Айжаркын Эргешова: “Сен мага маяк кылчы,же болбосо…”

МЭЭР ЫРЛАРЫ…
***
Сапар тарттым биздин ааламга,
Канат байлап үмүт кыялдан.
Ушул жолдо далай жаш төккөм…
Жан дүйнөмдү жеген кыяндан,

Көрбөсө деп жүзүм басынган,
Душман достон качып жашынгам.
Ыйлап турса дагы жүрөгүм,
Жагалдангам кийип жашылдан.

Чагылышат көздөр кусалуу,
Айтпайм сага эмне көргөнүм.
Бизге гана тааныш, белгилүү,
Ый.., кубанчы ушул бөлмөнүн…

Дасторкондо наны апаңдын,
Темир тосот Айдын шооласын..
Буурул бөлмө, муздак дубалдар,
Кусалантат тоолор, жоогазын…

Унчукпайсың, мен да унчукпайм,
Ийиниңе жөлөп башымды.
Сезесиңби, балким сезбейсиң.
Кандай бакыт сага ашыгуу…

Карегиңде бүркүт отурат,
Кайрылбаган али канаты.
А мендечи алсыз көгүчкөн,
Дале айыкпай жүргөн жарааты…

Кандай бакыт сага ашыгуу…

 

***
Үнүңдөгү куса сенин,
Мага өтөт бириндеп.
Мурда дүйнө термелбечү,
Азыр баары дирилдек…

Сен да, мен да жөлөк туткан,
Сырга шерик Ай жылат.
Алоо дейсиң, алоо дейм,
анан недир үн сынат…

Дымыйт аалам, үшкүрүк бир,
тып деп тамат жүрөктөн.
Эки жакта эки күйүт,
Дартка даба табат ким..?

Мурда дүйнө термелбечү….

 

* * *
Сиз экөөбүз чогуу жүргөн ал күндөр,
Падышасы болчу айдын, жылдардын.
Жардам берсе Сизге бийлик мени жок,
Өзүмдү-өзүм жегенден мен кыйналдым.

Алсыз болуу аялга эле жарашат,
Сиздигиңден тая көрбө, кымбатым.
Аягына чыгуу эмес өмүрдүн,
Эки жакта куса менен күн батуу.

Келет күндөр сагынычтан айыккан,
Дил тынчтанаар, тынчтанбаска айла жок…
Жылмайсаңыз эстеп эссиз жоругум,
Мен жылмаям жаш кездеги Сизди ойлоп

Дил тынчтанаар.., андан башка айла жок…
Тек жылмаям баягы-ы бир кечти ойлоп…

 

* * *
Карегим көрбөсө экен карегиңди,
Качанкы мен жоготкон жаз түнөгөн.
Колуңа колум тийип кетпесе экен,
Үшүктө бир жылынар от тилеген…

Демиңди алыс калган жалыны бар,
Жашоого көнүп калгам ысыгы жок,
Ааламга жетелебе жок, жок, жок, жок…
Жарк эткен чагылгандын үзүмү көп.

Барагой, тынч жашоомо бүлүк салба,
Өзүмдү араң араң өзгөрткөнмүн.
Көп жылдар ырын ырдап бир көктөмдүн…
Торгойдой безеленди өзөктөгү үн.

 

БҮГҮНКҮ КАР

Калдаңдаган аппак бүртүктөр,
Качанкы бир эски тааныштай,
Көзгө тартат өткөн өмүрдү,
Кайгысы жок жүргөн жабыкпай…

Аппак карда Айды жамынып,
Улуу Тоолор караан болчу эле…
Кокус бизди көрсө тааныштар,
Көрмөксөнгө салып койчу эле.

Кайыңдардын айтпа уяңын,
Кар жоолугун аяр чүмкөнчү,
Апам үйдө.., өжөр Кашка Суу,
Муз алдынан бизге сүйлөнчү,

Изибизди жаап жашырчу,
Тоо шамалы сырдаш жеңедей,
Картаң дөбөт сени көрсө да,
Кепесинде жатчу кенебей…

Кеткиң келбей улам кылчактап,
Терезе алды калчу тапталып…
Кайра барып ошол кечтерге
Айткым келди сага “КЕЧ ЖАРЫК!”

* * *
Эл дебей, эрөөн дебей башты байлап,
Багынгым келип жүрөт өзүңүзгө,
Баш ийбес шариятка, кудайыңа,
Бир улуу сүйүү күтүп ушул күздө.

Келиң «СИЗ», өзүм батпай өз дүйнөмө,
Делбиреп тосуп алам түн оогондо.
Агай ов! Ай төгүлөт көздөрүмдөн,
Нуру өчпөс жылдыз түнөп жүрөгүмдө.

Карылуу кучагыңыз алсыратып,
Жибимден бермет болуп үзүлөйүн,
Эркиндик бир сайрандап алсын кургур,
Унутуп аял арын, дүйнө көйүн.

 

БИР ЖАЗДЫН ЫРЫ

Кош болгула гүлдөр көркөмдүү,
Силер мага көп эш болдуңар.
Сумсайганда дүйнөм, шаң берип,
суз короону көрктөп койдуңар.

Таңдар атаар эми мени жок,
Түшүнө албай пенде жашоосун.
Ордум кайда гүлдөр, айтсаңар..,
Жанымдагы адам не чоочун,.?

Бир нуктагы эки жээкпиз…
Биригүүгө агым жол бербейт.
Бирибиз жаз, күзбүз бирибиз..,
Кыш менен жай дилди мекендейт.

Айды сүйөм.., а ал булутту.
Жылдыздардын жапкан жанарын,
Караңгылык жакын жанына,
Мен Күнү жок муздап барамын

Тумчуктурган оор жымжырттык,
Үйдө экөөбүз, бирок жан жоктой.
Уктаса бир сезим дилдирек..,
Койсом дейм такыр ойготпой.

Эңседи эле жардын кандайын..?
Талкаладым мүмкүн тилегин…
Кыя жолдор азыр жан-жагым.
Тагдыр дагы сынайт билемин

Жарты тилек, жалгыз үмүттү,
Шам кылам да чыгам сапарга…
Кош болгула гүлдөр ээси жок,
Сугарылбас эми жатаарда…

 

БАЛАЛЫКТАГЫ ЖАЗ

Буурул түн жымжырттыкка чөгүп үнсүз,
Буюккан ойлор болуп жан шеригим.
Даба издеп балалыктан дилиме суз,
Эскерем жаркын жазын бала кездин.

Оо жазым, анда өзгөчө келээр элең,
Шөкүлөң аппак кардан, жашыл көйнөк.
Байчечек бүчүлөрүң ысык көзгө,
Муздарды ээритчүсүң жээк бойлоп.

Дал биздей тентек элең, баёо элең,
Мажүрүм чачтарыңды жел тарачу.
Бүчүрдөн сөйкө тагып экиленсең,
Көктөгү булут токтоп жалт карачу.

Ыйлачу аппак булут ашыктыктан,
Чагылган каттар келчү көктү тилип..
Кусалуу үшкүрүктү жалын бүрккөн,
Тоотпой суйсалчусуң менменсинип.

Түрлөнтүп көйнөгүңдү тоо гүлүнөн,
Атырың жийде жыты баш айлантчу,
Күмүш үн тентек булак бото көздүү,
Демиңден нукка батпай туйлап акчу.

Сага окшош жапжаш кетик ай аскадан,
Жарк күлүп. Жылдыздардын ажарычы,
Дилине өзүң ышкы тартуулаган,
Ырдачу жүрөк сырын тоолук ырчы.

Азгыраар шылтоо таппай энекесин,
Боз үйдө беш көкүл кыз селт деп алчу.
Албырып жал-жал карап жаш жеңесин.
Ак шамда чака кармап сууга барчу.

Келчү эмес белең Жазым күйүп – жанып,
Бейкүнөө, койнуң толо күмүш күлкү.
Адамдар шайыр болчу ушунчалык,
Ак чөлмөк уктатпачу айлуу түндү.

…жүрөгүм азыр түндөй кап – караңгы,
Жап-жаш ай, аппак чөлмөк жетпей жүр бу…

* * *
Тымызын сагынам. Тымызын,
ичимди бир жалын куйкалайт.
Сендеги өктөмдүк, мендеги
муңайган сезимди уйпалап…

Тымызын жалынам. Тымызын
аманың, тынчтыгың тилеймин.
Карегим жаштайм да кусадан,
кабарың, абалың билбеймин.

Тымызын жабыгып. Тымызын,
сүрөтүң акмалап караймын.
Ууртуңда күн турса кубанам,
кырчылам суз тартса кабагың.

Качандыр кыш кечин мас кылган,
жытымды эстесең болгону.
Сен менин канатым дилдеги,
аялуу аятым ойдогу…

Жаштыгым – бир жазга жашынган,
жоогазын талааны кар басты.
алакан табында түн калып..,
күкүктө күйүттөн тил катты…

 

* * *
Көзүңдү жаз күлкүсү жашап жүргөн.
Көрүүнү буйрубаса болмок экен.
Кыш түнүн, шаар отун бизге күбө,
Мен эми алкап өтөм, жектеп өтөм…

Капилет жолукпасак экен жолдон,
Каректи кайда катам куса жүргөн,
Кол берип, же кете албай ары карап.
Мен не дейм, сен дейсиң билбейм, билбейм…

Каралдым, жаңырыгы жаштык кездин…
Карегиң картын сыйрып жараатымдын…
Теректей шыңга боюң термелбес эх,
А бирок менин ыйлап алаарым чын…

 

* * *
Түн карасын жамынып ийнибизге,
Айды шамдай карманып жүрөгүбүз.
Паана кылып эски үйдүн дубал түбүн,
өбүшүүдөн ак.., балким, күнөөлүү биз…

… күнөөлүү биз, күнөөлүү эмес сезим.
Карманганым карегиң наристедей.
Ыйык болсо бул күндөр сени эстеген,
бийик болчу жашаган сени эстебей.

Кумар көрүп көзүңдөн күлмүңдөгөн,
Билбейм ага шараппы.., түрттүмбү мен,
териштирер чамам жок. Ошол түндөн,
санаа калды жообу жок, түмөндөгөн…

Абийир соттойт, мени ойлоо сага оор,
Аялыңдын жалтанып карегинен,
Бирок билем бир сезим издейт бизди,
“Кароосуз үй, тоо түбү” дарегинен…

 

* * *
Тыңшап туруп дабышын кош жүрөктүн.
Курдук дегем сезимдин мунарасын.
Кантип унутам ошондо чачымды улам,
Оңдоп, чачкан шамалдын убарасын.

Февралдын муңайым жумшак түнү,
Сенден, менден бир бүтүн жасап аалам,
Картаң дубал экөөбүз пааналаган,
эриндердин үнүнөн чочуп улам…

Мен пендемин, пендеден да аялмын,

Бир сезимди аздектеген бир өмүр.

Күнөө дебей туу тутканым сезимди,

Ошол менин алсыздыгым, түгөнгүр…

Оюм, санаам, дүйнөм баары ушу азыр,
Уят деген улуу отко жагылып,
Ошентсе да баш көтөрүп айтаарым,
Менде калган сезим таза, аты улук…

Ошол менин бийиктигим бир өмүр,
Ошол менин алсыздыгым, түгөнгүр…

 

* * *
Сен мага маяк кылчы, же болбосо..,
Капылет селт эттирип адашып чал.
Жабыркап жүргөн дилди караңгыдан,
Адашууң көз ирмемге жарык кылар.

Сен мага келбе атайын, жолукпа да,
А бирок жолу бирге жолоочу бол,
Тааныба ызалантып, караба эч,
Ошол күн дил сыздаткан майрам болоор…

Сен мени сагынбагын мурдагыдай…
Кусадар дилге убал, жанга убал.
Биз жүргөн жолду басты сапсары чөп,
Алды жар.., туңгуюкка сезим кулаар.

Сен көксүн, мен да көкмүн кылчайбайбыз,
Көндүң сен жүрөгүңдү сууруп салып,
Сүргүнгө өкүм кылып өзүмдү-өзүм…
Мен көндүм башка ааламга кетип калып …

А бирок, көңүл карып, өмүр карып…
(Эски күндөлүк)

 

* * *
Кеттим бүгүн качанкы бир учурга,
Жүрөгүмдү бошотуп байлоосунан.
Эртең сени узатат башка бирөө,
Эртең сага жолугат башка адам.

Эриниңди эрдиме төшөп алып,
Акыл эстен акырын өчөт жарык…
Отургузам байкатпай өзүмө да,
Сезимиңден бир тал түп көчөт алып.

Жаз өмүрүн жарыкка алып келген,
Күнөө балким тек гана көксөө дешим,
Бүгүн биздин чогуудур бир түндүк жол,
Бар суранарым.., намысың өкчөбөлсүн.

Күнөө чыгаар болгону көксөө дешим…

 

* * *
Сезимим кароол кылып калтырдым да,
Жүзүмдү көрбөсүн деп уят бүрккөн,
Көзүмдү көрбөсүн деп тилек күткөн,
Жанжаза жүрөгүмө бийлик кылып,
Аялдын адебине каршы түткөн,
Мен сенден кеттим түндү шерик кылып…

 

ЖОКТОО

Бала кезде болчу баары жөнөкөй.
Ишенчүбүз таң атат деп, чыгат күн.
Эч бир сөзү, талашы жок туйчубуз,
Атам үйдүн көтөрөөрүн түндүгүн…

Үшүп калсак, же улуулар сабаса,
Апам гана жылыта алчу, болушчу…
Шүүдүрүмдөн сөйкө таккан камышы,
Жоктойм эңсеп суу жээгинде конушту…

А азырчы баары татаал бүдөмүк.
Билбейм кимге кандай сөздү сүйлөштү.
Айткан кебим кайра өзүмө жаа болуп,
Канча жолу жүрөгүмдө Күн өчтү.
.
Кечиргиле түшүнө албай койдум эч,
Сыягы мен эрте, балким кеч келдим.
Бул жашоого баары татаал тополоң,
Көнө албадым, келбейт недир өзгөргүм.

Калгым келет күндөй таза булганбас,
Таштандыга тийсе тийген нур бойдон.
Кабыл алаар белең барсам ушу азыр,
Суу жээгинде конуш дилде жоктолгон…

Калгым келет күндөй таза, булганбас
Таштандыга тийсе тийген нур бойдон.

 

* * *
Сен өпсөң аалам кошо дир деп алып,
Жүрөктүн кагуусунан жер дүңгүрөйт.
Тамырым сел жүргөндөй солкулдайт да,
Ай тийген эринимде гүл үлбүрөйт…

Карашың карегимди жарга түртүп,
Жөлөнөт жыгылуудан кирпигиме…
Колумду туңгуюкта мойнуңа артам,
Кургуйга кулап барат аалам, дене…

Кан жолдор, деңиз талаа, тоолор баары,
Сен турган жерден бүтүп калган өңдүү.
Карманып сени гана турам азыр,
Оодарып кетпейин деп Күндү, Жерди.

 

***
Уруксатпы бир төгүлүп ыйлоого,
Жаз экөөбүз жашык анан, тагдырлаш,
Уруксатпы карегиңде түнөөгө,
Батаар дейм бир үзүм жаз, тамчы жаш…

Уруксатпы сага айтпай сүйүүгө,
Сүйүлүүгө анткени кеч, кеч эми…
Уруксатпы кайтарууга карааның,
Карааныма зар болду эле нечени…

Уруксатпы кызганууга ичимден,
Бирок аны билбегениң дурустур…
Уруксатпы өрттөнүүгө унчукпай,
Ушу азыр алты айлам куруп тур…

 

* * *
“Жар көчкөндөй жашооң деги курусун”,
деп күрсүнөт кейиши көп жүрөгүм.
Дилим жарты, көңүл жалгыз бул кезде,
Сен кай жакта, кандай алда жүрөсүн..?

Сен да мени эстейсиңби каралдым,
Кабагыңа түшүп куса көлөкө,
Мендей көк бет жолуктубу жолуңдан,
Жан жүрөгүн арнай албас бөлөккө..?

Сен жакта да жалбырактар жамгырдын,
Тамчыларын шуру кылып тагабы..?
Ай нурунан сууга түшкөн көпүрө,
Сага дале мурдагыдай жагабы?

Окшобос ээ, шамалы тоо желине,
Шыбак жытын, улар үнүн ташыган..?
Ыйлаак булут жер кезеби жай таппай,
Туругу жок турмушуна жашыган..?

Жазда суулар чулдурашып чуркайбы,
Зор бактысын кең талаага жар салып..?
Бирге баскан жолдор азыр сумсайды,
Биз жолуккан күндөр азыр тул калып…

“Жар көчкөндөй жашооң деги курусун”..,
деп күрсүнөт кейиши көп жүрөгүм…
Сени жок бул жашоону жек көрөм да,
Сен бир жерде жүргөн үчүн сүйөмүн…

***

Жытым калды, жытың калды каралдым,
Каңылжаарды өрдөп өтөөр сыр болуп.
Үнүм калды, үнүң калды кумарлуу,
Жүрөктөрдө жүрөөр мукам ыр болуп.

Колум калды, колуң калды сылаган,
Чачымда из, жүрөгүмдө жук болуп.
Эрдиң калды, эрдим калды өрт чалган,
Узун түндө сагынаарбыз бук болуп…

Көзүң калды, көзүм калды тиктеген,
Куса түнөп, арман сүртүп, от бүркүп.
Жүрсөң керек жүрөгүңдү, жүзүңдү,
Мен көрө элек бир келинге өптүрүп…

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.