Эрнис Асек уулунун ырларынан

Эч кимге окшобогон, ырлары да ошондой Эрнис. Өзүнчө бир сырдуу керемет ААЛАМ!
 
Жубайы Назирага Эрнистин ырлары менен бөлүшкөнү үчүн терең ыраазычылык билдирем. Эрнистин ырларын интернет талаасынан табуу мүмкүн эместе биз үчүн бул чоң табылга. Назиранын айтымында, бул ыр топтомун Эрнис өзү бир гезитке тандап топтоп койгон экен. Бирок, негедир, жарыяланбай калыптыр. Эми жарыяланып жатат. Ал ушундай болчу. Өзүнө, чыгармачлыгына катуу мамиле кылат эле, талапты чоң коет эле. Антпегенде ырлары тууралуу жылуу пикирлерди тирүүсүндө угуп калат беле.
 
Чыгармалары өзүнчө китеп болуп жарыялана элек. Назира “Каалга” деген китебин даярдап койгон экен. басмакана 90 миң сурап жатыптыр. Бирөөнө бул болбогон акча болоор, Назира үчүн – бул бир топ каражат. Балким баарыбыз бир аздан кошумча кылсак топтолуп калаттыр. Эрнистей акындын ырлары элге жетиши керек.

АСМАНДА ЖАНА КӨӨДӨНДӨ

күмбөздүн үстүндө Ай, асманда Ай, аралап жүрө бердим мүрзөлөрдү караңгыда;
өмүр бою аралап келаткансыйм мүрзөлөрдү караңгыда;
жаштар бийлейт, кулак көзөйт музыка;
китепкана ээн калган эски шаардай;
тымтырстыкка тамчы, тамчы “чып” этет;
жаштар бийлейт;
үйүгүшкөн иттердей топ-топ болуп улан-кыздар көчөлөрдө чылым чегип, бербей
келет калааны;
чакчелекей будуң-чаң;
чаң топодо кежир бала ойногон;
сасык байпак чокоюна жайылган;
күүгүмдө күмүш болбой кемпирдин бырыш жүзү;
сымаптай кармалбаган бакыт бийлеп;
тоголонуп көмөчү жомоктогу;
“пыш-шш” этип отко тийген суу куурайдай жаштар бийлейт;
күмбөздүн үстүндө Ай, асманда Ай, асманда көлөкөсү пайгамбардын, көөдөндө
көлөкөсү жиншайтандын…

1988

КИЧИНЕ

Чылым тиштейм, кайра ыргытам жин менен,
Батпай чыгам жан-дүйнөмдүн ичине,
Бирде олтуруп, бирде басып бөлмөдө…
Айтчы неге аалам мынча кичине?..

1989

КЕҢЕШ

Кыйналып турасың сен, түшүнөм, билемин мен, кымындай сыр билгизбей, сездирбей жүрөгүңдүн кусалыгын, жылмайып турасың сен!

Күлүк көркү ал сапырган чаң болуп, күлкү болду күкүктөнгөн күндөрүң. Жүрөгүңдүн түпкүрүндө от жанып, түйшүгүңдү билбей калды сүйгөнүң. “Коркпо, коркпо, үзбөгүнүң үмүттү” деген сөздөр токтотушпай үгүттү, айрып салды канчалаган айнааманын барагын. Коркпо, курбум, сен бир ишке жарагын:

Чачып салчы жаштыгыңды жылдыздай,

Ачып салчы терезесин жараңдын.

Эркин шамал кирет дагы бөлмөңө, Эркиндикке алып кетет сени ал. Так ошондо кыштын муздак түнүндө, көзүн аачып турган болот курган чал…

Кыйналып турасың сен, түшүнөм, билемин мен, кымындай сыр билгизбей, сездирбей жүрөгүңдүн кусалыгын, жылмайып турасың сен! Жылмайып турасың сен!

Жылмайып тура бергин!..

1990

СЕН

Сен   эне сүтүн ичпестен, эчки сүтүн ичип жүрүп чоңойдуң
Сен   аңтарылгыр атаңдын асты-башын көрүп жүрүп чоңойдуң
Сен   чоң энеңдин чолпон сөзүн угуп жүрүп чоңойдуң
Сен   кинодогу кейипкердин кейпин кийип жүрүп чоңойдуң

Сен   чын эле чоңойдуңбу
Сен   кышында кыйналдыңбы жөнү   жок
Сен      жазында жашыдыңбы эби       жок
Сен     жайында жайнадыңбы чеги      жок
Сен        күзүндө күйүктүңбү теги         жок
Жок                          жок                            жок

Канат турса кайкып эч бир учалбай
Канат сынса учпай дагы туралбай
Өзгөлөргө өчөштүңбү жөнү жок
Өз дүйнөңдү өзүң такыр куралбай

каалгамдын сыртына нени жазып кеттиң                     Сен
а короомдун бурчунан нени казып кеттиң                     Сен
киргизбедим капкараңгы бөлмөмө
таарындың да менден качып кеттиң                              Сен

тизелген чүкө турат алдыңда, а колуңда сака               Жок
суу алганы бардың окшойт булакка, а колуңда чака   Жок
үйгө келсең эркелетчү апа                                              Жок
үйгө келсең акыл айтчу ата                                             Жок
айта турган сөзүң                                                             Жок
көрө турган көзүң                                                             Жок
өз денеңде өзүң Жок

                       ким күнөөлүү
кирпигиңди бирден жулуп кеткендер
кийимиңди барча-барча кескендер
кийинкиңди аргамжыдай эшкендер
                       күнөөлүү эмес алар
төрөлүүнүн төрү болот ар качан
а өмүрдүн өртү болот ар качан
а өлүмдүн өзөгү жок эч качан
                        ким айтты аны сага
таңдай болуп аткандар
күндөй болуп баткандар
көрдү казып жаткандар

шылдыраган булак ким                                           Сен
шыбыр уккан кулак ким                                          Сен
так секирген улак ким                                               Сен
ташыркап бүткөн туяк ким                                     Сен

чатырыңан “чып” дей түшкөн тамчы                   Жок
балтырыңа “чак” дей түшкөн камчы                    Жок
Сенде                                                                       Сенде
                                 баары бар да
                                  баары жок
жок                                  жок                                   жок

1991

САГЫНДЫМ

Тирүү туруп, өлүк болдум канча ирет?
А жүрөгүм тирилбестей сезилет.
Кантип эми жалынамын Теңирге,
“Көз ирмемдик өмүр мага берчи” деп.

Өлүк туруп, тирүү болдум канча ирет?
А жүрөгүм түбөлүктөй сезилет.
Кантип эми жалынамын Теңирге,
“Көз ирмемдик өлүм мага берчи” деп.

Билбейм не деп мен кудайга жалындым.
Билбейм кандай… өрт… дүйнөгө кабылдым.
Бир билгеним: буркан-шаркан түшүргөн
Өмүр сени, өлүм сени САГЫНДЫМ.

1991

ЖАШ СЫГАТ

Качат бүгүн, качат бардык кыймылдар,
Убакыт да, өмүр, кыял, ой дагы…
Терезеден шыкаалаган түн калып,
Боштук ээлейт жан-дүйнөсүн кайдагы.

Сырларынын борпоң күлүн сапырып,
Боштук болуп жаштыгынын жарчысы,
А жүрөгүн тилип келет канатып,
Жалгыздыктын алтын саптуу камчысы.

Көңдөй башты шылып түштү эскерүү,
Көкүрөгү карышкырдай улуду…
Бул азаптан кутулуунун бир жолу –
Дүлөй, дудук, сокур болуп кубулуу.

Кетүү керек “кош” деп жазган бир сөздүн
Аягына коюлбаган илептей.
Калуу керек бир да пенде албаган
Чаң алдында унутулган китептей.

“Кетүү керек”, “калуу керек” деп келип,
Жалган дүйнө жаздыгына баш тыгат…
Какыраган сайдай дилдин бир ташын
Алып колго, акыркы күч жаш сыгат…

1992

ПЕРИШТЕҢ

Бүгүн үйдө жалгыз калдың.
Үйдү дагы жыйнадың.
Керебетке боюң таштап,
Кереметтүү кыйналдың.

Жаш кылгырды көздөрүңдө,
Жазгың келди күндөлүк.
Алдың калем, дептериңди,
Ойлор келди бүдөмүк.

Жазалбадың… Ачтың дагы
Эскерүүнүн сандыгын.
Окуучусун окудуң да,
Карап чыктың бардыгын.

Тийди колго ушул дептер.
Тирилишти өткөндөр.
Жаштык ырын ырдагандар,
Жаштык ыйын төккөндөр.

Турду баары көз алдыңда.
Үшкүрүккө айландың.
“Жарыгым” деп жалынышкан
Ырларыма байландың.

Бүгүн араң түшүндүңбү
Сырты жука сырымды?
Окуп кирдиң көзүм барда
Түшүнбөгөн ырымды.

Көзүм барда… Жаштыгым, ай!
Жалындап бир сүйгөнмүн.
Жылмайышың жан жыргатып,
Жарыгыңа күйгөнмүн.

Баары башка… Бирок дале
Жарык болуп күйөсүң.
Жатсам дале көрдө чирип,
Дале сени сүйөмүн.

Дале күтүп, дале эңсеп,
Каалап бакыт, жакшылык,
Кай тарапта калды экен
Кайран гана жашчылык?..

Мен жаныңда турам азыр,
Тиктеп коюп көзүңдү.
Угуп деги жатасыңбы
Угулбаган сөзүмдү?..

Бир өзүңө билдирбестен,
Сезимимди билгизем,
Манжалардын учу менен
Чачтарыңа тийгизем.

Жерге төшөп кирпигиңди,
Суулабачы көзүңдү.
Мен жылмайып карап турам,
Карап койчу өзүмдү.

“Өлгөнмүн” деп айталбасмын.
Өзүң менен биргемин.
Жатсаң жатып, турсаң турам,
Денеси жок дилдемин.

Кечирип кой келгенимди,
Айтчы эми нетейин?..
Кыйнап койдум жүрөгүңдү,
Кой, болдучу, кетейин.

“Кайыр кошко” тилим барбайт,
“Келбейм эми” дей албайм.
Ал анткени, бир себеби
Махабатты жеңе албайм.

Колдон келсе, колдоп сени,
Кошо жүрүү парызым.
Аткарууга жетишпеген
Алдыңдагы карызым.

Таазим этип, назик өбөм
Келбетиңен келишкен. –
Деп бүтүрөт сөз аягын
Көрүнбөгөн периштең…

1992

ЖАҢЫРЫК

Жазылды саптар. Жаңырды.
Жаңырык дүйнө ээлеген.
Жүйөлүү маңыз издетип,
Жүрөктү турмуш мээлеген.

Түйүлгөн муштум. Түйшүк бар.
Түгөйсүз калган жан-дилдер.
Жердеги бүткүл адамзат –
Жетимдер менен жесирлер.

Корунат, коркот, умсунат,
Төшөккө жатып жаш сыгат.
Кабагын түйөт, карсылдайт,
Кармаган жерден кан чыгат.

Айланган дүйнө – айлампа,
Сорулат, сорот, токтолот.
Закымдап учкан мезгилди
Келалбай келет ноктолоп.

Туралбай жатып бешиктен
Турмушка турмуш мат болгон.
Өзүнө өзү тап берип,
Өзөктөн чыккан жат болгон.

Баарысы эми жылаңач,
Баарысы – кышкы дарактар.
Жөө туман каптап дүйнөнү,
Көрүнбөйт барчу тараптар.

Тагдырлар болуп таштанды,
Тартылган чала чылымдай.
“Чарк” уруп учкан замана
Чачырап кеткен кылымдай.

Жазылат саптар. Жаңырат.
Жаңырык дүйнө ээлеген.
Издетип маңыз турмуштан,
Жүрөктүн тушун мээлеген.

1994

АРАЛ

Унутулат көз ирмемге баарысы:
Учур чак да, келечек да, өткөн да.
Жаштык. Жалын. Сүйүү. Мезгил. Кусалык.
Жай. Жалгыздык. Кыш. Көңдөйлүк. Көктөм да.

Шыбырашпайт сыр чечишип бариктер,
Төкпөйт нөшөр. Сокпойт күздүн шамалы.
Көк мухиттей көөдөнүңдөн көрүнөт
Көз ирмемдик Эркиндиктин аралы.

1994

ЖИН КЫЛЫМДА

Кайсы кез, кайсы тарап, кайсы мезгил?
Кайран мээ кан кылымда эңги-деңги –
Баш, жүрөк, тулку боюң, эс-акылды
Баарысын бар турмушка бербедиңби!

Көз ирмем кудай көзүн көргөнсүңбү?
Көөдөндү тең экиге бөлгөнсүңбү?
Айнектей быт-чыт болуп миң бөлүккө
Акыйкат алдында сен өлгөнсүңбү?

Жылдыздуу түндү дагы жамыналбай,
Жарыктык күндү көздөй камыналбай,
Күйүттүү тамекини түтөтөсүң,
Күнүмдүк көроокатка табыналбай.

Торлорун жайып таштап миң кылымга,
Токтотпойт эс-акылды бир тынымга.
Жийиркенип бул турмуштан өткүчөктү,
Жинигип кетсең кана жин кылымда!

1995

… КУЛААР

Кайсыл жол, кайсыл чыйыр, кайсы тарап?
Калдайган асман дагы келет кулап…
«Атакем кандай эле? Мындай беле?..» –
Ай, аттиң, уулум дагы турар сурап.

Сөзүм жок, сөздүн баары жалган белем,
Сөөмөйдөй аруу тилек калган белем.
Жараткан жетим кылып бул дүйнөнү,
Жашоону жесир кылып салган белем.

Кийим да өңү өчүп, эскирет дейт,
Эчки да ажал келсе, эчкирет дейт.
Бүтүндү бүлүндүргөн мыйзам ушул,
Таң атса тагдыр өкчөп, кеч кирет дейт.

Жараткан чачылганды жыйнап туру,
Жанчылган жандилимди кыйнап туру.
Моюнга салып жатып сыйыртмакты
Көзүмдө Көкө Теңир ыйлап туру.

Көл толкуур, жамгыр төгөөр, шамал ураар,
Көөдөндө жолу туюк амал тураар.
Сырларым сыртты көздөй аңтарылып,
Ырларым бөлүп турган дубал кулаар,

Ырларым бөлүп турган дубал кулаар…

2008

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.