Кыргыз жазуусу, маданий мурас жана геосаясат
Быйыл жайында Стамбулда улуттук спорт оюндарынын фестивалы болду. Абдан мыкты уюшулуптур. Бирок кыдырата тигилген боз үйлөрдүн тышында иш-чарага катышкан өлкөлөрдүн аттары өз алдынча жазылбай эле “казак түрктөрү”, “кыргыз түрктөрү”, “өзбек түрктөрү” ж.б. деп баарын түрк кылып салышканына таң кала түштүм. Жалпы түрк дүйнөсү деп аталганы менен алардын ар бири өз алдынча улут, өз мамлекетине ээ болгон кадыресе эл эмеспи. Башкасын кой, кыргыз тарыхы азыркы түрктөрдүкүнөн алда канча байыркы экени илимде эчак далилденген. Аны ойлоп турсам кепка саткан соодагер көзүмө урунду. Кепкасына Орхон-Энесай жазуусу түшүрүлүптүр.
— Бул эмне болгон кепка? Ичинде эмне деп жазылып турат? – деп сурап калдым.
— Бул байыркы түрк жазуусу, бетинде “түрк” деп жазылып турат, – деди ал кирпик ирмебей туруп.
Эртедир-кечтир бул жазууну кыргыздан талаша тургандар чыга турганын мурун эле эскертип келгем. Акыры ошол күн келиптир. Буга чейин башка да тектеш элдер Орхон-Энесай жазууларын өзүнө ыйгарууга аракет кылып келишкен. Бул жазууну кыргыз жазуусу деп илимге киргизгиле десек өзүбүздүн эле илимпоздор “бул орток мурас” деп кылчакташат. Демек, бул маселени чечүүнүн кардиналдуу бир гана жолу бар. Ал жол – биз, Кыргызстан, жакын арада байыркы кыргыз жазуусуна өтүшүбүз керек.
Эмне үчүн?
Биринчиден, кыргыз жазуусунун келечеги тууралуу талаш-тартыштар күч алганына көп болду. Бирок ушу тапта көбүнчө батышчылдардын оозу менен сунушталып аткан латын жазуусу кыргыздыкы эмес. Биз азыр колдонуп келаткан кириллица деле славяндардыкы. Ага чейин жазып келген араб алфавитибиз деле арабдардыкы болчу. Байыркы кыргыз жазуусун гана төл алиппебиз деп айтканга толук негиз бар. Кыргыз мамлекети чындап өз алдынча болуп турган кезде колдонулган жападан-жалгыз жазуу ошол.
Экинчиден, эгерде биз бул жазууга өтө турган болсок, биз башка тектеш элдердин арасынан аны жандандырып, тарыхый экспонат эмес, жандуу турмуштук практикага айландырган жападан-жалгыз эл болобуз. Кыргыз каганатынын мураскери экенибиз иш жүзүндө далилденет. Башкалар талаша албай калат, талашса да биздин артыбыздан ээрчигенге аргасыз болот. Ал тургай көнүп алган жазуусун таштап ээрчиши да кыйын. Демек, иш жүзүндө жападан-жалгыз мураскери биз болобуз. Байыркы тексттерди жалаң окумуштууларыбыз эле эмес, жалпы элибиз түп нускасында окуганга жол ачылат. Бул биздин тарыхый тамырыбызды бекемдейт, өткөн күнүбүз менен болгон байланышыбызды кайрадан жандандырат.
Үчүнчүдөн дал ушул жазуунун аркасы менен гана биз башка тилдердин таасиринен арыла алабыз. Бир эле мисалын келтирейин. Ушу тапта “улица М. ЭлебаеВА көчөсү” деген жазууларды көрөсүз. Бул орус тилинин үстөмдүгү мээбизде кыйла терең орноп, эркекти зайып кылган көк мээликке чейин жеткирип атканын көрсөтүп турат. Өз жазуубузга өтсөк жок дегенде кыргызчасы туура жазылат эле. Четтен келгендер бул өз тили, маданияты, жазуусу бар эл экенибизди түшүнөт эле. Кыргызча жазуу кайсы, башка тилдеги жазуу кайсы экени так бөлүнөт эле.
Каршы жүйөлөргө каршы жүйөлөр
Ырас, байыркы кыргыз жазуусуна өтүш керек экенин айтсаң каршы чыкчулар ушу тапта четтен табылат. Алардын жүйөлөрү кандай экенин бирден талдап, сын көз менен карап көрөлү.
Биринчи жүйө: “Каяктагы Орхон-Энесай жазуусу? Азыр дүйнө алдыга баратса силер артка сүйрөйсүңөр”. Өз жазуусуна кайтуу – артка кетүү эмес. “Латын тамгасы – келечектин жазуусу, же мисалы грузин жазуусу – артта калгандыктын белгиси” деген эреже эч жерде жок. Славяндардын, латынча жазгандардын, арабдардын, еврейлердин, индустардын, грузиндердин, кытайлардын, жапондордун ж. б. өз жазуусу бар, кыргызга келгенде эле болбой калыш керек бекен? Алар жазуусун киргизип, өнүктүрүп атканда бирөөнөн уруксат сурадыбы? Алар сурабаса биз эмнеге сурайбыз? Булардын бир тобу дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн катарында баратат го. Жок эле дегенде ушу турган бизден ат чабым алдыда… Демек, жазуунун “заманга ылайыктыгы” же тескерисинче “ылайык эместиги” тууралуу талаштын өзү жаңылыштык, керек болсо зыяндуу стереотип.
Экинчи жүйө: “Бул өтө кымбатка турат, экономикабыз даяр эмес”. Бул негиздеменин бир аз жаны бар, бирок маселе илгеркидей актуалдуу эмес. Азыр көп нерселер санарип форматка өтүп баратат. Окуу китептерин, иш кагаздарын бир сыйра жаңыртууга гана каражат кетпесе, калганы өзүнөн өзү жасала турган иш.
Үчүнчү жүйө: “Кирилл жазуусуна көнүп калдык, эми байыркы кыргыз жазуусун эч ким үйрөнбөйт”. Бул психологиялык гана бөгөт. Балдарыбыз англис, орус, башка тилдерди үйрөнүп, атүгүл ошолор менен тили чыгып атат. Ошого жарап аткан балдар өз жазуусунда билим алганга жарабай калат деген түшүнүк – балдардын дараметине ишенбестик, бир эсе логиканын жоктугу.
Окумуштуулар пилдин баласына эксперимент кылып көрүшкөн. Бир чынжырга байлап, белгилүү бир чектен чыгарбай бир топ жыл баккандан кийин чынжырды чечсе да чоңоюп калган пил мурунку ордунан жылбай койгон. Пилди түртүп чыгарганда гана өзү ойлогондон башка мейкиндик бар экенине көзү жетип, басып кеткен экен. Биз көп жагынан ошол пилдин баласындай абалда турабыз. Чыныгы эркиндикке жетип, чектөөлөр мээнин гана ичинде экенине көзү жетиши үчүн кээде бүтүндөй элди ошентип мурунку чегинен түртүп чыгара турган учурлар болот. Мамлекеттик деңгээлде аны жасай турган нерсе – саясий эрк.
“Манасты” Кытайга тартып берген ЮНЕСКОнун эрежеси
Жалпысынан маданий, руханий, тарыхый мурастарга карата натуура түшүнүктөр биздин өз арабызда эле эмес, дүйнөлүк деңгээлде да үстөмдүк кылган учурлар бар. Мындан бир нече жыл мурун ЮНЕСКО “Манас” эпосубузду Кытайдын атынан каттап коюп, ага каршы “Манас Эл” кыймылында чурулдап жүрдүк. Көрсө ЮНЕСКО кайсы бир маданий мурас кайсы мамлекетте жок болуп баратса, ошол мамлекеттин атынан каттап коет экен.
Ушул эреженин өзү туура эмес. Бул биздин ЮНЕСКОдогу өкүлчүлүгүбүз, ириде Садык Шернияз сыяктуу атуулдарыбыз маселени кабыргасынан коюп, эл аралык деңгээлде козгой турган нерсе. Дал ушул формулировка эрежесинин айынан Кытай Корея менен да, Монголия менен да бир катар мурастарды талашкан жайы бар.
Эмне үчүн? Биз каршы чыккан ЮНЕСКОнун формулировкасында “Манас – Кытай Эл Республикасындагы кыргыз деген элдин маданий мурасы. АЙРЫМ ЭЛЕМЕНТТЕРИ Кыргызстанда, Казакстанда ж. б. мамлекеттерде бар” деп уялбай-этпей эле жазылып турат. Макул, Кытайдын аймагында “Манас” жок болуу коркунучуна учураптыр дейли. Кытайдын аймагында ошондой коркунучка учураганынан эле “Манас” Кытайдыкы болуп калбашы керек да? “Манастын” түпкү мекени Кыргызстан болсо, айтуучулары азыр да чыгып атса, биринчи иретте Кыргызстандын улуттук символуна айланган болсо, эмнеге Кытайда жок болуп баратканы үчүн гана Кытайдыкы болуп калат?
Жөнөкөй түшүндүргөндө Эшматтын эзелтен келаткан жомогу бар дейли. Аны эч ким талашкан эмес. Эшматтын эш туткан маданий мурасы, улуттук өзөгүнүн негизи. Бирок кошунасы Ташматта ошол жомокту айткандар азайып кетиптир. Анан каттоого келгенде эле Эшматка эмес, Ташматка катталып калса эл аралык деңгээлдеги плагиат эмей эмне?
Андан бери Кыргызстан башка формула менен “Манас. Семетей. Сейтек” үчилтигин ошол эле ЮНЕСКОдон каттатууга жетишти. Бирок формулировка маселеси чечилген-чечилбегени белгисиз. Принциптин өзү өзгөрбөсө мындай талаш-тартыштар чыга берет.
Жакынкы жылдары орус гимнасты Алина Кабаеванын тегин Аксыдан издегендер көбөйдү. Ошол бир нерсе чечип жиберчүдөн бетер коомубузда айрымдар кызыл чеке талаш болуп эки жаатка түшүп жатат. Алина Кабаева – Орусиянын жараны, орустун туусун көтөргөн, тагдыры ошол өлкө менен байланышкан спортчу. Анын ата-бабасы Кыргызстанда болгон-болбогону чындап келсе эч нерсе чечпейт. Кыргыздын бар-жогу деле менимче ага баары бир.
Ал эми жогоруда кеп болгон жагдайлар – кыргыздын руханий мурасына, тарыхый эстутумуна гана эмес, кайсы бир өңүттөрдөн алганда геосаясий “жумшак күчтүн” жагдайларына түздөн-түз таасир эте турган нерселер. Анткени маданият – түшүнгөн кишиге стратегиялык тармак. Андыктан улуттук намысыбыз чындап эле бар болсо, утурумдук темаларга күч коротпой, ушундай нерселердин тегерегинде кеп кылалы.
Жыргалбек Касаболот, 13.08.2022