Венера Бөлөкбаева- Жылдызча: “Күн толгон үйүм, Күн толгон!”

Венера Бөлөкбаева -Жылдызча

МЕН ДА
(Нурхалий аттуу, тайатамдын татар улутундагы бир досу, мени, кичинемде уулунабы же кызынабы түгөй кылып багып алайын деп алыс жактан келип, көп аракет кылганы эсимде…)

Мен да бүгүн,
Мээрим төгүп башкача…
Медер кылып,
Багам дедим бир уулду…
***
Мен да Сиздей,
Тууган издеп кызыма…
Мен да эми,
Барам дайым бир үйгө…
10. 09. 1997-жыл

 

МЕРГЕНЧИ
( – Кожожаштан өткөн мерген! — деп тааныштырышты. Жайдары, жакшына жигит болсо да, жактырган жокмун.)

Ок таккан темирдин баарына
От жаксам…

Кийими, буттары жок
Ташты да атпагыла!

Жаралган жандын баары —
Жаратылыш, жан бооруңдай!
Жаныңдай — Жанын ойло…

24. 03. 2002

 

БЕШИККЕ
(Эски бешик бош калып калды, ээси көчүп кетти.)

Алманын бутагына иле коём,
Булуттун сууларынан жуунтамын…

Сенде калган балтыр бешик чүрпө жыты,
Сага тамган энелердин эмчек сүтү…

Бозорбочу, бош бешик,
Бозорбочу…

Санаада олтурсам да…
Кубана карайм сага!
Мына кара!..
Көктөм менен
Көк бетине көтөрүлүп,
Сен аркылуу учушкан балапандар!
Сенде эмес, Ак-Бешик
Арман бизде…
Өзүңдөн алыс узап бараткандар…
20. 12. 2003

 

КҮН
(Бир эле бөлмөлүү, бул үйдүн эки терезеси бар. Бири — Күн чыккан жакта. Бири — Күн баткан жакта.)

Таң атканда,
Күн кирип
Үйүмө жашап алгандай.
Кеч киргенде, акырын
Күн үйдө уктап калгандай.

Күн толгон үйүм,
Күн толгон!
Досторум чачып кетишкен,
Күлкү-шаң жатат төрүмдө.

Күн кызы болуп алгансып,
Күн менен жашайм бул үйдө!

27. 05. 2002

 

ТЕРЕК
(Жаш терек кыйылып, отко жаңылды.)

Жылтылдап жалбырактарың,
Булутка жакын,
Сен элең…

Жемишин жеген,
Жешинче…
Бул жерге жакын,
Мен элем…
08. 09. 2001

 

ТООС
(Убакыт болсо, дайыма барып көрүп турганды каалайм. Тоос кушун да ажайып бир кооздукка бөлөп жараткан жаратылыштын кереметине таң калам.)

Сулуулукту сунган экен табигат,
Көлдүн, көктүн өңүн кошуп өзүңө.

Күн желеси күлүп сени айланып,
Күлкүсүнөн саймалаптыр денеңди.

Бириндетип төбөңдөгү таажыңды,
Тал-тал болгон канаттарың жайылтып,
Ааламдагы болгон түскө оронуп
Мени карап турганың бир кубантты!
04. 04. 2004

МЕН
(Орто жаштагы киши. Коңшулаш жашайт окшойбуз. Дайыма маңдайымдан чыгат. Ким бирөөнө мени окшотобу, жолумдан чыккан сайын жылуу жүз менен тигиле, бул ким эле дегенсип карап калат.)

Чөпкө эркелеп,
Тоолор батып көзүнө,
Күндү ээрчитип, түндү такыр унутуп,
Кыялдана жаныңыздан өткөн — мен.

Көпкөк, жашыл дарыялар агылган,
Агымында ташкындаган бир добуш…
Түшүн эстеп, жаныңыздан өткөн — мен.

Сол ийнине башын ийип жылмая,
Бир жигиттин элесине чөмүлүп,
Кыйгач тиктеп, жаныңыздан өткөн — мен.

Жашы отузда. Жактырганы андан көп,
Жаздай жашыл көйнөк кийип үстүнө,
Жай баракат, жаныңыздан өткөн — мен.
25. 04. 2000

 

КОЁН
(Бир жакка кеткенимди пайдаланып, коёнумду союп коюшуптур.)

Төрөлдүң эле жазда.
Өмүрүң — төрт ай экен.
Тор темир үйүң эле,
Калыптыр, ичи бошоп…
Чыныдагы сууң ичилбей,
Тоголонуп жатат сабизиң.
***
Боз коёнум, сенин
Этиң бышты казанда.
Баккан элем,
Кантип жейм?
Сулуулук менен ишенич —
Айланбайт тамакка!
Азапка гана, азапка…
10. 07. 1990

 

ҮШҮГӨНДӨ
(Муздак, караңгы үйгө от жаксам, бул үч жаныбар пайда болуп калышты.)

Көпөлөк,
Чиркей,
Кыркаяк!

Ушул от…
Бизди жылытты,
Өмүр да жылып өтүүдө.
Ушул от…
Берди жарыгын,
Жарык да улам өчүүдө.

Бир түндө
Бирге чогулдук,
Биргебиз,
Азыр биргебиз.
А бирок,
Бирден-бирденбиз…
19. 02. 2003

 

ЖОЛ
(Бир караан көрүнбөгөн жол менен биринчи жолу өтүп бара жатканда.)

Созулган, узун жолсуң сен,
Из таштап бүгүн баратам…

Кайрылып баары өткөндүр,
Кайрылбай бирөө кеткендир…

Көтөрүп жалгыз жаздыгын,
Чыгышка бирөө көчкөндүр…

Жөлөк бол, жалгыздар өтсө,
Көз жашы болсо, аарчып кой…

Ырымды чачтым, боюңа
Ылайым, аман болгун, Жол

19. 03. 2004

 

ЭРКЕЛЕТҮҮ
(Сүрөт тартпай, обон созбой, ыр жазбай, эч бир жерде иштебей, ата да, эне да болбой, наристе болуп төрөлгөн боюнча калып калган замандаштарыбыз бар арабызда.)

Жөндөп кийим кийсе албаган,
Жөнөкөйүм.
Көк бетине уча албаган,
Көпөлөгүм.

Үн чыгарбай, жерден чыккан
Суудайым,
Желге учкан, жүндөн дагы
Жумшагым.

Күн төрөгөн, Күн-баладай

Жомогумсуң.

Бул ырымдын, түбөлүктүү

Коногусуң!..

15. 03. 2003

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.