Жылдызча: Бак-дарактар

 

ЖЫЛДЫЗЧА Венера Бөлөкбаева

БАК-ДАРАКТАР
(миниатюра)

.22.12.2021.
Таң азандан келиптир.
— Жүрү, бизде эртең мененки тамак таттуу деп эсептелет. Тамактанып келели. Сый тамак берээрде эртең менен эрте чакырабыз…
— Сиз ачкасызбы?
— Жо-о-ок…
— Анда… Тайатамдын бак-дарактарына эле барып келеличи…
— Тайатаңдын бак-дарактары бул жакта жок да?..
— Ооба, жок. Бирок, Тайатамдыкындай бир жерде бар. Ошол жерге баралы…
— Анда жүрү, кеттик…

ХХХ
— Качан, кантип көрүп калдың эле ал талдарды, дарактарды?
— Санаа басып, жерден башымды көтөрө албай келе жатып эсиме келип, эки жагымды карасам эле ошол жерге келип алыптырмын. Салынган үй-жай жок, кыбыраган бир жан жок… Жашарып гана жашыл түстө жашап жатышыптыр.
— Анан?..
— Анан ошо… Балалыгымдагы тайатамдын бак-шагынын арасында жүргөндөй сездим өзүмдү. Аларды жаз, жай мезгилинде кандай көрсөм, так ошондой эмдигиче эсимде жашайт.
— Кыш мезгилиндеги учуру эсиңде калбаптырбы?
— Эсте жок… Кышында үшүп, үрпөйүп үйдөн чыкпаган бала болсом керек. Тайатамдын бакчасын кыш мезгилинде деле көкүрөгүмө, көзүмө толтуруп карап алсам болмок экен…
— Мунуң да бир өкүнүч… Дагы башка өкүнүчтөрүң барбы?
— Толуп жатат…

ХХХ
— Сүйгөнүң барбы?
— Ба-а-ар…
— Ал ким?
— Бирөө…
— Бирөөнүн дареги, ысымы барбы?
— Ысымы бар. Дареги жок.
— Эмне үчүн дареги жок?
— Көчмөн жан… Бир жерге турбайт, жер планетасындагы бүт жерлерди, элдерди кыдырып жүрө берет…
— Анан сен “көчмөн” деп ат коюп алдың беле?
— Өзү деле айтат, “мен көчмөнмүн” деп.
— Кызык экен… Сени сүйөт?
— Жок, мен аны сүйөм…

ХХХ
— Келдикпи?
— Келдик, ушул жер…
— Эми эмне кылабыз?
— Бул бак-дарактарды аралайбыз. Ары-бери басабыз.
— Ошол элеби?
— Асманды да карайбыз, булуттарды да карайбыз…
— Эмне үчүн?
— Суктануу үчүн… Караңызчы, асмандын көп-көгүн… Менин бала кездеги асманым дал ушундай көп-көк эле. Көптөн бери ушундай асманды күтүп жүргөм…
— Чын эле… Асмандын мынчалык сулуу экенин мурда байкабаптырмын.
— Мурда асманды караган эмессизби?
— Карап эле жүргөм. Бирок, мен сулуулуктун баарын жерден эле көрчүмүн, кээ бир айымдардан анан гүлдөрдөн эле…
Рахмат сага… Рахмат тайатаңдыкына окшош бактарга. Мен бүгүн, дал ушул жерден асмандын сулуулугун көрдүм…

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.