Адабий сынак 49 Аңгеме

49

Түн

Түн… Асманда жымыңдаган жылдыздар. Айыл ичи тынч. Арсылдап үргөн иттердин гана үнү угулат. Бир ит үрсө экинчиси да кошулат. Ошентип отуруп көптөн кийин алардын да үнү басаңдагансыйт.
Жай мезгили болгондуктан шамал же жан чыдатпай үшүткөн суук деле жок. Кандай жакшы. Болгондо да бир күн бою үйүнө келбей, айылдын ар кайсы көчөсүнө түшүп алып “жинди суудан” күчүн чыгарган байкеге бул күндөр майдай жакса керек. Анткени, түнү эшикте калып же айылдагы дүкөндөрдүн биринин жанында уктап калса деле көк муштум болуп тоңбойт. Мына, дагы ошол байке басканды жаңы үйрөнгөн баладай болуп темтеңдеп келатат. Кыязы, арактан аябай эле ичкен окшойт, бир жакка кыйшайып, теңселе басып келатып өз бутуна мүдүрүлүп жыгылды. Анан эптеп ордунан туруп, кийимине жабышкан чаңдарды күбүгөн болуп койду. Кызык, ал келе жаткан көчөдө арсылдап үргөн иттердин үнү угулбайт. Чоң апам айтар эле: “Мас адамдан ит да коркот” ,-деп. Чын тура…
Бул байкенин көп ичерин айылдагылар мен кичине кезимде эле сөз кылып калышчу. Азыр болсо көрүп турушса деле ооз ачып бир сөз айтышпайт. Сөз кылганда эмне?! Бул биз үчүн эч нерсеге татыбаган кеп болуп калбадыбы. Кийген кийимдеринин өңү өчкөн. Кудум өзүнүн жашоосу сыяктуу. Бети болсо эчак эле жинди сууга капкара болуп күйүп, колдору ийкемдүүлүгүн жоготкон. Бирок, бир жакшы жери үй-бүлөсүн жоготкон жок. Аялы, балдары менен чогуу түтүн булатып, үй-бүлө атын өчүрбөй жашап келишүүдө. Анткен менен байке өзүнүн жинди суусу менен алек, ал эми аялы балдары менен айылдын тургундарынан кем калышпай төө буурчак айдап, картошка тигип тиричилигин кылышат. Сыягы алар деле байкени унутта калтырып койгондой.
Мына, тиги байке жүз метрдей эле жолду басса үйүнө жетет. Бирок караңгы, анан да араң эле ачылган көздөрү менен жолду жакшы көрө албай кыйналып келет. Үйүнүн эшигинин алдына жетти. Бир азга теңселип туруп калды да анан оң буту менен кадам таштады эле чуңкурга кирип кеткендей болду. Өзү араң келе жаткан неме денесин кармана албай “күп” эле деп кулап түштү. “Болду болбоду чуңкур, ооба чуңкур эле. Ушул жерге да чуңкур казат бекен! Жердин баарын казып, түз жер калтырбадыңар го!”– деп сүйлөнүп жатты. Аракет кылат. Эптеп туруп кетейин дейт. Бирок алы жетпейт. Өз денесин өзү көтөрө албайт. “Э мейли” дегенсип колун шилтеп койду да жата берди.
Айылда аба таза, ар бир жылдыз жаркырап, тунук көрүнөт. Анан да алардын көптүгүн айтпа. Кызыгы, айрым жылдыздар сенин көз алдыңда эле өчүп жок болуп кеткенин, кээде учуп бара жатканын да көрүп каласың. Байке ошол жылдыздарга көз чаптырып жатат. Бирок жылдыз менен иши болду дейсиңби, жөн эле асманды карап жатат да. Бир маалда башын солго буруп, көчөнүн этегиндеги бир ак жарыкты көрө калып: “Ий жерге жылдыз түшкөн го” – деп күбүрөнүп койду. Дагы бир жолу караса ошол ак жарык улам чоңоюп ал тарапка жакындап келаткансыйт. Байкенин жүрөгү “шуу” дей түштү. Анан кайра өзүн-өзү апаптап алып көктү карады. Бирок жүрөгү чыдабай уурданып караган кишидей болуп көзүнүн кыйыгы менен жакшылап караса чындап эле ак жарык ага жакындап калыптыр. Мына күндүн бүткөнү дедиби, айтор байкенин жинди сууга күйгөн бети кадимкидей бозоро түштү. Жан талашып, алдастап ордунан турганга аракет кыла баштады. Кудум курмандыкка чалынчу эчкидей тыбырап жиберди. Ооба, жан таттуу да. Эртеден бери тура албай жаткан жеринен кантип туруп кеткенин өзү да байкабай калды. Бир кылчайып караса чуңкур эмей эле арыкка жатып калып чыга албай аткан экен. Мүмкүн башка учур болгондо күлмөк, бирок азыр ыйлай турчу абалда эле. Айылдын ар бир көчөсүн, дүкөнүн кыдырып жүрүп ичкен жинди суусу бир заматта тарап, өзүнө келе түштү. Үйүн көздөй шаша-буша бет алды. Артын карагысы келген жок. Бирок денеси, ой-санаасы ага баш ийбегендей. Артына бир кылчайса жанагы ак жарык дагы эле аны көздөй шашып келе жаткансыйт. “Бүттү! Бүттү! Ажал дегениң ушул турбайбы!”– деп алып темтеңдеп басып да, шашып да баратат. Байке эле эмес килейген Ак төш деген ити да куйругун кыпчып алып качып жөнөдү. Үйү тоонун аркасына жылып кеткендей. Болушунча чуркагансыйт, бирок каалгага жетпей койду. Бир маалда дагы кулап түштү. Аркасындагы жанагы ак жарык жетейин деп эле калыптыр. Байкуш байке турганга үлгүрбөй жөрмөлөп жөнөдү. Мына эки кадам, каалгага колу тийди. Аны шарт ача салып, ичке жүткүндү. Эскилиги жеткен каалга эки жеринен кулпуланат эле. Экөөнү тең шарак-шурак эттирип иле койду. Өң алеттен кеткен, көздөрү алайып, денесин майда калтырак басып тердеп турду. Жүрөгү бат-бат согуп, дүрсүлдөгөн үнүн бүтүндөй айыл угуп жаткансыйт. Жерге селдейип эле отуруп калды. Дүк-дүк-дүк….
Бирөө каалганы какты. Чындап байкенин күнү бүттү. Жанагы айылдагы молдо айта берген жан алгыч периште келгенинен эч шек санаган жок. Каалганын түбүндө эки бутун кучактап, бир катуураак үн чыкса жарылып кетейин деп эле отурат. Сырттагы шыбырт үйдү айланып басып кеткендей болду. Дагы бир жолу терезени тарсылдатты. Байке башын жерге салып, өмүрү айтпаган келменин эстеген жерин кайра-кайра кайталап жатты. Анан бир маалда:
– Байке, бул мен Бакытмын. Жакшы элесизби?- деген үн чыкты. Байке акырын чырмалышкан колдорун бошотуп, сырттан чыккан үнгө кулак төшөп калды.
– Э байке, бир жерге кулап калган жоксузбу?- деген үн чыкканда ордунан туруп, бети башын жеңи менен сүрттү да каалганы ачты. Маңдайында молдолордун аппак кийимин кийген, отуздар чамасындагы узун бойлуу, буудай ирең көчөнүн башында жашаган кошунасы турат. Бир сыйра баштан-аяк сыдырып карап, чоң дем алып, үнүн жасаган кишидей тамагын кырып алды да анан:
– Эй, кебетең кантет! Алдагы эмне деген кийим! Адамдын жүрөгүн түшүрүп. Бираз элдей болуп кийинбейсиңби! – деди. Жүзүндөгү коркууну билдирбеш үчүн үнүн дагы бийик көтөрүп:
– Түн ортосунда эмне көчөдө темселеп жүрөсүң?! Үй жайың барбы сенин?!
– Мен… Ыыы… Мен мечиттен келе жаткам. Анан сизди көрүп калдым. Жерге кулап тура албай жатат окшойт дегем. Анан жардам берейин деп чуркап келсем жок экенсиз. Үйгө киргендей болдуңуз. Анан билип коёюн деп…
– Ой, атаңдын оозун урайын! Жакшы экенимди билгени келдиңби?! Эй, эй аз жерден сенин айыңдан жүрөгүм жарылып өлүп кала жаздадым!
Таңыркап сөзүн түшүнбөй же кайсыл жерин туура эмес кылдым деп карап турган жаш жигит менен көздөрү чагылыша түштү эле, байке өз абийирин ачып албайын деп кайра токтоп калды.
-Мейли, бар үйүңө. Экинчи алдагындай кийимиң, сакалың менен коркутпай жүргүнүң. Ажалымдан мурун өлтүрүп тынмак экенсиң да – деп күбүрөнүп үйүнө кирип кетти. Жигит да өз жолун улады.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.