Жылдызча: “Сөөлжан”( Эссе)

ЖЫЛДЫЗЧА -Венера Бөлөкбаева

“Жүрөгүмдө” китебинен алынды, 2005-жылы жарыкка чыккан)

СӨӨЛЖАН
(Эссе)

— Табигат сага жашоону Жер-эненин чекесине, топурактын арасына берген экен…
Өмүрүмдүн жамгыр жааган күндөрүндө сага көп жолуктум. Ийилип-иймейип, кээде керилип-чоюлуп-тартылып топуракка оронуп жатканыңды көрөм.
Көзүң кайда?…
Кулагың кайда?..
Оозуң кайда?..
Сурай албайм. Бирок сени көргөн сайын сүйлөй берем. Эң жакшыларыма айтчу сөздү сага да айтам, “байкушум”, “барсыңбы-жаша”, “жашооң жагымдуу болсо экен”дейм. Унчукпасыңды билип туруп эле , сага сүйлөй берем же укканың билинбейт. Карасам, караганың да билинбейт.
… мени Жараткан… — сени да Жараткан… Жараткандын балдарыбыз, экөөбүз тууганбыз, Сөөлжан! Топурак ичинде топурак жеп жашагандардан сени эле тааныйт экенмин, Сөөлжан-тууганым. Төбөсүнө бизди көтөрүп турган Жер-эненин бүт ички сырын билген бир гана сен болсоң керек?..
Жер-энебиз кээде силкинип-булкуп-жулкунуп алат эмеспи? Жер үстүндөгүлөргө таарынычыдыр же биз билбеген жеке арманынын жарылып турушубу?
Жер менен жаның бирге жашоо болгон үчүн, баарына ортоктош болуп, сен да кошо коюнунда силкинип-булкуп-жулкунасыңбы?!? Назик жаның Жер-эненин андайларына кантип чыдайт болду экен!? Жылан, чычкан, курт-кумурскалардай сыртта да жашооң болуп чыгып кетсең го!! Ийнедей эле сөөгүң болсо да жакшы болмок.

Жибектей жумшак сенин алдыңда, баскан буттары, тиштеген тиштери, соймоңдогон тилдери бар: адам менен айбанаттар, канат каккан канаттуулар, секирип баскан бакалар, боору менен чимириле сойлогон жыландардын арманы болбостур!!
Топурак коюнундагы жа-а-ай жашооң дагы эмнелерден турат болду экен? Канчасы каалаганыңдай? Эмнесине нааразы болуп, эмнесине ыраазы болдуң экен?..
Менин топурак үстүндөгү жашоомбу?
Мээрим, Сулуулук, Уйку, Сагыныч, Сүйүү, Күлкү, Ыза, Ый, Күтүү, Үмүт, Кумар, Кыял, Санаа, Унутуу, Эстөө, Табуу, Жоготуу, Таарынуу, Жазылуу, Ооруу, Айыгуулардан турат. Булардын баары чын эле бардыр менде, же кээ бири жоктур. Өзүм деле так билбейм…
Жарымы жагат, жарымы жакпайт. Жактырсам да, жактырбасам да, бир убакта баарынан бирдей ажырап калып анан кайсыл бир жактарга кетээримди билем…
Сени көрсөм эле, менден эба-а-ак кеткен бала кезимдин суз, муздак күндөрүнүн дагы бири эске түшөт. Ошол күндөн сени аягам, ушул күнгө чейин аяп келет экенмин…
Кача албаганың үчүн аяйм, баса албаганың үчүн андан бетер эзилем…

Ал мезгилде “Чычкан” деген капчыгайдагы Өйүш-Булак деген кооз жер болчу. Өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуу жайында элек. Күндүн нурун бизге жеткирбей, тоолор менен карагайлар тосуп алышчу. Төрт өспүрүм эс алуу жайынан качып чыктык. Күндү көрүп, күнгө кактанып жаткыбыз келсе керек эле. Бирок, биз шаркыраган суу жээгине келип, кызыл-тазыл таштарга кызыгып кетип чогулта баштадык. Бизге түркүн даамдуу тамактарды жасап берчү кары кишиге жалындата от жагып берген жаш жигит сени кайрымагынын учуна илип алып сууга салганы жатыптыр. Ийрейип илинүү экенсиң…
Биз: экөөбүз сени аяп, берки эки курбубуз сени “жейм” деп кайырмакка илинип чыкчу балыкты аяп… Бир чыркырап, чурулдап алганбыз.
От жаккан жигитке гана баары бир болду, “боору бүтүн, бөтөгөсү толук” дечү беле…
Бир аз убакыт өтпөй эле, сени жутуп-жутпаган абалда кайырмактын учуна илинип кичинекей балык чыкты. Жашоосу жалаң сууда болгон балык байкуш дагы сендей болуп үн чыгара албайт эмеспи, үшкүрүгү да угулбайт…

Үн чыгарбай, үшкүрүктү да катып жашоонун оорчулугун биз силердей билбестирбиз!
Ушундай, Сөөлжан… Сага салыштырмалуу алп болуп турам. Бирок жүрөгүм алп эмес. Жүрөгүм кичинекей эле. Ушул кичинекей жүрөктө сен да жашап жүрөсүң, ” жүрөккө баарын көтөрүп жүрүш кыйын экен, кысылат, ооруйт”деп сени деле унутайын дегем.
Бирок жүрөгүмдүн босогосун аттагандардын бири да артка кайткан жок. Жүрө бер — Жүрөгүмдө!..

2000-жыл.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.