издеп келген анда. Муну кара, көк мээ! Согуш издеп миңдеген чакырым ыраакка барганы эмнеси?! Салимдин уусуна мээси айланган экен акмактын.

— Анын артынан барам дагы, өлүү болсо сөөгүн, тирүү болсо тирүүлөй терисин сыйрып келем,- деди ачуудан уукан Элкут.

Башында милициялар аны ачууга алдырып жатат деп ойлогон. Бирок Элкут чын эле жолго камынганын угушканда, коопсуздук кызматына кабарлашты.

— Барсаңыз, сиз дагы ошолорго аралашкан болуп кылмыш жообуна тартыласыз! – деди муну менен маектешкен бети болтойгон толмоч офицер.

— Келгенден кийин мени камамактан, бышырып жегиле. Мен аны таап келип, силердин колуңарга тапшырам! – деди Элкут.

Офицер Элкутту үйүнө кетирип жиберди дагы:

— Азыр жолго чыкпай күтө туруңуз, өзүбүзчө акылдашабыз, – деди.

Бир учурда бөтөн жерде, бөтөн элде согуш канын кечкен ата эми чоочун, буларга такыр тиешеси жок согушка кирип кеткен уулун издейт.

Коопсуздук кызматын мунун уулу эле кызыктырып жатпаганын сезди.

— Чет өлкөдөгү согушка кишилерди азгырып жаткан булактарды аныкташыбыз керек, – деп ачык эле айтты толмоч офицер.

Башында Сирияга өтүшүнө уруксат беришпей турду. Салим аякта атайын топ түзүп алганын коопсуздук кызматында олтуруп укту. Аны өтө кооптуу киши катары бир нече өлкөнүн атайын кызматы издөөгө алып жатыптыр. Айылга келгенге чейин эле атайын даярдоо лагерлеринен өткөн, тирүү шумдук неме дешти.

Об-боо, ошого маани бербегенин көр. Бирок бирдемени туюк сезген. Салимдин өтө ийилчээк, былжырап жумшак болуп жатканы кооптуу эле. Булардын эле И. районунан элүү үч баланы азгырып кетиптир.

Элкут Түркияга жалгыз эле учту. Коопсуздук кызматындагылар мунун ооганда кызмат кылганынын, чала чарпыт болсо да арапча билерин эсепке алышты окшойт. Макул болуп, керектүү кеп кеңештерин берип, айрым колдорунан келген көмөгүн көрсөттү. Коопсуздук кызматынын атайын кишиси аба майдандан түшкөндө эле колтуктады. Андан ары дагы авто-унаага салып коюшту. Кебетеси араптарга окшогон кара сакалчан, тыржыйган арык Хусейинди Түркиянын Сирия менен чектеш аймагындагы Газиантеп шаарынан көрдү.

— Бүгүн түнү чек арадан өтөбүз. Биздин акыркы аялдама Алеппо, түшүндүңбү! Оозуңду жаап, мени менен кете бересиң. Калганын ошол жакта сүйлөшөбүз, – деди Хусейин ороң-параң.

Хусейиндин улуту ким – биле албады, бирок бул согушчан топтордун ишенимине кирген коопсуздук кызматкери болуу керек деп боолгоду. Дүмпүйгөн караңгы, көчөлөрү урандыга толгон шаарга сааттап жүрүп, күүгүмдө келишкен. Чоочун, бөтөн шаар мисирейет, куну учуп. Бул чыгыштын бермети – байыркы Алеппо. Хусейин Элкутту жарым-жартылай урап калган имараттын жер төлөсүнө алып кирди. Кирди-чыкты киши көп, муну менен эч кимдин иши да болбоду. Жерге эле төшөнчү сала калып, үч-төртөө уктап жатат. Четке барып, эптеп жайгашты.

— Ач отур – тынч отур! Ач кулактан – тынч кулак, – дечү эле ыракматы атасы. Басса-турса ушул сөздү күбүрөнүп калчу. Анын көзүндө сакалы аппак, узун бойлуу атасынын жайнамаз четинде көзүн жумуп, сүкүт тартып олтурган элеси калыптыр…

Жат жерде кайдагы уйку. Ар демени ойлоп, оо бир оокумда көзү илинди. Анда-санда күн күркүрөгөнүнө окшоп, алыстан угулган үнгө кулак төшөп жатып уктап кетти. Эртең менен опур-топурдан уйкусу ачылды. Кобур-собур болгондор багымдат намазга топтолуп калыптыр. Катарга турду. Имараттын ар жеринен котолоп чыккандар цистернадан суу ташып келип, жуунду. Шаарда суу чыкпайт тура. Айлана үп, дары менен күйүктүн жыты мурун өрдөйт. Элкуттун көзү тизилүү куралдарга урунду. Топурап жуунуп жаткандардын жанына келди. Арасында кимиси кай улуттан – айырмалоо кыйын. Казагы, өзбеги, кыргызы жүргөнсүйт. Беттерин түк баскан, чачтары үксүйгөндөр жалаң. Алайган, теше тиктеген, бүтүйгөн, таңыркаган көздөр… Кээси өзүн акшыя карап, кимсиң деген суроону бере албай туру.

— Алыстан келдик, түндө, – деди жанындагы жигитке.

— Ашпозсуңбу, жоокерсиңби? – деди тигиниси атайын арабча чалып сүйлөп.

— Жоокермин…

— Кыргызстандан келгендер жокпу?

— Анын сага не кереги бар! Бул жерде бүт бир туугандар, башка эч ким! Түшүндүңбү?! – кекете сүйлөдү узун бойлуу, тартайган жигит арабча.

Ал жуунуп жатканда чачы аялдыкындай болуп, жонун жаап, эки жакка серпилип атты. Элкут да жуунду. Жертөлөгө кирип-чыгып, чүмкөнгөн аялдар жүрөт. Бирөөсү эселек кызын жетелеп, ичкери кирип кетти. Кыз кылчактап Элкутту жал-жал тиктейт. Апасы аны дикилдетип жетелеп кетти. Демек, булар үй-бүлөсү менен экен да. Имарат алдындагы секичеде кара туу шамалга желбиреп турат.

Хусейин келди.

— Чал, азыр шаарда кармаш катуу. Сен буларга аралашып кетесиң, сени амирине айттым. Эсиңде болсун, сен уулун издеген киши эмес, каапырдын канын ичем деп согушка келдиң! Устара мизиндесиң, тайсаң башын кетет, – колу менен моюнун шилеп койду. Анан кулагына шыбырады эңкейип: — Уулуңду тапсаң, Түркиянын чегин көздөй качкыла! Ушул шаардан таап калышың мүмкүн. Бирок бир дагы документиң жаныңда калбайт, азыр алып коюшат. Ошон үчүн күрттөргө колго түшкүлө.

Сааркы тамак тушунда көзү чалыр, жашы кырктын чамасындагы киши Элкутту өзүнө чакырды.

— Ошончо жер басып келипсиң, а эмнеге келгениңди билесиң да? – деди өзбекче.

— Билем, таксыр!

— Азыр сени менен такташар учур эмес. Шаарда кармаш болуп атат. Кийин сүйлөшөбүз. Сени өз жамаатыңа кошобуз. Ага чейин биз менен бол. Ээй, Абу!

Көзүнөн башкасын көргөзбөй кара жоолук чүмкөп алган жаш жигит келип, колун бооруна алып туруп калды:

— Ляппай, амирим.

— Мунун документтерин алып, каттагыла, курал берилсин колуна. Тозотчуларга кош!

Анан Элкутка кайрылды:

— Паспорт – оозуңдагы келмең, уктуңбу!

* * *

Элкут ичинен кудайлап, ата арбагын чакырып, беш кишиден турган топ менен эки көчөнүн кесилишиндеги имаратта олтурат. Бул жердин урандылары жол боюнда доо-доо. Көчөдө тызылдап келип-кеткен эле киши. Авто-унааларга кара желектерин илип алышкан. Шаар будуң-чаң. Туш тарабынан түтүн уюлгуп, бул жердин асманы кулап, булуту чубап тургандай туюлду Элкутка. Пайгамбар жашына жакындап калганда оо кудуреттүү кудай, ушул тозокту көрсөтпөсөң болор эле. Ичинен ушунтип күрсүндү.

Арабча чалып сүйлөгөн жаш жигиттер ураган дубалдардын далдасында шыкаалап, чоң көчөдөн ары-бери өткөндөрдү байкоого алышкандай. Булар өздөрүнө тиешелүү аймакты көзөмөлдөгөн кайгуулчулар экен. Шаардын чыгыш бөлүгүндө түтүн уюп, даңкылдаган жарылуу, тарсылдаган ок үнү угулат. Атышуулар алар турган имараттан бир топ ыраакта жүрүп жатканы менен жакындап келет. Жүрөгү сыгылды, ушундай чоң аймактан уулун табам дегени, болумсуз нерседей туюлду.

— Биздин районго дагы согуш жетет эми. Биз, бекем туралы. Сен биздин тилди түшүнөсүңбү? – деди көзү алайган арап жигит.

Элкут баш чайкады. Бул жигиттин аты Ахмед экен. Элкутту жактырбай, муздак көздөрү менен тиктеди да, жанындагы шериги менен сүйлөшө кетти. Шаардын чыгышын өкмөт аскерлери камалап жатканын билди Элкут. Ар топтун өз карамагындагы аймактары бар экен. Андыктан, кашык каны калганча салгылашуу керектигин айтып жатты Ахмед.

— Мен ушул жерликмин, мындан эки жүз чакырым жерде үйүм бар эле. Айылды басып алышты.

— Биз бул жерлик эмеспиз.

Ахмед жанындагы кишиге кол шилтеп койду.

Бул чөлкөмдө үч жыл катары менен кургакчылык болду. Күн куйкалап, эккен эгиндеринен бир бүдүр түшүм жок. Сууга зар баары. Эл шаарга агылды. Ахмед өңдүүлөр ошого кыжыр.

Жаштар агылып келген сайын жумуш табуу кыйындай берди. Анан кыжырдана башташты, шоркелдей жашоосу үчүн бийлиги, байлыгы барларды ашата сөгүп, бийликти көмкөрүп салуу чакырыктары айтыла баштады. Адилетсиз бийлик кетсе, баары ордуна келерине ишенген Ахмед. Алардын жүрүшү мынтип өрткө айланып, бүтүндөй Жер бетиндеги кыжырдануу ушул жерге жыйылат деп ойлогон эмес анда.

Эки жылдан бери шаарлар бүлүнүп, адам каны суудай акты. Ахмед алсырап, ичи куйкаланып, бир күнү жер кучактап мемиреп уктап, ошол бойдон турбай койгусу келет. Бу келгиндер муну кайдан билет. Карыган энеси, эжелери менен эки жээкте калышты. Бир учурда өлкөнү түрө кыдырса, эрк өзүндө эле. Азыр ар биринин өз чеги бар. Ошол чекти кайтарып олтурушпайбы.

— Биз азыр Бустан районундабыз, – ойдон тунжурай түшкөн Ахмед күңкүлдөп койду.

Кайра эле Ахмеддин сөзүн эч ким коштогон жок. Мына ушул учурда Элкут арт жагынан чыккан катуу добуштан нес боло түштү. Артын карап, асманга сапырылган чаңды, чаң арасындагы отту көрдү. Булар олтурган имаратка чаң сапырылып, быркыраган таш-кесек жаады. Артынан эле удаа-удаа кулак тундурган жардыруу болду.

— Ялла!

Ахмед учуп жөнөдү. Элкут тунжурай түшүп, анан арабча сөз мээсине жетти: кеттик деп атпайбы. Ахмедди ээрчип, шаардын тымтыракай түшкөн көчөлөрүндө улам орун алмаштырып чуркап жүрдү. Ахмед болсо татыратып ок атып, бир жерде кала берди. Элкут куралын ыргытып, туш келген жерден кишилер топтошуп олтурган жертөлөөгө башбакты. Түнү менен артиллерия алар турган имараттарды калбыр кылды. Көп киши жер кучактап, Күндүн көзүн көрбөй кете берди.

* * *

Элкут качкан-тозгондордун арасында далбастап, жан кулактын учунда баратса да, бабасынын көрүстөнүн көрүп каламбы деген үмүтүнө улам жетеленет. Бирок Дамаскка кантип барып, көрүстөндү кантип тапмак. Ушул жашка келгени көкүрөгүндө тымызын кайнап келген көксөөсүнө ушунчалык жакын келсе да, колу жетпей өкүттө кетет окшойт. Чыгышка келгендеги мүдөөсү эле – уулун табуу. Бабасы моңголдорго каршы Улуу жүрүштүн башында туруп, ушул Сирия аймагында моңголдордун таш талканын чыгарбады беле.

Бадалдуу тоо боорун кыялап түшүп баратып, ушул жерден бир учурда Бейбарс ат бастырып өткөнүн элестеди. Ат дүбүрттөрү угулду кулагына. Балким Бейбарс кылычын кере шилтеп, асассиндерди кубалап бараткан тоо арасы ушул болуп жүрбөсүн. Кайран бабасы падыша таажысын башына кийип олтурганда да кыпчак тааласындагы шыбак жытын сагынып, жүрөгү кусанын сары зилине толгондур. Кыпчак таалаасынан олжо кеткенде канча жашта болду экен? Жаш бала болгон дешет. Колу байлоодо кеттиби, ыйлап өксүп кеттиби? Не болсо да бабасы өз башатын унутпаган го. Мамлүктөрдүн империясын он жети жыл башкарып, султан болуп олтурганы менен бала кезинде оозунда калган кымыз даамын, мелтиреген кыпчак талаасын, андагы чөптүн ачуу жытын сагынып өтүптүр, кайран бабасы. Ушул уламышты укканда анын кичинекей жүрөгү тез-тез согуп, өрөпкүп өпкөсү көөп чыкчу. Ата-бабалары тууралуу эл оозунда айтылган кеп-сөздү бала кезинен тажабай угат. Ыракматы атасы арабча кат тааныган, динди бекем кармаган киши эле. Ошол киши бабалар санжырасын көп айтаар эле, жарыктык.

Бу кең ааламдагы пенденин ой-санаасы менен кимдин иши бар. Пендең болсо, ошол бабалары менен мактанып, өзүн ошолордун улоочусу, урпагы, ошолордун кайра жаралышы сезет экен. Элкут ушунтип ойлочу, уулунан ошону күтчү. Баймурат ошол үмүттөрүнүн таш-талканын чыгарды. Баласы азыркынын ассасиндерине кошулуп кетет деген үч уктаса түшүнө кириппи. Токсобанын тукумун булгаган арам! Элкут уулун ичинен ашата сөккөнү менен анын кандай абалда жүргөнүн элестетсе, ичтен кан өтөт.

— Кай жерден жаздым, кай тарбиядан кемчилик кетирдим?..

Ушул суроо сөөгүн мүлжүп, чучугун какты.

Дүйнө ушунчалык бат өзгөрүп жатканда суу үстүндөгү чамындыга окшоп миңдеген кишилер жашоодогу ордун таппай калдастады. Баймурат дагы өзүн издеп адашкандардын бир эле. Бейбарстын урпагы ак-каранын кармашында бытырап майдаланып, оң-солду айра тааный албай ара жолдо каңгып калганы ушубу.

Олжого кетип, бүтүндөй империя тактысын ээлеген бабасынын таржымалы Элкутту бул жолу да чыйралтты. Ата арбагы колдосун деп бата тартты да, түндүктү көздөй бет алды. Эми анын акыркы үмүтү түндүктө. Уулун ошол жактан издейт. Алепподон качкан куралчандар түндүккө сүрүлдү. Айылдан аттанып чыкканда уулуңду алып келем деп энесине сөз берген. Сөзү жерде калганы жакшыбы? Жок! Уулу аны бир жерде күтүп тургансып, арышын кере шилтеди.

* * *

— Ээй, сен! Токто!

Тааныш угулган үндөн селейип туруп калды. Баягы көзү кылыйган топ башы. Шаардан качып чыккандарды куралдуу топ жолдон каршы алды. Автоматтын кундагы башына катуу тийген, аны менен кошо күн кулады. Көзүн ачса, чатырдын алдында жатат. Ары-бери топураган кишилер. Бетине жайылган кан катып калган экен, ызылдап чымындар жүрөт. Кайсыл жакта кан-жин аралашса, чымын ошол жерде эмеспи. Күн деле ордунда, көктө асылып турган экен.

— Динбезер, сен эмнеден аянасың! Кудай алдына ак кетпейсиңби! Диниңе адил кызмат кылбайсыңбы! Элден өзгөчө болгон жаныңды сууруп алайынбы! Сен эмнеге келдиң эле бу жакка! Эмне куралды таштайсың, коркок!

Тили күрмөөгө келбеди. Жалаңдаган бычагын кекиртегине такаган чалыр көз чын эле мууздап салабы деп, денеси калтырады.

— Тийбе, жол бөгөлүп калат. Мунун артынан келчүлөрдү үркүтөсүң. Муну Салим менен байланышып тактагыла! – деди чатыр алдында буларды карап турган кара селдечени.

— Муну камап сал! Ээй, коркок, сенин туугандарыңы бирден жок кылабыз, ошолорго колубуз жетет, түшүнөсүңбү! Тукум курут кылабыз!

Колун артка байлатып, чатырга ыргытып кетишти.

— Тфу!

Оозуна батташкан канды түкүрдү. Артка жол жок, соо калбайт эми. Байланган колунан кан өтпөй лукулдатып, анысы онтоого айланды. Элкут ажалын күтүп жатты. Болжолунда алар шаардан бир топ алыс жерде. Ок атышуу, жарылуунун үнүнө канчалык кулак төшөбөсүн, укпай койду. Бир маалда чатыр шырп ачылып, Ахмед кирди.

— Тууганым, сени кожоюндарыңа жеткиришим керек, Идлибге! Азыр Зербехке кетебиз. Ал жерден сени алып кетишет. Качып бекер кылдың. Башың кетет эми…

Ахмед эч нерсе болбогондой бейгам. Элкуттун үрөйү учуп, амалсыз байлоодо жатты. Хусейин кайда кетти, эми эмне кылат? Бейбарс бабасынын кайратынан айтпаган экен буларга…

* * *

Идлибдеги эки кабат үйдүн короосунда Салим сабыры кетип, улам күндү карап, саатты болжоп көлөкөлөп олтурду. Алепподон чабарман келмек. Бүтүн дүйнөнү титеретип аткан дин тиректеринин ордосунан жаңы эле кайтып келди. Бу жактагы жагдай жакшы эмес.

Алепподон анын отуз үч кишиси окко учуптур. Он жетиси ар кайда чачырап качкан жеринен колго түштү дешти.

Өзү Алеппону коргоп жатканда жок болуп калганына өкүндү. Муну Мосулга чакырып кетишкен. Эми Идлибге кайтып келди. Алепподон качкандар ушул жерге топтолушат. Мындан аркысы кыйын: ар бир шаар үчүн суудай кан төгүлөт.

Дагы кичине күч жыйнашканда бул тоо арасындагы мекенине барып, будуң-чаң салып, диндин кара туусун көтөргөнгө камынып турган. Мекен! Салим өткөн күндөрүнө көп имериле бербейт. Жетип-жетпеген атасынын өп-чап турмушу, кыйынчылыктан бели бүкүрөйүп, оорукчан энеси кез-кезде эсине түшүп, аларга багыштап дуба кылып койбосо, көкүрөгү жашып, кыйналбайт деле. Ошол сезимди жеңди акыры. Ата-энеси бу жарыкчылыктын ыракатын деле көрбөдү. Алдым-жуттум, баары акчага ченелген заманга алар түк эле коошпой, каржалып жүрүп кете беришти.

Атасына топурак сала албады. Жарык дүйнөдөгү арманы ушул. Анысы үчүн кимгедир өчөгүшкөн сезимдер келе берчү башына. Аны адам ордуна көрбөй, атасы өлгөнү тууралуу кабар жеткиришкен эмес. Бир жылдан кийин укту. Өксүп ыйлады, көңүлү муздады. Айылына экинчи кайрылып барбайм деген. Дин муну ушундай беймаза ойлордон куткарды, курчутту. Кудайга сыйынып, келмеси оозунан түшпөгөнү менен жүрөгүндөгү ызасы, кеги музга айланган.

— Качан гана шарият мыйзамдары менен жашаганыбызда баары өз жолу менен оңолот.

Ошол мүдөөсүнө улам жакындап барып, артка кулайт. Бул жердеги тамырды кырктырбаш керек. Аны баары сезип турат. Айылына кайтып барганы да ошондон болду. Бир жылдай жүрүп, талылуу жери кайсыл, элди кантип көтөрсө болот, ушуну иликтеп келди. Ара жолдо башы каңгып жүргөн бир тобун артынан ээрчитти. Чыгыштагы тамырын тоону көздөй жайылтышмак. Ошондой мүдөөлөрү бар эле.

Өз жергесинен келген түшүнүксүз киши тууралуу Алепподогу амирлердин бири кабарлаптыр.

— Жоокер эмес, жашы өтүп калган киши.

Согушка кире электе эле куралын ыргытыптыр! Аны чыкынчылыгы үчүн ошол эле жерде мууздап салышмак. Бирок Салим дегениң, көрүнгөндүн бири эмес. Аны буга жөнөтүшөт, ошону күтүп жатат. Тыңчы болсо, күм-жам кылып коюш кеп эмес.

— М-м.. ким болду анысы?

Айылдашы имиш. Айылынан бир гана жигитти ээрчитип келген, анысы качкан жеринен кармалып Мосулда абакта. Албетте, камакта көпкө кармашпайт, алдында эки жол бар: бири ит өлүм, бири сыйлуу өлүм. Туйду, ошол ажалын күткөн бейбакты издеп келгендир…

Келген киши ким болсо дагы, кара жанын көзүнө көрсөтөрүн элестетип алды. Кайдагы жомокторду айтып элдин башын айландырган Элкут! Андан башка кимдин кайраты жетмек эле.

— Болгон акылыңды ар жерге чача берип, уулуңа да жукпаптыр эле. Эми ажалың айдап келдиби бул жакка!

Башынан эле Салим Элкутту түк жактырган эмес. Канча жылдан бери бышты, көрбөгөнү калдыбы, бу жумуру баштын. Дароо эле каршылык кайсыл тараптан келерин туят. Айылда Элкуттун көзүнө көп түшө бергиси келчү эмес. Ошол ата-бабасынын качанкы эрдигине жаш баладай ишенип, ошону менен жашаган каапыр уулун издеп келген го…

Ызырынып, жыга чапчудай аттанып келгендир. Токтоп тур, Салим ошол чөлкөмдүн амири болуп, дин мыйзамы менен жашатат баарын! Каапырлардын жүрөгүнөн сары суусун агызат али!

Байлык менен бийликтин талашы Чыгышка түшкөн чокту өрткө айлантат деп эч ким ойлогон эмес. Устазы буга ачык эле чакырык салган.

— Мына, баатырым, эми дин үчүн аттанууга мезгил жетти! Биздин туубуз алдында бүт бир туугандарыбызды бириктиребиз.

Бирок азырынча алардын алдында тоскоолдук көп. Дүйнөнүн баары буларга каршы. Ант бергенден кийин өзү кайрылуу жасап, анысын интернетте тараткан. Ошо менен өзү да бет кабын чечти. Ачык күрөшкө аттанды. Мекенинде эле эмес, ага танапташ өлкөлөрдө да муну издеп, сары изине чөп салышканын билет. Билгенде не, артына жол жок. Сирияда окуп жүргөн жылдары устазынын көп жакшылыгын көрдү, илимин алды.

Устазы буга телефон чалганда ачуусун араң басып тургандай сезилди. Алепподогу абалына жаны ачышканы көрүнүп турат. Анын да бирөөнүн алдында милдети, убадасы бар. Алар чоң-чоң аймактарды таштап, чегинип кетпеши керек!

Согуш чыгыштын шамалы сыяктуу эле ойдо жок жерден алай-дүлөйгө айланды. Кудай пендесине ыроологон сезимдердин эң ыйыгы, эң назиги, ошол эле маалда өтө эле каардуусу – ишеним болсо керек. Пендең ошол ишеним менен өзүн кудайга жакын сезип, кудайдын ырайымы, мээрими, кечиримине үмүткер болот экен да, башкаларга өзүн теңата көрөт экен…

Пенденин мына ошол сезими эки миздүү канжар сыяктуу. Аны басынтсаң да, курчутсаң да баары бир бир тарабын кесет. Пенденин ошол сезими менен ойноп жатышты. Салимдер караламан элдин көтөрүлүшүн ыйык согушка буруп, азап менен тозокту алып келгендердин катардагы эле жоокерлери. Алардын тагдырын чечкен кудуреттүүлөр алыста, таптакыр башка өлкөдөгү деңиз жээгиндеги жаркыраган хан сарайларында туруп алып, башкарып жаткан.

* * *

Зербехти көздөй удаа-удаа эки авто-унаа жолго чыкты. Элкутту бир авто-унаага көзүн байлап ыргытышты. Алардын артынан үстүнө оор пулемёт орнотулган “Жип” унаасы жин ургандай айдап кетти. Башы темирине урулуп Элкут кайда баратканын билбей кете берди эси эңгиреп. Талаанын аркыраган шамалын гана туюп барат. Өспүрүм Бейбарс ушул чөлкөмдө жылаңаяк байлоодо кетип бараткандай сүрөт тартылды көзүнө. Чубаган кербен, төөсү боздоп, кум учурган шамал, байлоодогу Бейбарс…

Бир маалда катуу үндөн кулагы тунганын билет. Көзүн ачканда чомгороктоп он чакты киши туруптур. Көзүндөгү жоолукту ошолор чечкен го. Чоочун тилде булдуруктап сүйлөп жатты бирөөсү. Кулагы чуулдап, эч нерсе уккан жок. Колдору байланып тизелеп олтурган өң тааныш кишилерди көптө барып ажыратты. Ахмед дагы тизелеп олтурат. Бетине кан жая бериптир анын. Өз кулагынан кан агып жаткандай. Аскер кийимчен кишилер муну да алардын катарына алып келип тизелетти.

— Булар күрттөр. Эми биз өлдүк, – деди Ахмед шыбырап.

Чачы кежигесин жаап, көзү алайган сакал-мурут эми гана кылайып келаткан өспүрүм кебетеленген жаш жигит буларды автоматтын кундагы менен ургулап, айдап жөнөдү.

Баса, Хусейин күрттөргө колго түш дебеди беле. Элкут булар өлтүрбөйт деп ишенди. Баарын сыз, көк жыттанган жер төлөгө камашты. Ичинде жыйырмадай киши. Абакка саларда аты-жөнүн, кайдан келгенин такташты.

Жоочуларды күрттөр өтө жек көрүп мамиле кылышты. Ачка абалында сасыган, тар бөлмөдө эки күн кармашты. Анан кичинеден тамак беришти. Бүгүн төртүнчү күн… Күндөр шылдыраган тамак менен бир кесим нанды күтүү менен өтөт. Күрттөр диндин тиректерине каршы согушуп жатканын ошондо билди Элкут.

— Менин үй-бүлөм Ефраттан өткөн эле. Ливанга өтүп кетишет. Анан Европа… Мен эми тирүү калбайм…

Ахмед буга ылым санап жумурундагысын айтты. Өз мүшкүлү жетет ко, бу кара башына. Башканы көтөрө алабы. Ооганда жүргөн күндөрү түштөрүнө аралаша берди. Танктын үстүндө баратат, анан тоодон ок атылат, танк жарылып оттун ичинде кетти…

Кыйкырып ойгонду, муздак тер чыпылдап турган экен.

Түркмөнстандын Кушка деген жеринде машыгуудан өтүп, Ооганстанга алып киришкен. Гератта кызматын өтөдү. Ошону неге азыр эстеп олтурат. Аскер кызматынан келгенден кийин кулагында татыраган автомат, кыйкырык, ый, жер кучактаган жоокерлерди көрө берчү эмес беле. Кыйкырып ойгонуп, үйүндөгүлөрдү далай чочутту. Кийин акырындап жүрөгү тынчтык тапты. Азыр болсо жүрөгү оор жүктөн онтоп турат. Ооба, атасы маңдайына олтургузуп алып, дубасын окуп кирчү. Анын жумшак, жылуу добушу дүрбөлөң түшкөн жандүйнөсүнө тынчтык алып келчү.

Элкут кызмат өтөгөн десанттык бөлүктүн чалгынчылар тобу буктурмага кабылып, он жети кишинин жетөө аман калган. Ошол окуяда булар өч алуу үчүн тыптыйпыл кылып, аткылап салган ооган кыштагы көзүнө тартылат. Башкасын майда-чүйдөлөп эскерүүдөн коркчу.

— Ыя, кокуй уулун кантип ушундай жолго түртүп алды?

Кайра айылындагы күндөрүн чуурутат көз алдынан. Акыркы күндөрүндө бир жаш жигит келип, эки аптадай туруп кетпеди беле. Эсиңе жара чыккыр! Элкут аны чайга чакырып, кичине божурашып, сүрүштүрүп көргөн.

— Сен кадимки Долон бийден тараган тукум экенсиң, – деген ага барбалактап.

— Эми аксакал, бизди баарыбызды кудай жараткан…

Уулу менен өтө ынак жүрүшпөдү беле. Кийингени эле бир башкача болчу, далдактап. Ошондо анын эмнеге Салимге келгенин тактап сурабаптыр, зыяратка келдик десе, маани бербегенин кара! Долон бийден тараган урпак эле…

Бир курдай атасы менен керилген талаадагы буудайга суу коюп калышты. Суу башына Элкутту жиберишкен. Көзү илинип кеткен экен, атасы үнүн жасап басып келе жатканда ойгонуп кетти. Көрсө, суу арыкты жырып кетип, буудай аңызга жетпей калыптыр.

— Суу башында турган киши, суу туура жерге жетип жатабы, же талаага сиңип кеттиби – ошого жооп берет, – деди атасы токтоо.

Экөөлөп арыктын жырылган жерин бүтөштү. Какыраган кумдуу жерге суу жөн эле сиңип жатыптыр.

— Көрдүңбү, кишинин урпагы деле ушундай, башаты жакшы болгону менен анын аягы кайда кеткенин билүү абзелдир…

Атасынын жөн салды эле айта салган ошол сөзү азыр мээсине жетти. Эми арыктын ошол суу жыккан жерин таба алабы да, бүтөй алабы.

Жыйырма экинчи күнү аны камалып турган жеринен суракка алышты. Көрсө, бул тууралуу өлкөсүнө маалымат жетиптир. Хусейин жеткирдиби же башкасыбы. Кыскасы, муну Түркияга өткөрүшөт, азыр документ тактоо жүрүп жаткан окшойт. Эрдин кырча тиштеди, Сирияга кайтып кире алабы? Уулун кантип издейт. Кантип айылына кайтат?

* * *

Ошондон бир аптадан кийин муну Түркиянын чек арасына алып келишти. Чек арадан өтүү оңой болгон жок. Качып-бозгондор өткөрмө бекеттен кылкылдап, киши жүнүн жейт. Баланын ыйы менен аялдын ыйы ободо калкып, алаамат. Согуш буларды турмушун бузуп, үйүнө өрт койду. Алар качып баратышат. Экинчи тараптан болсо кайра өрткө качып кирип жаткандар. Эки дөөнүн кармашы бүтүндөй чөлкөмдү канабайран кылып, ата-бабаларынын тери менен каны төгүлгөн кудуреттүү шаарлар урады. Бейпилдик бузулду.

Элкут коопсуздук кызматынын колуна түштү.

— Уулуңуз табылды, калган маалыматты өзүбүздүн өлкөгө барганда беришет, – деди боз костюмчан, кара көз айнек тагынган жигит.

Ал муну Түркиядан бери коштоп учуп келди. Бир ооз сүйлөшпөй, үргүлөп келди учакта.

— Оо кудуретиңден айланайын кудай, аман-эсен экен да. Каяктан табылды?

— Аны биз билбейбиз, өздөрү айтышат сизге.

Мекени буларды жамгыр менен тосуп алды. Сентябрь ортолоп, күндүн табы али кайта элек болсо да, жамгырдан кийин кишини чыйрыктырган суук болуп турду. Элкут мекенге болгон сагынычын сезди. Анысы бул азаптанып жүргөндө сезимине катылып жатканбы. Оогандан чыгарып баратышканда, биринчи жолу Мекен эмне экенин түшүнгөн. Аны көрүнгөн жерге сүйрөп жүрө албайсың, аны башка эч нерсе менен алмаштыра албайсың. Мына, ушуну түшүнгөн! Термездеги көпүрөдөн өтүп бара жатканда, бир цивилизациядан экинчисине өтүп баратканын сезген эле. Оо кийин ошол цивилизациялардын кагылышы канынан бүткөн баласынын тагдырына саатын тийгизерин кайдан билиптир анда.

Отуз күн болуптур сыртта жүргөнүнө.

Элкутту коопсуздук кызматынын имаратына алып барышты. Кең бөлмөдө төрт киши экен. Ал-жай сураган болду. Баары сустайып, жүзүндө не кайгысы, не кубанычы билинбейт.

— Сиз эми дароо эле үйгө кайтып бара албайсыз. Сүйлөшүп алуубуз керек, – деди чачын ак аралаган узун бойлуусу.

— Уулумдун дайынын айткыла, тирүү бекен?

— Аны билесиз, ага чейин көргөн-билгендериңизди айтып бересиз. Балдар баарын жазып алышат.

Эки күн кармалды. Суроолору көп экен. Салимдин сүрөтүн, баягы муну мууздап салам деген көзү чалырдын да сүрөтүн көрдү. Мына кызык, баягы Долон бийинин урпагынын сүрөтү да жүрөт.

— Ушулардын каналы аркылуу кишилер азгырылып турган. Бул жакка даярдыктан өтүп келгендери бизге белгилүү, – деди тикирейип курч тиктеген кызматкерлердин бири.

Үчүнчү күнү Сирияда тартылган тасманы көрсөтүштү телефондон.

— Бул сизге таанышпы?

Уулу! Телефондогу тасмада Баймурат танкка кирип баратат. Тегерегиндеги топ кишилер кудайлап кыйкырып, өзү да ый аралаш аларды ээрчий кыйкырып, танкты алдыга булкунта айдап кетти. Кийин алыстан асманга жалын көтөрүлүп, топтошкон кишилер айгайлап кубанып жатышканы көрүнөт.

Бүттү. Элкут ордунда катты.

— Бизди кечирип коюңуз, бул – уулуңуз экени ыраспы?

— Тирүүбү, айткылачы! Ал тирүүбү?!

— Кайрат кылыңыз! Биз сиз менен кайра байланышабыз. Башка ата-энелер да какшап калбасын десеңиз, сотко келип көрсөтмө бериңиз! Узатып койгула, – деди төрдө олтурган офицер.

Элкут бул сөздү элдир-селдир укту. Көрүнө узатып койгула дегендей угулду…

Айбек Абдылдаевдин адабий баракчасы

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.