Адабий сынак №13 Аңгеме

№13

Аалам кезген кемпир

Аңгеме

Токсон сегиз жаштын ашын ашап калган кемпирдин бөлмөсүндө  керебет, стол,  бурчта заара кылчу үстү  капкактуу,  цилиндр сыяктуу түбөк,   кире  бериштин  сол тарабында кара кулпу салынган чоң сандык бар.  О-о, канча жыл чогултту,  сары майдай сактап жүргөн  өзүнүн тажыясына  атаган көр-жери ушул сандыкта.  “Жыртышка”  деген үч-төрт метрдей ташкен баркыттын тазасы, беш-алты көйнөктүк помбаркыт, кытайдын вилюрунан түсү ар кылы, башка матасын айтпаң…    Кийит десе болчудай аялдын-эркектин пальтосу, тебетейи, чепкени, маасы-калачи, калпактар, гүлдөрү бажырайган чоң чаралуу, орто, чакан жоолуктар  менен  ханзунун эндей алынган “тойго көтөрмөй”  кездемесинин  санын билип болбойт,  карынын   өзү  айтмакчы сандыгында “кемпирдин себи”  турат.

Токсондон өтсө да  баскан-турганы  тың, зирек, акыл-эсинен алдырбады.  Кулагы деле жакшы эшитет. “Жаман айтпай, жакшы жок” кокус көзүм жумулуп кетсе, шаардык кыз-кыркыны айылдын салтын билеби-билбейби деген ойдо, Ошто жашаган кызы келгенде, астейдил отуруп, экөөлөп сандыкка киришти. Оболу мартабасына жараша сөөк жууган жакындарына деген кийим-кеченин баа-наркына карап бөлүп, этекке түйдү. Куда-сөөгүнө, аталаш-энелеш туугандарына, гап жешкен катын-калачка, кошуна-колоңдукун да бирден чоң оромолго  буудурду. Өз-өзүнчө оролгон төрт бурчтук түйүндүн  бир уучуна  түйүлгөн  ак  кагазга кимдерге экенин,  атын жаздырып койду. Көңүлү тынчыгансыганы менен  азалуу   күндүн узак-узакта келишин тиледи…

Кемпир  куш уйку, таң атып –атпай ордунан туруп, керебетине сүйөнүп турган аса таягын алат да, верандага чыгып, шаардагыдай  раковинага бети-колун жууйт. Бир –эки жыл мурун Түркияда иштеген кызы ысык суу менен муздагын, мончосун бууланма канаасы менен кошо курдуруп берген. Баарынан да заара ушаткан  түбөккө  сүйүнгөн, мустакам, отуруп-турганга мас. Керебетине кайта барып, колуна жайнамазы урунса жайнамазын, болбосо чоң жоолугун жая салып, намазын окуйт. Кокус ооруп, алы куруп, боюн токтотконго чамасы келбей, төшөктөн тура албай калбаса эле намазын үзбөйт. Бала кезинде атасы арапча окуган сабаттуу киши жанына отургузуп, тогуз жаштагы тирикараак кызын намазга жыккан экен. Балдары өзүн тартпады, дитин койгону  жок. Советтин тарбиясын алышты.

Терезеден  күндүн жарыгы жакшы тийет,  полго  жетер-жетпес  көгүш пардасынын  түсү дубалдын  туш кагазына  түстөш. Таң  агарып келаткандагы,  күн баткандагы  шооланын үзүк-үзүк нурлары көзүнө илингенин сезет… Убакыттын канча болгонун  мунарык аралашкан жарыктан билет.  Эшиктин ачылып-жабылганын, дабыштын кайдан чыкканын таасын туят, сергектигине балдары деле таңданат.

Кемпирдин бир эрмеги,бешиктеги  небересин  ыйлаганда сермеп коёт. Кенже уулунун   экинчи  турмушунан  балдары жоош, курсагы тойсо, момоюп жата берген  жанга тынч болушту. Келини казан-аяктан, мал-калдин тирилигинен түк бошобойт. Курсагы ачканда, ымыркайы токтобой  ыйлайт.  Эмчегин  эмизип, сүткө боткону  чайып, бешиктеги баласына бергени  эле болбосо, бала ыйласа соороткон да, бала менен сүйлөшкөн, алдей айткан да  кемпир. Кыңылдап  ырдап, көңүлү куунак болсо, жашындагы  эски ырлардын обонун да   кусадар созуп  коет… Ой деген күлүк,  алды-арты билинбеген ойдун ааламын айланып жүрүп, не аягына,  не башына жетпейт….

Акыркы эки жылдан бери  баса албай калды. Мурда таягын  таянып, эшик- эликке беймарал  чыга турган. Үйдүн  короосуна күн  чакчайып  тегиз  тиет. Ошондо  күнгө кактанып, ооруган  буттарын  жазып алып, ушаласа  жаны жай  ала  түшкөнсүйт. Күнөстөгөнчө, ар бир талы ала-буласыз , майин, нымжан, аппак чачын мүйүз тарак менен шашпай тарайт. Бети-башын аймалап, үлбүрөк чачын өпкүлөп, үшүкчөл буттарын сыйпалаган күндүн табын көкүрөгүнө каткан бойдон үйгө кирет.

Бешик  терметкенде колу деле  чарчайт  карынын, бирок  билдирбейт. Уулу боору ооруган  кишидей;

-Ал балаңы! Өзүң термет, апамын  колу талыды… –деп, корс бир тиет аялына.  Кемпир  баласынын   жан тартканына  эреркеп, эбедейи  эзиле калып, адатынча үнүн пас чыгарып;

-Жөн кой, бала мага эрмек да. Колуму   колтугума кысып отургандан көрө, терметип  алаксыганым оң…. Болбосо күн кечкирбейт.

Тез-тез сыркоолоп турат, башы ооруп, көзүнөн  ымыр-чымыр   боло чымын  учуп  калса, кан басымы  көтөрүлгөнүн  сезет, “каптоприллди”  тилинин  алдына  сала  коет, болбосо күнүнө  “Рилейс” деген таблетканы  бир маал, көп ооруса эки маал ичет. Телефондун  жаагы басылбайт, алыстагы  кыз -уулдары, неберелери  тез-тез  абалын сурап турушат. Коңгуроо кагылганда,  сыдырмасы бар чөнтөк тилфонун кулагына  тосуп;

-Кимсин?

-Апа, мен Айганыш? Кандайсыз?

-Кандай болмок эле… Кечээ Турду өтүптүр ааламдан, үч-төрт киши чогулуп барып, нарыдан-бери ээсине беришиптир . Жаназасына үркөрдөй болгон туугандары эле келиптир.  Мал деле союлбаптыр…. баягы  бирустун  айынан, кишилерди тажыясына   келбегиле  дептир өкмөттөн. Ушу кантип болсун?…

-Турдуңуз ким эле, канчага  чыгыптыр?

Көп жыл бою Бишкекте жашаган кызы, жердешинин  ким экенин элестете албай сурады.

-Сени менен бир  баласы килассташ болуш керек. Биздин үйдөн беш-алты наркы тамдагы  магазинчи Турдучу? Бала-чакасы, неберелери бүт Россияда . Келишпептир. Самолет учпаса,  кантип  келишет?  Курган Турду  жакшы эле жашады.

-Канчага чыгыптыр?

Апасын сөзгө алмакка кызы  кайра такыды.

-Ким  билсин, жетимиштен ашып, сексенге  жармаштыбы, мен келин болуп келгенде, мектепке  жаңы барган бала эле…

-Оо-уу, жакшы жашаптыр…

-Жакшы жашаганы курусун, жакшы маалда өлгөн жок, жакшы көмүлбөй калды. Балдар-кыздары чуркурап ыйлап, жек-жааты өкүрүп, өлүмдүн  шааниси болбосо, имнеге жакшы өлүм?…. Беш-алты киши жетим өлүктөй кылып көтөрүп барып, көмүп келишти. Доңуз-Тоо тараптагы аталаш туугандарын да келтирбей койду дешти. Кудая-тобоо, ушундай да заман болобу?….

-Апа, биз деле үйдөн чыкпай  отурабыз  камалып…

-Кокус, бирдеме  болуп  кетсем…, үзүлүп кетсем…, мени дагы иттин өлүгүндөй кылып коюшабы?…- Эненин үнү  каргылданып, кыя кескен даамы  ачуу бирдеме   алкымына  тыгылып калгансыды…

-Койчу,  апа каяктагыны  айтпай…

-Мен  куурап  турган даракмын…Бир катуураак  шамал келсе  эле…

-Апа, шүгүр деңиз… Ким өлөрүн кудайдан башка эч ким билбейт. Шамалды токтотуп тур деп сурайын… Кемпирдин себи даяр боло элек…. дейин.

Кызы  тамашалагысы келди,  карыган апасын ойлоп, жүрөкзаада болгон неменин тамашасы  орунсуз, чолок чыкты.

Кемпир демин ичине  тартып, көзүнүн кычыгына келе  калган  жашты кызы көрүп тургандай уялгансып, боюн түзөп койкоюп, үнүн  оңдоду;

-Өзүңөр кандайсыңар? Гүлхан, Нурхан жүрөбү, небелериң жакшыбы.Тилипзордун күндө угам, колуңарды жуугула, ишиңер болбосо, эшикке чыкпагыла деп  какшап айтып турат. Кандай заман  келди, ой-тобоо, киши кишиге каттабай калган.

-Ооба, апа вирус  жугат деп, катташпай  тургула,  карыган ата-энеңерди этияттагыла  деп  жатпайбы.

-Ошону… билем аны. Оштогуларды келбесин дедим. Жаш немелер бирусту  көтөрүп жүрүп,карыган адамдарга жугузганын өздөрү билбейт дейт. Ботом, Нуриянын баласы чүчкүрүп, жөтөлүп атканда кабар алып коёюн деп атасына барып, жугузуп келиптир. Нурия кандай кыйналды, сурап турдум кантип атканын…

Бир топко чейин кызы менен аны-муну эринбей сүйлөшүп, ичи бөксөргөндө онтолоп, жөтөлгөн болуп токтоду.

-Ээ, карыны  алса эчтеке эмес, жаштарга  тийбесин!  -деген сөздү  айтып алып, күн кечтегенге  чейин ошол  кебине өзүнчө азаптанып, өлгөнүн элестетип  алып кыйлага   кыжаалат болду.   Кыялында элестетти…

….Баласы-келини ызы-чуу түшүп, кошунасын, туугандарын чакырды. Баары эле келишкен жок. Азыр өлсөм, адамдар баягы аты жаман оору экен деп ойлошот. Ар кимдин оюнда  вирусту  жуктуруп алсам кантем деген коркунуч, шексинүү, кооптонуу деген сезимдер жабалактай жанга тынч бербеди. Жан ширин, жанында турган кошунасы азар кылгандай кирбеди. “Жашарын жашады, ашарын ашады, жаштар  кетип жатпайбы, карыган неменикин илгертен той дешет деп, келбей коюшсачы…”

Эки-үч эркек баласынын өкүрүгү коргондон чыкпайт… Бишкек, Россиядагы бала-чакасы, кыз-кыркыны келгиче, сөөгүн  сактап отурмакпы?… Баласынын эски машинесине салып, көрүстүнгө алып жөнөштү. Журтта калган, адам караанына зар болгон  ээн журттагы каадасыз өлүктөй өлгүсү келбеди…..Эл-журтсуз,   жүз жашка таяган кемпирдин  шаанисиз тажыясы болобу? Жок-жок, кудай анын бетин нары кылсын!

Кары өз оюна  каршы чыгып, ордунан атып турчудай обдула калды.

Жетимиш беш жашында бөйрөктөн ташын алдырган. Боор, бөйрөк оорулары боюнча бөлүмдүн башчысы өзү операция жасаган.

Бир жумадан кийин  дарыгерлер чогулуп, палаталарды  кыдырып, бейтаптарды карап жаткан  учурда:

–Эне сиздин жүрөгүңүз космонавтыкындай экен.  Жүрөк- адамдын мотору.  Мотор жакшы болсо,  адам узак жашайт. Сиз, буюрса далай адамдарга ак  батаңызды бересиз. Операцияны да жакшы көтөрдүңүз -деп, мактаган.

Ошол ойду көкүрөгүнө түйүп, жаны  ооруп кыйналып жатса да, жүрөгүнө ишенет.  Жүрөгүм менин   мүрөктүн суусун ичирет деп ойлойт.

Бир күнү Азаада деген өзүнүн тун кызы менен тең  кошунасы кирген ал-ахыбалын  сурап , бакылдап сүйлөгөн, оозу  палван неме менен элге келген апаатты, таажывирусун көпкө сөз  кылып отурушту.

-И-и, эже,  ооруканада ковид менен өлгөндөрдү жууп-нетпей,  майрам сууга  албай  эле, целефан калтага  орогон  бойдон, денесинин  ар кайсы жеринен  бууп- байлап, гөрүн каздырып,  көмүп жатыптыр.

-Койчу, каяктагыны  атпай!

Жетимиш  жашка барып калган кошуна аял, бутун узун сунуп, кармалап-ушалап отурганына караганда   кыйла эле ооруйт шекилдүү. Көзүн  үңүрөйтө  жумуп алып, жакасын  уучтап, келме келтирчүдөй кыжаалат демин ичине  тарта, шүйкүмдүү нерсени шыбырап, араң айтты.

-Ооруканада өлсө, өлүккананын эшигине  молдо алпарып, жаназасын нарыдан бери окуткан болуп атыптыр. Үйүнө  жеткиртип берип,   бети-башын оронгон, ак кийимчен, резина өтүкчөн  догдурлары менен  кошо келип, сөөктү ачтырбайт экен…

Кемпир  чочугандай  ачуу  үнү  менен  сурады

– Имнеге???

-Жугат экен да…

– Адамдар карантинден кийин маскасыз жүрүп алды. Башкаларга жугуп, ооругандар көбөйүп кетти деп  сотканы кучактап отурган келиним айтты. Башында  ажыга баргандар той өткөрүп, ошондон бүт жайылып кетиптир. Шаарда жаман эле имиш, кудайым айылдагыларды сактасын, айылга келбесин.

-О-й, тобаа….

Кемпир жакасын карманып, жанатан берки оюндагы коркунучтуу элести кууп кетире албай, шайманы ооп бараткансыды…. Келме келтирди,  өзүн карманды, кан басымынын көтөрүлүшүнөн чочуду.” Сабыр, сабыр, сабыр” деп, өзүнө сабыр-канат тиледи. Жүрөгүн чеңгелдей кармаган жаман ойду  алынын жетишинче, мээсинен  алып таштаганга жанын үрөдү.  Бир кулагы сөздө болгону менен ою өзү менен өзү алпурушуп жатты.

-Чет  элде да жаман болуп  атыптыр.  Италияндар  аял-эркеги дебей, өлүктөрдү кой жүктөгөндөй  бир машинага  жүктөп  келип,  бир жерди казып  эле, ошерге оодарып,   көмүп  таштаптыр… Интернетте жүрөт  дейт.

Кемпирдин чындап жүрөгү  түштү, башы зыңылдап, араң көргөн көзүнүн нуру качты,   безине ийне сайып жаткандай тулкусундагы эт-сөөгү, муундары тызылдап, сайышып ооруп, замата   аңга кулаган эликтей тыбырчылап, көкүрөгүн бушаймандуу жагымсыз нерсе  кемирип жаткансыды…

– Ушундайды  угузбачы экинчи!..

Ордунан турууга обудулуп жаткан Айзаадага нараазылангандай эскертти.

Келини  “валерянка” менен “рилейстин” таблеткасын бүтүн ичирди. Колу –бутун укалап, шадылуу, узун-узун  бармактары менен жакшына массаж жасап берди. Өзүн бекем кармап, кудайга жалынды “Жараткан эгем, азырынча ала көрбө жанымы! Заман тынчысын, бала-чакамдын бешенесинде, эл-журттун алдында кетейин. Кыздарым заңкылдап кошок кошуп, уулдарым  өктөм өкүрүп,  ким- кимдин  тажыясы дегендей болушсун…”

Эки күндөн кийин кадимкидей бардан болуп калды. Жаман нерсени, жаман кабарды  мага угузбагыла  деди уул-келинине. Борбордогу кызына эч кимдин жамандыгын уккусу келбегенин, ушак-тешекти  айтпасын мага, кан басымым бир көтөрүлүп, бир түшүп кыйналдым деп табыштады.

-Туура кыласыз апа, стресстен, имиштерден оорусу күчөп, канча адамдар мертинди. Жаман ойду ойлобой, жаныңыздын кадырын кылып, каалаган тамагыңызды жасатып, жакшы отуруң – деди, бир күндө эки маал сүйлөшкөн кызы.

Кемпирдин кыялы күйөөгө чыга элек эки небере кызына  айылчылап кетти.  Жашы өтүп калды. Илгери он үч- он төртүндө сурап-нетпей эле ата-энеси макул таап, берип таштайт эле. Азыркы кыздар  чоңойсо деле өздөрү билет деп оюна коюшат. Баладан калып атпайбы….  Жакшы  жерден куда келишсе,  эптеп көндүрүп эле бара турган жериң ушул экен деп тындырып койсун.  Айжамал, Нуржамал, Гүлжамалга  тилпон  чалары менен ушуну айтам. Болду. Кыздарынын ызааты бүттү. Канчага чейин атасынын төрүндө отурат?

Бирусту элге байлап коюптурбу? Ушу күндөр да өтөт. Жакшы, жайчылык,  боор  батырышкан жарык  күндөр, мезгилдер келет буюрса… Түркиядагы кызы отпускеге чыгып, айылга  апасына келет аны көрөт. Быйыл дагы эмне апкелет?  Кызынын тилпондон: “Сизге  сонун  нерсе алып койдум апа. Сюприз  кылам…” дегени кулагына кайрадан  жаңырды. Молчулук болсо, төөнүн карды жарылган бышыкчылык келсе, бала-чакасын  бешенесине коюп алып, наркы дүйнөгө кетсе, арманым жок эле деп ойлонду…

Дарексиз  күндүн узак-узакта  келишин  тиледи…

6-июль 2020-жыл

 

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.