Бегайым Нуридин: “Узун көчө…уйкулуу көз…шам чырак…”

Бегайым Нуридин

Моногамия

Күдөрүң үз, күн жүрөктө түнөп түн,
Күйүп кеткем качанкы бир бакыттан,
Күнөөм ушу күнөөң үчүн түгөттүм,
Күндөрүмдү мерчеми жок, аз ууртам.

Мени күттү, күттү күндөр бир өмүр,
Мейкининде аркы-терки басканда.
Жашоосунда жашап алып бирөөнүн,
Жүрөгүндө жашай албай жатканда.

 

ПАРАДОКС

Ачып-жумуп көздөрүмдү…уйку-соо,
Ачыштырып сөзгө муңдуу бүт демим.
Күдөрүңдө, билем, күлмүң күн күсөө,
Күтпө ,бирок, өзгөрүүмдү, күтпөгүн…

Күн төбөдө…дубал тиктеп…бой бүгө
Жүзүм каткан жууркан катпай капамды,
Жарам арбын, чочуй түшөм, ой-күнөө,
Жаратканга теңеп кетип атамды…

Багың канча?.. бир күн болуп атың жат,
Баркың менен көрктөлгөндө денең бүт.
Өлүм гана айта турчу акыйкат
“Өтө жакшы адам эле!” дегендик…

 

Комбинация

Ыр артып узакка көчтү улап,
Ызаңдын ченемин көп сынап.
Өзөккө өрт коюп жүрсөң да,
Өзгөгө канткенде көз кыят?

Көзүмө муң уюп анда да,
Көңүлүм үстөмөн аргама.
Дүйнөмдү жоготкон өмүрдө,
Дүйнөнүн кучагы тар мага.

Көөдөнүм көркүнөн жаңырып,
Көлдү мен көйнөктөй жамынып.
Өзүмдү жашырам түбүнө,
Өзүмдөн чындыкты жаңы угуп.

Бүлөнгөн турпатым түздөгөн,
Бүгүлгөн тиземе күч денем,
Кээ күндөр кучагын сагынсам,
Жээгиңди көрөйүн түштө мен.

А бирөөнүн жүрөгүнө уруп таш…
…ага да эмес…сага да эмес…өзүмө
карыздармын, бермейм эми уруксат!
Карааныңды көрсөтпөгүн ,өтүнөм.

Тагдырга эмес, сүйүүгө эмес, качанкы
карыздармын жоготулган өзүмө!..

 

ДЕҢИЗ

Көр дүйнөдө көздөр буулуп, сөз муунуп,
Көптөр жөнөйт күндү утурлай батканы.
Көңүлүмө окшоштурам негедир,
Көлөкөмдүн тебеленип жатканын.

Балалыктын баёолугун басып чаң,
Баарын турмуш өкчөп жатат тымызын.
Ойлорумда оюн салган бакыт бар,
Ошол кезден калган үчүн бир үзүм.

Балким, ичтен сүйүү кетпей эч качан,
Балким, ырлар жазбай калам өкүттүү.
Келечекте болор баары деп жашап,
Келечексиз канча жандар өтүштү…

Мүмкүн менин мүрзөмдү да каптап ыр,
Мүнөзүмдөн табаттырмын жакшылык.
Ыңаалаймын ичтен,үнсүз-жаштарым,
Ыйдын жүзүн чүмкөп алып каткырык.

Сезим үйгөн доомат сындуу унутмай,
Деңиз дүйнөм, тереңинде кең санаа.
Сага болгон мээрим мени улуктаар,
Ага болгон сүйүүм мени жеңсе да.

Мезгил- дабаа, мени бир күн улуктаар…

 

ЖҮК

Ичтен жеген ката сендик, же мендик?
Изимди улап бара жатат терең бук.
Мен өзүмдү актай алган сыяктуу,
Кудай мени актаар бекен деген жүк.

Кечир дебейм, кеч да дебейм, жок уккум,
Кемчилигим…кемчилигиң болуп муң
Арманымды кумга көмөм деп жатып,
кайра туулуп, кайра да ага жолуктум!..

Кечтерди өрттөп керемети көзүмдүн
Кечтим сенден?!.Ыккы!!! кечтим өзүмдөн!
Кыялыңда кыйнап жаткан мен эмес-
кыйла жылдар кыйрап кеткен көчүрмөм.

Бийик сезип, бийиктетип, күткөн көп
сендик күдөр күн сүрүүдө түштөрдөн,
Биздин түндүк кулабасын, кулатпа,
Биздин үмүт үзүлбөсүн, үзбөйм мен.

Биздин күндөр түгөнбөсүн, түгөтпө…

СЫРДАШУУ
Узун көчө… уйкулуу көз…шам чырак…
Мен көчөгө, көчө мага баш багып.
Терезенин ичи ичимди камчылап,
Терезенин сырты мага жапжарык.

Ушул көчө…караңгы түн…караан жок…
Улгайышты сага ийилген дарактар.
Көөдөнүңдө балким мендей жараң көп,
Көздөрүңө балким бакыт жарашпайт.

Ызгаар, муз-кар, бороон-чапкын, тирүүлүк,
Сага сырттан, мага ичтен салып чуу.
Баары үстүңдө бет каптарын кийинип,
Баарын күндө сүйрөп жөнөйт жан ышкы.

Түркүн жүрөк…түркүн дүйнө…түркүн үй…
Түркүн өмүр…ката…капа…айып…так.
Жалпыбызга бирдей, бирге бүркүп ый,
Жапыздыктын бийиктигин аныктайт.

А бул көчө…тепсеп жаман-жакшылар,
Адамдагы адамдыкка ачкалык.
Терезенин ичи -күңүрт, аттиң ай,
Терезенин сырты мага жапжарык.

Узун көчө… уйкулуу көз…шам чырак…
Мен көчөгө, көчө мага баш багып…

 

КУСАМАТ

Тагдырың үчүндүр кээде мен,
Жарлыгын жандабай турмуштун,
Жарыксыз күндөргө термелем,
Жамгырдай көнөктөйт “бир муштум”.

Сен неге катасыз, жазыксыз,
Сезимсиз, бакытсыз өңдөнүп?
Жадыңдан жадыма ташып муз
жаңырдың, жаңылдың, өлбөдүң?!.

Сен неге, жүзүң муң, ичиңде өрт,
Сендирек дүйнөңдү жашырдың?
Баарысы махабат үчүн деп,
Дарысыз кусага баш урдуң?!.

Туруксуз, тууруң сыз, жан айла,
Тутанган дүйнөңө күч чылым.
Көргүм бар, көңүлүм аяйм да,
Көмгүм бар бүт сырың, бүттү ырым.

Ич күйүт…ичкилик…анан да,
Издебе, бүттү ырым, бүт сырым…

 

ОКСИМОРОН

Ай түндө, күндүз күн күзөттө,
Асман көк, жер күрөң, чөп жашыл.
Ак болсо болгону жүрөктөр,
Ар кимдин өзүндө өз башы!

дешет го…жобосу жок бирок,
Демиңде тирүүлүк оболойт.
Же ачка, же мейли ток жүрөк,
Жеңилдим дегендер ого көп.

Ананчы…токчулук…жокчулук,
Адашкан түмөн жан багыттан,
Алар да куурчакты дос кылып,
Чыбыкты ат кылып жарышкан.

Алар да аруулап бир үйдү,
Алдейлеп бешикте термелген.
Эсине албай эч бу күндү,
Эртеңки үмүткө дем берген.

Ай түндө, күндүз күн күзөттө,
Асман көк, жер күрөң, чөп жашыл.
Ак болсо болгону жүрөктөр,
Ар кимдин өзүндө өз башы!

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.