Адабий сынак 35 Аңгеме

35

Үч жесир
(аңгеме)

Алар абдан бактылуу болчу. Ата менен апа бир уул, бир кызды жакшы тарбиялашкан. Анан кызы улуу болгондуктан аны өз колдору менен турмушка узатышты. “Жакшы адамдардын кызы жаман болобу?”… “Энесин көрүп, кызын ал”-дегендей, “силердей жерден куда- сөөк күтсөк, арманыбыз жок”-дегендер, булардын эшигин жыртып жиберишти. Акыры бешене буюруп, кыз дагы алыс кеткен жок. Бир айылдын, жакынкы көчөсүнө эле түштү. Барган жер жаман эмес, көргөн-өскөн, айылга кадыр барктуу эле немелер. Күйөө да жакшы чыкты. Кыз болсо,“этегинен жалгап”, уулдун артынан кыздарды жарык дүйнөгө алып келип,эки үй-бүлө наристенин жытына магдырап эле калышты. Анан кыздын инисин үйлөштү. Колуктуну деле алыстан издешкен жок.Айылдагылар бири-бирин жакшы билет да. Тээ кыйладан бери көз салып жүргөн кызга сөйкө салышты. Каадасы менен чоң той жасашты. Элдин айтымында дегеле бул өрөөндө мындай чоң той болгон эмес экен.
Келинде да айып жок. Ыпылдап, дегеле жаны тынч албаган, мээнеткеч чыкты. Жылдызы жанып. “ата”, “апалап”эле турат. Ата менен апа болсо ушунусуна каниет кылып, жаратканга жалынып, эртели кеч дубаларынан жазбайт. Баталарын беришет. Неберелерин жыттап, алардын бактылуу балалыгына маашыркашат.
Алар бактылуу жашап жатышкан. Заман өзгөрүп, элдин баары жумушсуз калды. Колунан эмне келсе, ошону жасап,тиричилик улана берди. Айылдагылардын кыйласы сыртка кетти. Кыздын дагы, анын күйөөсүнүн дагы жакшы иши бар эле. Бирок, кыскарууга туш болушту. Жумушсуз калышты. Баланын да жумушу оорлошуп олтуруп, акыры ал дагы кыскарууга туш болду. Алар атасы менен апасына кеңешке келишти. Неси болсо да, алар жакшы адамдын тарбиясын алышкан да. Башканын колун карап олтуруп алууну туура көрүшкөн жок.
– Балдарыбыз чоңоюп келе жатышат.Биз дагы сыртка чыгып, иштейли. Минтип ишсиз жүрө берсек,болбоочудай.-деди, кызы.
– Сага эмне бар, аял башың менен. Күйөөң барсын-деди,ата дароо эле каршы чыгып.Бир жагынан кызын аяды белем..
– Ата,билесиз да,күйөө балаңыз бир аз эпсизирээк. Ден соолугу да жакшы болбой жүрөт-деди, кыз,атасына жалдырай карап.
– Эжем экөөбүз бирге кетели. Чогуу иштейбиз, чогуу жүрөбүз-деди, иниси.
– Ээ,балам, сага эмне бар? Элден калышпаган оокатың бар го? Сага эмне жетпейт? Мына короодогу малдын баары сеники…-деп,ата ордунан тура калды.
– Эми короодогу мал силердики да. Аны кантип талашайын-деди, уулу нымтырай.
– Кантип биздики?Бул эмне дегениң?Ушу силерге деп термелеп, жыйнадык го. Сага. сенин балдарыңа. Апаң экөөбүзгө эмне кереги бар? “Төрүбүздөн көрүбүз жакын турат.”-деп,ата жер муштагылап жиберди.
– Анын үстүнө неберелериңер да чоңоюп баратышат. Аларды окутуш керек. Жай салуу керек…-дейт, уул дагы деле нымтырап.
– Кой балам, андай оюңдан кайт. Сенде баары жетиштүү. Бизге эч нерсенин кереги жок. Баары силердики. Балдарынды окутасыңбы, үй саласыңбы, дагы эмне кыласың?…жетет баарына-деген, ата өзүнүкүн бербей көгөрөт.
– Тим койчу, барса, барып келсин. Элден калышпайын деп жаткандыр да. Бул жакта колоктоп жүргөндөн көрө, барып келсин. Иштесе, иштеп кетээр. Иштей албаса, кайра келээр. .Анын үстүнө эжеси менен бирге барам дейт, ал дагы көз салып турат да. Кызың тың эмеспи, жетелеп жүрөөр…-деп, сөзгө аралашты, апасы.
– Ооба,апам туура айтат…экөөбуз бир жерде иштегенге аракет кылабыз. Бир квартира алабыз…-деп, кызы кубанып кетти. Апасы менен мурда кийин бул жаатта кеңешип көрбөгөнгө, ал дагы каршы чыгат деп ойлогон. Бирок, апасы негедир буларды коштоп жатканына ичи жылып кетти. Иниси да кабагын жарк эткизе, апасын жылмая карап алды. Ал башын жерге салып, “экөө тең каршы туруп алышса, бара албай калабыз го?”-деп, бушайман тартып олтурган. Эжеси экөө болсо бул маселени кыйладан бери көтөрүшүп, бир чечимге келе албай, анан акыры “бир тобокелдикке барып көрөлү. Балким, жолубуз болуп калаар”деген чечимге келишкен соң, ата-энелеринен уруксат алганы турушкан кези эле.
– Тим койгудай, бул эмне жаш балабы? Өзү айткандай балдары өзү менен тең болуп калды. Сыртта темселебей, балдарына “баш көз” болуп олтурганы эле керек мага. Эмне бул кетсе, балдарын ким “эркекче” тарбиялайт. Азыркы балдар чоң атаны эмес, өз атаны да укпай калбадыбы! Жок, барбайт…-деген ата дагы деле көгөрөт.- Ал жакка баргандар деле жыргап кеткен жок. Миңдин биринин иши жүрүшөт экен. Калгандары каңгырап эле кайра келип жатышат го? Ушул жакта эле жүрсүн-деп, ата ачуусун баса албай, туталанат.
– Эми барам деп оолугуп калышыптыр,жолдорун тоспо.Анын үстүнө эжеси экөө чогуу болсо, балким жолу болуп, иштери жакшы жүрүшүп кетээр…Ушулардай эле жигиттер,кыздар турмушун оңдоп алышты го?
– Эмне булардын турмушу начарбы? Жетишпейби? Ачка калыштыбы?
– Сөзсүз эле ачка калыш керекпи? Элдей болуп, эки кабат жай салгылары келип жаткандыр? Элдей болуп, жакшы машина мингилери келип жаткандыр?-деген,апа балдарына карап көз кыскан болду. Алар да апаларынын сөзүнө ыраазы болгондой, баш ийкегилеп коюшат.
– Эмне буларда жай жокпу. Мына турат го?!…Мындай үйгө жетпегендер канча? Машина десен,бирөө эмес,экөө турат.Көп эле ашыкча нерсеге умтула бербеш керек. Ушуга шүгүр келтир балам-деп,ата баласын жалдырай кетти. Бала болсо,башын жерге салат.
– Заман өзгөрүп жатат да. Бул үй балким буларга жакпайт,эски дешээр. Машинасы деле эскиден чыгаар. Башкалар мингенди минип, кийгенди кийип, жегенди жегилеээри келеттир. Биз эми эски көз карашта калдык да,абышка-деген, апа балдарын коштоп турду.
– Ушу силер сүйлөшүп алгансыңар го дейм? Апаңар тим эле силердин сөзүңөрдү сүйлөп калыптыр.
– Элдин баары эле кетип жатпайбы?Бир эле сенин балдарың бекен? Барса барып келе беришсин. Жаш эмес. Макулдугуңду бере бер. Андан көрө, жакшылап батаңды берсен боло?-деген,апа, абышкасына жылмая карады.
– Ээ,билгениңерди кылгылачы…азыр атаны бала, энени кыз укпай калган заман да…-деген, ата ордунан тура, сыртка чыгып кетти.
хххх хххххх
Кантсе да эже менен ини жөнөп кетишти. “Сыртка барып иштейли…сыртты да көрөлү…элдей болуп жакшы жашайлы…балдар чоңоюп келе жатышат. Алардын камын көрөлү. Эртең эле окуйм дешет. Анан үйлөнүшөт…турмушка узатып,кудаа-сөөк күтөбүз…дос жар деген бар. Азыр бардыгы акча менен чечилип калган заман. Акчаң болсо, каада көп…баркың өсөт…досуң көп…”-деген ички туюмдары менен аруу максаттарды алдыга коюп, алыска жол тартышты. “Кечки салкында жол жүргөн жакшы, тынч кетесиң”-дешип, таксинин кечки жүргөнүнө түшүштү…
Такси жолго чыкканда кыз апасына телефон чалды.
-Апа, жолго чыктык-деди,кубанычтуу.
– Ээ,кагылайындар, жолуңар шыдыр,жолдошуңар кызыр болсун! Аман-эсен көксөгөн жериңерге жетип алгыла,оомийин!-деп, апасы телефондон дагы бир ирет ак батасын берип жатты.
– Ырахмат апа, менин балдарыма да көз салып туруңуз. Билесиз, күйөө балаңыз балдарга катуу тиет. Айрыкча кызыбызга көз салыңыз. Көчөгө көп чыгарбагыла. Сабагын жакшы окусун.
– Ээ, балам, карап турам дечи. Кантсе да атасы го, атасы эле карайт. Абысындарың деле карап турушаар. Мен эми үйдөн чыга албайм го?
– Эми кезек-кезек көз салып туруңуз дегеним да…
– Ооба, ооба…кабар алып турам.
– Апа, мен сизди жакшы көрөм…
– Ии,кагылайын, “жакшы көрөм” деген сөзүңдөн сенин. Мен дагы…- апасы жашып кетти. Кызы да бул сөздү айтып алып, өзү да жашып кетти да, билиндирбей көз жашын сүртүп жаткан эле. Бул сөз ага кайдан келди, өзү да билбей калды…
– Жакшы эле баратасыңарбы?
– Жакшы…мына чоң трассага чыктык…уулуңуз уйкучу го…алдыда олтуруп баратат. Дароо эле уйкуга кирди окшойт?
– Мейли,уктай берсин…чарчагандыр да?
– Ээ,аныңыз чарчабаса деле уйкуну жакшы көрөт да…
– Мейли, кагылайын…аман- эсен жетип алгыла…тилегиңерди берсин, жараткан!… ”Тарс”…ай…кыйч-куйч…аппаа…ааа…”…-деген добуш энеге да угулуп кетти…
…Күндүзгү саат беште эже менен инини жолго узаткан ата менен апа түнкү он экиде алардын жансыз денеси салынган машинаны тосуп алышты. “Кан жолдо эки машина кагылышып, бирөөсүндө бара жаткан беш адам, экинчисиндеги бир адам каза болду…” деген жаман кабар желдей тарады.
Кыздын артында беш бала,уулдун артында үч бала чыркырап калды.Эне болсо эки баласынан бирдей ажыраганына ишене албай, дендароо болду. Эсине келе албады. Баарына өзүн күнөөлөдү. Ичинен сызды.Мууңун сыртка чыгара албай буулукту. Ичи ысып, күйүп жатты.
-Мен жуттум балдарымды…мен айыптуумун…оо,кокуй, мен кылдым баарын…эмнеге макул болдум экен аа?…-деп, жер чапчыйт.Ботодой боздойт…
Эки сөөктү катарынан алып кетишти. Эне буга чыдай алган жок. Ансыз да жер койгулап жаткан неме, балдарын алып кетип жатканда күч менен, эч кимге баш ийбей,боюн жерге бир урду.
-Мени да ала кеткиле…мени да кошуп алгыла…ой,кокуй ала кеткиле…силерсиз кантип жашайм…жаныңарга барам…силерсиз жашай албайм…-деп, бой ургандагы акыркы сөзү ушул болду…Бир күндө айыл четиндеги чоң мазарда катарынан үч бейит пайда болду….
хххх ххххх
Күндөр өтө берди.Тирүүлүк уланып жатты. Ата “балдарым”- деп, боздогону менен аларды таба ала алган жок. Өмүр шеригин жоктой-жоктой, ичинен сызды,аны да кайтара албады.Эртели кеч алардын арбагына багыштап куран окугандан башка аргасы калган жок. Жашоосу кунарсыз өтүп жатты. Кантсе да, кырк жылдай бир жаздыкка баш коюп,бири-бирине өбөк-жолок болуп калышкан эле. Дегеле, кемпирин өзүнөн мурда кетет деген ой келген эмес.Аялына ушунчалык таянып да алган экен. Анын үстүнө ушул үйдүн дөөлөтү, ырыскысы аялында экенин сезе баштады. Себеби, короодогу мал өзүнөн-өзү азая баштады. Баягы эгизден, кээде үч эм тууган койлору кысыр калды. Уйлары болсо, бири аңга тыгылып өлөт, дагы бири ичи көөп өлөт, ооруйт. Жылкыларына карышкыр тиет, же жардан учуп кетет…Мунун баарын жөнгө жооруган жок. “Дөөлөтүмдөн кол жууган турбаймынбы? Кесирлик кылган экенмин. Эки балам ак батамды алыш үчүн мандайыма келсе, эмнеге батамды аядым? Эмнеге аларга жакшы сөзүмдү айтпадым? Эмнеге аялымдын тилин албадым?-деп,ичинен кан жутту.Жесилдик башка түштү.Сыртынан карап туруп келинин аяйт. Жаш калды. Үч баланы эми кантип асырайт, кантип тарбиялайт? Келин да дартын сыртка чыгара албай, ал дагы ичинен сыздайт. Айылда иши бар эле. Ага көңүлү чаппайт. Ара-чолодо алаксыш үчүн барып жүргөн, кийин таптакыр барбай койду. Жумушун таштады. Үйдө да кабагы ачылбайт. Күйөөсүн “ушинтип эле жүрө бересиңби? Күн өтүп жатат. Балдар чоңое баштады. Эртең эле мектепти аякташат. Анан аларды шаарга окутуш керек. Азыр билесиң бардык жерде контракт. Акча чогултуш керек. Сыртка барып иштеп кел, биз дагы башкалардай жашайлы…-деп, тукурганын эстейт. Айыпты өзүнө алат. “Эгер мен аны түрткүлөбөгөндө ушул жерде эле жүрмөк да…”-деп, сыздайт, боздойт.
– Мен эркек болбой куруйун!!!Аялымды жиберип коюп,анын тапкандарын жеп олтурам дедимби? Мен куруюн…ушундан көрө өлүп эле калсамчы…эми кандай жашоо болот? Барам десе эле жөнотө берген мен келесоо. Эмнеге жолун тосподум. Андан көро мен барайын дебейт белем. Эмне деген эркек болдум? Мен өлсөм балдарым энеси менен болушат эле го? Балдарымдын тагдыры не болот? Булар энесиз өсөбү? …-деп, тиги жакта күйөө бала сыздайт…Кантсе да, сыздаган, боздогон, кан жуткан күндөр зымырап өтө берди. Заматта түгөйлөрүнөн, өмүр шерик катары эш туткан адамдарынан ажыраган үч жесир үч жерде томсорот.
– “Өлгөндүн өз шору ” дейт, эми алардын артынан кете албасак…жашоо улана берет экен…кой, мен эми балдарга баш көз болойун. Мына билинбей эки жыл да өтүп кетиптир. Канаке, ый менен аларды кайтарып алганыбыз? Эки жактан тең балдар чоңоюп келе жатышат.Алар кимдин көзүн карайт?..Жат бирөөгө кызымдын төшөгүн тебелетпейин. Күйөө балам да, өз баламдай… Жашоонун нугун буралы…-деген, ата, түнү менен көкүрөгүнө сыйдырып,уктай албай,туталанып, буйдалактап жатып, тапкан оюн келини менен күйөө баласына айтыш үчүн ордунан кубанычтуу турду да, адегенде күйөө баласыныкына жөнөдү…

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.