«Кат турмуштагы» өтмө катар реалдуулук

(Нарсулуу Гургубаева менен Нуриза Өмүрбаеванын эпистолярдык стилде жазылган китеби жөнүндө)

XX кылымдын аягынан тартып ушул убакка чейин Кыргызстандын эли адамдардын ортосундагы өз ара мамиленин, коомдук психологиянын өңүтүнөн караганда кыйла кызыктуу, олуттуу, терең өзгөрүүлөрдү баштан өткөрдү. СССР таркап, ага даяр болбогон эл кайда барарын билбей тамырын издеп ар жерге урунуп көрдү. Мурда жашыруун жүргөн бир топ маалыматтар ачыкка чыгып, көнүмүш система кыйрап, адамдар орун которуп, эл бир сыйра ичкиликке берилип, короолордо, подъезддерде баары бири-бирине сырын төгүп бакылдашып стакан кагышып отурган бир кызыктуу заман өттү. Андан соң адамдардын ортосундагы коммуникациянын боштугун диний ишмерлер ээлеп, элдин бир тобу ошол жакка да ооп кетти. Кийин чөнтөк телефондор чыгып, ага Интернет кошулгандан бери адамдардын арасындагы алака-катыш, коомдук пикир, саясий технологиялар соцтармактарга көчүп, чыныгы бетме-бет мамиленин бир тобу виртуалдык алака менен алмашты. Адамдардын ортосундагы жандуу байланыштын ордун техникалык каражаттар ээлей баштаган бул процесс азыр да ак-карасы аралаш жүрүп жатат. Ал кыргыз коомун мындан ары канчалык терең өзгөрүүлөргө дуушар кылары азырынча эч кимге белгисиз.

Мына ушул бүгүнкү реалдуулукту формасы жагынан да, мазмуну жагынан да адекваттуу чагылдырган сейрек чыгармалардын бири – акын Нарсулуу Гургубаева менен Нуриза Өмүрбаева биргелешип жазган «Кат турмуш» аттуу китеп. Авторлордун өзү үчүн бул алардын проза жанрындагы алгачкы тажрыйбасы. Ошого карабастан, ага адистердин да, жалпы окурмандардын да назарын буруп, резонанс жарата кылган айныксыз үч жагдай бар.

Биринчиден, бул чыгарма проза багытында дал бүгүнкү турмушту таасын чагылдырган сейрек табылгалардын бири. Болбосо эгемендик заманы келгени жазуучулар журту тегеректе болуп жаткан өзгөрүүлөрдү кандай туюндурарын, ага кандай мамиле кыларын, баа берерин билбей алдастап калып, көбүнчө мурунку замандын баатырларына, детективге, мелодрамага кирип кеткенин көрүп эле жүрөбүз. Алардан айырмаланып, сөз болуп жаткан китеп так ушул азыркы заманды, анын оош-кыйыштарын, актуалдуу маселелерин кадимки турмушка аралашып жүргөн адамдардын көзү менен ичтен карап, болушунча реалисттик нукта мүнөздөгөн. Баалуулугу да ушунда.

«Кат турмуштагы» каармандардын ар бири – реалдуу жашоодогу прототиптеринен байкалган мүнөздөрдүн жыйындысы. Бир каарманда бир нече кишинин мүнөзү, кылык-жоругу, башынан өткөн окуясы типтештирилип берилген. Бул бир эсе адамга эмес, проблемага көңүл буруш үчүн жасалса, бир эсе чыгарманын сыйымдуулугун, ырааттуулугун камсыз кылуу максатын көздөсө керек.

Экинчи өзгөчөлүгү жалпы окурмандарга караганда адистерге көбүрөөк кызыктуу болушу мүмкүн. Бул өзгөчөлүк – жанр маселеси. Анткени китеп эпистолярдык стилде жазылганынан тышкары, жанрлардын синтезин пайда кылгандай таасир калтырат. Анда публицистиканын да, эссенин да, повесттин да белгилери бар. Маанайды туюндуруу жагынан юмордон тартып трагедиялык ноталарга чейин бардыгын камтыйт.

Үчүнчү өзгөчөлүгү да негизинен адабиятчыларды жана коммуникация адистерин кызыктырышы мүмкүн. Ал китептин композициясына байланыштуу. Чыгарма өз-өзүнчө диалогдор менен монологдордон (каармандар бири-бирине жазган каттардан) турат. Алардын ар бири өз алдынча чыгарма катары караса да, жалпы сюжеттик сызыктын бир бөлүгү катары караса да болгудай кылып жазылган. Бул авторлордон, айрыкча өз ара кызматташтыкта өнөктөшүп жазган калемгерлерден логикалык чоң чеберчиликти талап кыларын белгилей кетиш керек.

Китептин мазмунуна келсек, ага жалпы фон катары кызмат кылган турмуш чындыгынын эки чоң көрүнүшү бар. Алар чыгарманы баштан-аяк тепчип турат. Бири – жогоруда айтылгандай социалдык тармактардын ролу, андагы адамдардын, анын ичинде чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн психологиялык портрети. Бул китептин аталышына да себеп болгон өңдүү. Анын бир мааниси каармандардын биринин жообунда ачылат:

«Катың аябай узун экен. Акыркы жылдары узун кат алуу кызыктай көрүнүп калбадыбы… Ошого таң калып окуп, таң калып кабыл алдым. Мен дагы деле илгеркидей айта турган сөзүңдүн башы бар, аягы бар узун каттарды жакшы көрөм. Азыркыдай абал сурашуу же маек эмес, кат. Ошондой каттардын бир балакети бар. Атайын сага жазылганына алданасың, өзүң атап бирөөгө жазып атканыңа алданасың. Маектешкен башка нерсе, узу-ун, уз-ун кат жазган башка нерсе да. Кат менен кошо адамга ишенимиңди жибересиң, ишенимиңди бирөөнүн колуна карматасың. Мындай каттар аярлыкты талап кылат, аяр мамилени талап кылат, өзүңө да, кат жазган адамыңа да ишенимди талап кылат. Ошонусу менен жагымдуу, ошонусу менен коркунучтуу. Болбосо, күндө эле сүйлөшүп атпайбызбы, бирок ошолордун баары кат эмес да. Суроо-жооп эле… Анын жарымы чын жүрөктөн төгүлгөн маек экенинен шегим бар. Ошого катыңды көрүп, таң калдым».

Экинчиси, балким андан да маанилүүрөөк жагы – каармандар өзү да аралашып, башкалардын да турмушу, тагдыры баяндалган эмгек миграциясынын таасири, андагы адамдардын азап-тозогу, сая кеткен өмүрлөр. Миграция деп жалпы айтылып, статистикалык көрсөткүчтөр жыл сайын үстөккө-босток берилгени менен анын артында канча адамдын өмүрү, үмүтү, өкүтү жатканын сыртынан туруп туя бербейбиз. Айталык, капитализмдин мазмунун Карл Маркс илимий эмгектеринде түшүндүрүп берсе, анын күнүмдүк чыныгы жүзүн Оноре де Бальзак өз чыгармаларында конкреттүү адамдардын психологиясы, жеке адамдардын трагедиясы аркылуу абдан кылдат көркөм чагылдырып чыккан жайы бар. Колубуздагы китеп ушул жагынан өз милдетин кыйла так аткарган. Анын бир көрүнүшү китептин башында айтылган каармандын биринин өлүмүнөн кийин көз алдыга даана тартылат:

«Алты жыл бир ресторанда идиш жууду, Күн көрбөдү, айына бир же эки жолу эле дем алып иштеди. Тапкан акчасына жаркырап деле кийинген жок, ойногон жок, күлгөн жок, эки жакты деле көргөн жок. Байкушум же бирөөнү сүйбөптүр же аны бирөө сүйбөптүр. Качан сүйүп, качан сүйүлмөк эле? Таңкы ондон түнкү бирге чейин идиш жууса, анан үйгө келип сенейип уктаса. Айына бир жолу дем алса… Сүйүүгө деле убакыт керек, күч керек. Ошол… Алты жыл идиш жууптур… Эстей турган болсоң, ушул сөздөр эле айтылат экен… Адам өлгөндө «жакшы адам эле» деп айтылат. «Бир да жакшы күн көргөн жок!» депчи? Айтылабы?! Мен Кудайды дагы жоготуп алдым… Кудай ушундай учурларда каякка кетип калат?…»

Айтмакчы, авторлор азыркы эмгек миграциясы кыргыз үй-бүлөсүнүн көнүмүш жашоо ыргагын бузуп, жалаң мигранттардын эсебинен жашаган ата-энелер, туугандар, жакындар көбөйгөнүн да сүрөттөшкөн. Чындыгында эле балдарынын алыста жүрүп тапкан акчасын куру дымакты көздөгөн айрым туугандары той-топурларга, кийим-кечеге, мүлккө коротушканын мигранттар өзү да айтып жүрүшөт. Аны адистер да белгилешкен. Балдары кылмыш дүйнөсүнө кирип кетсе да алар чоочун өлкөдө эмне кылып акча таап атышканы менен иши деле болбогон, эптеп эле алган акчасына каниет кылган ата-энелер четтен табылат. Китептеги балалыгы оор өтүп, жаштыгында көрбөгөн азабы калбаган каармандардын бирине абасы кымбат тон алдырып сыймык менен кийип жатканына жаны ачыган монолог муну жакшы туюндурат:

«Эсиңиздеби, былтыр абасы өзүнүн туулган күнүндө дубленка алдырып кийгени? «Мен 60 жылдык мааракемде элден кем калбай дубленка кийишим керек. Үйдүн улуусусуң, дубленканы сен алып беришиң керек», – деп Акберметке дубленка алдырып кийген. Ошол киши дубленканы кантип кийди, элге не деп кийди? Пол жууп жүргөн жалгыз бой энеге кантип дубленка алдырып, кантип ошону уялбай жонуна илди, билбейм. Неге жакшылыктарда, куда-сөөккө барарда, сый көрө турган жерлерде Акбермет үйдүн улуусу болбойт да, кемпир көмүлөрдө, өт алдырарда, дубленка алдырарда үйдүн улуусу болуп чыга келет?»

Албетте, китеп баштан-аяк аял затынын көз карашы менен жазылган. Бул да бекеринен эмес, анткени бул авторлор үчүн да, окурмандар үчүн да турмуш чындыгы. Жашырганда не, эмгек миграциясынын негизги жүгүн көптөгөн жылдар бою аялдар көтөрүп келди. СССРдеги эмгек менен камсыз кылуу, идеология системалары кулап, өлкө өз жолун издегенден тартып кыргыз эркектери кыйлага чейин өз ордун жоготуп, алдастап калганда үй-бүлөнүн басымдуу милдетин аял заты аркалап, ал тургай социалдык чоң күчкө айланды. Ошондуктан чыгармадагы диалогдор менен монологдордо көпчүлүк окурмандар байкай бербеген жагдайлар, аял затынын жакшы-жаман кулк-мүнөзү, сырлары, түйшүгү, санаасы кыйла деталдуу ачылган. Ага баа берүүнү окурмандын эркине калтыралы.

Ошентсе да китепте коюлган маселелердин диапазону жалаң ошондой деталдар менен чектелип калбастан, абдан кеңири коюлган. Анда диндин салттуу эрежелерге тийгизген таасиринен тартып «Кудайга суроосу көбөйгөн» чыныгы философиялык ой толгоолорго чейин, үй-бүлөлүк жана жеке мамилелердин трансформациясынан тартып адамдык милдеттин салмагына чейин бүт бар. Айрыкча каармандардын бири атасынан айрылгандагы абалы ата салтын жерип, чет жактан келген диний талаптарга оой баштаган коомдун карама-каршылыктуу жагдайларын даана сүрөттөйт:

«Жерге берип салышыптыр. «Ыйлабагыла, эреже ошол» – дешти. Бул эмне болгон эреже? Кайдан, качан келген эреже? Бирөөнүн атасын күтпөй көөмп салган кандай эреже? Эскилердей болуп үч күн күтпөсүн, мейли, бирок жок дегенде толук бир күн күтүп турса болбойт беле? Бир күндөн айланамбы? Эки саат күтүп турса болбойбу? Качан, саат канчада барарыбызды баары билет эле го… Ал аз келгенсип, жакыныңды жоготуп, ичиң өрттөнүп, өзүң кошо өлө албай бүк түшүп турсаң: «Ыйлаба» – дегени, ыйлатпаганы эмнеси? Жакынын жоготкон адам кантип ыйлабай коёт? Кантип ыйлабай коё алат? Ишенесиңби, дагы эле кимди жаман көрүшүмдү билбей турам. Өзүмө кошуп дагы кимди жаман көрүшүмдү билбей турам. «Эреже» десе эле, баш ийип берген, ар кимди ээрчип кете берген элдиби? «Эреже» десе эле, мени, инимди, атамдын бир туугандарын унутуп калган, күтө туралы деп талап кылбаган туугандарымдыбы? Тагдырымдыбы? Тилектиби? Москваныбы? Кимди жаман көрөйүн? Жашоомдун кайсы бөлүгүн жаман көрөйүн?»

Китеп эки акын кыздын диалогу түрүндө жазылгандыктан анда адабий чөйрөнүн оош-кыйыштары тууралуу пикир алышууга кеңири орун берилгени мыйзам ченемдүү. Андыктан соцтармактардагы чыгармачылыкка болгон мамиле, анын деңгээли үчүн болгон жоопкерчилик, элдин эстетикалык табити жөнүндө бир топ кызыктуу ой толгоолор учурайт:

«Сактан Фейсбук барагына: «Мындан ары жазбайм, чыгармачылыктан кеттим» – деп пост жазды. «Тез келген адам, ушинтип тез кетет окшойт» – деп ойлодум ичимден. «Туура кыласың, жазбай эле кой» – дегим келди аябай. Бирок, эл ага жеткирген жок. Анын да өзүнө ылайык күйөрмандары, окурмандары бар экен… Көпчүлүк: «Жаз эле жаз, сен жакшы жазасың, сен жазбасаң, кыргыз адабияты оор жоготууга учурайт!» – деп жаалап кетти. Биздин адабият ушунчалык кичирейип кетти беле же Сактан ошончолук чоң фигурабы, түшүнбөй калдым… Бирок, биз ыйык көргөн нерселерге адамдар ашканага кирип чыккансып эле мамиле кылып калыптыр. Шоу болуп атканы кейитти. Ага не? Ошол сөздү угуш үчүн, мактоо угуш үчүн жазган экен».

Чыгармадагы эки негизги каармандын бири кесиби жагынан мугалим болсо, бири котормочу. Ал жалаң кылмыш иштерин которгон ишканада эмгектенет. Ошондуктан китепте оор кылмыш кылган адамдын тагдырына, аны ошого түрткөн жагдайларга кеңири орун берилген. Кыздарды да, эркектерди да зордуктап өлтүрүп жүргөн кейипкер суракта отуруп балалыгында башынан өткөн азаптуу окуяларды, өзүнүн эле айылдаштарынын, жакындарынын көрсөткөн кордугун айтып берген соң конкреттүү ушул кылмышкердин жоруктарына жалпы коом күнөөлүү деген жыйынтык аргасыздан келип чыгат. Дегеле жыл өткөн сайын күч алып бараткан кылмыштардагы жалпы коомдун жоопкерчилиги, тазалануу зарылчылыгы – бул китептеги негизги лейтмотивдердин бири. Анын бир белгисин кыздарды зордуктаган уландардын туугандары күнөөнү жабыркоочуларга оодара салганынан көрөбүз:

«Жакшы бүлө болсо, баласы кыз зордомок беле? Үчөөнүн тең Москвадагы туугандары окуяны угуп, баары бөлүмгө келиптир. Коридордо катар отурганбыз. Эркектери зордукталган кызды ачык эле сөгүп, аялдары каргап атты. Кыз тез эле шуркуяга чыгып калды. Биринен бири озунуп: «Ал өзү бузулган кыз экен, ошол жерге өзү барыптыр» – дейт улам эле. Балдардын жоругу тууралуу сөз жок. Бузулган кызды зордуктай берсе болот деген түшүнүктү алар кайдан алганын билбейм, бирок баары кудум мыйзамда ошентип жазылгансып, ишенимдүү сүйлөп жатты. Ошончо кишинин окшош, бир кылка ойлонгону кыжырымды келтирди».

Демек, жыйнакта көлөкөдө турган, негизги маектештердин оозу менен сүйлөп жаткан башкы каарман – чындап келсе алар да эмес, Абийирдин өзү. Адам баласынын негизги салттуу регуляторлору болуп калган диний ишеним менен мыйзам талаптарынан айырмаланып, абийир дегениң даяр жоопторду бербейт. Миң алакетке салып, өзүңдү өзүң тыштан караганга, өзүңдү өзүң соттогонго мажбур кылат. Адамды адам кылып турган негизги белгилердин бири болгондуктан ал тууралуу маселе алмустактан бери козголуп келген. Тээ байыркы заманда эле Будда пайгамбар «Адам болуу кандай кыйын!» деп арттан шаңшыса, Чыңгыз Айтматов аны улай «Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу» деп алдыдан таңшып турганынын сыры ушул. Ошондуктан бул китепте даяр жоопторго караганда ар кыл өңүттөн коюлган суроолор, адамдык абийирге койгон тандоо арбын кездешет. Мугалим болуп иштеген кыздын үй-бүлөлүү адам менен болгон мамилеси үчүн ички түйшөлүүсү, өз сезими менен моралдык талаптардын ортосунда урунуп-беринген абалы чыгарманын кыйла бөлүгүн ээлейт. Ал ордунан тура албай калган оорукчан орус кемпирди баккан ишинде да эки башка тилектин карама-каршылыгына кабылат:

«Дагы бир күнү кемпирди бастыруу жөнүндөгү оюмду Асылкүл эжеге айтып көрдүм. «Эмне кыласың, керек болсо өздөрү бастырып алсын, бастырбаса сага не?» деп жактырбады. «Бул басып кетсе, сен экөөбүз ишсиз калабыз, ошого мээң жетпейби?» – деп урушуп койду. Анын сөзүн угуп, биздин сөзүбүзгө түшүнбөй, жаткан жеринде бизди тиктеп жылмайган кемпирден уялып кеттим. Боорум ооруп кетти. Басып кетсем дегенде эки көзү төрт. «Көп баспасам деле мейли, ашканага, туалетке барганга жарасам болду. Жок дегенде таяк менен китеп текчеме басып барсам, үй ичинде эле басканга жарасам кана?» – деп кыялдангандан тажабайт. Ишсиз калам деп корккон мекендешимдин тилегинен кемпирдин басып кетсем деген тилеги чоң дагы да, таза дагы да. Басып кетсе экен, ылайым…»

Жогоруда айтылган өзгөчөлүктөрүнүн баары бул китепти кыргыз адабиятындагы уникалдуу көрүнүшкө айландырып, анын жарата турган резонансы тууралуу талкууларга жем таштайт. Анын тагдыры кандай болушу мүмкүн? Бул суроого жооп табыш үчүн маселенин маданияттагы эмес, таптакыр башка чөйрө болуп эсептелген экономикадагы аналогиясына кайрылалы.

Дүйнөдө экспортко карата эки башка мамиле бар. Жапонияда эң мыкты товарлар жапон элинин өзүнө кызмат кылат. Бул жапон өкмөтү өз элин сыйлаганынын белгиси. Башка мамлекеттердин көбүндө тескерисинче, эң мыкты өндүрүм четке чыгарылат. Дагы башкалары рынок өзү чечсин деп жайына коюшат. Дүйнөлөшүү жараяны тереңдеген сайын маданиятта да чыгармаларга карата ушул үч башка мамиле калыптанып калды. Айталык, кыргыз тарыхын кыргыздын көзү менен баяндаган, терең сырларын чындап кыргыз гана түшүнгөн Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылычы» ички аудиторияда улуттук аң-сезимге небак терең сиңген болсо, ошол эле теманы улай кыргыз менталитетин конкреттүү фактыларга байланбастан, жалпылаштырып көркөм туюндурган Садык Шернияздын «Курманжан датка» фильми – негизинен тышкы аудиторияга багытталган «экспорттук» өнүмдү көбүрөөк эске салат.

Бул жагынан караганда «Кат турмуш» – ички аудиторияга да, тышкы аудиторияга да кызыгуу жарата турган көрүнүш. Кыргыз окурманы азыркы заманга бүгүнкү каармандардын көзү менен карап көрүп, анда коюлган маселелерге түйшөлүп ичтен тазалануу мүмкүнчүлүгүн алат. Ал эми чет элдик китеп ышкыбоздору ушул тагдыр чечер доордо кыргыз коому баштан кечирип жаткан көрүнүштөр менен жакындан тааныша алат. Андыктан коомдук резонансына жараша китепти жок эле дегенде орус жана англис тилдерине которуу зарыл деп эсептейм. Анткени эмгек миграциясы, дүйнөлөшүү, ага байланышкан адамдык тагдырлар, гуманитардык маселелер – ушу тапта кыргыздын эле эмес, көп эле элдердин башында турган жагдай.

Китептеги эпизоддордун баары эле баштан аяк кызыктуу болот деп айтыш кыйын. Айрымдары аялдар аудиториясына, айрымдары чыгармачыл чөйрөгө гана актуалдуу болушу толук мүмкүн. Антсе да баарыбыздын эле башыбызда турган «кат турмуштун» жарык көрүп жаткан кыйла чебер сүрөттөмөсү кыргыз окурманынын жүрөгүнөн татыктуу түнөк табарына ишенем жана авторлордун мындан аркы чыгармачыл эксперименттерине чын дилимден ийгилик каалайм.

Жыргалбек Касаболот

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.