Жыргалбек Касаболот: Улуттук кызыкчылык түрмөгүнөн

Сыйлык башка, сый башка (жаңыланды)
(«Улуттук кызыкчылык» түрмөгүнөн)

Акыркы убакта социалдык тармактарда тигил же бул коомдук же маданий ишмерге сыйлык, наам берүү жөнүндө сунуштар, көп учурда нааразы пикирлер да айтыла калып жүрөт. Арасында өзүнө берилчү сыйлык тууралуу өзү маселе көтөргөн адамдар да кезигет. Албетте, ар бир адам кайсы бир кызматка өз талапкерлигин өзү көрсөтүүгө укуктуу болгон сыңары эле, алардын да буга акысы бар. Ар ким өз эмгеги ким тарабынан кандай бааланганына түрдүү мамиледе болгону да мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Бирок маселенин тамыры тереңирээк.
Мамлекеттик сыйлыктар жана наамдар системасы тээ совет мезгилинде эле түзүлгөн. Ал кезде сыйлыктар тигил же бул тармактын өкүлдөрүн моралдык жактан кызыктыруунун бир жолу болгон экен. Маданият ишмерлери үчүн бул система көбүнчө ошол кездеги коммунисттик идеологияга өтөгөн кызматынын чен-өлчөмүнө да айланган жайы бар. Эгерде көркөм баалуулугун алсак, ошол кезде деле бул механизм идеалдуу болбоптур. Эсеби маселен, далай ырлары элдик болуп кеткен Какен Алмазбеков аттуу акын өткөнүн көбү билсе керек. Ошол кишинин эч кандай деле олуттуу сыйлыгы болгон эмес. Эл акыны атанган, убагында алдыңкы деген наамдардын көбүн алган атактуулардан ушул азыр да ырлары төөлүк өйдө турат. Мамлекеттик наам албаган Тургунбек Бекболотов, Анасбек Жумалиев ж.б. жазган чыгармалар азыр да актуалдуу, көркөмдүк деңгээли өтө бийик. Бул эми көзү өткөндөрү, азыркыларын козгобой эле коелу. А бирок советтик идеологияга гана кылган кызматы үчүн толгон-токой наам алган, окуу китептерине кирген, антсе да эсте калар эч нерсеси жок акын-жазуучулар толтура. Алардын баарынын мурасы улуттук кызыкчылыктын жана көркөм деңгээлинин позициясынан жасалуучу тарыхый ревизияга муктаж.
Кийин Кыргызстан эгемендик алган соң мурдагы наамдардын, сыйлыктардын бир топтору жокко чыгарылып, бирок алар үчүн каралган сый-ургаалдардын баары сакталып калган. Ордуна «Манас» ордени, «Даңк» медалы, «КР Баатыры» сыяктуу толгон-токой наамдар, сыйлыктар кошулду. Алар деле канчалык объективдүү берилгенин азыр айтыш өтө кыйын. Айталык, «Манас» орденин алгандардын арасында убагында кыргыз тилин орус тилине басып бергендер, мамлекеттик мүлктү пландуу түрдө жок кылгандар, уулу мамлекеттик чыккынчылык үчүн соттолгондор, ушул азыр түрмөдөн качып жүргөндөр, дегеле башка өлкөлөрдүн коомдук ишмерлери ж.б. бар. Баатыр наамы бурмаланып, согушта чындап эрдик көрсөткөндөргө эмес, көбүнчө маданий, коомдук ишмерлерге берилип калды. Токтогул сыйлыгы совет мезгилинде эле негизделип, ал эми чындап кыргыз философиясынын туу чокусу болгон Өтө Көкө уулу (Жеңижок) арткы планда турат.
Маданиятка эмес, көбүнчө коомдук-саясий турмушка, таптакыр өзүнчө тармак болгон маалымат чөйрөсүнө тиешелүү журналисттер, ЖМК өкүлдөрү эмгиче «Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наам алып келатышат. Өмүр бою, мисалы, экономика же коопсуздук тууралуу жазган киши маданиятка эмне тиешеси болушу мүмкүн?
Биз республикалык маанидеги сыйлыктар менен наамдардын айрымдарын гана кеп кылдык. Ар бир министрликтин, мекеменин, мамлекеттик уюмдун сыйлыгы, коомдук уюмдардын сыйлыктары толтура.
Ушунун баарын эсепке алганда, учурда өлкөдөгү мамлекеттик сыйлык жана наам берүү системасы эскирди. Аны жоюп сала турган убак бышып жетилди. Эмне үчүн?
Биринчиден, дегеле сыйлык, наам адамдын эмгегин, өнөрүн, жетишкендигин баалоонун объективдүү чен-өлчөмү боло албайт. Халтурщик толтура сыйлык алса деле халтурщик бойдон кала берет. Наам алса эле жакшы болуп калбайт. Тескерисинче, мыктылар сыйлык албаса эле начар болуп калбайт. Мыкты бойдон кала берет. Сыйлык, наам – болгону конкреттүү адамдардын жетишкендигине башка бир конкреттүү адамдардын берген субъективдүү баасы. Каратэ, таэквондо сыяктуу таймаш өнөрлөрүндө белбоонун түсү мушкердин чеберчилигин көрсөткөн белги болуп эсептелет. Бирок эр өнөрүндөгү чеберчилиги менен дүйнөгө даңкы чыккан Брюс Лиден белбоосунун түсү тууралуу сурашканда «белбоо шымың түшүп кетпеш үчүн эле керек» деп жөпжөнөкөй жооп берген. Ушунун өзү тышкы атрибут ички мазмундан төмөн турарын көрсөтүп турат.
Кыргызстан жасалма дипломдор жагынан караандатпай калды. Ошондой дипломдорду алгандардын баарын жогорку билимдүү деп айта алабызбы? Экономика факультетин «бүтүргөндөрдүн» айрымдары башкасын кой, процент чыгарганды билбей отурушпайбы?
Илгери бирөө гезитке:
«Жергебиз биздин демарал,
Жегичтер үчүн жем арал.
Жегени желим болсо да,
Жетинин бири генерал» деп жазгандай, жогорку аскердик наамдарды алган адамдарыбыз көп болгону Баткен окуясынын, жакында болгон Тажикстандын агрессиясынын алдын ала алган жок го. Бири туткунга түшүп, башкасы киши өлтүрүп четке качып, дагы бири кол астындагыларын таштап салып карматпай жүрбөйбү.
Экинчи себеби дал ушундан эле келип чыгат – тилекке каршы, совет мезгилинен бер калган инерциядан улам акыркы убакта чындап эле эмгеги сиңген көп эле кишилер өзүнүн дараметин сыйлык, наам сыяктуу чен-өлчөмдөргө жараша баалачу болду. Сыйлык берүү системасынын бюрократиясына көз каранды болуп калды. Бюрократиясы ушунда – эки жолу Ардак баракчасын алса үчүнчү жолкусунда эмгек сиңирген наамын алууга укугу бар экен. Анын да бири тап жылдырбай озуп, бири жылдап кечигип, айтор жоопторуна караганда суроолору көп түзүм окшойт. Бир топтору үчүн бул чөйрөдөгү коррупция, кагаз кармаш, күбөлүк күрөш катуу психологиялык сокку болуп, өмүр бою арманда кеткендери кездешет. Бир келген адамдын өмүрү менен көңүлү ушунча баркы кеткен кагаздарга кор боло турган эмне жөнү бар?
Үчүнчү себеби – саясий коньюнктурага ылайык же коррупциялык ыкмалар менен алынган, калыс берилбеген сыйлыктар жалпы элдин, өзгөчө жаңыдан дүйнө таанымы калыптанып келаткан жаштардын жашоодогу багытын бузат. Бул өтө чоң зыян. Өсүп келаткан муун кимден үлгү аларын билбей, башы адашат. Ансыз деле мисалы биз, журналисттер жеңил баа бирөөлөрдүн баскан-турганын жаза берип, арзыбаган аброй түзүп бердик. Аны окуган эл мыктыларга эмес, ошолорго түздөндү. Рыспай Абдыкадыровдун, Түгөлбай Казаковдун, Асанкалый Керимбаевдин, Жумамүдүн Шералиевдин шыйрагына тең келбегендерди кыйшаңдатып пир тутуп калды. Ал эми убагында сыйлык менен наамга карк болгон мыктылар өз маегинде жеңил ойлуу жеке турмушун элге жайып, түгөйүнүн арбагын көз көрүүнө тебелеп турса аны чыгармачылык эркиндик деп түшүнгөн кыздар сөзсүз пайда болот. Аларга улууларын туурап сыйлык үчүн таарынган жигиттер кошулат. Бул жалаң эле алардын күнөөсү эмес, мурунку муундун өз түшүнүгүнө жараша көрсөткөн багыты, берген тарбиясы. Мунун тегерегинде интрига күчөп, келечекте элге жарык үлгү болот деген жаштар арыз менен дооматтан башы чыкпай, эл тургай өздөрүнүн жан дүйнөсү талкан болуп майдаланат. Ошентип өзүбүз сазга батканыбыз аз келгенсип кийинкилердин да өзөгүнө балта чаап алабыз.
Албетте, мамлекеттик сыйлыктар менен наамдардын баарын жоюп салуу далайларына оор тийиши турган иш. Ал тургай далай талкууга жем таштап, кызыл чеке талаш-тартыштарга себепкер болушу да мүмкүн. Ошентсе да эгемен мамлекет катары бул эртедир-кечтир жасала турган нерсе. Себеби кечиктирген сайын Гордийдин түйүнүндөй болуп ого бетер татаалдашып, пайдасынан зыяны көбөйүп, чечилиши оорлой берет.
Жойгондон кийин: а) улуттук кызыкчылыкка жараша таптакыр башка критерийлер менен кайрадан түзүп чыкса да болот. Бирок ал үчүн мамлекет өзү улуттук кызыкчылыктарды так аныктап чыгышы зарыл. Азырынча мамлекет башындагылардын өзүндө да улуттук кызыкчылык тууралуу терең түшүнүк жок, көбүнүн түпкү мотивациясы жеке саясий кызыкчылыкка негизделген; б) системаны кайра түзбөй эле тиешелүү коомдук уюмдардын ыкыбалына калтырып, бара-бара коомчулук өзү жакшы-жаманын ылгап алышын күтүп туруу да бир вариант. Жалпысынан элдин эстетикалык табитин улуттук баалуулуктарга жана улуттук кызыкчылыкка эптүү жалгаштырып оңдоого багытталган коомдук уюмдар ачылып, ишке киришсе жакшы болмок. Алардын ишин долбоорлук негизде уюштурса да болот. Бирок бул биздеги демөөрчүлөрдүн атуулдук сезимине жана тапкан каражатынын тазалыгына көз каранды. Арам акча адал ниетте башталган ишти да жаманатты кылары белгилүү.
Ошондуктан коомчулук бул системаны реформалоо боюнча өз сунуштарын айта турган учур келди.

PS: Бул макала жарык көргөндөн кийин башка тайпаларда айрым жакшы санаалаштар мага да сыйлык берилишине тилектеш болуп пикир айтышкан экен. Албетте, анысына чоң ырахмат. Бирок мамлекеттик сыйлыктарды жоюп эле салган оң деп бул жерде айтылган сунушумдан улам, мен мындан ары азыркы мамлекеттик сыйлыктардын кайсынысынан болбосун ыктыярдуу түрдө баш тартам. Анткени айткан сөзүбүз менен кылган ишибиз бир болушу керек, кийинки муун бизден ошондой туруктуулукту күтүүгө акысы бар. Ал үчүн азыркы мамлекеттик кызматтагы ага-инилерди, эже-карындаштарды сындап кереги жок, алар бул системанын алкагында өз ишин колунан келишинче аткарып жатышат. Мен алардын ишине ийгилик гана каалайм.
Баарыңыздарга рахмат!

Жыргалбек Касаболот

28.08.2021

 

Таш сайынган тайкылыктын тамыры
(«Улуттук кызыкчылык» түрмөгүнөн)

Жакында «Манастын уулу Семетей» тасмасы тууралуу коомчулукта талаш-тартыш күчөдү. Башында анча түшүнүксүз болсо, кийин улуу сөздүн учугу үчүн жооптуу болгон манасчылар өздөрү түп көтөрүлө каршы чыкты. Манасчы Замир Баялиев сценарийдеги эпостун мазмунуна каршы жерлерин далилдер менен көрсөтсө, манасчы Рыспай Исаков президент Садыр Жапаровго кайрылып, уруксат берилип фильм тартылып алгандан кийин кеч болуп каларын эскертти. Айтор, кыргыздын аттуу-баштууларынын көбү элдин улуу мурасына мындай мамиле туура эмес болорун айтып, билишинче үн кошуп атат. Ушундан уламбы, идеологиялык иштер үчүн жооптуу киши катары дайындалган мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев да өзү мындай сценарийге каршы экенин билдирип, бирок мамлекет анын тартылышына тыюу сала албай тургандыгын, бул чыгармачылык эркиндикти чектөө болорун ортого салды. Мындай позициянын чабал жерлери тууралуу төмөндө кеңири кеп болсун.
Атайылап түзүлгөн Чыңгыз Айтматов жана Манас таануу институту позициясын билдирдиби же жокпу, азырынча кеңири кеп козголо элек. Алардын да айта турган сөзү бардыр. Болбосо эмнеге түзүлгөнү түшүнүксүз болуп калганы турат. «Манас» эпосун коргоо тууралуу мыйзам да канчалык аткарылып жатканы белгисиз. Азырынча натыйжасы байкалбайт. Болбосо ушундайга жарашы керек эле. Маданият министрлигинин жетекчилиги улуттук баалуулуктардын салмагын жакшы эле түшүнгөн кишилер эле, мындайда кыйла катуу позицияда болот деп күткөн элек. Азырынча алар да унчуга элек.
Сценарийде эпостун мазмуну чын эле одоно бурмаланган. Мисалы, Манас Алтайга сөөгү коюлган болуп чыгып атат. Эпостун өзүндө каңгайлыктар, калмактар менен манжуулар кытайлар менен бир тарап катары каралганына карабастан сценарийде каңгайларга каршы кыргыздардын күрөшүн кытайлар кубаттагандай жазылып калган. Анда адабиятчы Аида Эгембердиева өзүнүн илимий китебинде жазгандай, манасчылар аян алгандагы:
Белин бекем бууган бул,
Бээжиндин малын кууган бул.
Берендердин шерти үчүн
Бээжиндеги балбандан
Бешти өлтүрүп сууган бул, – деген Семетей баатырдын сыпаттамасын каякка жашырабыз?
Семетей Кытай элчиси менен достук маанайда сүйлөшүп, эпосто эзели болбогон түрк элчиси менен диалог жүргүзөт. Эпостун идеялык жана көркөмдүк жагынан эң маанилүү учуру болгон Каныкейдин Тайторуну чабышы жок. Адистер дагы башка алешемдиктерин айтып чыгаары анык.

Ыйыктыкка кыйыктык кылгандар
Бирок кеп анда эле эмес. Чындап келсе бул фильм дегеле тартылбашы керек. Анткени кыргыз эли үчүн бул тема илгертен аялуу, ыйык, кирди кол менен кармагыс түшүнүктөрдүн бири болуп келген. Кыргыздар баласына Манас деп ат койбогону да ушундан. Анткени көз тийет, көтөрө албайт деген эзотерикалык түшүнүктөн тышкары, баласы жаманатты болсо улуу ысымга сөз тийет деген этикалык, практикалык да мааниси бар. Жакшы чыккан күндө да ал эпостогу Айкөл Манаска жетиши мүмкүн эмес экенин, ал түбөлүк идеал катары калышы зарыл болорун кыргыз ошондо эле түшүнгөн. Ошондуктан эпостогу негизги каармандарды фильм кылып тартуу, аларды кайсы бир образ менен конкреттештирүү акыры жүрүп отуруп эбегейсиз эрдиги, караандагыс кайраты сүрөттөлгөн ыйыктарыбызды элдин аң-сезиминде ошолордун гана деңгээлине түшүрөт. Мындай коркунуч кыргыз эли искусствонун жаңы түрлөрүнө көнө баштаган совет мезгилинде деле болуп келген. Бирок анда көркөм кеңештер катуу талап коюп, өтө одоно бурмалоого жол берилген эмес. Ал тургай айтылуу режиссер Мелис Убукеев тартып көргөн тасмаларында да муну түшүнүп, улуу баатырдын жүзүн атайын бош калтырганы ушундан.
Азыр ошол ыйык түшүнүккө кол салгандар күч алды (ыйык деп эсептебеген улутташтарына кыргыз илгертен эле «итке темирдин баркы жок» деп өз баасын берип койгон). Кыргыздын жакынкы тарыхы изилденип, коомдук аң-сезимдин элегинен өтүп, тиешелүү баасын алып бүткөнсүп түз эле «Манаска» асылгандар көбөйдү. Былтыр октябрь окуяларында аянтта бир жигит чыгып алып «Манас» айтымыш болуп ошол кездеги бийликти оозго алгыс сөздөр менен сөгүп атканда же митингди уюштуруучулардан, же улуу-кичүүлөрдөн кой деп койгон киши болгон жок эле. Ошондо эле алардын артында тургандардын нарк-насили, кыргыздык, адамдык дарамети билинген.
Улуу сөздү атайылап бурмалаган, түпкү табиятынан алыстаткан күмөндүү эксперименттер эчак эле башталып, буга кызыккан айрым өкмөттүк эмес уюмдар билгизбей эле изилдеп жатышат. Бир даары индиялыктарга жакындатса, айрымдары атайын келип байыркы жөөттөрдүн санжырасына тартканга аракет кылып көрүштү.
Бул да бекеринен эмес. Анткени «Манас» – кыргыз дүйнө таанымына болгон ачкыч. Аны өз пайдасына чечмелеп алган тарап кыргыз элинин аң-сезимин каалагандай башкарып алууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошол сыяктуу эле, анын ыйыктыгын жокко чыгаргысы келгендердин максаты – кыргызды руханий өзөгүнөн ажыратуу. Мындан бир нече жыл илгери Манасты сөккөн диний фанаттардын бири да камала элек. Анын ордуна ошолорго каяша айткан окумуштуу Гүлзат Аалиева камалып чыкты. Улуттук баалуулуктарга каршы Овертон терезесин кеңейтип жүрүп отурушуп, итке калпак кийгизип жетелеп алса деле «эмне болмок эле» деп актап-жактагандар көбөйдү. Аягында Шариковдордун заманы келди. Же калппы?
Акыл астын (подсознание) программалоонун миңдеген жылдар бою иштелип келаткан жолдору бар. Диний агымдар, секталар, маалымат менен иштөөнүн атайын багыттарына адистешкендер аларды көп колдонушат. Анын көбүн байкабайбыз. Мисалы биз жеп эле жүргөн мантунун аты кытай тилиндеги бир версиясында «жапайынын (варвардын) башы» деп аталат. Жапайы деп кытайлар көп учурда көчмөндөрдү айткан. Анткени көчмөн дүйнө менен Кытай сыяктуу цивилизациялар илгертен табигый атаандаш болгон. Байкадыңарбы, кимге кимдердин башын жегизип атканын же өздөрү жеп атканын? Мындай мисалдар толтура. Атайылап, байкатпай, окшоштуруп туруп киргизип кеткен бир-эки сөз менен аң-сезимди буруп кетүү мүмкүнчүлүгүн колдонгусу келгендер четтен табылат.
«Манасты» өз алдынча изилдеп жүргөн Атамкул (Адамкул) аттуу киши бар. Анын айтымында алтымыш тилдүү Ажыбай уктап калганда Манас баатырга Коңурбай уурданып келип кыр аркага найза менен сайганынын сыры тереңде (кийинки варианттарда намаз окуп атканда, б. а. жумшарып, баарына кыраакылык менен карачу жоокердик духу уктап жатканда саят). Кыр арка – бул улуттун өзөгү. Алтымыш тилдүү Ажыбай – чынында мыкты жоокер, чалгынчы жана дипломат. Бирок так ошол учурда уктап калганы – азыркы биз. Билбеген балээбиз жок, бирок өзөгүбүзгө келгенде алдырып коюп атабыз. Демек андагы эпизод – эпостогу трагедиялык окуя гана эмес, түшүнгөн кишиге биз, кыргыздар үчүн түбөлүк сабак. «Жумшарып кетип сактыгыңарды жоготуп албагыла» деген осуят. «Заманыңардын азгырыгына кирип кетип өзөгүңөрдү алдырып албагыла» деген насаат.
Өзөгүбүздү унутуп калган үчүн борбордук аянтка Нескара менен Жолойлордун эстелигин орнотсо искусство катары актагандар чыкты. Түндүк көтөрүп жумуртка баскан аялдын эстелигине каршы көтөрүлгөн жарандык коом өкүлдөрүн жаманатты кылгысы келгендердин да жүйөсү ошо болду. Атаганат, «бул эми чыгармачылык эркиндик, аны эч нерсе менен чектөөгө болбойт» деп улуттун өзөгүнө каршы чыккандардын арасында өзүбүздүн эле агай-эжейлер бар эле. Кийин Манастын атын аракка койсо бизнес эркиндиги менен түшүндүрүп эл аралык тажрыйбаны алдыга тартышты. Дөөлөт Сыдыков баштаган саналуу адамдардан башкасы кың деп койгон жок. «Ысык-Көл», «Тянь-Шань» аттуу даарат кагаздары чыгып, аны кайра өзүбүзгө пайдаландырып жатышат.

Коюнга кирген жылан
Кыргыздын үч уктаса түшүнө кирбеген, эң аялуу нерселерине кол салган нерселерди маселе катары айтсаң эле «толеранттуу болуш керек, заман ушундай, бул адам укугу, чыгармачылык эркиндик» деп оозун чойгондор чыгат. «Ошол да кеппи, анын эмнесине анча күйгүлтүк түшөсүңөр, артта калган турбайсыңарбы» дешет. Замандын талабын ошолор эле түшүнгөндөй таасир калышы да мүмкүн.
Кыргызда «кузгундуку куу жыгачтын башында, бөрүнүкү тең орток» деген макал бар. Азыр ошондой болуп атат. Биз башкалардын жерине барып алардын баалуулугуна тийишкен жокпуз да. Балээнин баарын биздин жерде, биздин элге каршы баштап коюп кайра «буларды тыюуга укугубуз жок» дегенинде болуп атпайбы. Бул – «койнуңа кирген жыланды алып ыргытууга болбойт, ал да сендей эле жандуу, ынтымакта жашаш керек» дегендей эле талап. Бул биздин түпкү табиятыбызга каршы келет. Койнуңа жылан кирсе жок эле дегенде чочуп кетип алып ыргытуу же жанчып салуу – бул миңдеген жылдар бою андан итиркейи келгендердин ТАБИГЫЙ реакциясы. Керек болсо, ТАБИГЫЙ укугу. Андай реакция болушун каалабаса койнубузга эч ким келип жылан салбасын. Бул азыр кыргызды ордосу менен каптап ороп алган идеологиялык жыландарга мындан да көбүрөөк тиешелүү. Үйгө кирип келген кадимки жыланды го кыргыз ак чачып чыгарчу экен. Идеологиялык жыландар ак чачсаң чыгып кеткендин ордуна «рахмат, толеранттуулугуңуз үчүн» деп коюп каймагыңа сойлоп кирип атат.

Улут жана укук
Алыс жактан даярдалган, белен дарт,
Айла менен далай элди жеген дарт.
Улутуңдан өйдө коюп керт башын
«Укугум бар, милдетим жок!» деген дарт.
(Автордон).
Азыркы Башмыйзамдын алкагында бул маселени укуктук өңүттө кыргыз элинин кызыкчылыгында чечүүнүн жолу барбы? Улуттук баалуулуктарды коргогон жоболор бар экенине карабастан, андай мүмкүнчүлүк практика жүзүндө жок. Анткени анын 23-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасында «адамдын жана жарандын эркиндигин чектеген мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынат» деп жазылып калган. Адам укуктары баарынан жогору, иш жүзүндө мамлекет менен коомчулуктун кызыкчылыгынан да жогору коюлган. Ал эми ага чыгармачылык эркиндик да, бизнес эркиндиги да кирет. Ушул жогорудагы жүйөлөрдү келтирсең «бул чыгармачылык эркиндиги, көркөм чечмелөө укугу, адам укуктарынын негизи, бизнес эмне кылса өзү билет, ага эч нерсе жолтоо болбошу керек» деп чыгышат. Мен билгенден азыркы сценарийдин авторлору да, жактоочулары да ушундай жүйөгө таянышууда.
Бул бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө үстөмдүк кылып, карама-каршылыктардын себепчиси болуп келаткан технология. Баягыда Мухаммед пайгамбардын сүрөтүн карикатурага тартты деп мусулман дүйнөсү түп көтөрүлдү эле. Анын талашы эмгиче чечиле элек. Бирок мисалы Христос деген ат менен презерватив чыгарууга, Моисей деген ат менен аялдардын ич кийимдерин чыгарууга ошол түшүнүктөргө тиешеси болгон элдер жол бере элек. А эмнеге ошондой эле мамиле кыргыздын баалуулуктарына келгенде иштебей калышы керек?
Чындап келсе улуттун өзөктүү баалуулуктары адам укуктарынан да, союздаштык мамилелерден да, диндин талаптарынан да жогору турушу зарыл. Ушул түшүнүккө баарыбыз келмейинче жемибизди жедирип, жерибизди алдырып, намысыбызды тебелете беребиз. Алооке менен Коңурбайлар бөркүндөгү ташын ката коюп «Манас менмин» деп келсе деле тааныбай калчудайбыз. Улуттун баалуулуктарын жана кызыкчылыгын өлкөнүн башкы документтеринде башкы орунга коймоюнча, баштан аяк ырааттуу түрдө ошондой саясат жүргүзмөйүнчө улут сакталбайт. Борпоң тартып, дүйнөлөшүүнүн агымына туруштук бере албай улам бир капшыты ачыла берет. Ошондуктан кыргыздын өзөгүнө кол салган мындай көрүнүштөргө коомчулук түп көтөрө каршы турууга милдеттүү. Сырттан жоо кирсе чаап кутуларсың, карыз болсо жаап кутуларсың, бирок жүрөгүңө кирип уялап алган курттардан кутулуш кыйын болот. Тилекке каршы, айрымдарын этиң менен кошо кесишке туура келет. Ансыз да алар көбөйүп кетти, көнүп баратабыз.
Улут жана укук, бул талаштын дүйнөлүк контексттеги тамыры, анын чечилиш жолдору тууралуу буюрса кийинки макалалардын биринде кеңири сөз кылабыз.
Улутум – кыргыз, урааным – Манас!

Жыргалбек Касаболот

14.08.2021

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.