Адабий сынак 46 Ыр

46

БИЙИКТИК

Узакка сапар… өмүрдүн бир көктөмү,
Тоо этеги…түптүз жолдор тып токтоду.
Жалгыз аяк чыйыр жолдор чартактап,
Бийиктикке чыкчу жолду коштоду…

Карыянын жүзүндөгү бырыштардай,
Кайда алпарат чиеленген чыйырлар?
Тайгалансаң оңбостурсуң, көрпендем
Балким чекең томуяр, же сыйрылаар?

Артка жол жок, калсам деле өзөрүп,
Жаштыгымдан канга сиңген өжөрлүк.
Турмуш канча тартса деле жеңимден,
Болбой эле, алга умтулам көжөлүп…

Тээ чокудан мен эңсеген жылдызым,
Көзүн кысат, кел дегенсип, азгырып…
Жетиш кыйын, тик аскалар, бадалдар
Кетишчүдөй жолдон мени жазгырып…

Кол созсо эле жетчүдөй жакын асман,
Болгону, алдыңдагы асканы ашсаң…
Бир заматта уюлгуп каптайт туман,
Ылдый көздөй кулайсың, жаза бассаң…

Тарамыштай түйүлүп, далбастадым,
Чөп тамырын, урчуктарды кармадым…
Оңой жолдор жок экенин тирүүлүктө,
Атам айтчу, а мен аны азыр эле аңдадым …

Куштар учкан бийиктикке жеткенде,
Ылдыйда адам чымчык болуп көрүндү.
Тоо боорунда жалгыз аяк чыйырлар,
Тамыр сымал туш тарапка бөлүндү…

Бийиктиктин кереметин карачы,
Бүт ааламды алакандан көргөндөй…
Көтөрүлгөн сайын улам өйдөлөй,
Кичирейди мени эзген көйгөйлөр…

Альпинисттер тоонун кармап тамырын,
Бүркүт билеер бийиктиктин кадырын.
Билбейт жүрөт көп пенделер чынында,
Бийиктиктен чечилеерин тагдырдын.

 

ЖАН ДҮЙНӨМӨ ЫРАХМАТ

Ачкамын дебейт, пейили токтур,
Адамдар балким, байкаган жоктур…
Акка түз ыктап, карадан качкан,
Ааламда мындай аздыр, же көптүр…

Жүрүшү ошол- Жер бетин кезип,
Жүдөтөт кээде, азып же тозуп…
Кээде ыргагы албуут үн салса,
Кээде ичинен кыңылдап созуп …

Үмүттүн дайым учугун саптап,
Үшүгөн кезде жонумдан таптап.
Жан дүйнөм сага миң ирет рахмат,
Жүрөсүң ачпай, сырды бек сактап!

Күн сайын түмөн түйшүктү илет,
Бул дүйнө кээде жүрөктү тилет…
Кимдики туура, ким жолдон чыкты,
Бир билсе, Кудай өзү эле билет.

Жаркытып маанай, гүлүн да сунат,
Жамгырдай кээде жүзүмдү суулап …
Жан дүйнөм, сен таптаза болсоң,
Жашоодо менин көңүлүм куунак.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.