Адабий сынак 44 Аңгеме

44

КЕПТЕРКАНА
(аңгеме)

Сексендин алтысынан оой берген Махмуджан ата «Бу дүнүйө кептерканадыр, бирөө келсе – бирөө кетедир…» деп кайсыл бир акындын миң жолу кайталаган эки сабын жай кыңылдап бири чокусундагы топусуна, бири ийин туштай ак жегдесине коно калган кептерлерди тоотпой аларга жем таштап жүрдү. Ээсинин колунан чачылган ырыскыларын талаша кужулдашкан кептерлер көкүрөк жүндөрүн тикчийтип бөлөгүнөн кызганып алдына түшкөн жемин баса калат.

***
Оо анда булар жок болчу. Уруш жылдары кептерлер да майданга аттанган эр жигиттерди ээрчип кеткендей көздөн учкан. Эмнеге жоголгонун ким билсин? Согуш бүткөн соң аз-аздан көбөйө баштады.
Махмуджан ата анда жаш жигит эле. Оштогу базардын эң этегиндеги Шейит-Дөбөдөн түшө бергенде темир-тезек устаканаларында иштейт эле. Эртеден кечке кылган иши беш-алты устаканага көмүр жагып берет, бирин бүтүрүп, кийинкиге барып, андан кийинкиге өтүп, бир сыйра отторун чок кылып келгенче суй жыгылат да, ошол эле устаканалардын маңдайындагы жар башында азыр эле күп этип, Ак-Буурага көчүп түшчүдөй кырда конуп турган аскерге кетип келбей калган атасы салган жепирейген тамына эки бутун тарта албай зорго жетет…
Жар бойлой тик чыгып баратканда ошол жардын коңулдарынан чыга калган бир-эки кептерди көрүп жүрдү адегенде. Тырмалаңдап арыктыгынан араң учуп бир нерселерди терип жеген болот.

***
«Бу дүнүйө кептерканадыр, бирөө келсе – бирөө кетедир…» деп карыя калай банкелерге абдестеден акырын жылжытып суу куйду. Жем талашып баятан үрпөңдөшүп аткан кептерлер эми сууга башын салды…
***
Кийин Махмуджан өзү бир устаканага ээлик кылып калды. Эми ал бир кездеги өзүнө окшоп көмүр жаккыч баланы шаштырып, өзү болсо кийиктин терисинен жасалган кол көөрүк менен от үйлөтүп, барскан басып, бирде чалгы, бирде орок, бирде жуушаң, бирде кайчы-бычак, деги койчу тиригиликке керек деген шаймандарды түгөл жасап жан-алы тынбай узанат.

***
«Бу дүнүйө кептерканадыр, бирөө келсе – бирөө кетедир…». Жемге да, сууга да карабай жерде жаткан кептерди колуна алып, акырын жонунан сылап, өзү суу ууртап, аны кептердин оозуна алып барды эле, кептер оозун ачарын ачып, абышканын суусун ала албай аны менен шилекей алышкан бойдон анысын жутууга да жарабай башы шалак дей түштү…

***
Ушу кептерди карап туруп, апасын эстеди Махмуджан.
Жоон топ келип атасынын кара кагазын көрсөтөрү менен апасы бүт Ошту жарып бир кыйкырды да, чачтарын жулуп, өз боюн жардан Ак-Буураны көздөй таштамак болуп жүгүргөндө катындар зорго кармап калды. Ошондо ал көз жашын бир аарчый коюп, Махмуджанды караган. Караган да, жерге ооналактап-ооналактап барып, сөрүгө жетип кулаган. Ошол кулаган бойдон туура эки жыл бир ай ордунан турбады. Махмуджан бир нан алып келсе, жарымын, бир сындырым нан таап келсе, анын теңин жейт да, телмирип жата берет. Акыры эти шылынып, сөөгү эле калды. Бир күнү Махмуджандын колун кармап, алсыз алаканынын сөөктөрү менен кыскан болду да, көзүнө жалооруй тигиле карап туруп кете берди…

***
«Бу дүнүйө кептерканадыр, бирөө келсе – бирөө кетедир…» Махмуджан бир кезде апасынын жаткан жерин кургактап, жабышып калган далыларын укалап бергендей азыр алдан-күчтөн тайганына карабай кептерлердин астын кургактап, кептеркананы бир сыйра сергитип, астына себелетип суу сээп чыкты…

***
Ошентип Махмуджан он үчтүн чайын ичип атканда апасын жерге берип, коколой башы менен калды. Күндө жар башына чыгып барчу жолун байырлаган кептерлер кыйла көбөйүп, алар өтүп бараткан Махмуджандан жем сурачу болду. Булардын ушул жарга байырлаганы – Махмуджан иштеген устакананын жанында мал базар бар, мал базардын бир ыптасы чөп базар, ал жерде бооланган бойдон буудай, арпа, сулу, мака-жүгөрү да, алардын канар каптарга, челекке салынган дандары да сатылып калат. Кептерлер ошолордон бириндеп түшүп калган жемдерге үйүр, сатармандар «күш» деп колун серпий айдап койсо, жалкоолоно ары учкан болот да, кайра эле кеткен ордуна келип, кара курсагына бир нерселерди термелеп кирет…

***
Анда Махмуджан жаңы үйлөнгөн. Саарлап ишине келе жатса эле жар жакасындагы кептерлер ызы-чуу болуп, туш келген жакка бытырып качып атат. Көрсө, кыргый тийиптир. Анысы болсо алдына кептерлердин кимиси келсе булчуңдуу буту менен тээп түшүрүп, артын карабай кете берет экен. Кой деди Махмуджан ошондо, буларды кыргыйга жем кылбай кептеркана салып берейин деди. Ансыз да ары өткөндө, бери өткөндө ити дале, мышыгы дале бирден кептерди оозуна тиштеп жүргөнүн көрүп, кыжынып калчу.
Күндө жем ала келип, чачып жүрүп жардагы жапан жандарды жанына үйрөтүп алды.
Ал арада зайыбы экөө үйүнүн жар жагына гүбалактап, бир жагын үргүлжү торлоп кептеркана да салып ийди. Анын тал ноодаларынан конок кылып койгон жерлерине конуп отурган кептерлер зым тордун ары жагынан Оштун кыйла жерин, анын ичинде мал базарды, өзүнүн устаканасын да көрүп алышат деп кудуңдап сүйүнүп жүрдү. Бирок кептерлер учкусу келет экен. Кептеркананын бир жеринен – төбө жактан бир кептер гана бата тургандай, ит-мышык кире албоочудай көзөнөк тешип койду, ошол жерден кептерлер аарылардай кирип-чыгып оңуп калды. Бири келсе, бири кетет… Бири кетсе, бири келет…

***
Биринчи аялы аны аябай эркелетчү, ал да зайыбынын чачтарынан сылап, далысынан таптар эркелетип калар эле… Кептерлерди да бирге карашат. Кептерлерди бирге эркелетишет… «Сиз кептерлерди жакшы көрсөңүз, мен да жакшы көрөм» деп күлүп коёт. Күз башталганда аялы аңызга чыгып, куштарга деп машак терип, күйөөсүнүн чарчысына буума кылып байлап, көтөрүп келет. Анан экөө отуруп алып перенделерине жем чачат. Алар болсо экөөнө эркелеп, узун тумшугун созо, боз көздөрүн күлмүңдөтө ары-бери «кукулдап» жүгүрүп калат.
Жубайынын согончогу канабады. Ана-мына деп он тогуз жыл жашады. Болдобу. Бири-бирин кыя албай бөлүнөрдөн тайсалдап көпкө жүрдү. Аялын анча-мынча оокаты менен арабага салып, атасыныкына жеткирип барарда кептеркананын оозун ачып ийди. Кептерлер сабалап учуп, канаттарын каалагандай сермеп, булардын арабасын коштоп барды ат чабым жердеги кайын журтуна.

***
Баса, ошол аялдан кийин дагы бирөөнө үйлөндү. Туугандары Асакеден таап келишкен. Койкоңдогон неме экен, эшик аттагандан бир апта өтүп-өтпөй «Жогот мобул палиттариңди», «Же булар жашасан, же мен жашайын» деп чыкты көгүчкөндөр менен атаандашып.
Махмуджан унчукпады. Унчукканда эмне дейт? Болбой эле кептерканага кире берет. Ал жактан келери менен аялы «үп, үптөп» ага бир нерселери чачып, жийиркенип калат. Кызык болот экен, кептерлер күндөн-күнгө азайып, күндөн-күнгө чүнчүп жаткандай сезиле берди Махмуджанга.
Ал аялы менен да сегиз жылын бирге өткөрдү. Акыры кетти. Өзү эле кетти. Ортодо бала болбогондон кийин ошол экен да…

***
Ушуларды эстеди Махмуджан. «Бу дүнүйө кептерканадыр, бирөө келсе – бирөө кетедир…» дегенин айтканча. Ана, бир кептери жанына келди, тоостон бетер койкоюп, куйруктарын болушунча жайып кербезденип… Тигинде экөө болсо бири-бири менен чокулашып, жүндөрүн үйпөйтүшүп, бу кептеркана тарлык кылгандай тиштегилешип атат… Аппак көгүчкөндү болсо «бийчи кептер» деп коёт, жорголоп бийлеп берет, азыр да бийлеп атат…
Карап турсаң кандай ырахат, адамды гөр тиригиликтин ташпишинен үзүп чыгып, баарын унуткартат бу жаныбарлар. Мына мунусу болсо жемге, сууга тоюп, канаттарынын алдын курч тумшугу менен кашып турат, тигиниси болсо конор конокко да чыкпайт, ары-бери да баспайт, жалкоолонуп бир ордунан жылбайт да, башкаларга уурдана карап тим болот. Кулжуңдаганы, жаны тынбаганы, секирчээги, бакырчаагы, тиштенээги, жулкунуп басканы, аскерлердей тизилип алганы – баары жүрөт ушунда. Махмуджан баарын ажырата тааныйт. Топулуусу, таз башы, күрөңү, агы, бозу, каракочкулу, бутуна калактай кичине канаттары өсүп чыкканы, куйрук учу агы, ак аласы, көк аласы, кара аласы, күрөң аласы, маласы, чыныдай ак ыраңы, кара тумшугу, ак канаты, жемин эптеп жей албаган жоошу… койчу, кайсыл бирин айтсын Махмуджан, баары эрмек, баары эрке. Ошону үчүн экинчи аялы «Сенин эркектик сүйүүң бүт кептерлерге өтүп кеткен» деп урушчу. Ушул кушканага бир басып келбеди го кайран ошол катыны.
Оо бул кептерканадан канча кептер алмашты, канчасы карып өлдү, канчасы талаадан келбей калды, канчасы балалап көбөйдү. Ошону үчүн кептеркана да!

***
Бир жолу Махмуджан адатынча көөрүк үйлөтүп, капкара темирлерди кыпкызыл кылып, кымыр ийлегендей ийлеп аткан. Бет маңдайына бирөө келгендей болду. Көзүндөгү оттон коргогон айнегин ала коюп караса, ак калпак кийген, кара муруту өзүнө куп жарашкан кырктарга келген өзү теңдүү бир киши туруптур маңдайында.
— Ассолому алейкум, уста! – деди мандайы жарык, бети кызыл киши колун созуп.
— Валейкум, ассолом! – Махмуджан темир таарындылары жуккан капкара колун суна албай тайсалдай калды.
— Келе колду! – Конок устанын салааларын сындырып ийчүүдөй кыса кармады. – Атайын издеп келдим сизди!
— Жол болсун!
— Эми ток этери мындай, устам, Алайда эмки аптада чоң улак болот. Ошого атымы тайгылтпас да, мүдүрүлпөс да темир така керек. Төрт жуп керек. – Ак калпак атынын эски такасын устага сунду – Ушундай болсун!
— Болду, тага, айтканыңыздай кылам! – Махмуджан бир аз кетенчиктей, башын жерге ийе, колун бооруна ала мейманга ызат кылды. – Сизди мен үйүмө алып барайын, отуруп турасыз, мен кайра келип, кечке бүтүп барам.
Экөө Ак-Бууранын солкулдак көпүрөсүнөн бир-бирден ээрчишип аркы өйүзгө өтүп, жарга оюлуп салынган жолок менен асманга чыгып бараткандай өйдөгө көтөрүлдү.
— Азыр өзүм да үйгө келип, кептерлерге жем-суу берип кетмек элем. – Махмуджан мейманды ээрчитип келгенге сүйүнө аны кептерканасынын жанындагы туш тарап көрүнгөн жар боорундагы супага отургузду да, алдына бир нан, анан көк чай алып келди.
— Бу сенин малдарың көп го? – Ак калпак Махмуджанга кептерлерди жаңсай көрсөттү.
— Кудайга шүгүр. Ушулар менин эрмегим. Менин атым – Махмуджан. Сиздикичи?
— Мамарасул. Алайда «Мамарасул бакылдак» деп коюшат. Улак тартканды эрмек кыла коём. Такаларды Гүлчөдөн бирөө жасап, кагып берчү эле, кечээ келсем, өтүп кетиптир, сүкөнү жабылуу. Анан Ошко – сизге келдим, туура эле.
— Ырас кылыпсыз! – Махмуджан бир пияла чай ичти да, кептерканасына кирип кетти.
Кептерканадан Махмуджандын «Бу дүнүйө кептерканадыр, бирөө келсе – бирөө кетедир…» деген муңайым ыры угулду Мамарасулдун кулагына.

***
Устаканасына кептерпуруштар келип турат, «Махмуджан ака, кептерлериңизди бир көрөлү», «Махмуджан ака, кептерлериңизди базарга алып чыгалы» дешип. Ал болсо булардын таклибине ынабайт. Кептер сатып да оокат кылабы деп коёт.
Бир күнү Бахрам деген кептерпуруш кимден укканын ким билсин асылып эле жайына койбой Махмуджанды ээрчип кептерканасына чейин барды, эмне жем берип, кандай багып атканын бүт көрүп чыкты.
— Эмки ишембиде өз машинам менен Анжиандын кептер базарына алып барам, ошол жактан көрөсүз кептерлерди! – деп кетти.
Оо Анжиандын кептер базары бар деп, ал жерде кептерлердин ушундай көп түрлөрү бар деп, кептерге ушунча адам ышкысын түшүргөн деп ойлобоптур Махмуджан. Оозу ачылып эле калды.
— Ушул кептерден онду алабыз! – Бахрам бир кептерпуруштун колун кысып «бар барака» кылып атыптыр. Махмуджанга карап: – Бул Анжиандын чин кептери болот, – деп койду мактангандай кулжуңдап турган ак куйрук көгөчкөнгө сөөмөй кезей.
Ал көгүчкөн көгүчкөн эмей эле адам кол менен жасап койгондой бир ажайып канаттуу экен. Кырк кыл ыраңда кубулуп турат, ала-була жогдор жүнү үрпөйө түшсө эми кишинин бир авазын келтирет. Жоон буттарында калактай канаты бардай, алары жер шыпырып өтөт.
Он кептерди он бөлөк капаска салышты. Кукулуктап, курулдап Ошко келгенче жаны чыгып кетти чин кептерлердин.
Келери менен Махмуджан менен Бахрам кептерканага алып кирип тешикти жаап, капастардын оозун ачары менен эле ону аердеги жүздөй кептерди бир бурчка сүрүп, буга чейин кептеркананы ээлеп жаткандар байкуш болуп бир бурчка тыгылышып калды.
Таң атканча уктабай чыкты Махмуджан кептеркана жанындагы супада. Кептерлер ары сүрүлүп, бери сүрүлүп «ку-ку» дешип, бир балакет болуп эле атты. Анжиандын кептерлерин да, Бахрамды да, өзүн да сөгүп, таң атарда көзү ызгып кеткен экен, ызы-чуу боло түштү. Жаңы келген кептерлер сыртка учуп чыкмак болуп, темир торду бүт денеси менен ургулап атыптыр.
— Жоголгула! Кайдан келсеңер ошол жагыңарга кеткиле! – Махмуджан ачуусу менен күүлөнүп барып, кептеркананын оозун ачып жиберди.
Он кептер удама-удаа учуп чыкты. Тумшугу менен алдын жиреп, темгил ала көкүрөгүн көккө тосуп, жоон канаттарын жайган бойдон бири-бирин ээрчий көккө сиңип кетти.
Алар асмандан чекит болуп барып көрүнбөй калганда «Бу дүнүйө кептерканадыр, бирөө келсе – бирөө кетедир…» деп Махмуджан күндөгү үйрөнүшкөн ишин – кептерлерине жем-суу бергенин баштады.
***
— Оо, атаңдын гөрү, — деп Махмуджан колундагы көтөрүп бараткан жемин жерге койду эрте менен кеткен кептерлери күн батарда кайтып келгенине таңыркай. – Булар эмне Анжианга барып келдиби?
Ошондон кийин кайда барарын ким билсин жаңы кошулган он кептер таң эрте кетет да, кечинде кайтып келет. Эмне балээ, талаадан курт-кумурска терип жейби, же бирөө жем береби – курсагы зыңкыйып кайтат. Махмуджан адегенде булар талаанын малы экен деп өөн учуратып, Бахрамга берейин, кайда алып барса, анда алып барсын деп атса, бара-бара алардын кептерканага түнөккө гана келген адаттарына да көнүп кетти.

***
Бир убак эле СССР дегени бузулуп, эл кыйла кыйнала түштү. Иштейбиз деп туш тарапка тентиди оштуктар.
Ошондой күндөрдүн биринде бир кара бала устаканага баш багып:
— Ата, иш барбы? – деп Махмуджанга жалооруй карады. Анын «аталаганы» Махмуджандын эт-жүрөгүн жибитти. Экинчи аялынан кийин да экини алды. Алар да аял болбоду. Перзент буйруган эмес экен. Акыры алтымыштын алтысында аялсыз калды. Кептерлери менен калды. Устаканага барып-келгени эле болбосо, ал жерде каруу күчү бар адамдар гана иштеп, ошолор кичине чай чака берип коёт ага.
Анан жанагы баланы айтып атпадык беле. Аны жумушка алды, элпек бала экен, ишине эле эмес, үйдөгү орозгерге да каралашат. Өзү кийин айтты, атасы менен апасы бирөөлөргө карыз болуп калып, анысын төлөй албай түндөсү кара беткап кийген бирөөлөр атып кетиптир да, коркуп калган бала айнектен секирип чыгып, беде аралап качып түнкү поезд менен ушул жакка келип калыптыр. Кайсыл жерден, кайсыл элден экенин да айтпайт. Махмуджан дале такып сурабайт. Бирөө келсе, алып кетер деп жүрүп, жылдар жылга кошулду, Махмуджандыкы болуп калды азыр эми бала. Атын да тактабады. «Балам» деп гана коёт, башкалар да «Махмуджандын баласы» дешет. Бул балага башка ысым ашыктай.
Ошол бала жаңы эле келген күндөрдүн биринде мындай болгон.
Махмуджан азанга удаа эле багымдат намазга туруп, адатынча кептеркана тарапка басса, кептерлерден үн чыкпайт, булар эмне текши уктап калганбы деп жакын барса, эшиги ачылуу. Жүрөгү дүкүлдөп, каны башка тээп кирип барды Махмуджан кептерканасына. Бир да үн, бир да кептер жок. «Алда кокуй күн ай, кайсыл жарыбагыр кылды, кайсыл найсаптын колу ушуга барды, болду болбоду, муну жанагы келгин бала кылды» деп ойлоду. Жүгүрүп барды бала жаткан жерге. Анысы беймарал уктап атат бырылдып.
— Эй, кысталак, тур! – Баланын үстүнөн төшөгүн сыйрып ыргытты.
— Азыр, ата! – Бир нерсенин шойкомун сезгенгеби, же Махмуджандын мындай мамилесин биринчи көргөнгөбү – бала ыргып туруп, көзүн пар ачып, терезеден качып кетүүгө камынды.
— Токто! Эмне кылдың?
— Эч нерсе!
— Кептерлер кана?
— Билбейм, ата! Жатарда карагамын, баары эле бар болчу.
— Жүрчү! Бар болсо кана?!
Экөө ээрчишип кептерканага жетти. Эшиктин оозунда бош кап жатыптыр.
— Капка салып кетишиптир да! Бир кабы калып калыптыр! – Махмуджан бош капка колун тийгизип эле, жылан кармап алгандай ары ыргытты.
— Сен билет белең? Ким келип жүргөнүн көрдүң беле?! – Атасы каардана балага тигилди.
— Ата, мен билбейм. Эч кимге кептеркананы көрсөткөн да эмесмин. – Баланын көзү алайды.
Махмуджан ары басты, бери басты. Жерден кептер уурулардын издерин издеди… Шек-шыбыты билинбеди…
Дароо эле Оштун кептер базарына барганы менен ал жактан да көмүр ышынын карасын бетине сиңирген түсү андан бетер карарып кайтты.

***
Баягы атына така жасатып кеткен алайлык Мамарасул ошондо жакшы соорун алган экен, атын бир мактап, такаларын бир мактап, өзүн бир мактап кирип келди. Улактан алган соорундан деп мамалактын бүтүн санын көтөрүп келиптир куурдак куурутуп.
Кийин Ошко түшкөн сайын дос болдук деп Махмуджанга айран-кымызын, курутун, улардын, кийиктин этин – бар тапканын ала келет.
Бул күнү да келип калыптыр. Божурап отуруп эле:
— Көгүчкөндөрүң кандай, күүлүү-күчтүү жүрөбү, досум, аяш болбосо мен ошолорду аяш деп алсам окшойт, — деп аскиялап күлүп калды.
— Алар жок, ашина, түндө уурдап кетиптир… – Махмуджан сөзүн улабай чорт үзүп токтотту.
— Э, атаңдын гөрү наамарттар, эт кылып пулдаган экен!.. Кайгырба! Ушул бир тиштем эт жумурларына жук болор бекен?!..

***
Кийинки аптада Мамарасул кайра келиптир. Бай куржундун эки көзүн толтуруп кептерлерди салып алыптыр. Түз эле жар башындагы үйүнө келди досу. Келсе, Махмуджан да, баласы да жок. Ишке кетти да. Кептерканага кирип, алып келгендерин коё берип, бир жерден жем, нандын ушактарын таап, жемканаларга толтура салып, ауздан суу алып келип куйду да, бир аптадан бери кептер аңдып күн өткөргөн өзүнө өзү ыраазы боло Махмуджан досунун эки сап ырын кайталады: «Бу дүнүйө кептерканадыр, бирөө келсе – бирөө кетедир…»

***
Мамарасул кармап келген тоонун кептерлери оңой менен колго үйрөнбөй, бири үндөккө келип жем жебесе, бири сыртка боюн таштап торго урунуп жаракат алат, же торчолорго башы кыпчылып кыйналып аткан болот.
Канткен менен Махмуджандын көңүлү кыйла көтөрүлүп, балага бекер эле таарынган экемин деп, жаны бир болуп калган кептерлерге болгон сагынычын жаза албай, кептерканадан чыкпай жүрдү бир жумадай. Тоолук ашынасы Мамарасулга кандай ыраазылык билдирерин да билбей атты.
Бир күн эле кептерлердин тирикарагынан экини кармап алып, биринин мойнуна тумардай калып кат байлап коё берди эле, алар ээрчишкен бойдон көкөлөп учуп көзгө нокот болуп көрүнүп, анан жокко айланып кетти.

***
Бакылдак Мамарасул адаттагыдай эле аң уулап келе жаткан. Үйүнүн дал алдында малкананын кашаасында отурган көгүчкөндөр эле бири-бирине баш ийкешип, кукулуктайт. Жакшылып караса, биринин мойнунда тогоосу бардай, жакындаса да, качпайт. Тогоодо тумарчадай оролгон кат бар экен. Аны акырын алды да, Мамарасул өзбекче, кыргызча аралаш жазылган катты эжелеп окуду: «Ассалому алейкум, ашина, дубай-салам, ушул кептер менен кат жазышып туралы. Мен Махмуджан досуң. Оштон».

***
Ошентип экөө дубай-салам алышып жүрдү. Бир күнү эле кептерлер мындай кат алып келди: «Мен Мамарасулдун уулумун. Атам улакта аттан жыгылып каза болуп калды. Жума күнү таажиясы».
Махмуджандын чый-пыйы чыгып кетти. Катты жума күнү кечинде алды. Досунун алайлык экенин гана билет. Анан айылын да сурап койгон эмес экен. Мындай болот деп ким ойлоптур. Көз алдына анын эң биринчи ак калпагын кайкалатып жылмайып кирип келген устаканадагы элеси, кийин баладай бапылдап кептерканада куштарга жем чачып жүргөнү тартылды… «Бу дүнүйө кептерканадыр…» деп досу берген кептерлеринин алдында ага арнап куранын окуп отуруп калды…

***
Кептерканада ушуларды ойлоп жүргөн Махмуджан атанын тамагына бирөө бир нерсе тыгып салгандай үнү буула түштү. Карыянын доошу каргылдана «Бу дүнүйө кептерканадыр, бирөө келсе – бирөө кетедир…» деп барып, көзү бозоруп кептерлерин ажыратып тааный албай калды. Чочуп кетти. Көзүнө бир нерсе болгонсуду… Анан жүрөгү мыжыкты…
— Мен силерди көрбөй калдым да! – деди кары бир убак кабатырланып жүрөк тушун кармалап. – Ба! Ба!
Анын бул сөзүн түшүнгөндөй кептерлер жабалактап учуп-конуп анын бут алдына келди, ийиндерине, башына конду. Муздак колдору менен кептерлердин жонунан сылайын деди, сылай албады…

***
«Бу дүнүйө кептерканадыр, бирөө келсе – бирөө кетедир…» Ушундай ыр угулду сексен алтыдагы карынын кулагына үзүл-кесил.
Аны атасынын колундагы жемин ала коюп, кептерлерге берип жүргөн бакма баласы айтып атканын ал боолголой да албады…

2021-жыл, 1-4-ноябрь

Соц тармактар:

Добавить комментарий

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.