Адабий сынак №14 Тамсилдер

№14

Тамсилдер

Куу   Түлкү

 

    Түлкү амал тапты.

    Талаага башчы болуп,

    ыксырап, күнөстө

    оонап жаткан

    Карышкырга кынала жатты…

    Анын жүнүн сылап-сыйпап,

    мойнунан жыттап,

    чаңын күбүп,

    магдыратып,

    башына башын катты.

    Карышкырдын күлүктүгүн мактап,

    кең талааны жойлогонун жактап,

    ийин-жалынан таптап,

    күчү жагынан

    Көк жалдыгына теңди тапкан жок.

    -Билесиңби, бирок?-

    -деди кайдагыны козгоп:

    -Келечекти ойлобосок,

    Аюу экөөбүздү жарат,

    же соёт…

     Анын ою — сени жоготмок.

    Ойду-тоону жүргөнү менен жойлоп,

    бир күнү ордуңду алып коёт.

    Тактыңды тартып алганы

    Арстанга жүрөт сөз ташып,

    сенин былыктыгыңды ачып.

    Сага баш ийгиси келбей,

     өзүн башчы сезип,

     ошон үчүн бизден четтеп, качып,

     ай талааны каалагандай чапчып.

     Сени тоотпогону,

     көзгө илбегени эмнеси?..

     Сен андан кыйынсың го,

     койбойсуңбу, жилигин чагып,

     тумшугун эзип…

      Ушинтип, жалгандан

      Кашабага суу бүрктү.

      Калпка ууланган

      Карышкыр ордунан леп турду.

      Ызырынып, тишин шакылдатып,

      жерди тытып,

      Аюу тарапка жүткүндү:

      -Көрсөтөм ага,

      ким экенин күчтүү!..

      Эки чайнап, бир жутуп

      ага окшогон майпарды,

      алдыман чыккыс кыламын.

      Эсине деги келтирип,

      жол талашпасын, жыгамын! —

      Алда кайдан таап Аюуну

      азуусу менен бир тийди.

      Экөө куушуп, алышып,

      түшүп кетти, күбүргө…

      Куу Түлкү болсо, сүйүндү:

      -Аңкоонун жеттим, түбүнө.

      Эми талааны өзүм башкарам.

       Көрүнүп, Арстан көзүнө!

 

             Х        Х        Х

       Ичи кара, куу Түлкүлөр

       Ак пейил, куру дардаң, аңкоолорду

       амалы менен жыгат.

       Билиндирбей бир үңкүргө тыгат. 

 

 

 Кепшеген Кочкор…

Кочкор үстү жабык,

кышы жылуу,

жайы салкын короодо

жалгыз багылат.

Бөксө курсак бооз койлор

        оокат, суу, тузсырап

        жанына келсе, жамырап,

        аларды сүзүп, коркутат:

-Аны мага угузба!

 Козуларды тууган сен!

 Демек, өзүң тап да,

 өзүң бак!

Ага баш оорутпайм, мен!

Төлүң жалкы…

Качан тууйсуң эгиз, үчэм?

Эгер антпесең,

түгөй алам, чекеден-

деп, челет, тебет,

кууп качырат.

          Ошентип, өз милдетин

         мээнеткеч койго артат.

         Ал татып, чөптүн жаңы,

         чүйгүнүн

         гүлдүн бүрүн,

         жемдин гүлазыгын жеп,

         кепшеп,

         жайкысын

         жайлоодон жайлоо тандап,

         бүт жаныбардын ырыскысын

         чачат да турат,

         ысырап кылат.

         Кокеңде  бир да ой жок:

        тукумун көбөйткөн

        Токту, ирик —

        кайда калды?..

        Батпадыбы чылага

        бүтүнбү үстү,

        тойду бекен курсагы

         үшүгөн жокпу туягы?…

         Козуларды

         эмизгенге сүтү

         ирденткенге жем,

         жатканга жайы барбы?

         Кыштаганга калыңбы жүнү?

         Козулары

         кантип чоңоюп атат?

         Муну менен жок жумушу…

         Бүт түйшүктү эне-балага үйүп,

         берет укмуш буйрукту.

         Оонаган жайынан кыймылдабай,

          көлөкөдө көшүлүп уктай,

          көңүл коюп жанын кошкон

          Койго жеңилдик кылбай,

          же жайга жайыт,

          кышка бычан камдабай…

          Короо багыш,

          козуларды өстүрүштүн

          жүгүн албайт, кымындай…

           Х          Х         Х         Х

          Кеп аягы ушундай…

          Кочкордой үй башчыдан

          жеп-ичкенден,

          жатып-тургандан башканы билбеген

          эмнени күтмөк элек?

           Биз эркектерди билебиз

           эңкейип иш кылбаган.

           Эр, ата экенин унутуп

           Аял-баласын мээнетке салып, кыйнаган.

 

 Кымыйган Мышык

“Алдырбайын”- деп ит — кушка

күрп Тоок  саратанда

бастырмага жумуртка басты.

Кыйла жатып,

курсагы ачып

чаңкаганда,

 тамагы какшып,

 суу ичкени

ордунан  тура качты.

Тоокту тойгузганы

Ээси  дан чачты.

Мышык аны аңдып,

жыгач үстү менен

жыла басып,

уядан

жумуртканы чакты.

Тоок  ордуна кайткыча

эчтекени билмексен,

көрмөксөн болуп,

чөп арасына жашынып жатты.

Ушинтип, күндө жута берди…

Жумурткасы азайган Тоок

ага башы жетпей,

не кылаарын билген жок.

Күнү жетип,

жөжөлөр чыкты

жумуртканы чегип.

Мышык,

анда да бирден жеп койот.

Тоок кайдан билди?,

жүргөнү менен

какылдап, кейип.

Балапандарын жерге

 ээрчите түшүп,

багып жүрсө, күйүгүп,

аңдыганын сезген жок.

Жөжөлөрдү Мышыктын

уурдап качканын көргөн жок.

Капыстан өтүп баратып,

Тоок сурады,

балапандын дайынын.

Кымыйып жаткан Мышык

билмексен болду,

курсагы ток, керилип-чоюлду.

-Мен кайдан билейин? – деди.

Короодо соо жүрбөгөн,

бар-жокту шимшилеген —

Күчүктөн сура…

Ит тукуму

илгертен  ууру го…

Балким  ошол,
же,  эне- атасы  жеди…

Ушинтип, кылгылыкты кылып,

өзүнө күнөө жолотпой,

суудан кургак чыгат.

Тоокко такыр билдирбей

Жумуртканы такай уурдайт.

 

Турмушта мышыктайлар

кылгылыкты кылып,

өзгөлөрдү өстүрбөй, кырып,

кымыйы — ып жата берет.

Азабын анын

ак пейилдүү тарта берет.

Кара ниет, митайымдар

           төбөгө уруп,
бутунан  чала берет.

Соц тармактар:

Добавить комментарий

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.