Адабий сынак 45 Аңгеме

45

Ээн көчө

Жымжырттык дегениң көп эле учурда жакшы нерседен кабар бербөөчүдөй. Тескерисинче, ээси жок ээн калган үйдөй же капалуу адамдар чогулган жердегидей суз сезилип адамзатынын көңүлүнө сыя бербеген бир табигый кырдаал. Көрсө бул жан-жаныбарлардын деле тынчын алып, кооптондурат тура. Сенбернар тукумундагы ит дал ошол эч кимиси жок үйүнөн атып чыгып, жалгыздыктан кутулуу үчүн качып жөнөдү. Ээсинин артынан барып алган күнү кайра алып келип коюшпадыбы, өз эркине койсо анын жанынан карыш жылбай күтмөк.
Мына, баягы жымжырттык деген бале итти дале коштоп келаткандай кыжырына тийип, тажатып жиберди. Мурда шаардын ушул көчөлөрүндө сейилдеп көп басчу, анда көчөнү бойлой чубалжыган адамдардын жылуу жүздөрү арбын болоорун эстеди. Бүгүн болсо ошол жылуу жүздөр кезикпей жатканы, бирин-серин кезиксе да көздөрү эмнегедир муң тарта түшкөнү байкалат.
Бир убакта жол четинен топтолгон кишилерди жолуктурду. Ичиндеги бөксө толо түшкөнсүп ит кубанып кетет, анткени, бүт жерди коюу туман өңдүү ээлеп алган жымжырттыкты ушулар жоготкондой сезилди. Күбүр-шыбыр болушуп, унаа жүрбөй калган жолго чейин кезек күткөндөрдүн арты узун. Ит жакын келгенче алдынкы катардан бирөө;
-Эй, эмнеге жулунасың, кезегиңе карабайсыңбы?-деп кыйкырып калды.
-Өзүң өлүп баратасыңбы? Азыр менин кезегим, тур ары!-деп экинчиси жооп кайтарганча араң тургансып топтошкондор патырап кетишет. Ызы-чуу түшүп, бири-бирин соккулап киришти, азык-түлүктөр жерге жайнай чачылды. Ит мындай болоорун ойлобогон, тебелендиде кала жаздап баратса эки-үчөө ага карап бир деме деп айкырды да койгулап калганга үлгүрүштү. Башаламандыктан четтеп, астынан чыга калган формачан тартип сакчылардан буйтап өтүп кутулат. Кишилерди жоолуктурганына кубанып келайтса, алардын мынтип жапайыларча кезек тала мушташканы итке жаман таасир калтырды, эми астынан чыккан адамдарга жакын баспоону чечти. Ошентип жол чети менен жүрүп отуруп, көздөгөн дарегине ылдам жетиптир. Оорукана кызматкерлери аны кууп чыгаары шексиз эле, айлакер ит ыңгайын пайлап отуруп, ичкери көздөй кирүүгө жетишти. Кызыгы ага эч ким көңүл бурган жок, бейтап көптүгүнөн өмүр сакчылары ары-бери чуркап жүрүшүптүр. Ит бир чындыкты түшүнгөнсүдү, жолду катар издеп келген жылуу жүздөрдүн көпчүлүгү ушул жерде сыяктанат, арасында өз ээси да бар. Ал жаткан бөлмөнүн эшигин тырмалап, түрткүлөп жатып ачтыда шашкалактап бейтап жаткан орундукка асылып, аны “ойгон” дегенсип арсылдап үрүп жатты. Бир аздан кийин гана көзүн ачып, карыган киши араң кыймылдаган колдору менен иттин башын бир-эки сыламыш болду. Ити болсо ого бетер эркелеп, колдорун жалагылап кирет, бирок ээси сүйлөбөдү, дем алуусу оорлоп бараткан, ити да тынчсызданып башын бутуна жөлөп астынан кетпей жатып алат. Мунун баарын байкап турган медайым аны аяп, чыгарып жиберүүгө батына албай турган, аңгыча сырттан кирген экинчи медайым;
-Бул эмнеси, айдап чык!-деп чаңырып жиберет.
-Коёо туруңузчу! Бул бейтаптын ити окшойт, аябай санааркап жатат.
-Санааркап жатканын кайдан билдиң? Сен туура түшүн, мындай катаал шартта кылдат болууга тийишпиз, жер жуткур бул вирусту алып жүрүүчүлөргө айбандар кирбейт деп ким кепидик бере алат? Ошон үчүн муну тезинен жоготкула! Иттин мойнуна жип салып сыртка сүйрөштү. Оорукананы айланчыктап кыйла сандырактады байкуш. Эми өлсө да баягы суз көчө менен кыбыр эткен кишиси жок үйүнө өзү жалгыз барбайт.
Медайым ага күнүгө тамак алып чыгып берип, бир демелерди сүйлөп койчу. Ит адам тилине түшүнбөсө да алардын иш-аракетинен ар кимисинин ар түрдүүлүгүн даана билчү. Медайым күн алыс аны ооруканага ээсин көрүүгө киргизип, кайра сыртка чыгарып коймой адат чыгарды. Бул аракети үчүн кесиптештеринин жемесине да калды.
Ооруканага кирчү тепкичтин жаны иттин жаңы орундугуна айланды окшойт. Ушул жерде жалдырап отурганына он күнчө болуптур. Бир убакта, күткөн медайымдын карааны көрүнөт, бүгүн ал кыйла кечигип чыкты, иттин тамагын коюп берип аны узака чейин тиктеп калат. Мына кайрадан “унчукпоо”, бул да жымжырттыктын бир түрү, итти бир аз кабатырга салды. Медайым үн катпай артына бурулуп кете берди. “Бул эмнеси?” дегенсип тамагын таштай анын артынан ээрчиген ит, бүгүн ооруканага кирүү керек экенин эскерткенсиди. Ээси айыгып чыкса гана аңгыраган суз көчөлөр кайрадан шаңга толо тургансып сезиле берчү ага. Бирок улуу табият өзү ушундай жаралган, кезек-кезеги менен жашоонун негизги каармандарын жаңылай берет, бул бири кетип экинчиси ордун ээлейт дегендик же жаңыларга орун бошотуп берүү эскилердин милдети деген сыяктуу. Иттин карыган ээси да оорун бошотуучулардан, анын милдетинен кутулуусуна күтүүсүз жабышкан жугуштуу оору себеп болот. Ит ооруканадан шашпай басып чыкты, башын бутуна жөлөп көпкө дери ойлуу жатты. Эми жаныбардын бүт жашоосу баягы эл жүрбөй калган көчөлөргө окшоп суз тарта түшкөнсүйт.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.