Марат Токоев: Дүйнөлүк адабияттан котормолор

Марат Токоевдин котормолорунан

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Станислав СЕВАСТЬЯНОВ

АЯЛ БАКТЫСЫНЫН СЫРЫ

Маша Скворцова кооз көйнөгүн кийип, боёнуп, үшкүрүнүп алды да чечкиндүү кадам жасап – Петя Силуяновго конокко жөнөдү. Петя аны укмуш даамдуу пирожныйлар менен коноктоду. Вика Телепенина болсо эч жасанбай, боёнбой, үшкүрүнбөй Дима Селезневдун үйүнө шар кирип келди. Дима арак жана даамдуу колбаса менен тосуп алды. Байкаганыңардай, аялды бактылуу кылууну сырлары өтө көп.

***

Владислав ПАНФИЛОВ

ЭНЕ

Эне өзүн бактысыз сезет эле. Күйөөсүн, уулун, неберелерин, чөбөрөлөрүн акыретке узатты. Алардын бардыгынын тултук беттүү кичинекей кездери, карып калган чактары, бүкүрөйүп жүргөндөрү дайыма көз алдында тартылып турат. Ал өзүн аёо билбеген убакыт өрттөгөн такыр жерде жалгыз өскөн даракка окшоштуруп кетет. Анын күндө тилегени өлүм болчу, мейли, өлүмдүн эң азаптуусу болсо да. Анткени ал жашоодон чарчады! Бирок айла жок, жашоого туура келет… Анын жалгыз кубанычы – неберелеринин неберелери, ошондой эле тултук бетүү, бото көздүү. Аларга кам көрүп өзүнүн, балдарынын, неберелеринин өмүрлөрүн кобурап айтып отурчу… Бирок бир күнү анын айланасында асманга созулган оттор пайда болуп, неберелеринин неберелери тирүүлөй күйүп жатканын көрдү, өзүнүн териси да күйүп, оорудан катуу бакырып, тагдырын каргады. Бирок асмандан мурдагыдан да каардуу жаңы оттор гана түшүп жатты. Жер жаны чыгып жаткан денедей титиреп, миллиондогон адамдардын жандары ааламга учуп кетти. Жер ядролук алааматта көз ирмемге катый калды да, миңдеген, миллиондогон бөлүктөргө жарылды…

Кымындай мала кызыл түстөгү пери, янтарь бутакта ары-бери серпилип ойноп, айланасындагы курбуларына мындан көп жыл мурун аны менен болгон окуяны дагы эле айтып бүтө албай сайрап жатты. Ал ааламдын аркы бурчуна учуп бара жатып жолдон көгүш-жашыл эң кооз кичинекей планетаны көрүп калат. “Ал ушунчалык кооз! Керемет болчу!” – деди пери. “Мен бир күн толугу менен жапжашыл токойлордун, көпкөк көлдөрдүн, күмүш жиптей суулардын үстүндө учуп жүрдүм. Өзүмду ушунчалык бактылуу сездим дейсиңер! Мен бирөөнө жакшылык кылгым келип кетти! Ушул кезде көлмөнүн жанында жалгыз отурган кичинекей баланы көрүп калдым. Жанына учуп келип кулагына шыбырадым: “Мен сенин эң катуу эңсеген тилегиңди аткарып бергенге даярмын! Мага айтып эле кой!”. Бала башын көтөрүп мага карады да: “Бүгүн менин энемдин туулган күнү. Мен анын эч качан өлбөсүн каалайм!” – деди. “Кандай керемет каалоо! Чын жүрөктөн чыккан! Таптаза!”, – деп чурулдай кетишти жанындагы пери курбулары. “Ушундай баласы бар эне кандай гана бактылуу болушу керек!”

 

***

Дэн ЭНДРЮС

(55 сөз)

БАКТЫСЫЗ

Жамандыктын жүзү жок деп туура айтышат. Чынында, анын көз карашы жансыз болчу, кыпындай да сезимди таппайсың. Боору ооруп койгону эч байкалбайт. Оорудан болсо көзүм караңгылап кетип жатты. Эмне ал менин көзүмөн, жүзүмөн коркуп жатканымды, жан дүйнөм дүрбөлөңгө түшкөнүн байкабай элеби? Ал унчукпай өзүнүн жаман ишин жасап жатты, бир маалда мага сылык кайрылды:

“Оозуңарды чайкап аласызбы”.

 

***

Николь ВЕДДЛ

(55 сөз)

РАНДЕВУ

Телефон шыңгырады.

— Алло, – деп шыбырады ал.

— Виктория, бул мен. Түн ортосунда причалда* жолукпайлыбы?.

— Макул, жаным.

— Анан да өзүң менен шампан бөтөлкөсүн ала келгенди унутпасаң, – деди телефондогу үн.

— Унутпайм, жаным. Бүгүн түнү сени менен болгум келет.

— Кечикпе, мен күтө албайм! – деп телефонду коюп койду.

Үшкүрүндү. Бир аздан соң жылмайып:

— Кызык, бул ким болду экен, – деди ал.

 

***

Бред Д. ХОПКИНС

(55 сөз)

СҮЙҮҮНҮН ТҮГӨЙҮ

Бир жолу Топон суу болот. Ной: “Түгөйлөрдү гана алам. Жалгыздар – жакындабасын!!!”, – дейт.

Сүйүү Намыска, Байлыкка, Атакка, Бакытка барат, бирок алардын түгөйлөрү бар чыгат.

Ошондо Ажырашуу келип: “Мен сени сүйөм” дейт.

Экөө кемеге отурушат.

Бирок Ажырашуу чынында Сүйүүгө ашык болуп, жерге жеткенде да ажырашкысы келбей коёт.

Ошондон бери Сүйүү каякка барбасын аркасынан Ажырашуу ээрчип жүрөт экен…

***

 

КИР ШЕЙШЕПТЕР

(уламыш)

Бир үй-бүлө жаңы батирге көчүп келет. Эртең менен жубайы терезеден кошуна аялдын жуулган кирлерин кермеге жайып жатканын көрөт.

“Карачы, анын шейшептери таза жуулбаптыр”, – деди ал күйөөсүнө. Жолдошу болсо гезит окуп отурган, аялынын айткадарын этибар албады.

“Анын самыны начар болсо керек, же кир жууганды билбейт. Үйрөтүп коюш керек го.”

Ушундан тартып кошуна аял кирин жайган сайын анын начар жуулган кирлерин кеп кылууну адат кылып алды.

Бир күнү эртең менен туруп, адатынча терезе жакты карап: “Ай-ий! Бүгүн кирлери таптаза экен го! Кир жууганды үйрөнгөн окшойт!”, – деди аялы.

“Андай деле эмес, – деди күйөөсү, – жөн гана бүгүн эртерээк туруп терезени жууп койдум”.

 

***

Даниил ХАРМС

САНДЫК

Моюну ичке бир адам сандыктын ичине кирип, капкагын жапты да тумчуга баштады.

Мына, – деди моюну ичке адам абанын жетпегинен терең-терең дем ала, – моюнум ичке болгондуктан мен сандыкта тумчугуп жатам. Сандыктын капкагы жабык, мага таза абаны өткөрбөй жатат. Мен тумчуга берем, бирок сандыктын капкагын баары бир ачпайм. Акырындан жаным чыга баштайт. Мен өлүм менен өмүрдүн күрөшүн көрөм. Бул күрөш табигый эмес шартта  болот, экөө бирдей абалда, анткени табигый шартта, өлүм сөзсүз жеңет, а бирок өмүр, баары бир баардыгы өлүм менен бүтөрүн билсе да, күрөшкөнүн койбойт, аягына чейин үмүттөнөт. Ал эми азыр боло турган күрөштө, өмүр кантип жеңсе болоорун билет: аны үчүн өмүр менин кодорумду сандыктын капкагын ачтырышы керек. Кана, көрөлү, кимиси жеңер экен? Бирок негедир нафталин катуу жыттанат. Эгер өмүр жеңе турган болсо, мен мындан ары сандыкта кийим-кечени тамеки сээп сактайм… Мына башталды: мен такыр эле дем алалбай калдым. Мен өлдүм, бул айдан ачык! Болбой калдым! Башымда эч бир улуу ойлор жок. Мен тумчугуп жатам!…

Ой! Бул эмнеси? Азыр эле бир нерсе болгондой сезилди, бирок эмне. Бир нерсени көргөндөй, же уккандай болуп жатам…

Ой! Кайра дагы бир жолу болдубу? Жараткан! Аба жетпей жатат. Жаным чыгып баратат окшойт…

А бул эмнеси? Ырдап жатамбы? Моюнум ооруксуп жаткандай… Бирок сандык каякта? Бөлмөдөгү буюмдарды көрүп жатамбы? Жерде жатат окшойм! Сандык каякта?

Моюну ичке адам бутуна туруп эки жагын каранды. Эч жерде сандык көрүнбөйт. Столдордо, отургучтарда сандыктан алып чыгарылыган буюмдар чачылып, илинип турат, а сандыктын өзү эч жерде жок.

Моюну ичке адам:

– Демек өмүр өлүмдү мага белгисиз ыкма менен жеңиптир, – деди.

***

 

Франко АРМИНИО

АРКЫ ДҮЙНӨДӨН КАТТАР

 

Бул жакта кыштын аягы менен жаздын аягы бири-биринен айырмаланбайт деле. Алгачкы розалар боюнча байкасаң болот. Розалардын бирин мени “Тез жардам” менен алып баратышканда көрдүм. Көзүмдү жумуп, бул роза жөнүндө ойго баттым. Алдыда айдоочу менен медайым жаңы ресторан тууралуу кеп кылып жатышты. Курсак жарылгыча тоё жесең да болот, баалары да арзан.

* * *

Бир учурда менде кадыр-барктуу адам боло алам деген ой жаралды. Өлүм мага дагы бир аз убакыт берип жатканын сездим. Жаңы жылдык белектер салынган баштыкка колун салган баладай мен жашоого баш-отум менен чүмкүдүм. Анан менин күнүм да келди. Ойгон, деди мага аялым. Ойгон деп улам кайталап жатты ал.

* * *

Күн жаркырап тийип турган күн болчу. Мен ушундай күнү өлгүм келбеди. Мен дайым ойлоор элем, өлсөм иттер уулуган түнү өлөм го деп. Бирок мен чак түштө, телевизордо кулинардык шоу башталганда өлдүм.

* * *

Адамдын көбү таң эртеде өлөт дешет. Мен өмүр бою дайыма таңкы төрттө туруп алып, каргашалуу маалдын өтүшүн күтөт элем. Китеп окучумун, же телевизор көрчүмүн. Кээде сыртка чыкчумун. Мен кечки жетиде өлдүм. Таңгалычтуу эч нерсе деле болгон жок. Бир гана бул дүйнөгө мен дайыма чочулоо менен карайт элем. Мына ошол чочулоо бир убакта эле жок болду.

* * *

Мен токсон тогузда болчумун. Балдарым мен жашаган карылар үйүнө келгенде жүз жылдыгымдын тою тууралуу гана сөз кылышчу. А мага баары бир болчу. Мен аларды укпайт элем, жанымды талыткан жылдарымдын гана салмагын сезчүмүн. Аны мындан ары дагы сезгим келбей өлүмдү тилеп кетет элем. Баардыгы улуу кызымдын көзүнчө болду. Ал мага алманын бир кесимин берип жатып, жүз деген жазуусу бар торт тууралуу сөз кылып жаткан. Бири таяктай узун, ал эми нөлдөр велосипеддин дөңгөлөктөрүдөй чоң болушу керек деп.

* * *

Аялым мени сакайтып бутума тургуза алышпаган врачтарга дагы эле нааразы. Бирок да мен эч качан сакайып кетпесимди билээр элем. Ал эмес Италия футбол боюнча дүйнө чемпионатында жеңген күндө да, ал эмес мен үйлөнгөн күндө да.

* * *

Элүү жашымда мен мына-мына азыр эле өлүп калчу адамдай көрүнөт элем. Мен токсон алты жашымда, көпкө чейин кыйналып жатып өлдүм.

* * *

Рождестволук вертеп* мени дайыма чоң кубанычка батырат эле. Жылдан жылга аны коозураак кылып жасап жаттым. Мен аны үйдүн алдына коюп коёт элем. Эшик ал күндөрү эч качан жабылчу эмес. Жалгыз бөлмөнү жол оңдоодо колдонулчу ак-кызыл лента менен бөлүп койгом. Вертепке кызыгып, токтой калып аны суктанып карап тургандарга сыра алып чыгып берчүмүн. Папье-маше, мускус, козулар, волхвдар, дарыялар, чептер, койчулар, үңкүрлөр, Ымыркай, жол көрсөткөн жылдыздар, электр зымдар тууралуу эч нерсесин калтырбай, шашпай айтып берээр элем. Электр зымдары менен өзгөчө сыймыктанчумун. Мен Рождество түнү электр оттору жымыңдап жанган вертепти карап турган бойдон жалгыздыкта өлдүм.

* Иса пайгамбардын жарык дүйнөгө келишин чагылдырган театрдык көрсөтүү же айкелдер.

 

 

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.