Адабий сынак 43 Аңгеме
43
Топурак
(аңгеме)
Убакыт дегенин закымдап эле учуп турат ээ.Эртең менен эле таңды тоскондой болду эле эми минтип жаздыкка башын койгон Аманат бүгүнкү күндүн жыйынтыгын чыгарды.Жарытылуу деле иш бүтүрбөптүр.Күндүн өткөнүнө эмнесине кейийт жылдар дагы чууруп өтүп жатпайбы.
Жаздык.Жаздык кандай жумшак.А бирок жаздыкка башты коёр замат уктап кетсең гана. Бүтпөгөн ойлор , бүтпөгөн санаалар.Аманатты бүдөмүк келечеги бушайман кылып, ойлору тынч койбостон ооналактатып жатты.
Мамлекеттик университетке иштегенине жылдар айланып кетиптир.Кызыл дипломду колтугуна кысып алып университетке келгенин эстеди.Тез эле жигердүү эмгеги менен коллективге жага түшкөндүктөн декандыкка көтөрүшкөн.А бирок декан деген гана аты болбосо айлык- акыны сөз кылып болбойт.
Алгач кызыл бет болуп айылдан келишип кийин куурчактай суналган кыздар ” агай- агайлап” шынарлап чурулдап калгандары болбосо, жумушу катардагы окутуучулардын күнүндөй өтөт.
Ошондой күндөрдүн биринде Камиланы жоолуктурду. Жогорку кабатка көтөрүлгөн сайын артынан калбай ээрчип бир кыз келет, экинчи кабатка көтөрүлгөндө көп элес алган эмес, үчүнчү кабаттан байкап калып;
– Ай кыз, сен эмне эле мени ээрчип алдың?..
– Кечиресиз агай, мен сиздин жаңы студентиңиз болом, кече группалаштарга чогулуш өтүптүрсүз, айылдан бүгүн келген болчумун , – деген да уялганынан беттери кызара түшкөн. Бакыракай көздөрү , тыкан өрүлгөн чачтары, ыйбаа кылып уялганынан агайынан тиктеше калган көздөрүнөн кандайдыр сырдуу сезимдер көз ирмемде жана түшкөн.
Кечээ гана айылдан келгендей болгон Камила быйыл университетти бүтүп отурат. Төрт жыл төрт мезгил өткөндөй өтүп кетиптир. Агайы менен студенттик доордо не деген кызыктуу күндөрдү өткөрбөдү.Төрт жыл мурун Камиланы мендик болосуң деп менчиктеп алгандай болгон. Көрсө сыноолор али алдыда экен.
Жумуштан чыкканыңыздан соң панорамадан кезигелик деп Камила чалганында олуттуу сүйлөшүү болорун баамдаган эле. Турмушунда өзгөчө окуялар же кубанычтуу кабарлар болсо шаардын четиндеги панорамага барышат. Муну Аманат өзү көндүргөн. Алгач ирет Камиланы ээрчитип келип асман алдында, жылдыздуу кечте , шаарга үстүртөн көз салышып арзуусун билдирген. Андан бери не деген кызыктуу окуялар кайталанды. Аманат менин Камиланын өмүрүндөгү таттуу учурларына, урушуп- жанашууларына нечен ирет панорама күбө бөлду. Баардык окуяларды өткөн ирмем катары калтырып, жаңы максаттар менен ээрчишип шаарга түшүп кетишер эле.
Бишкектин чалды – куйду ирээтсиз курулуп жаткан имараттарына көз чаптырган болгон менен Аманат Камиланын ар бир сөзүн анализдеп акылында калчап атты.
– Сиз мага каршы болгон күндө да мен баари бир иштеп келүүнү чечтим.
– Биз быйыл үйлөнөбүз дебедик беле.
– Жүрүңүз чогуу иштеп келелик, иштеп үй алабыз.
Түшүнөсүзбү мындай жашоо мени канаттандырбайт, дүйнөнү кыдыргым келет…
Аманат ойлонуп жообун бермек болуп, үн- сөзсүз шаарды көздөй жөнөштү.
Бишкектин кайнаган турмушунда күн энергиясын чачып болуп толгон айга окшоп уясына батып баратты.
Аманат бул түнү шар эле уктап кете албасын түшүндү. Кетирсе кантет, кыстап алып калган күндө да; ою- дити өнүккөн кооз шаарларды аралап жүрсө турмуштары турмуш болмокпу.
Кээде өзү деле мигрант болуп кетип калгысы келет, достору, туугандары нечен ирет чакырышты. Сеникиндей зээн, ар ишке шыктуулугуң, кумурскадай эмгекчилдигиң менен бат эле бизге көнүшүп кетесиң дешет. Бирок эмнегедир Аманаттын мекенинде зор милдети бардай сезиле берет…
Төшөктөн туруп барып светти жандырды да уюлдук телефонун алып досуна видео чалуу жасады. Досу Куштардын Японияда жашап калганына көп жылдар болду.
Эх , аралыкты алыстаткан достук.Куштар Аманатты өзүнө чакырып ала албасын алда качан түшүнгөн. Аманат да Куштардын оңой менен келе койбосун жакшы билет.
Экөөнүн достугун эгиз козудай бирге өскөн бактылуу балалыктары гана бириктирип турбайт, балким бири- биринин билинбеген өксүктөрүн толукташып турган милдеттери бардай сыяктанат.
Эки дос чер жаза баарлашып келип сөздүн аягында Куштардан карызга акча сурады. Куштар ага жок дебесин билет.Аманатка өзгөчө сыйы бар.
Салган акчага Камилага билет алмай болду.Биз аз жеңилдей түшкөндөн кийин кайрадан төшөгүнө барып жатты.
Бүтпөгөн ойлор,бүтпөгөн санаалар…
Аманат ойлорун үч бөлүккө бөлөт. Өткөн чак, учур чак, жана келер чакка. Мектеп кезиндеги кыргыз тил сабагынан өткөндөрү турмушунда пайдасы тиет окшобойбу.
Эмнегедир ойлору бу жолу өткөн чакка алып барып таштады.
Анда 1- курста окуп аткан учуру эле. Күтүүсүздөн телефон чалышып, Куштардын атасы өтүп кеткенин , Куштарга кабар жете элек экенин айтышып, Аманатка табышташты. Куштар чет өлкөдө окуп аткан, байланышуу эч мүмкүн болбоду. Далбастап эмне кылаар айласын таппай айылга жөнөп берген.
Таң заарда жетип барган. Нарындын кышы суук.Айылды чыкыроон каптап тирүүлүктөн кабар бергенсип морлордон түтүн булоолойт.
Кыштын күнү айыл аксакалдары жай даяр болгонун, сөөктү суукта кармап тура берүү туура эмес дешип бир аз кыжы- кужу боло түшүшкөн.
– Эмне Куштар келбейт бекен?…
– Кабар жетпей калган го..
……
Топтошкон элдин демин Бектур карыянын сөзү тып баскан.
– Туугандар , баарыбызда бала бар,силерди да түшүнүп турам, Куштарды талкуулаганыңарды токтоткула, аман жүрсө кайрылып бир келер, сөөктү көпкө кармап тура албайбыз , жаназасына даярдангыла.
Ошондо Аманат өзүнчө бушайман болуп , Куштарга кабарды тездетип жеткире албаганына өзүн күнөөлүдөй сезип, түнү бою отун- суу ташып кызматта туруп Куштардын жок экенин сездирбеске жан алакетин жасаган.Сөөктү коюп жатканда эч кимге айтпастан өз ичинен кайталап Куштардын атынан деп топурак уучтап салып аяш атасын акыркы сапарга узаткан.
Бүтпөгөн ойлор, бүтпөгөн санаалар.
Ойлор, ойлор.
Ойлор күлүк ээ.
Ойлор…
Ажал менен арбашат ,
Турмуш менен кармашат.
Кыял менен сапарлаш,
Жүрө берет ой жашап.
Аманат ойлордун кучагында термелип барып уйкуга сүңгүп кетти.
Турмуш токтоп турмакпы.
Күн артынан күндөр айланды.
Камиланын кетээр күнү да келип калды.
Аэропорт. Чубаган элдер.
Бири чомаданын тартып алып учууга кетип баратса, бири чемоданын сүйрөп алып кетип баратат.Көпчүлүгү жаштар, жүздөрүнөн толкундангандары байкалат.Аманат Камиланы кетиргиси келбегени менен көңүлүн кыйбады.
– Эч нерсеңди унуткан жоксуңбу?
– Баарын эле алдым окшойт.
– Кош эмесе, сак жүргүң, жеткенде сөзсүз чалгының.
Камила кылчак – кылчак карап алып ичкери кирип кетти.
Аманат ойлуу сыртты көздөй басып жөнөдү.
Мен силердин качандыр бир кезде кайтып келээриңерге ишенем.
Кантип эле көчө чаңызгыта чуркаган балалыгыңарды сагынбайсыңар.
Кантип эле адырдан аккан мөлтүр сууну кучуштап ичүүнү эңсебейсиңер.
Ооба мен ишенем силер келесиңер… Сөзсүз келесиңер. Келип чет жактан алган тажрыйбаңарды, билимиңерди мекендин өнүгүүсүнө жумшайсыңар.
А менин өз парздарым бар.Ата-Журтту ээнсиретпей, мекенимде жашап жүрө беремин. Ата- Журт мен үчүн ыйык, анткени бул жерде ата- бабаларыбыздын сөөгү жатат.
Мен эми күтүп жашаймын.Жаркын жашоону күтөм, келечекти күтөм. Өмүрлүк жар болуп, балдарды төрөп берчү Камиламды күтөм.
Бир канча көз ирмемде болуп өткөндөй болсо да Аманат ушуларды ойлоп баратты.
Аңгыча жерден өйдө көтөрүлгөн самолёттун жарыктары акырындап кичирейип отуруп караңгылыкка сүңгүп кетти. Бир эки сааттан соң таң атат.