Адабий сынак №12 Ырлар

№12

АЙ ТУТУЛГАН ТҮНДӨ

Ай тутулган ошол кеч, айгырлар кишенеген,
Жазмышына тагдырдын ишенем мен.
Ал түндө сен экөөбүз кезиккенбиз.
Шарпылдаган, акак түс – суу жээгинен.

Боз булуттар булайып, сапырылган,
Уулуп шамал туш келди, чачып улам.
Сен тарапка элтеңдеп келген элем,
Көздөн далдоо жээкке жашырынган.

Бүт тарабым ошол түн, азан-казан,
Үнүн баспай иттер да абалаган.
Коркунучтун койнуна кирип алып,
Колум созуп, негедир сага баргам.

Булут көчүп, уюлгуп жердин үстү,
Коюланган асмандын – башка түсү.
Жыңалайлак, дикилдеп келген элем,
Жигитиме, ал учур мени күтчү…

Тыңшап турдук, экөөбүз суунун шарын,
Каптагансыйт жер үстүн алоо жалын.
Акыркы күн өмүрдө турган сындуу,
Ачыктадык жүрөктө сырдын баарын.

Оо анда мен секелек – көчөт элем,
Абай салып, эмнени чечет элем.
Кыяматтык сезилген сезимиң да,
Жылдар менен билинбей өчөт экен.

Жолугушуп, ошол түн акыркы ирет,
Бейтааныш жан болдук биз, мезгил сүрөп.
Секелек кыз жана да ошол улан,
Ай тутулган түн менен түшкө кирет…

20.07.2021-жыл

 

ЖАКШЫ-ЖАМАН

Жакшы-жаман сындайт тура пендеңди,
Барын-жогун ушул башым тең көрдү.
Алсыздарга адеп менен карасам,
Арзуу эттим, акылдууну жеңгенди…

Жакшы-жаман келет тура башыңа,
Кээде болбой, иче турган ашың да.
Жакындарга болбосо да эч пайдам,
Кесепетим тийгизбедим касыма.

Жакшы-жаман коштоп келет жан-жагың,
Ийгиликти издөө – жолдон талбагын.
Жакшы менен бийиктесе зоболоң,
“Жаман,”- деген төмөндөтөт “салмагың”.

19.07.2021-жыл

 

АВТО БЕКЕТ

Авто бекет, аягы жок адамдар,
Ары-бери, көз алдымда чубурат.
Бүт унутуп, бу жарыктын түйшүгүн,
Кулагыма алда нелер угулат.

Авто бекет, убакыт-саат айланган,
Автобустар каршы-терши зымырап.
Ээлеп алып туюмумду жалгыздык,
Тээ алыстан, башкача үн угулат.

Авто бекет – өмүр көчү кайнаган,
Белгисиздик…менин дүйнөм сыгылат.
Тиктеп коём, эсеп салып көз менен,
Эл арасы, билбейм качан суюлат?…

Авто бекет…

8.06.2021-жыл

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.