Адабий сынак № 18 Ыр

№ 18

АСКАР АКАЕВГЕ

Жашоонун табияты жөпжөнөкөй,

Күчтүүгө кулдук урат күчсүздөрү.

А мезгил баарын тегиз өкчөй-өкчөй,

Чындыкты калпып чыгат түпкүрдөгү.

 

Өрт болуп өчпөй жүргөн өзөктөгү,

Жазылбай көңүлүмдүн жабыкканы.

Бир суроо кыйнайт мени, эзет мени,

Эмне нап чындыгыңдан табыттагы?

 

Күч болсо карышкырдын азуусунда,

Пенденин бийлигинде колундагы.

Бир адам өкүм болоор жазмышыңда,

Өлкөңдүн куту дагы, шору дагы.

 

Турмушта кем бүтөлөөр толукталып,

Аткан ок житкен окту табат экен.

Оюлган көздүн орду соолуп калып,

Жарылган башта тырык калат экен.

 

Унутуп ордун Кудай берген жүктүн,

Байлык кууп пенделери жарышканда.

Мөңгүлөр ыйын ыйлап маңгүүлүктүн,

Томсоргон тоолор биздин табыттардай.

 

нап
ар. южн.пользавыгодана севере встречено форме нап только одном выражении:
эрден эрге нап! нупо рукам! (букв. от молодца молодцу польза!).
Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.