Адабий сынак 31 Аңгеме

30

САЯКАТЧЫ КЕМПИР
Аңгеме

Эми эле аялдамада «шарак» деп жүргүнчүлөргө эшигин  ачкан троллейбуста бош орун ойдогудай экен. Арткы жагындагы экинчи орундукту көздөй бастым.
— Мыктысын таба албайсың! — деди аңгыча бейтааныш орус кемпир жанындагы бош орундукту жылмая көрсөтүп.  Көрсөткөн орундугуна олтурдум. Орус кемпир сөзүн эки кылбаганыма ыраазы.

— Менин ардактуу чалым Иван Трофимович да сөзүмдү эки кылчу эмес!
— Тил алчак беле?
— Эми кандай десем, өтө кыраакы болчу. Ленин заводунда өмүр бою иштеди.  Ажайып адам эле! Жеңиш күнү  эски аскердик кителин кийип, орден-медалын тагынып, рейхстагды азыр эле алып келгенсип, бөлмө ичинде ары-бери баса берчү! Баса берчү!
— Эски солдат турбайбы?!
— Болгондо да кандай солдат дейсиң!? Москваны коргоого катышкан! Кийин Берлинге чейин барган экен. Жеңиш парадында Маршал Жуковду өз көзү менен көргөнүн айтып калчу.
— Накта согуш баатыры турбайбы!?
— Байкушумдун кайра кайтпас сапарына кеткенине көп болду. Жеңиш күндөрү  жүз граммды чоң стаканга куюп, бир колуна туздалган бадыраңды кармап, «Ата мекен үчүн курман болгондор, мен силерди эч унутпайм! Акыркы демим чыккычакты унутпайм!» — деп көзүнө жаш алып, анан стаканды бошотуп, столго «тарс» койчу. Ушинтип бир полкто кызмат өтөгөн жолдошторун эскерчү.
Экинчисин куйганы калганда: «Иван Трофимович, сага көптүк кылат» десем, «Макул, Машенькам! Эс алайын анда», — деп керебетине унчукпай жатып калар эле.
— Чынында эле тил алчак болгон экен.
— Жоок, алтын киши болчу!  Ансыз жашоо мен үчүн чоң сыноо билгенге!
— Балдарыңыз барбы?
— Эки уулум бар. Улуусу шаар четиндеги Ленинское селосунда жашайт.
Келишкен эки кабат тамы, каз-өрдөгү, чарбасы бар.
— Жашоосу сонун турбайбы!?
— Айтпа! Бирок мен аныкына кээде эле барам. Неберем Наташка шаарда училищада окуганда меникинде турду. Азыр Васька мышыгым экөөбүз жашайбыз. Бул жакка чыкканда, сүттү жылытып бергем. Барганда дагы курсагын тойгузам.
— Кичүү уулуңуз кайда?
— Армиядан кийин заводго орношуп, Орусияда калып калды. Үйлөндү. Үйлүү болушту.
— Бала-чакасы барбы?
— «Эки кыздуу болдум» деген.
Жумуш деп жүрүп, атасына да топурак сала албады.
Азыр анда-мында телефон чалып, ал-абалымды сурап турат. Силерде балдардын ата-энелери менен чогуу турганы мага жагат. Бизде, орустарда, көбүнчө андай эмес.
— Биздики деле сиздерге окшоп баратат. Айрыкча, шаар жеринде, — дедим.
— Ошонусу жаман экен! — деди орус кемпир үшкүрүп.
Капысынан Мария Федоровнанын кабагы жазгы күндөй ачыла түштү.
— Тигил дүкөндө эң таттуу боорсокторду сатышат. Эрте менен келсең, ыпысык болот.
Даамычы! Укмуш! — деди жаш баладай кубанып.
Маектешип жатып, кантип Ак-Өргөгө жетип калганыбызды билбей калыпмын.
— Сиз түшөсүзбү?
— Ооба, түшөм. Түшүп, кайра жетинчи троллейбуска олтуруп, Тунгучка барам. Ал жерден автобус менен жарым саатта үйдө болуп калам.
— Саякатчы турбайсызбы?
— Ананчы! — деди азыркы ишине мактана. — Бизди шаардагы троллейбус айдагандардын баары таанышат! Бүгүн Иннеса Ивановна келбей калды.
— Аныңыз ким?
— Иннеса Ивановна экөөбүз чогуу саякаттайбыз. Былтыр үйүнө барсам, толтура дарыларды жанына коюп керебетте жаткан экен. «Минтип жаткан болбойт! Жүр мени менен! Шаар кыдырабыз!» деп кой дегенине болбой, ээрчитип алгам. Ошондон бери биргебиз! — деди троллейбустан түшүп жатып.

Жаңы таанышым менен коштошо да албай калдым.
Жетинчи троллейбус жөнөп жатыптыр.
— Жакшы бар, уулум!  —  деп саякатчы кемпир Мария Федоровна кийинки троллейбусуна шашыла басты…

Соц тармактар:

11 thoughts on “Адабий сынак 31 Аңгеме

  • 12.09.2021 в 22:48
    Permalink

    Бир окуганга жонокой корунгону менен бул ангеменин мааниси терен.Чагымда автор ушундай саякатчы орус кемпирле менен кошо кыргыз карыялар кобойбошуно окурмандын,коомчулуктун конулун буруп жатат.Маселе туура коюлган.

    Ответ
  • 14.09.2021 в 12:59
    Permalink

    Ангемедкги кийинки ой.
    Кыска ангемеде не деген ойлор жатат? «Саякатчы кемпир » окуган адамды кайдыгер калтырбайт. Ичинди атыштырып , биз кайда баратабыз деген ой сарсанаага салат.
    Буга саякатчы кемпирдин » силерде балдар ата-энеси менен турат» дегени далил.
    Автор эмнени кынгыратып жатат?
    Ооба, качан кыргыз ата-энесин карабай кетчү эле?
    Кыргызда намыс бар эмес беле?
    Бул окуя чындыгында , болгон окуялар, мүмкүн, автодун табыгасыдыр?
    Кантсе да «азыркы мезгилдин оорусун, кандай улут экендигине карабай ,окшош оорусун» автор өтө сезгичтик менен , жөнөкөй тил менен адамзатка ,айрыкча жаштарга кайрылып жаткан жокпу?
    Айрыкча ,жаштар окуп , туура жыйынтык чыгарса, ата-энеге кайрымдуу болуп,көзү барда сыйласак деген тилек.
    Саякатчы кемпирлер болбосун деген тилек.
    Авторго ийгилик!

    Ответ
  • 14.09.2021 в 22:30
    Permalink

    «Саякатчы кемпир » ангемеде мага озгочо жакканы орус чон атанын мекенге жасаган эрдиги, анын жыл сайын жениш кунундо аскер кийимин кийип алып, журогуно толгон мекенге болгон суйуусу , ошондой эле » Ата — мекен учун курман болгондор мен силерди акыркы демим чыккычекти унутпайм!»- деген улуу сезими кандай гана сыймык! Мен да бул ангемени окум Мекенге болгон суйуум дагы да жанданды десем жанылбайм.Азыркы жаштар мекенди суйууго , ага кызмат кылууга милдетту экенин сезип, тушуно алчудай ангеме болуптур!!! Ийгилик каалайбыз.Дагы коптогон ангемелеринизди кутобуз!

    Ответ
  • 14.09.2021 в 22:31
    Permalink

    «Саякатчы кемпир » ангемеде мага озгочо жакканы орус чон атанын мекенге жасаган эрдиги, анын жыл сайын жениш кунундо аскер кийимин кийип алып, журогуно толгон мекенге болгон суйуусу , ошондой эле » Ата — мекен учун курман болгондор мен силерди акыркы демим чыккычекти унутпайм!»- деген улуу сезими кандай гана сыймык! Мен да бул ангемени окум Мекенге болгон суйуум дагы да жанданды десем жанылбайм.Азыркы жаштар мекенди суйууго , ага кызмат кылууга милдетту экенин сезип, тушуно алчудай ангеме болуптур!!! Ийгилик каалайбыз.Дагы коптогон ангемелеринизди кутобуз!

    Ответ
  • 17.09.2021 в 11:53
    Permalink

    Чыгарма ото курч жазылыптыр. Кудум эле жанында болгондой коз алдыма тартылды. Андан дагы ото актуалдуу маселе которулгон. Биз, кыргыздар озубуздун жакшы салтарыбызды жерип ата-энеден алыстай баштаганыбызды сезбей жатабыз. Карылыкка ар бир адам эле жете бербейт. Ким сыйласа сый корот. Уядан эмнени корсо учканда ошону алат. Балдарга жакшы салтарыбызды калтыралы. Карысы бардын ырысы бар дегендей карыларды Урматтап сыйлаганды ар бир жаран эне суту менен алса дейм. Калемгер калеминиз курчуй берсин.!!!

    Ответ
  • 20.09.2021 в 21:20
    Permalink

    Аңгеме чыныгы турмуштан алынып , жөнөкөй ,түшүнүктүү ,жатык тил менен жазылган чыгарма экен.Мага абдан жакты,бир кездеги шаардагы күндөр эске түштү.7-троллейбус,»Туңгуч» кичирайону куракка жагымдуу угулат. Чыгарма эң бир сонун таасир этти.Чыгармачылык эргүү каалайм.

    Ответ
  • 21.09.2021 в 14:44
    Permalink

    Автордун бул чыгарманы жазууда өзүнүн өзгөчө стили, өзгөчө жолу бар экендиги байкалууда. Чыгарманы окуган окурман ошол троллейбуста бара жаткандай сезеринде күмөн жок. Жазуучунун кеби жөнөкөй, түшүнүүгө жеңил, ошол эле учурда кызыктуу. Башкасын айтпаганда да жубайлардын бирин-бири сыйлоосу башкаларга үлгү болорлук. Бул автордон дагы да көптөгөн кызыктуу аңгемелерди күтөбүз.

    Ответ
  • 22.09.2021 в 21:52
    Permalink

    Ата энени сыйлоо,урматтоо,бактылуу карылык тууралуу корком баяндалган чыгарма.

    Ответ
  • 28.09.2021 в 18:16
    Permalink

    Чыныгы турмуштан алынган сонун чыгарма

    Ответ
  • 30.10.2021 в 18:37
    Permalink

    Сонун аңгеме болуптур. Реалный жашоодогу ачуу чындык. Биз ата энелерибизди сыйлап камкор болушубуз керек.

    Ответ
  • 30.10.2021 в 18:45
    Permalink

    Сонун аңгеме. Реалный жашоодогу ачуу чындык. Биз ата энелерибизди сыйлап камкор болушубуз керек.

    Ответ

Добавить комментарий

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.