Жылдызча : “Таш” (Эссе)

ЖЫЛДЫЗЧА- Венера Бөлөкбаева

“Көңүл” китебинен алынды.
(2008-жылы жарыкка чыккан)

Таш 

(Эссе)

Чоң көпүрөнүн үстүнөн өтүп бара жатып, алдындагы аккан сууну ар дайым эңкейип карап өтөм. Ал суу экөөбүздө кандайдыр бир жакындык бар, “окшошпуз”. Мелмилдеп да калабыз, кээде шарылдап агабыз, ылай да, туп-тунук болуп да агабыз!
Машиналардын дөңгөлөктөрүнө, эки, төрт буттуулардын тамандарына тебелетпей, алдындагы “мага окшогон сууну” калкалаган — ушул, мен көп өткөн көпүрө. Бул өйүз менен тигил өйүздү эле бириктирбестен, мурунку заман менен азыркы замандын да ортосун байланыштырып тургансыйт. Эзелкилей… Бул көпүрөнү салып кеткен аталарыбыздын маңдай тер менен курган эмгегин урматтап-сыйлагандар чыккандыр өз убагында…
Асты жагындагы сууга “бел” болуп калкалап, үстү жагындагы элге “боорун” тоскон эзелки көпүрөнүн эмгегин баалап, үнсүз даңктагансып бир жээгинде чоң кара таш “жашачу” эле. Калдайып! Көпүрөгө караан, кайтаруучу болгонсуп!
Жолду оңдоо тармагында иштегендерби же бул элге тиешелүү көпүрөнү да менчиктеп алган бир ачкөз адам пайда болгонбу? Калдайган кара ташты сай жакка тоголотушту. Томолонуп кулаган бойдон томсоруп көпүрөнүн сайында жатат. Ал күнү, асман тирегенсиген тракторду( бульдозер) дүрүлдөтүп айдап бир киши келди көпүрөнүн жээгине. Аны жандаган бир машина менен эки мурутчан киши келди. Ал кишилер жерге түшүштү, узуну мурутун, кыскасы белин кармалап тигил трактордун кыймылын карап турушту. Келгенден токтобогон трактор жанагыл чоң кара ташты сайды көздөй ала салдырып бат эле тоголотуп таштады. Баары кандай чогуу келсе, так ошондой чогулуп кетип калышты, трактор, машина, адамдар… Өзөгүмдү өйүткөн бул көрүнүшкө күбө болуу да маңдайыма жазылыптыр.
Таш… Көпүрөбүзгө күнү-түнү эрмек болуп, көркүнө көрк кошуп гана турчу эле.
Азыр мен… Жер бетиндеги чоң, кичине, деги ар кандай, таш аттуулардын баарына таазим этип турам! Жанагинтип, күчкө салып эле ийбесек…
Таштар — тегерегинде өскөн ийнедей эле чөптүн, тал-дарактын, курулган үйдүн же казылган ийиндин, көпүрөнүн, аккан суунун жанынан жарым карыш да жылып кетишпейт. Буларда кетип калуу, таштоо, жанындагысын алмаштыруу деген жок!..
Баарыбызды Жараткан улуу Жаратуучубуз ташты жаратып жатып, кайра өзү таңданып алган болуш керек!?! Туулбай жатып туруктуулугуна, бекемдигине… Ошон үчүн, “баары бир пайдаланбайсың” деп жайылып кеткенге тамыр, басканга бут, учканга канат жасап бербей койсо керек деп ойлой берем…
Мени менен кошо сизди да кейишке салган көпүрө жанындагы таш ошентип төбөсү менен сайда сайылып жатат.
Түртүлдү таш… Сырдашым да(жигит) бир жолу түртүлгөн, ал кол менен түртүлгөн. Аным акылдуу, дилине кир жолобойт, бирок, дагы эле айласыз момун, токтоо. Автокырсыкка кабылгандан бери таяк менен басат. Бир жолу, алты саны аман таанышы ачуусун сырдашымдан чыгарып тоголото түртүп жиберген. Ортого түшө калып, сырдашымды калкалап, жыгылтпай алып калууга жараган эмесмин. Боз-ала чаң болуп жатып калгандан кийин тургузганым кеч эле…
Сырдашымды жарым жан кылган кырсыкты, тигил чоң муштумдууну деле күнөөлөгөнүм кеч. Кырсык — билинбей келип, ачуу — оңой менен токтобойт эмеспи…
Менин колумдан эмнеге эч нерсе келбейт? Жок дегенде тоголонуп, жыгылып бараткандарды да сактай албайм, качан керекке жарайм?
Оймо-сайма болгон ойлорум менен баарын кыйратам: ачкаларды тойгузам, жыгылгандарды тургузам, сынгандарды бүтөйм, ажырагандарды бириктирем, бактысыздарды бактылуу кылам…

2000-жыл.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.