Адабий сынак №2 Ырлар

Конкурска келип түшкөн алгачкы ырлар назарыңыздарда, урматтуу поэзия ышкыбоздору!

№2

 

Көйкөлгөн көйнөк

Көйкөлгөн көйнөк алдым,

Жигиттер карасын деп.

Жан дүйнөм жаркып анан,

Сүйгөн бир самасын деп.

 

Ким мага сөз айта алат?

Келгиле көрөйүнчү.

Батынып көз кысканды,

Кучактап өбөйүнчү.

 

Кыздардын көңүлү гүл,

Сүйүүдөн чачышкыла.

Жүрөктөр калбыр болсун,

Жазында жарышкыла.

2021-жыл

 

Атам салган үй

Атам салган айылдагы чоң үйдө

Байманабыз ашып, жанып күйүүчү.

Баарыбызды бөлөп турчу бакытка,

Апам менен атакемдин сүйүүсү.

 

Кеч киргенде экөө план жазчу эле,

Тегеректеп биз да сабак жазчубуз.

Колубуздан кагаз, калем түшчү эмес,

Атам үйдүн кадырманы, башчыбыз.

 

Ар кимибиз аткарчубуз кубанып,

Жан дил менен кандай жумуш берилсе.

Апакемдин чайы кайнап самоордо,

Тегеректеп отурчубуз кеч кирсе.

 

Биздин короо бака-шака түшчү эле:

Бака чардап, чабалакей үй салып,

Ат кишенеп, уйлар мөөрөп, кой маарап,

Үпүп, үкү, жарганаттар түн жарып.

 

Алма, өрүк, карагаттар бакчада,

Алча, жаңгак, малиналар ийилчү.

Мал кайтарып, үйдү жыйнап, аш жасап,

Жүргөн бизге кийимдер да тигилчү.

 

Короо толо буруксуган гүл өсчү,

Атам турчу апакеме кагылып.

Каткырчубуз, мээрим толуп жүрөккө,

Бүт дүйнөнүн шаңы турчу жаңырып.

 

Азыр шаң жок, атам салган үй бопбош,

Короо толо өлүү жымжырт орногон.

Баягыдай ит да абалап чуркабайт,

Башкалардан бизди айланып коргогон.

 

Куштар дагы уя салбайт чатырга,

Торпок, кулун, козу, тоок да калбаган.

Атам кетип, аалам урап калыптыр,

Көңүл кейийт эски буюм салдардан.

 

Ээси жоктой там томсоруп, жетимдей,

Чөп чабылбай короону бүт басыптыр.

Таяк таяп араң баскан апамча,

Бечара ай, үй да эңкейип калыптыр.

 

Атам тиккен алма, өрүк, теректер

Шамал жүрсө кармоочудай шуулдашат.

Балалыкка чакырышат кол жаңсап,

Дүркүрөшөт, дүйнө капар дуулдашат.

 

Каткырыктар эми толо жаңырбайт,

Бала кездей шаң-шарапат жок калды.

Баары кетти эсил кайран атамдай,

Эски-ускулар жүрөгүмө чок салды.

27-ноябрь 2020-жыл

 

Эгемендиктин 30 жылдыгына ыр

Доллар

Көптөрүн көрүүгө зар кылган

Доллардын кадыры жаркыган.

Айрымдар кармабайт аны эч,

Жетүүгө тоскоол бар, жар, туман.

 

Эгемен келгени шар учуп,

Сом менен тең чуркап жарышып.

Кирди да көргөздү күчүн ал,

Байларда, чоң жерде алышып.

 

Кадырын кастарлап баркташып,

Сомдордой бүктөбөйт, макташып.

Майда бир соодага, базарга

Салышпайт, жагынып, жакташып.

 

Доллардын азгырып көктөмү,

Долбоорду тартышат көк бөрү.

Болобу пайдасы?, – баары бир,

Дооранын сүрүшөт көптөрү.

 

Долларга жүгүнөт бүт дүйнө,

Анткени көптөрдөн курсу өйдө.

Чиренет Вашингтон тим эле,

Жашылбай турганда өйдөдө.

 

Доллардын күчүнөн жабыкпай,

Сом дагы катардан калышпай.

Өйдөлөп, өр алып кетсе экен,

ЕврАзия мейкинин чабыттай.

23-июнь 2021-жыл

 

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.