Жылдызча
Венера Бөлөкбаева (Жылдызча)– Эл аралык Айтматов фондунун, Швейцариялык Өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча Башкармалыктын колдоосу менен өткөн жаш авторлордун “Дебют — 2004” Адабий мектебинде окуган. Анын жыйынтыгындагы Адабий конкурста “виньет” чыгармалары менен жеңүүчү деп табылган. Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик Жаштар сыйлыгынын лауреаты( Чыңгыз Айтматовдун көзү өткөндөн кийин ысымы берилген).
КҮН
(миниатюра)
Азыркы учурда башка элде, башка жердемин, тропикалык климат керек болуп турган ден соолугума байланыштуу…
Бул жердеги, менин эсимде түбөлүккө калып калуучу окуялардын эң көркөмдүүсү, эстеген сайын эзиле кубантуучу бир күнүм Чыңгыз Айтматовго байланыштуу болуп калды. Күн…
***
Мындан эки ай мурун, бир үйгө мейманга барып калдык, ар башка улуттагы жетөөбүз. Биз барган үйдөгү аксакал менен байбиченин китептери киргенде эле көзүмө урунду, англис, грек, түрк, испан тилиндегилер тизилип турат, биз олтурган бөлмөнүн бир капталында. Арасында Чыңгыз Айтматовдун түрк тилиндеги “toprak ana” — деген китебин да көрдүм. Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” деген чыгармасы “Топурак ане” деп которулуптур.
Башкалар сөз менен алек… Мен өзүмчө толкунданып эле “Топурак анеден” көзүмдү албайм…
Бул үйдө кыргыз элимдин бир үзүм руху жашап тургансыйт…
Мен өзүм менен өзүм болуп калгансыдым…
Жанымдагылар сырдашышты, күлүштү. Ырлар ырдалды, ак тилектер айтылды, ичимдиктер ичилди. Ар түрдүү улуттагылар чогулгандыктан, мейманда баары эл аралык — англис тилиндн сүйлөшүп олтурушту.
***
Кыргызда “конок кайып” деп коюшчу беле?.. Жакындар, достор мейманга баратып, өздөрүнө кошуп, дагы бир мейман кылып мени ээрчитип алышса макул болуп, ээрчип бара бермей адатым бар. Ошентип, көп үйгө “конок кайып” болуп жүрөм. Бул жолу да, көп китептүү үйгө Кудай буюруп, “конок кайып” болуп келип калдым… Ошондуктанбы, үй ээлери ысымымды эле сурап койду. Улутум, кесибим, үй бүлөлүк абалым аксакал киши менен байбичесине кызык деле болгон жок окшойт.
Сый аяктап, биз кетээр убакыт келип босогодо туруп калганда гана Айтматовдун “Топурак ане” китебин үй ээси — карыядан сурадым. Алмай сайын дегеле кетким жок, көктүгүм кармап калгандай… Билбейм, китепти бербей койсо кандай акыбалда калат элем?
— Бизде меймандын көңүлүн калтырбайт… Кыргыз деген эл бар экенин билесиң да? Кыргыз жазуучусунун китеби, менден эстелик болсун… — деп, китеп текчелерин көздөй таягын такылдатып бурулуп басып кетти. Китепти алып келип, суроосуна менден жооп күткөнсүп, көзүмдү жайдары карап калды. Ошол көз карашты мен дагы улуу кишиден күтүп тургам.
— Мен дагы кыргызмын, кыргызмын мен… — дедим, сүйүнүп.
— Ааа, айтпайт белең келгенде эле… Ай-ай, кетип жатканыңарда билгенимди карачы… — деп өкүнө сүйлөнүп алды. Башка меймандар унчукпай эле босогодо туруп калышты. Алар мен жөнүндө сөз болбогонуна, мени кенен тааныштырышпаганына өздөрүн күнөөлү сезип калышкандай болду.
— Келчи анда… Чыңгыз Айтматов үчүн анда өөп коёюн, Айтматовдун элинен, Айтматовдун жеринен турбайсыңбы! — деп, китепти колума карматып, чекемен сүйдү.
Мени менен тирешип катарлаш турган меймандардын бирөөсүн да чекесинен сүйүп узатпаган карыя Чыңгыз Айтматов үчүн мени сүймөнчүк менен узатты…
***
Ошентип, бир кечтеги ар башка улуттагы жети мейман тарадык. Баары машиналарына жөнөштү, арасынан мени кошо ала барган ирандык айым жашаган жайыма кайра жеткирмек. Бирок, мен жолдун узактыгына, караңгылыкка карабай жөө кетким келгенин түшүндүрдүм. Таң калып эле калды…
***
Бир нече саат мурун, мен жакшы санаалаштарымды ээрчип мейманга келатсам, эми мени меймандан чыкканда кубануу менен сыймыктануу адамга айланып мени ээрчип келе жатышкандай… Айланам караңгы болгону менен Күн тийип тургандай, жай басып келе жаттым. Бүгүнкү күндөгү мага орногон ажайып бир демдин ырахатын дагы-дагы узакка созгум келди. Алмак-салмак маңдайымдагы заңкайган, караңгыда калдайып сүрдүү көрүнгөн тоолорду карайм, тоолордон Айтматовдун элеси көрүнөт. Кайра, каптал жактагы караңгыда карайып калган деңиз жакты карайм, деңизден деңиздей Айтматовдун элеси көрүнөт. Жылдыз толгон асманды карайм эркелеп, асмандан да Айтматов мээримдүү жүзү менен тигилип карап тургансыйт…
***
Күн… Күндүн жарыгы баарына бирдей тиет дейбиз… Жана Күнгө айланган адамдын да жарыгы көзү өткөндөн кийин деле өчпөй, жанып тура берээрине так ушул күнү күбө болдум. Бөтөн элде, бөтөн жерде, мейманда… Чынгыз Айтматов аркылуу…
***
Баса, бүгүн Эл аралык Тоолор күнү, эртең ааламдык жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү… Тоолор жана Айтматов… “Тоолор күнү” Айтматовдун туулган күнү менен катарлаш, удаалаш болуп калганынын да өзүнчө бир символикалык жагы бардай…
P.S. Бүгүн мен кыргыздын улуу Чыңгызы жөнүндө кыскача гана миниатюра жаздым.
Алп жазуучунун арзыбаган чыгармачылыгыма тийгизген чоң таасири, Адам катары эсте калган элестери, кыймыл-аракети, жанынан көргөн, сүйлөшкөн учурлар, жолугушуулар, таң калуулар жөнүндө келечекте кенен документалдуу чыгарма жазгым келет…
11-Декабрь,2021, Кипр.