Адабий сынак 48 Ыр

48

ТУҢГУЮККА КАПТАЛЫП

Ак баракты ачтым бүгүн жашоомо,
Баш ийбестен, баш- аламан жашоого.
Жаап коюп өткөн мезгил барагын,
Ишеничим арттым, артка кайтпоого.

Канча күнүм азаптарды көргөнүн,
Унутайын, аны кайра көрбөйүн.
Жашын төккөн кара булут өңдөнүп,
Ар кечтерде көз жашымды төкпөйүн.

Мейли дедим, мен буларга аргасыз,
Калган элем ал күндөрдө чарасыз.
Чар тарабым туңгуюкка капталып,
Жашоо кечтим, а чынында айласыз.

Көөдөндөгү жарааттарым айыгып,
Келгенсидим мен жашоого кайрылып.
Кечким келип дайралардын тунугун,
Келдим кайра мен жаштыкты сагынып.

Наристедей таза жашоо баштадым,
Ал күндөрдү баарын артка таштадым.

 

ТҮН КАРАҢГЫ

Түн караңгы, дүйнөм дагы караңгы,
Күндөр өтөт, мазмуну жок баягы.
Суроо бердим, башка адамдай өзүмө,
Бул түнүмдүн барбы жарык баяны.

Кыялыма жетеленип кеткенмин,
Түн уйкудан кыял үчүн безгенмин.
Бирок мага тоскоолдуктар жаралып,
Аттиң арман максатымдан кечкенмин.

Бул түн мага сырдаш болуп көрүндү,
Ула деди,улам мага өмүрдү.
Кетенчиктейм артым карап кайрылып,
Көздөн жаштар жаздыгыма төгүлдү.

Таң атпачы, мен түн менен калайын,
Эч ойлонбой, кыялдарсыз жашайын.
Тээ бийиктен жер жүзүн бүт кыдырып,
Биротоло жылдыз болуп жанайын.

 

КУСАЛЫК

Бүгүн дагы күндөгүдөй таң атып,
Куса толуп, көөдөнүмдү ыйлатып.
Күттүрүүдө саргайтып бул убакыт,
Жан дүйнөмдү эңшерилтип, сыздатып.

Сизди ойлоп саат сайын, сагынам,
Сүйөөрүмдү айта албай, сабылам.
Алыстабай келиңизчи жаныма,
Канткенде мен өзүңүзгө жагынам?

Келиңизчи, кучагымды ачайын,
Күн сыяктуу жылуу нурум чачайын.
Жылдыз болуп түн ичинде келсеңиз,
Күүгүм кечте, түнгө карай шашайын.

Кыялданам, түшүмдө мен көрүүгө,
Кумарланып жүзүңүздөн, өбүүгө.
Махабаттын жылуу отун өчүрбөй,
Кол кармашып бул өмүрдөн өтүүгө.

 

ШАШПА МЕЗГИЛ

Мезгил неге, шаштырасың, шашасың
Токтотууга моюн сунбай качасың.
Күз түшүмүн, жыйнап терип бүткөнчө,
Кыш күрмөсү кучагыңды ачасың.

Токто мезгил, күз күрмөсүн чечким жок,
Ак карыңды азыртадан кечким жок.
Дагы бир аз убакыт бер суранам,
Аппак карлуу мөңгүлөргө кетким жок.

Баратсам да улам алга талпынып,
Аяп койчу, куз мезгилди калтырып.
Жүргөн элем бир кездерде мен дагы,
Коңур күздү, ушул айды сагынып.

Саат сайын, чырайыма карайсың,
Андан башка эмнеге сен жарайсың.
Убакытты менден тартып баратып,
Эки өрүм чачымды да тарайсың.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.