Айжаркын Эргешова: “Жоголгон Ай”, “Аял намысы” ( Аңгемелер)

Жоголгон Ай

Капчыгайды тең бөлүп аккан көк кашка тоо дайрасы чоң арыктын суусундай чакан болгону менен агымы өктөм. Тим эле алдырган асылзатын издеп алда кайда күйүп-бышып бараткан доочудай албуут, жер солкулдата сойлоп бараткан ажыдаардай окторулуп сүрдүү.
– Бирөө келатабы? – дедиң ак жуумал жүзүң ай жарыгына кылая элеңдеп.
– Ким болмок эле, суунун шары…
– Ии – деп койдуң ичтен тына улутунуп. Айдын нуру алтын теңгедей жылтылдап агым менен кошо агып жатты.
– Нурканым, мен сени алып кетейин.
– Каякка?
– Апама келин кылып – «Аялдыкка алып кетейин» деген сөз тилимдин учуна келсе да, айтканга даай албадым. Кол жеткистей туюлган асылзатым, сен бул сөздөн алда канча бийик, алда канча ыйыктай сезилдиң.
– Апаңыз мени келин кылбасын билесиз да. Жигит киши жөн эле сөзгө байланганда эмне. Мен боору бүтүн, баштуу үй-бүлөгө тең эмесмин.
– Нурканым, ал эмне дегениң? Кандай тең эмессиң? Апама айтам, көрөсүн го, ал көнөт. Мен чоңоюп калдым, апам кимди келин кылып, кимди келин кылбасын чечкенге алым жетет – дедим куру намыска алдыра алсыз көкүрөк кагып. Бирок, тээ дил тереңинде апам көнө койбосун сезип сынып да турдум. Сен муңдуу жылмайдың.
– Убара болбоң, өзүңүз эле сынып каласыз, апам…
Нурканым тамагына бирдеме туруп калгандай кебинин акырын жута кардыкты.
– Мен эмне апаң менен жашамак белем…- Чынында бул сөзүм сенин чарасыз армандуу кебетең аргамды курутуп жибергендеги жан далбасым, ички кыйкырыгым болчу…
– Анан эмне апамды үйдөн чыгарбай байлап кой дейсизби? Жаш баланын кебин айтасыз да, Бегаалы аке. Апам тойдо отуруш керекпи, керек, балалуу болсок бешик алып барыш керекпи, керек – Нурканым «балалуу болсок» деген сөздү ушундай бир башкача жылуу илеп, ошол эле учурда кол жеткис тилегин айтып жаткандай армандуу ыргак менен айтты. Ичимден кан өтүп кеткендей ысып чыкты.
– Нурканым, сен макулсуңбу? Сен макулмун дечи, калганын мага кой. – Бул жолу сенден айрылуудан көрө, апамды кандай болбосун көндүрүүнү, айла калбаганда сени жетелеп баш ооган жакка кетүүнү артык көрдүм. «Көнбөсө, асылымды колдон алам да, бет келди тентип кетем». Ушул ойго бел байлай шерденип алдым.
– Оор милдетти мойнуңузга албаганыңыз оң. Мен эмне, мен куруюн, кем таалай экем. – Карегиңе келе калган мөлтүр тамчыны кичинекей колдоруң менен сүртө шуу үшкүрдүң. Колдоруңду коомай кармадым. Кара жумуштан колдорун катып, шуудурап кургап, чарт-чарт тилинип туурулуп кетиптир. Ушул кичинекей колдор кимдин гана тиричилигин кылбады, жалтаң караган карагат каректериң канча жолу уу сөз, ачуу тилден жашка чайылып, кирпигиң сууланды. Эсимде, бир тутам ичке белиң сынып кетчүдөй кайыша ийилип, желкеңдеги кош чака илинген бакандар салаңдаган эки буттай назик ийиндериңди майыштыра артылып минип суу ташып жүргөнүңдү көргөн сайын ичим сыйрылчу, бирок жардам бергенге кудуретим жетчү эмес. Ал тургай балдар башыңа кыктын майдасын чачып качып, кыздар чачыңды тартып, саныңдан чымчылап келекелеп жатканын көрүп туруп да болуша алчу эмесмин. Абдан ичим сыйрылып, карап турганга ичим түтпөй өзөгүм өрттөнө басып кетчүмүн. Ичимдеги бир күч сага жакын барууга тыюу салып кармап турчу. Бул эмне экенин анда аңдай алчу эмесмин, көрсө намыстанчу экем. Бир жолу тегирменге баратсам сен да ийиниңе кап артып, чакага буудай көтөрүп алган кичинекей иниң этегиңден кармап алып экөөң ээрчишип бара жатыпсыңар. Каптын оорлугунан чайпала, кадамдарыңды тез-тез, кыска-кыска шилтейсиң. Көтөрүшкөнгө ичимдеги бир тыюу жол бербей, бирок кантип кайышканыңды, эриндериңди тиштей жаның кыйналганын карап да тура албай тез бастырып өтүп кеттим. Бурулушка жете бергенде, оболу иниң ачуу, кыска чаңырды да, анан сенин басыңкы, «тийбең балага! Коё бериң, кап жыртылат» деген үнүң угулду. Эрктен тыш тык токтодум.
– Кабыңды урганым барбы. Алтүндө барам чыгасыңбы? – деди аржай корулдаган үн.
– Коё бериң дейм – дедиң сен ыйламсырай. Кантип жетип барганымды билбейм. Касым алкаштын уулу Арсен тебелтип кетчүдөй атка омуроолотуп, каптын бурчун мычкый кармап, кап менен кошо сени дегдетип жатат. Сенин ошондогу жонуңдагы жандуудай туйлаган кап менен кошо сенделип, ат менен кошо тегеренип, бозала чаң болгон иниң этегиңе ороло чырылдап, жерде бая иниң көтөрүп келаткан буудай чачылып жатканы азыр да көз алдымда. Кантип жетип барып Арсенди камчы менен төбө талаштыра тартып жибергенимди билбей калдым. Арсен капты коё берип, саамга эмне болуп кеткенин түшүнбөй, кан жая берген чекесин басып селдейе түштү. Сен болсо дале капка жармашып, анан каптын күүсү менен жыгылып кеттиң. Жыгылып баратып да «инимди басып калбасам экен» дегендей абайлай этегиңе оролгон ининди аёоолоп кача берээрде жыртык кепичиң ташка тайгалана чалкаңан кеттиң. Иниң чырылдап үстүңө түшө калды.
– Эже, туруң, кеттик – Балапандай чыйпылдаган иниң канатын калкалай сени тургузууга далбастап, сен болсо бир колуң менен иниңди кучактай, бир колуң менен дагы капка асылдың. Кап куду сени башкарып алгандай, каптан айрылсаң эле бирдеме болуп кетчүдөй капка жармаштын ошондо. Ушунун баары бир ирмемде болуп өттү. Эсине келе түшкөн Арсен мага атырылды.
– Энеңди, кыпчак. Жиндилер сага жакын болуп калдыбы?
– Эркексиңби өзүңө тең келип, сага алы жеткен күчтүүгө асыл. Жетимдерди не кордойсуң? – Ушул сөздү айтаарын айтып алып, сага «жетим деген сөз катуу тийди го» деген ойдо сени жалт карадым. Жамгырдан кийинки карагаттай жаш чайыган каректериң менен ушундай бир армандуу да, ыраазы боло да карап турупсуң.
– Жетим демиш болуп кууланбай эле кой. Жиндинин кызына кызыксаң ачык эле айт, көрүнгөндүн эшигин сагалаган тентимиш канчык баарыбызга жетет. – деди табалай. Арсендин артында, ага бетмаңдай турган сенин жүзүңдү манаттай кызыл ыраң чайып, анын күржүйгөн далысын тешип кетчүдөй заар көз менен жек көрө, бирок алсыз бир карадың да капты кыйраңдай көтөрүп шарт бурула басып кеттиң. Ошондо ыйык көргөн нерсеме сөз тийгендей ичиркене Арсенди жакадан алдым.
– Экинчи Нурканымдын жанынан көрсөм Жумабай акеме айтып бычтырып коём – дедим тумшугуна тумшук такай энтигип. Ооздук чайнаган аттар да тиреше энтигип турду.
Жумабай акем балбандыгы, оттон-суудан тартпаган өжөрлүгү, чаар баш чырлыгы менен биздин эле өрөөн тургай, тиги Кызыл-Шородогу Төөлөстөргө, Көк-Белдеги Байыштарга чейин дайын болгон жигит. Анын кара кылды как жарган, ак сүйлөгөн калыстыгы, акылдуулугу, ичип алса да бирөөгө бейчеки асылбаган адилеттиги үчүн баары сыйлачу. Арсен дароо кыйпычыктай жойпуланды.
– Куп дедик, үка, куп дедик.
Ошол ошо болду айылдын баары мени сага жармаштырышты да калды. Ал тургай бир жолу апам;
– Сен эмне тиги Майраш жиндинин кызына көңүлдөнүп жүрөсүңбү? Суйкайган өңүнө кызыкпа балам, жиндилик тукум кууйт. – деди өтө маанилүү ишти эскертип жаткандай олуттуу.
– Нурканым жинди эмес, – дедим да, андан ашык каршылык көрсөткөнгө, сенин таламыңды талашканга эрким жетпей чыга качтым. Ошондогу бетимдин дуулдаганы ай! Бирок, ошондон кийин эч ким сага тийише албай калды. Ошондон көп өтпөй Жумабай акем экөөбүз улакта кездешип калдык. Ал мени четке чакырганда «Бул да сөгөт го» деп чочулай атымдын оозун жыя кармап, арсар бастырып бардым.
– Ассолоому алейкум – деди ал жайдары. Улуу адамдан мурун салам айтпаганыма уялып, шаша кол сундум. – Кандай үкам?
– Жакшы –дедим жер тиктей.
– Не жер карайсың? Азаматсың! Нурканым сулууга бирөө тийишсе мага айт. Сен катын ушакка кулак салба үка, биз эркекпиз. Андан көрө мобу жерди ук, зарделүү бол, биз деген кан тукумубуз – деди көкүрөгүмө камчысын ныгыра сайып, көзүмө тик карап. Унчукпай баш ийкедим.
Азыр да Жумабай акемди бел тутуп турдум. Аңгыча ит улугандай жагымсыз кыйкырык угулду. Сен селт эте тура калып, шаша жөнөй берээрде колдон алдым.
– Нүкү, мен апамды жиберем, макулбу?
– Мен барайын, апам чыгып алган тура… – Сен этегиңе от жармашкандай аптыга, сөзүмө жооп кайтарбай колуңду сууруп алып алдастай чуркадың. Чуркап баратып бир токтоп, бирдеме айтчудай кыйыла бергенде жанагы жапайы үн кайра кайталанып, эрбеңдеген карааның дал сенин турмушуңдай кооптуу караңгылыкка сиңип кетти. Ошол бойдон мен сени кайра көргөн жокмун Нурканым! Ошол түнү боюн сууга таштаган апаңды алып чыгам деп кошо агып кетипсиң, асылзатым! Ошондо сен сүйгөн кызгалдак гүлдөгөн, биз бойлогон албуут Көккашка суу күкүктөп кирген көктөм эле.
Анан да ошол түнү Ай тутулду. Көрсө, жердеги ай жоголгон экен.
Жоголгон айым, мен сени дагы эле унуткан жокмун. Табылчудай суу бойлой бир кыш, бир жаз, бир жай издедим. Апаңды табышты, сени таба алган жокпуз, менин жоголгон айым…
Эл издебей калганда да мен издедим, дагы эле издеп жүрөм. Жок дегенде жоолугуң, же бир пай бут кийимиң табылсачы…

***

АЯЛ НАМЫСЫ

Тоо боорундагы чакан айылдын ичи уу-дуу. Айрыкча ушак десе жанын берип жантыгынан жата калган кеби көп катындарга Кудай берип салды.
– Шерменде, тиги балбан баланын арбагын сыйлабайбы жок дегенде. Кантип баш көтөрүп басат десең эми?
– Ой ошону айтсаң. Тиги сельсовет бала да балекет экен тымпыйып алып.
– Ал эмне, эркек да, тиги сулуу неме жылмаңдап азгырса барса барып койгондур.
– Баса, сельсовет баланын кудалап койгон кызы тийбейм дептир.
– Тийбейм дебей эле сельсовет бала тиги шермендени алып үйүнөн чыгып кетиптир.
– Койчу ботом, үйлөнбөгөн неме жубан алып жин тийген го?!
– Койбой-этпей эле кечинде буюм-тайымын алып чыгып баратканын көзүм менен көрдүм. Тиги шерменде болсо кыйратып салгансып айбыгып койбой башын көтөрүп менсине басып барып сельсовет баланын машинесине отурду.
– Ой, өлүгүңдү көрөйүн бети жок, жаш баланын гүлгүн өмүрүн кор кылат эми.
– Жаш бала болбой калсын, качанкы карт бойдок. Калыя кичүү андан керек болсо.
– Ой, кичүү болсо да бир эр көргөн, экини тууган жубан дейт аны.
Нурукан менен Үрүнсанын кызуу талашын жолдон өтүп бараткан Керим бузду.
– Ой, Нурукан жеңе, мен да сени алып кетип калбайынбы, ыя? Калп эле Калыянын кылыгын жактырбаган болгон менен ичиң күйүп эле жатат ээ? Карачы, жаап жаткан наның да күйүп кетти,-деди аттын капталына кыйшая берип.
– Апей, күйүп кеттиби?! – Аял шаша тандырын карап алып, наны жайында экенинин көрүп анан кайра Керимге асылды:
– Аа байкуш, сенин колуңдан антип аял кадырын көтөрүп алуу келсе тиги Шайлоокан байкуштун көзүнөн көк-ала кетпей жүрөт беле? Башканы коюп аялыңдын кадырына жетип алчы,-деди шакылдап. Керим кепке жыгылдыбы, же буларга айла жок экен дедиби, кепти ырбатпай түздөнө бастырып кетти.
***
Чөлдүн кызы (райондун кыздарын тоолуктар чөлдүн кызы деп коюшчу) Калыя бул айылга он алты жашында келин болуп келди. Онду жаңы бүткөн жаш кыздын тагдырын илгертен катташып жүргөн чоң аталары эле чечип, Калыя өмүрлөшү менен көшөгөдөн таанышты. Күйөө болчу бала деле балапан түгү түшө элек боз бала экен.
– Кел, отур,-деди күйөө тик турган келинчегине даап бара албай, адам бою болуп салынган төшөктүн четине коомай отуруп жатып.
– Ушундай эле турам,-деди кыз калчылдап.
– Жеңелер шаштырат го,-деди күйөө ансайын нымтырап. Күйөө болчу эркектин өзүнөн өтүп калчылдаганы кызды шердентип жибердиби:
– Шаштырса милдетиңди аткарасың да,-деди кургак. Ошентип эч кандай сезими жок эле экөө милдетин аткарышты.
Калыя тың келин чыкты. Көп сүйлөбөгөн момун, бирок, улак тартыш, ат чабыш десе жантыгынан жата калган Нурмаматтын үзүлгөнүн улап, чачылганын жыйнап, экөө беш-алты жылда бутуна туруп, өзү теңдүүлөрдүн алды болуп мал-жан, үй күтүп калышты. Карыган кайнатасы менен кайненесинин кубанычында чек жок.
Эгерде Калыянын жүрөгүнө чок салган бир адам капыстан жашоосуна аралашпаса, булардын жай турмушу өз нугу менен ага бермек.
Калыя жайыттан келген уйларын саап кирип келе жатып күйөөсү менен сүйлөшүп турган узун бойлуу бейтааныш жигитти көрдү. Кең далылуу, бүркүт кабак, чап жаак, тармал чач жигит көзүнө башка ааламдан келгендей көрүндү.
– Тиги сени менен сүйлөшүп турган жигит ким?-деди күйөөсү кирээри менен.
– Экөөбүз чогуу окуганбыз. – Нурмаматтын үнүндө сыймык, ошол эле учурда алда кандай кусалык бар эле.
– Кайдан чогуу окуп жүрөсүңөр?
– Мектепте да. Анан бул окууга кетти, мени атамдар жибербей койду,-деди күйөөсү өкүтү бардай ойлуу. Калыя күйөөсүнүн бирдемеге серпилип кейигенин азыр көрүшү. Таң калды.
– Окуусун бүтүп келиптирби?-деди негедир ал тууралуу билгиси келип.
– Бүткөнүнө эки жыл болду, тээ райондо иштеп жүргөн, эми биздин айылга сельсовет болуп келиптир.
Жана күндүз кийиз кылган жерде аялдардын “жаңы сельсовет келиптир” деп эле талкуулап жатышканын угуп маани берген эмес. “Жаңы сельсовет ушул экен де” деди алда неден жүрөгү өрөпкүп.
Бир күнү эле күйөөсү:
– Калыя, тиги Мунарбекти чайга чакырып койбойлубу?-деди акырын.
– Мунарбегиң ким эле?
– Менин сельсовет досумчу. Чакырбасак уят го, ары дос, ары сельсовет да болуп келди деп элдин баары чакырып сыйлап атыптыр. Бирок, келеби, жокпу билбейм,-деди арсар.
– Эмнеге келбейт?
– Жумуш болсо кеңседен сүйлөшөлү деп бир-эки сыйдан кийин эле чакырган жерлерге барбай коюптур,-деди арасат. “Акылдуу, таза жигит экен” деди Калыя ичинен.
– А сен сельсовет эмес, дос катары чакырып жатам деп айт.
– Ии, ошентейин ээ?-деди Нурмамат кубанып. Ошол эле күнү кечинде Мунарбек булардын эшигин аттады. Боюнун узунунан улам эңкейип кирип келе жаткан жигиттин караанын көрөөрү менен Калыя апкаарып кетти.
– Келгиле,-деди келин ыйбаа менен конокко жол бошото берип.
– Саламатсызбы, бул аяш го ээ, Нуке?-деди ал жаркырай күлүп кол берип жатып. Колдору ушунчалык жумшак, ысык экен.
– Ии аяшың, аты Калыя. – Нурмамат жетине албай шашкалактап тааныштырды. Алар түн оогончо отурушту. Калыя ошол түндөгүдөй жыргап чер жаза сүйлөшкөн эмес. Тиги экөө го эски достор, айылдаш классташ, а Калыяга эмне болгонун өзү түшүнө албады, түшүнүүнү деле каалаган жок. Ал Мунарбекти куду бала кезден билгендей. Мобу бакырайган оттуу көздөрдү эс тартканы сагынып жүргөндөй. Жигиттин сөздөрү ушунчалык жөнөкөй, түшүнүктүү, эски ырдын кайрыгындай кулакка жагымдуу.
– Мен эми чыгайын,-деди Мунарбек бир кезде негедир Нурмаматты эмес, Калыяны карап.
– Апей, тез элеби? – Бул сөз оозунан кантип чыгып кеткенин келин аңдабай калды.
– Таң атып келе жатат, балдарды да кыйнап койдук окшойт,-деди Мунар келинди сыдыра карап.
– Ии, чын эле…
Келин ар жерде томурайып уктап калган эки уулун эми көрдү. Калыя балдарын жаткырып келгенде Мунарды Нурмамат узатып чыгып кеткен экен. Эми эле толуп турган үйдүн ичи келинге аябай суз, кунарсыз көрүндү. Ошол ошо болду, Калыя бирдемесин жоготкон жандай элеңдеп алда нени издегени издеген. Бирок, кашайып эмнени издегенин, бу жүрөк кургур эмне эле коңултуктап сыздай берээрин билбей шорлоду. Кез-кез жалдырама тийгенсип телмирген аялын Нурмамат да байкап “бир жериң ооруп жүрөбү?” деп сурап калчу болду. Ооба дейин десе, дени-карды соо, жок дейин десе, көңүлү алда неге түпөйүл тартып, жүрөгүнүн бир жери сыздайт да турат.
Кечке маал сууга барган Калыя ат дүбүртүнөн чочуп жолдон чыга берди.
– Саламатсызбы аяш? – Артынан келген Мунарбек жаркырай саламдашты. Калыя жигиттин от чачкан көздөрүн көрөөрү менен өзүнүн көптөн берки дартын дароо түшүндү. Көрсө, ушул көздөр менен ооруп жүргөн тура. Түшүнөөрүн түшүнүп алып кубанып да, ошол эле убакта өкүнүч менен армандан жүрөгү сыйрылып кайышып да кетти.
– Саламатчылык,-деди жигитти тике карай албай.
– Кандайсыңар, аяш, Нурмамат, балдар жакшыбы?-деди Мунар ойдологон аты менен келинди жандай бастырып.
– Жакшы,-деди келин карегине кылгырган жашты байкатпай серпип.
– Эмне маанайыңыз жоктой? – Мунарбек ат жалына эңкейе берип сурады.
– Мен куруюн, жүрөм. Келбей койдуңуз го,-деди акырын.
– Бир күнү өтөм, аяш,-деди Мунарбек келинден көз албай күлүмсүрөп. Аңгыча бирөө келип учурашып Мунарбек алаксып калды, келин басып кетти.
Ошол күздө Нурмамат аттан жыгылып ооруканага жатып калбаса баары ичте кала берет беле, ким билет.
Мунарбектин атасы уулунун сельсовет болуп келгенине арнап чоң улак берди. Алманбет аксакал айыл карыларын чогултуп алып “уулума батаңарды бергиле, айланайындар! Силердин батаңар менен жалгызымдын уулдарына да улак берип калгым бардыр” деди карыя кубанчынан толкунданып. Баары жакшы башталган. Улак бүтө жаздап марага аз калганда алдыда чаап бараткан атчандын аты тоңкочук атып кетти. Атчандар ийриле берип баары жыгылган атчанга үймөлөктөштү. Алманбет барганда аттан жыгылган улакчыны четке алып чыгып жаткырып, баары коркконунан элейип калышкан экен.
– Ким?-деди Алманбет каргылдана.
– Нурмамат балбан…
– Тез айылдык доктурду чакырып, Мунардын машинеси менен районго алып жөнөгүлө!-деди карыя өктөм.
Нурмамат алты ай кыймылсыз жатты. Өзүн күнөөкөр сезген Мунарбек тээ борборго чейин алып барып да даба таппады. “Жүлүн жанчылып, боору эзилип кеткен. Көпкө жашабайт, жашаса да майып болуп калат” дешти доктурлар ачык эле. Нурмамат балбан жаз алдында каза болду. Нурмаматтын атасынын “бул Кудайдын кылганы” деп каршы болгонуна карабай өлгөндүн бүт каадасын Мунарбек көтөрдү. Мына, андан бери бир жыл өтүптүр. Бүгүн Нурмаматтын жылдыгы, акыркы жолу эскеришет, анан жакындары гана, айрыкча кан жуткан апасы шордуу эстебесе, баарынын күйүтүн топурак суутат. Калыянын карасын чечип ак кийгизишти. Төркүндөрү кетээрде апасы Калыяны башка үйгө чакырып алып:
– Кетесиңби же жаш жаныңды курман кылып ушул айылда каласыңбы өзүң чеч,-деди көзүн жоолук учу менен аарчып.
– Апа, ал эмне дегениңиз? Эки баланы кантем, ушулар тага журтуна батабы? Кимге түрткүнчүк кылам?-деди ый аралаш.
– Мен да энемин, сен балдарыңды ойлосоң мен да баламды ойлоп жатам. Эми гана жыйырма бешке чыктың, кулунум,-деди энеси каргылдана.
– Эмне кыл дейсиз, апа, кантип тиги жер таянып калган абышканы, кан жуткан кемпирди жалдыратып таштап кетем? Жарамды жаңыртпаңызчы, апа, маңдайга жазганын көрөөрмүн,-деди эрдин кырча тиштеп. Апасы унчукпай кайыша жер тиктеп тунжурады. Калыя тумчуга сыртка атып чыкты. Чыгып келе жатып кайненеси менен беттеше түштү.
– Кем болбо, айланайын, сөөгүм ыраазы,-деди кемпир калчылдап. Эшиктин алдында акмалап турган экен шордуу.
– Үйгө кириңиз, апа,-деди Калыя кайненесин колтуктай. Ошол учурда ары жактан Мунарбек басып келди.
– Аяш эне, аяш, кайрат кылгыла. Нурмаматтын балдарын адам кылуу менин мойнумда,-деди ишенимдүү.
– Нурмаматым өлгөн менен силердей достору өлбөптүр, кем болбо, айланайын,-деди кемпир оор үшкүрүп. Калыя менен кемпирди бир тарабынан жөлөй берген Мунарбектин көздөрү саамга чагылышты. Келин жүрөк дарты унутулбай эле убактылуу сөнө түшкөнүн баягыдай от чачпай муңайым тарткан мобу сулуу көздөрдү карап туруп дили эңшериле туйду.

Калыя Нурмаматтын кадырын билбей жүргөн экен. Кыштын узун түнүндө үшүп жатып жалгыздыктан жүрөгү сыздайт. Капырай, ушул кезге чейин кыштын мындай суук болоорун билбептир. Эми бир аз үшүгөн буту жылып көзү жумулуп бараткан Калыя уулунун онтогонунан безге сайгандай атып турду. Жанына жетип барса Жолболдунун эти тим эле от менен жалын болуп жатыптыр. Эмне кылаарын билбей дагы бир жолу жалгыздыкты жон тери менен сезип айласы куруй түштү. Таң агарганча “ичим” деп чабалактаган уулу чыдай алгыдай эмес. Кыялына биринчи эле Мунарбек келди. Караңгыны жирей этегин үзө басып дуулдап чуркап жөнөдү. Мунарлардын короосуна жеткенде гана торпоктой ажаан ити түнү бош жүрөөрүн эстей токтоп калды да, анан барып чөнтөк телефон эсине келди. “Келесоо болбосом уулумду жалгыз таштап чуркабай үйдөн эле чалбаймынбы” деди өзүн жемелеп. Уулунун оорусу бир чети коркутса, бир чети Мунарды көрүүгө шылтоо болуп ашыкканын ичинен мойнуна алып турду. Калыя “уктап жатса алаар бекен” деп ойлогон, негедир Мунарбек телефонун дароо алды.
– Алоо,-деди куду уктабагандай ачык коңур үн менен.
– Кечирип коюңуз, аяш, Жолболду ысытмалап “ичим” деп чыдабай жатат. Үйүңүзгө барсам итиңиз бош экен…-деди баш-аламан.
– Мен үйдө эмесмин, азыр бир саатта барып калам. Доктурга алып баралы, даяр болуп тургула,-деди Мунар жумшак. Калыянын дилин “түн катып кайда жүрөт?” деген күдүк ой тырмап өттү. Чын эле бир сааттан өтүп-өтпөй Мунар жетип келди. Калыя жүрөккө тааныш машиненин үнүн дароо таанып чуркап чыкты. Мунар машинеден шашып түштү да:
– Даярсыңарбы?-деди учурашкан соң.
– Азыр көтөрүп чыгайын. – Калыя үшүппү же коркуппу, айтор, калтыраган үнүнө ээ боло албай жатты.
– Сен керектүү нерселериңди алып машинеге отура бер, баланы мен көтөрүп чыгам,-деди Мунар мээрим менен. Калыя машинеге отуруп жатып алдыда бирөө отурганын көрүп чочуп кетти.
– Саламатсызбы?-деди алдыда отурган караан назик үн менен.
– Саламатчылык.. – Калыя “сен кимсин?” деп сурап жибере жаздап барып араң карманды. Караандын жайылган чачы менен караңгыда агарган жүзү гана элес-булас көрүнүп турду. Аңгыча Жолболдуну көтөрүп чыккан Мунар Калыя отурган эшиктен баланы алып кирип:
– Баланын башын алдыңа коюп жаткырып ал,-деди камкор. Анан рулга отуруп жатып алдыдагы кызга:
– Жибек, бул менин аяшым Калыя, таанышып алгыла,-деди акырын.
– Ии, сиз тууралуу Мунар көп айтат. Кыжаалат болбоңуз, уулуңуз жакшы болуп кетет,-деди кыз коңгуроодой үнү менен. “Айтылбай куруюн мен, эмнемди айтат” деп ойлоду жүрөгү бырчаланган Калыя. Калыянын унчукпай койгонуна ыңгайсыздандыбы, Мунарбек:
– Калыя, эмне дымың чыкпай калды?-деди күзгүдөн келиндин көзүнө карап. Калыянын кирпигиндеги бир тамчы жаш караңгыда күмүштөй жылтылдап туруптур. Экөөнүн көзү чагылыша түштү. Негедир ортону тунжураган жымжырттык ээлеп, баары унчукпай баратышты. Анда-санда гана баланын онтогону, Калыянын “чыда, аз калды, уулум” деген жумшак жалынычы угулат.
Жолболдуну дароо эле операцияга алып кирип кетишти. Сокур ичегиси жарылып кетээрине аз калган экен.
– Аяш, силер бара бергиле, мен уулумдун чыгышын күтөм,-деди Калыя Мунарбек менен Жибекти тик карабай.
– Бара бергени эмнеси, чогуу күтөбүз ээ, Жибек?-деди Мунарбек Жибекти эркелете карап. Кыз музоо кирпик карагат көздөрүн жоодурата элпек баш ийкеди. Солкулдаган ичке боюна жайылган чачы, бир тутам бели, ак жүзү жарашкан сулуу жан экен. Калыя көөдөнү өрттөнө алсыз жылмайган болду.
– Жибектин үйүндөгүлөр санааркабайбы?-деди Калыя кыздын чоо-жайын билмекке сыр алдырбай.
– Алар мени жакшы таанышат, бул биздин биринчи жоголуп кетүүбүз эмес,-деди Мунарбек кыздын белинен имере жумшак кучактап. Калыя ушу азыр жүрөгү жарылып кетпегенине таң калды.
– Той качан?- деди келин эрдин тиштегилей күлүмсүрөгөн болуп.
– Жибек окуусун бүтсүн деп күтүп жүрөм,-деди Мунарбек кыздан көз албай бактылуу жылмайып.
Калыя ооруканадан өзү ооруп жатып чыккандай шапайып арыктап, көзү ичине кире керсары тартып келди. Бир жерди тиктесе сааттап жалдырап отура берген келинине кайненеси да унчуга албай көз жашын этеги менен сүртө ичтен улутунат.
Шарп болгон уйларын дарылап чыга берген Калыя сарайга кирип келе жаткан Мунарбек менен сүзүшүп кете жаздады.
– Кандайсыз, аяш?-деди Мунарбек дем алганы угулган жакын жерден.
– Жакшы, өзүңүз кандайсыз? – Канчалык карманса да келиндин үнү каргылдана тизелери титиреп кетти.
– Эмне уйларыңыз шарп болгонун айткан жоксуз, ветеринар жиберет элем го. Учурашайын деп кире калсам жоксуз. Мында экениңизди аяш энем айтты,- деди келинди жандай басып.
– Уйдун дарты кеп болбой калды, аяш,-деди Калыя ашып-ташкан ички дартын батыра албай.
– Эмне болду?-деди Мунарбек үрпөйө.
– Айттым койдум да… – Келин эрдин тиштегилей энтикти. Мунарбек дагы бирдеме десе эле баа деп жарылгыдай.
– Калыя, бирдемеден кыйналсаң айт, мен…
– Эмне сиз? Сиз Кудай белеңиз менин каалоомду орундатып ийгидей. Көрдүм, татынакай кызыңыз бар экен, үйлөнүп, мени тынч коюңуз. Эмне кемсинтесиз, эмне байкамаксан болуп жанымды ансайын өгөөлөйсүз? – Калыя колундагы дары куюлган чаканы ыргытып жиберип бет келди басып кетти. Мунарбек чуркап бараткан келинди карап туруп “ушул ойду жаныма жолотпой жүрбөдүм беле” деп ичтен сыза ойлонду.
Жаз жайга өтүп аалам толукшуп келатты. Айылды тең бөлүп аккан чакан тоо суусунан эшик алдындагы арыкка суу жыкканы келген Калыя жээкте чым оодарып жаткан.
– Иш илгери болсун!-деди тааныш үн. Мунарбек экенин карай электе келиндин кусадар жүрөгү дароо тааныды.
– Илгерилетмек сизден болсун!-деди Калыя бурула берип жаркырай күлүп.
Мунарбек аттан ыргып түшүп келиндин колунан кетменин ала күлүп жиберди.
– Ушинтип эле күлүп жүрчү, аяш, сага күлгөн жарашат экен,-деди жетине албай.
– Бүгүн күлө турган күнүм.
– Жайчылык элеби?
– Нурмаматсыз калган эки жыл аралыгында туулган күнүмдү белгилей элек элем. Бүгүн арыкка суу буруп алып ылай кылып короонун ураган жерлерин жамап, эшик алдын тазалап, кир жууп өзүмдү куттуктайын деп жатам.
– Туулган күндө иш кылчу беле, майрамдайт да,-деди Мунарбек келинди колдон ала.
– Мага майрамды ким коюптур. Андай нерсени унутканым качан?
– Калыя, сен азыр үйүңө барып кийинип алып тиги автобус кайткан аялдамага кел, мен күтүп турам. Экөөбүз районго барып сенин туулган күнүңдү белгилеп келебиз.
– Эл эмне дейт?
– Аяшы экөө кетиптир дейт, бол эми.
Калыя өмүрүндө мынчалык ашыккан эместир. Суроолуу тигилген кайненесине да жарытылуу эч нерсе айтпай чыгып кетти. Ошол күнкү жолдун кыскалыгын, убакыттын учкулдугун айтпа. Келин өмүрүндө биринчи жолу бүгүн эркектин колунан гүл алды. Кучагындагы өзүнөн чоң букет, жандай басып жаркылдаган Мунарбек, баары түштөй сезилди.
– Калыя, оболу туулган күндүн урматына кичине бирдеме сеп этели, ээ?- деди Мунарбек келинди машинеден түшүрүп жатып. Ээрчише баскан экөө жасалгалуу кафеге киришти.
– Эмне ичели, аракпы, коньякпы?-деди Мунарбек келинди тигиле карап.
– Мен ичип көргөн эмесмин, өзүңүзгө караңыз, аяш,-деди Калыя акырын.
– Анда аз-аздан вино ичели.
Алар кафеден чыкканда кеч кирип калган экен. Калыянын күлкүсү, сүйлөгүсү эле келип көкүрөгү өрөпкүй делбиреп, бирок, эмне айтаарын билбей апкаарыйт. Экөө сүйлөшөөр сөзү калбагандай унчугушпай келе жатышты. Бир кезде бирдеме тарс этти да, машине кыйч эте кыйшайып барып жол четине чыга берди. Коркуп кеткен Калыя кыйкырып жиберди.
– Коркпо, дөңгөлөк эле жарылды,-деди Мунарбек артта отурган келинге бурула берип. Калыя бетин баскан бойдон калчылдай баш көтөргөн жок. Мунарбек келин тарапка өтүп эшикти ача колдон алды. Калыя жапайы эликтей титиреп туруптур.
– Кантет, ошого да ушунча коркот бекен?-деди келинди ийинден кучактай берип.
– Бирдеме болсо кепке калмакпыз, өмүр бою бетим кара болмок,-деди Калыя калчылдап.
– Мен сени кепке калтырбайм, коркпо. – Мунарбек Калыяны карады. Каректери капкара болуп балбылдаган келин корккондо ансайын сулуу болуп кетиптир.
– Сулуу экениңди айтышты беле?-деди Мунарбек келинден көз албай. Калыя кармана албай кетти. Ал кантип өзүн карап турган Мунарбекке бой таштай өпкүлөп жибергенин сезбей калды. Мунарбек келинди так көтөрө машинеден ары басып кетти. Жол жээгиндеги бадал арасы көз көрүп турган кереметке ынангандай жай ыргала бирде тез, бирде жай кыймылдап жатты. Энтиккен дем, чопулдаган эрин үнү гана угулган кечки ымыртта таттуу шыбыр шамал менен акактап талаа кезип кетти.
– Зарыктырдың го, азапка салдың го жанымды,-деди Калыя дирилдеп.
– Кечирип кой, Калыя, минтпешим керек эле, кечир, периштем.
– Мен ыраазымын, ушул бойдон жолукпасаң да ыраазымын, кымбатым.
Ошол түндөн баштап Мунарбек үчүн азап башталды. Кучагы кумарлуу келинге барбай коюуга кудурет эрки жетпей, барып келгендин эртеси периштедей Жибектин көзүн карай албай жанчылды. Жибек экөөнүн арасы өзүнөн-өзү сууп баратты. Калыя менен Мунарбек жолуккан ар бир түндө “ушул акыркысы” деп сөз бекитишет, куду акыркы жолу жолугуп жаткандай эрин каната өбүшүп, келиндин сүт тепкен ак балтырлары, ичке бели жигиттин карылуу кучагында акыркы жолу болуп жаткандай жан берип жан алып туйлайт. Бирок, эртеси эле кайра эңсеткен кумар экөөнү буулуктуруп, жигитти келинге, келинди жигитке азгырат да турат.
– Мунар, сен келбей койчу, мен сенден баш тарта алгыдай эмесмин. Сенин кучагыңда туруп көз алдыма Жибектин турпаты тартылат. Бир чети күйүп, бир чети күнөөм жанымды өгөөлөп жоголуп кетмей болдум. Убалыңарга калбайын,- деди келин Мунардын кең көөдөнүнө башын жөлөп.
– Сен ыраазы болсоң болду. Макул, чын эле ушул акыркы түн болсун, Какин.
– Мен ыраазымын, эки дүйнө ыраазымын,- деди келин жигиттин салмагынан кыңкыстай таттуу онтоп. Жүрөк жарып кетчүдөй чыңалткан дене кумарынан бири-бирине сиңип, чырмалып жаткан экөө жарк эткен жарыктан чочуп кетишти.
– Жалап!-деди ачуу чаңырык. Мунарбек оболу эмне болуп кеткенин түшүнгөн жок. Калыя жарык жандырган ким экенин да карабай төшөккө чүмкөндү. Бүрүшкөн келиндин үстүн кумтулаган Мунарбек эркектик кылып баш көтөрдү. Бет алдында Калыянын бир ата өткөн абысыны, Мунарбектин алысыраак жеңелери Сайран туруптур.
– Эмне болду, жеңе, жайчылыкпы?-деди Мунарбек уяты жүзүн өрттөп баратса да сыр алдырбай.
– Апей, эмне болду деп сурап коёсуз да, уул. Кайсы бетиңиз менен досуңуздун төшөгүн тебелеп, шуркуянын койнунда жатасыз? Эл караган бетибизди жер караттыңыз, уул.
– Жеңе, сиз неге жер карайсыз? Бул менин жеке жашоом, ким менен жатсам өз эрким.
Сайран сөз уккудай эмес, ажылдап атайын чуу көтөрүп Калыяга жулунду. Мунарбек сен уялбасан мен уялат белем дегендей энеден туума боюнча тигини каратып коюп ордунан туруп кийине баштады. Сайран:
– Апий бетим, буларда уят-сыйыт калбаптыр, кокуй жеңе, балбан бала өлбөй калсын,-деп кемпир-чал жаткан үйгө жүгүрдү.
– Тур, кийин, эч нерсени ойлонбо, шаарга алып кетем,-деди Мунар бүрүшүп ыйлап жаткан Калыяны бооруна кыса шоркурата жыттап.
Мунарбек чыгып баратып чарпаяда отурган аяш атасын көрдү.
– Аяш ата, иттик менден кетти, Калыяда айып жок. Кандай жаза буйрусаңыз тартайын, эмне деп сөксөңүз угайын,-деди баш көтөрбөй.
– Не дейин, балам, досуңдун төшөгүн тебелебесең болот эле, болоору болуп боёсу каныптыр. Бейтаалайда эмне, жаш калган күнөөсү эле болбосо. Эми досуңдан калган жесирди башка тебелеп, жат бирөө алганча өзүн жүзүн ач,-деди кайыша.
– Калыяны кор кылбайм, аяш ата, неберелериңизди адам кылуу акыреттик карызым.
Аңгыча ичкериден жулунган Сайрандын боз ала болгон байбичесин жетелеп чыгып келе жатканын көргөн карыя аялды сүйлөтө койбой:
– Биз ыраазыбыз, сен киришпе, балам, кемпир, кир үйгө,-деди да этегин кагып туруп кетти. Сайран абышкасынын артынан кирип бараткан кемпирге же короодон чыгып бараткан Мунарбекке сүйлөөрүн билбей оозу жарым ачылган бойдон кала берди. Үч күндөн кийин Мунарбек Калыяны шаарга көчүрүп кетти.
ххх
Андан бери арадан беш жыл өттү.
Сырттагы сөрүдө Калыя менен Мунарбек бүгүн чын эле акыркы жолу сүйлөшүп отурушту.
– Мен сага ыраазымын, Мунар, чанда бир жигит сен барчу кадамга бара алат. Билип эле жүрөм, Жибекти унута албай койдуң. Кечээ Жибекке жолуктум, ал да сени күтүп турмушка чыкпай жүрөт. Убалыңарга калбайын, бар, ал сени кечирет,-деди Калыя.
– Калыя…
– Унчукпа. Мен сага эки дүйнө ыраазымын. Ааламда менчелик бактылуу аял жок чыгаар.. Балдар чоңоюп калышты, жумушум бар, биз эми эч нерсе болбойбуз. Кийимдериңди камдап койгом, менин бир аз ишим бар эле, барып келейин. Аман бол, кымбатым, коштошконду жаман көрөм,-деди да Мунарбекти мойнунан шоркурата жыттап алып туруп кетти. Экөө тең эми кайра жолукпасын ич-ичинен сезишти.
(Аягы)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.