Ясунари КАВАБАТА: “Жакырлардын сүйүктүүсү”

Лимон анын сулуулугун арттырган бирден-бир каражат. Лимон сыйпанган денеси дайыма аппак, жылма тартып, денеге жагымдуу буркураган жыт келет. Бүтүн лимонду төрткө бөлөт да, бир бөлүгүн сууга чылап бир күнгө жетер атыр даярдайт. Калган үч бөлүгүн кагазга астейдил ороп, кийинки үч күнгө колдонуш үчүн сактап коёт. Ар дайым эртең менен лимон чыланган сууга чайынган соң, маанайы шат боло түшөт… Бүгүн мырзасына көрсөтпөй көкүрөгүн, жамбаштарын лимон менен сүйкөп чыкты.

Аны өпкүлөп жаткан эркек чочуп кетти:

– Лимон! Тим эле лимон чыланган дайрага чайкангандай тилиме лимондун даамы келди. А мага апельсиндин даамы жагат.

– Азыр, – ал ордунан ыргып турду да, текчеден беш тыйын алып, лимон чыланган сууга чайынган соң ажары ачыла түшкөн денесине суктанып тургусу келип турса да, ага карабастан апельсин сатып алганы сыртка жөнөдү. Үйүндө тыйын менен лимондун жытынан башка эчтеке табылбайт.

Эски китеп-журналдарды тикелеп үстөл катары колдонгон эркек башы бар, аягы жок, иттин ичегисиндей чубалган баягы пьесасын жазып олтурду. Же бул жазган пьесасын бирөө-жарым сатып алсачы.

– Мейли, биринчи көшөгөдө окуя  лимондуу бактын фонунда өтсүн – бул атайын сен үчүн! Чынын айтсам, лимондуу бакты өзүм көз менен көргөн эмесмин, бирок, бир жолу Ки аймагындагы өрөөндө өсүп турган мандарин дарактарын көрүп суктанган жайым бар. Күзгү айлуу түндө ал тургай Осакодон атайын аны көргөнү адамдар келишет. Ай жарыгында мандариндер бүлбүл жанган отту элестетип – мандарин өскөн өрөөн өзүнчө эле бүтүндөй оттуу деңизди элестетип турганын айт! Лимон мандаринге караганда ачыгыраак түстө, демек анын түсү жылуулукту элестетет… Жылуу, саргыч оттор… Эгерде бул элестетүүнү сценада бере алсам… Анда деген!…

– Ии, туура айтасың.

– Мунун сага кызыгы жок ко дейм? Жапжарык, түштүк колорити менен пьеса жаза салыш азыр колдон келбейт ко. Ийгилик жаратпасаң, белгилүү болуш да кыйын тура.

– Эмнеге адам аттуунун баары ийгиликке жетишсем, белгилүү болсом деп эле жанталаша берет?

– Ансыз жашоо кыйын да. Чынын айтканда, азыр мен ийгиликтен деле үмүт кылбай калдым.

– Ийгилик деп жүрүп өлүп кеткенден не оопа. Кимге кереги бар анын?

– Мына сага! Сен азыркы студенттер сымал ой жүгүртөт экенсиң. Алар өзү турган пайдубалды түзүк аңдашпайт. Ырас аңдай алышпаган соң, пайдубалдын бүтүндүгүнө да көздөрү жетпейт. Пайдубал да бир күн жок болот деген ишеничте жашашат! Ал эми жаратман адам ошол бир күн урап түшөр пайдубалга тирелген шаты менен улам кыбырап өйдө жыла берет. Улам жогору жылган сайын тобокел ошончолук көбөйө берет. Жаратман адам муну билип турса да, улам жогору жөрмөлөп олтурат. Сырткы таасирлер менен ичтеги күчтүү калоо аны ушундай жолго түртөт. Азыр эми жаратмандыкты ынсаптын жоктугуна таңуулап калышты. Жаратмандык – бул мезгилдин өзгөчө белгиси. Мына азыр жакырчылыкта күн кечирип жаткан өзүмдү жаратмандыктын жактоочусу катары эсептейм. Сен жакыр, бирок лимон жемишиндей жаркын жан эмессинби, – мүмкүн бул маселеге башкача көз караштасың.

– Мен ушул убакка дейре жалаң жакырлардын сүйүктүүсү болуп келдим. Эркек атпайдын баары ийгиликтерге жетсин – алардын эңсегени эле ушул эмеспи. Дагы бир эңсегени – аялдар. Аялдарды эки жаатка бөлүнөт – жакырлардын сүйүктүүсү, байлардын сүйүктүүсү.

– Таппасаң сыйпалап кал!

– Сен сөзсүз жаратасың! Эркектерге көзү ачыктык кылар жайым бар – жүзүнө карап келечегин айтсам, дайыма мен айткандай болот. Чын айтам: Сага ийгилик жылмаят бир күн.

– Анан мен сени таштап кетеминби?

– Албетте.

– Кой, андай болсо, эчтеке жаратпай, жөн эле жүргөнүм дурус.

– Жаныңды жебечи.

– Чын. Эмне кереги бар мага андай ийгиликтин.

– Кой, андай дебе. Мени менен мамиле куруп жүрүп, ийгиликтерге жетип, бутуна туруп кеткен ар бир эркек үчүн сүйүнүп калам. Өзүмдү жаратман эркектерди басып чыгарган куштун уясы сезем.

– Кайдагы сандырак сөздөрдү токтотчу: ийгиликке жетип, бутуна туруп кеткен сенин эски эркектериңди уккум да, көргүм да жок. Сенин лимон колдонгон адатың гана атактуу аялдарды эске салат.

– Эмнени эле айтып жатасың?! Кайдагы атактуу аялдар? Лимон болгону он тыйын турат. Аны мен төрткө бөлөм. Сулууланыш үчүн мага демек бир күнгө эки жарым тыйын жетиштүү.

– Жакшы, жакшы! Кийин сен өлгөндө, мүрзөңө лимон дарагын экпесем элеби.

– Ой, ыракмат. Менин кыялым: мүрзөмө эч кандай эстелик коюлбай, кичинекей тактайга атымды жазып коюшса, жетет ошол. Анткен менен менин мүрзөмдөн кабар алганы зыңкыйган эркектер авто-унаасы менен тынбай зыяратка келип турушат.

– Дагы айтам: кайдагы зыңкыйган эркектерди айтып менин жиниме көп тийбе да, менин алдыдагы ийгилигимди айтып көзү ачыктык кылбай эле кой.

– Бирок мен жакында сенин башына конор кутту көрүп турам.

– Тууй ата, өлтүрөт да кишини.

Аял эркектердин келечеги тууралуу айтса, ал айтканы кийин дал чыкчу. Келечекте башына бак конор эркекти бир көрүп билип, жалаң ошондой эркектер менен мамиле кура турган. Эң өкүнүчтүүсү – ийгиликтерге жетип, анын арты менен бутуна туруп алышкандан кийин эркектер муну таштап кетишер эле. Алгач өзүнө алысырак туугандык жайы бар эркек менен мамиле курган. Тектүү жерден алган  аялы теңине албай койгондо, ошондон улам ал никелүү аялын таштап, үстүндө бир сыйра кийими менен ушул аялдын кепедей бөлмөсүнө кирип алган эркек. Анан экөө иттей жакыр турмушта күн кечирип жашап калышты. Бирок ал мырзасы университетти аяктаган соң сынакка катышып, үчүнчү орунга илешет да, Римге элчи болуп дайындалат. Муну уккан мурунку теңине албай жүргөн аялынын байсынган атасы өзү алдына жалдырап келип, кызы менен жарашып жашоосун сунуш кылды го, чиркин. Сүйүктүүсү эркектин колун кармабады, жолун бош койду. Кийин чөнтөгүндө сокур тыйыны жок медик-студент менен сүйүү оту тутанып кетти. Ал сүйгөн мырзасы кийин оорукана салып жаткан курулуш компаниясын жетектеген күркүлдүн кызына үйлөнүп, муну таштап кетти. Үчүнчү сүйүктүүсү радиокабылдагыч сатып иштеген бир кембагал эркек болчу. Ал сүйүктүүсү өзүнүн жакырлыгын мындан көрүп, сенин көзүң тескери, ошондон улам мен эч байыбадым деп наалып басып жүрөр эле. Кийин бул жерде ачкан дүкөнүн жаап, мурунку акчалуу сүйгөнү жашаган борбордук көчөгө дүкөнүн жылдырат. Анан төртүнчү сүйүктүүсү… Кийин бешинчиси…

Азыркы сүйгөн мырзасы – тили буудай кууруганы менен чөнтөгүндө бир тыйын акчасы жок жупуну жазуучу, драматург. Жазуучу деген эле заты болбосо, аты – улук, супурасы – курук. Бул жазуучу сүйүктүүсү булардын кепедей үйүнө радикалдык маанайдагы окумуштуу-социологдор булардын жакыр жашоосун иликтегени эшигин тытып ат тезегин кургатпай келе беришкенинен тажап, баягы жазып жүргөн башы бар, аягы жок пьесасын акыры жазып бүтүрдү. Сүйүктүүсүнө берген убадасын аткарып пьесадагы көшөгөгө лимон багын кошо кетти. Чынында, кадимки турмушта лимон багын издеп таба албады. Лимон багы пьесанын эң акыркы көшөгөсүндө эпилог катары келтирилет: баягы өзү айткан жашоо пайдубалы ураган соң, идеалдуу дүйнөдөгү эркек менен аял лимон багында диалог курушат. Кийин бул пьесанын арты менен театралдык жамааттын канайымы менен таанышып, аны менен иштешип калды. Аялдын айтканы бул сапар да дал чыкты: драматург сүйгөнү ийгилик жаратып, ийгиликтин арты менен ташы өйдө кулап, ити чөп жеп баштады. Мунун арты менен бутуна аябай турду. Мурда боло келгендей эле бул жазуучу сүйүктүүсү да «лимон» сүйгөнүн таштап кетти бир күн.

Анын кийинки сүйүктүүсү драматургдун үйүнө кез-кез каттап жүрчү кара жумушта иштеген эркек болду. Анысы чечендикти сүйгөн эргул экен. Бирок… Бирок деген жери бар! – ушуга келгенде аялдын буга чейин эркектин башына конор кутту алдын-ала көрө билген көзү ачыктык жөндөмү жоголуп кетти: бул сүйүктүүсү эч кандай ийгилик жарата албады. Анысы аз келгенсип иштеген жеринде жөн жүрбөй, үгүт иштерине аралашканы үчүн ишинен да куулду. Кудай берген көзү ачыктык касиети менен жашап келген аял бул жөндөмүнөн ажыраган соң жашоонун кызыгы да кетти ага. Же көзү ачыктык кылып жүрүп акыры чарчадыбы, же бул сапар катачылык кетирдиби, айтор түшүнүксүз…

Аялды жерге берген күнү драматургдун пьесасы сахнада алгачкы ирет коюлуп, көрүүчүлөрдүн дүркүрөгөн кайта-кайта кол чабуулары менен коштолду. Башкы ролдогу анын жаңы сүйүктүүсү монолог айтып жатканда, ага ыраматылык «лимон» сүйүктүүсү элестеп кетип  жатты. Пьеса аяктап, көшөгө жабылган соң көрөрмандар тура калып, дагы бир ирет узакка созулган дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштоп турушту. Жаңы сүйүктүүсү эпилог учурунда сахнаны кооздоп турган лимон жемиштерин топтоп, авто-унаага жүктөдү да, «лимон» сүйүктүүсүнүн топурагы али кургай элек мүрзөсүнө айдап жөнөдү. Бирок кимдир бирөө андан озуп кетиптир: мүрзөнүн капталында маркумдун аты жазылган кичинекей тактайчанын алдына бирөө чоло жерин калтырбай шам коюп, шамдарды жагып кетиптир. Шамдар топтоголок толгон ай түрүндө, лимон сыңар жарык, жылуу нур чачып күйүп турат.

– Демек, кереметтүү лимон багына коюлган тура сүйүктүүм, – деп күбүрөндү ал муну көргөндө.

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары

 

Котормочудан аңгеме тууралуу

Улуу жапон жазуучусу – Ясунари Кавабатанын сүйүү тууралуу чебер жазылган ажайып аңгемесинде нукура таза сүйүү жана анын арты менен жаралган улуу иштер тууралуу сөз болот.

Жер бетинде баалуу таштар, баалуу жаныбар, асыл адамдар сейрек кездешкен сыңар нукура таза сүйүү да жашоодо чанда кездешет. Адам өзүн курчаган асыл адамдарды, мүмкүнчүлүктөрдү, жакшы күндү тез жоготкондой эле нукура сүйүүнү да убагында баалап, өчүрбөй сактай билбесе, өчкөн сүйүүнүн да кайра тутанып жанышы кыйын. Ал эми пайдасыз, маанисиз, зыяндуу нерселер адам баласы издебесе деле, каралбаган аңызда өскөн пайдасыз отоо чөп сымал жашоодо өзүнөн өзү кездешет.

Асыл таштардын, мисалы, алтын менен күмүштүн башка заттардан айырмасы – алардын эч качан дат басып чирибегени. Сыртын сүртүп-тазалап койсо, өңүнө чыгып, ал турсун көзгө түнкүсүн да жаркырап көрүнөт. Нукура таза сүйүүнүн өзүнө гана таандык касиети – анын эч качан акчага, мансап-бийликке, атак-даңкка азгырылып ээрчибегени. Байлык, бийлик, атак-даңк сыяктуу жалган дүйнөдө пендени азгырып, башын тумандатып салар «кыйындар» менен нукура таза сүйүү бирге батышып жашай да албайт. Нукура таза сүйүүнүн алптыгы мына ушунда. А-бу дегенибиз менен бул жалганда сүйүүнүн арты менен куралчу үй-бүлө деле көбүнчө бейрасмий түрдө алдын-ала финансылык келишимдин негизинде түзүлөт.

Аңгемедеги жазуучунун дагы бир оюн ортого салалы: жакырлар жана жаратмандар деп автор бул жерде жалпы эркектерди атап жатат. Адамдардын бир тобу бул жалганда жөн-жай гана жашап өтүшсө, экинчи тобу бир келген өмүрдө артынан из калтырар аздыр-көптүр пайдалуу иш жасап кетүүгө ынтызар. Улуу иштерге баш бакканга адамга эмне түрткү? Албетте ичтеги күчтүү каалоо жана сырткы талап-таасирлер адамды жаратмандык кылууга мажбурлайт. Ошонун бири – эркек нукура чыныгы сүйүүгө кабылганда, мээнин активдүүлүгү күчөп, колу кычышып, жаратмандыкка бой таштайт деген да кептер айтыла жүрөт. Бул албетте жалгыз эмес, сырткы күчтүү таасирлердин бирөөсү гана. Демек нукура сүйүү ишмердүүлүктүн ар бир тармагында кандайдыр бир улуу иштин жаралышына адамга шык берет. Адабияттагы белгилүү шедевр чыгармалардын, музыка чөйрөсүндөгү ооздон-оозго өтүп ырдалып калган ырлардын жаралуу тарыхына үңүлсөк, бул тарыхта калган шедевр чыгармалар, ырлар көбүнчө көңүлдөш, сүйүктүү аялдарга арналып жаралыптыр. Үйдө көп жылдардан бери ынтымактуу түтүн булатып, кирин жууп, тамагын жасап, эркегинин тукумун улап келаткан жубайына арнап жазган чыгармалар, ырлар дээрлик жокко эсе. Бул адам жашоосундагы түшүнүксүз феномен да, муну далилдөөсүз постулат катары кабылдоого аргасызбыз. Адам ошол экен да. Жашоонун көркү – аял. Эркектер коомдун кыймылдаткыч күчү болсо, аялзаты жашоонун көркүн ачып, улуу эмгектердин жаралышына түрткү берген коомдун шыктандыргыч күчү деп айтсак куп жарашчудай.

Адабияттагы шедевр чыгармалар, музыкадагы өчпөс керемет ырлар мырзаларга караганда, аялзатына арналып көбүнчө жазылган. «Эркекти эр кылган аял…» демекчи, жакшы жубай эркекти жашоодо кор кылбай, тукумун улап, барктап өтсө, ал эми көңүлдөш сүйүктүү аялдар эркектерге зор шык берип, көңүлдөш сүйүктүү аялдардын аты шедевр чыгармага айланып, ырга, дастанга айланып ысымы тарыхта калат экен. Ясунари Кавабата бул чакан аңгемесинде ушуларды баяндап кетиптир.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.