Кыргызстанда басмаканалар жана полиграфтар арасында “Китеп искусствосу – 2017” сынагы жарыяланды

Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги басмакана жана полиграфия мекемелери арасында 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган китеп басып чыгаруу жана полиграфия тармагындагы сынак жарыялады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:

  • «θнɵр» – жогорку көркөм жана полиграфиялык деңгээлде жасалган искусство, фотоальбом, көркөм өнөр, миниатюралык басылмалар кабыл алынат;
  • «Жеткинчек» – заманбап проза, поэзия жана балдар менен өспүрүмдөрдүн таанып-билүүчү адабияты боюнча көркөм-иллюстрациялуу басылмалар кабыл алынат;
  • «Мурас» – тарыхый-маданий мурас, рухайний баалуулуктар, байыркы элдик жөрөлгөлөр жана салттар чагылдырылган басылмалар;
  • «Замандаш» – азыркы замандын мүнөздүү белгилери толук кандуу сүрөттөлгөн, заманбап образдар айкын түзүлгөн жана окурмандардын суроо-талабына жараткан басылмалар кабыл алынат;
  • «Илим» – фунтаменталдык жана окуу-педагогикалык илимдер, изилдөөлөр, жаңы технологиялар, адистештирилген, илимий-популярдуу, маалымдама-энциклопедиялык мүнөздөгү басылмалар;
  • «Чеберчилик» – китеп графикасынын мыкты ыкмалары менен жасалган иллюстрациялуу, өзгөчө көркөм-жасалгалуу басылмалар;
  • Гран-При «Алтын мукаба» – ар түрдүү тематикадагы сынак жылында улуттук китеп басып чыгаруу ишинде, китеп коомчулугунда маанилүү окуяга айланган фунтаменталдуу басылмалар кабыл алынат.

Китептерди кабыл алуу 2017-жылдын 17-апрелине чейин, Бишкек ш. Абдрахманов көчөсү 170а. 27-каб. дареги боюнча КРнын Мамлекеттик китеп палатасында жүрөт. Тел.66-57-25, 66-03-62, 62-04-71

«Кабар» КУМА, 20.03.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.