Адабий сынак 3 Ырлар

3

Бир досумдун сүйгөн жары мага айтат..

* * *
Бир досумдун сүйгөн жары мага айтат:
“Жылдыз өчүп калган экен көзүңдөн”,
Мени билем, мындай сөздөр карайтат,
Жылуу сөздөр таап берет өзүмдү.

Канча жолу ишеничим өлгөндө,
Жакындардын ишеними чыгарган.
Ишеничим, ишенимди жоготсом,
Мен өлөмүн бу дүйнөдөн тунарган.

* *  *
Көзүңдө нур жок го дедиң сен!
Билбеймин, көп болгон күзгүнү
Атайын тиктебей калганга.
Ийниме жөлөнөт күзгү күн.

А турмуш өлтүрүп көзүмдү,
Жүрөктү өлтүрүп бүтпөгөн.
Алкымды муунтат бир сөзүң,
Ансыз да күлкүнү күтпөгөн.

Себепчи сен болдуң ыйыма,
Жүрөктү ордунан козгогон.
“Көзүңдөн өчүптүр нур” – дедиң.
Эреркейм ансайын токтобойм…

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.