Адабий сынак 47 Ыр

47

Канча кызды сүйөм дедим түбөлүк

Каным кызуу, мүнөзүм курч куракта,
Канча кызды сүйөм дедим түбөлүк.
Кырктан ашып, кайрат качкан убакта,
Билгеним бул – түбөлүктүн түбү өлүк.

Ләззәт кууган кызыл жалын жаш чагым,
Аккан суудай акты, кетти шаркырап.
Гүл өскөндөй бетин тешип асканын,
Жаштык курак – тән ойгонгон бәәр курак.

Жаштык кезде күнөөм, катам мол болду,
Жарты дебе, алсыз дебе ыйманың.
Жараткан өрт, селдей кылып койгонду,
Оо, кул пендем, жарабастыр тыйганың.

Айыбы жок жаңылгандын, жазгандын,
Учурунда тизгин тартып тообо кыл.
Өмүр – нээмат бетиндеги тасмалдын,
Тозок дагы, бейиш дагы тобокел.

***

Ушул Аалам – тегеренип жебедей,
Узак жакка сапар алган кемедей.
Каркырадай катар учкан жылдыздар,
Аалам үчүн Жер – бир чекит кенедей.

Бул Ааламда ар жылдыздын жолу бар,
Ар жылдыздын жарыгы өччү кору бар.
Жарык – жашоо дегени, эх, а бирок,
Ар бир жолдун бир күн бүтчү соңу бар.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.