Жыргалбек Касаболот, журналист: Адабий котормонун мамлекеттик стратегиясы

Mаселе жана анын таржымалы

Учурда кыргызчага көп китептер которулууда. Бир гана өзгөчөлүгү – көпчүлүгү өзүн өзү өнүктүрүү, акча табуу, кайсы бир өлкөлөрдүн экономикалык же саясий моделдери тууралуу эмгектер. Анан абдан активдүү которулуп жаткан диний адабият. Албетте, өзүн өнүктүрүү боюнча китептердин да пайдасы тийе турган жактары көп. Себеби мындай китептердин жакшы жазылгандары белгилүү бир тармактар боюнча жалпы маалымат берет, мыктылары атайын практикалык көнүгүүлөрүн да кошот, кыскасы өз окурманы бар. Бирок психология боюнча колдонмолор да, диний адабият да да элдин аң-сезимдүү бөлүгүнүн көркөм баалуулуктарын калыптандырууда адабияттын ордун толтура албайт. Анткени коомчулукту ээрчиткен адамдык идеялар, идеалдар, коюлган маселелер көркөм адабиятта жана анын туундусу болгон маданият тармактарында (кино, театр, обондуу ырлар) гана жеткиликтүү туюнтулуп, элге-журтка таасир эте алат. Кыргызстанда совет мезгилинде дүйнөлүк адабияттын бир топ үлгүлөрү кыргыз тилине орус тилинен которулуп келди. Андагы көркөм котормолор азыр да бул багыттагы улуттук байлыктын негизин, пайдубалын түзүп турат. Ал эми эгемендик келгенден бери кыргыз адабиятынын өзү да көбүнчө тарыхка үңүлүп же детектив жакка ооп, учурдагы турмуш чындыгын чагылдыруудан оолактай түшсө, көркөм котормо андан бетер аксап калганы белгилүү. Акыркы жылдары гана аздыр-көптүр дүйнөлүк адабияттын үлгүлөрү же ыктыярчылардын же бирин-экин демөөрчүлөрдүн аркасы менен кыргызчага которулуп келатат. Бул таптакыр жетишсиз. Кыргызстан эгемендик келгенден бери БУУга кирген толгон-токой мамлекеттер менен мамиле түзүп, көптөгөн тилдер боюнча адистерди даярдап чыгарса да, тил саясатында орус тилинин үстөмдүгүнөн, эл аралык алакалардагы анын ортомчулук ролунан дагы эле арыла элек. Бул толук баалуу эгемен мамлекеттин түпкү маңызына туура келбейт.

Эмне кылыш керек?

Мындай шартта дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн ТҮП НУСКАСЫНАН кыргыз тилине ТҮЗДӨН-ТҮЗ которуу системасын түзүп чыгуу максатка ылайык. Айталык, Шекспирдин чыгармаларын орусчасына кылчактап отурбай эле англисчеден кыргызчага, Стендалдыкын французчадан кыргызчага, Лу Синдин китептерин кытайчадан кыргызчага, Маркестикин испанчадан кыргызчага, Рабиндранат Тагордукун хиндиден кыргызчага ж. б. түз которууга мезгил жетти. Мындай системанын пайдалуу жактары:

а) котормочу чыгарманын түп нускасындагы тили менен иш алып баргандыктан, ортодогу бурмалоону мүмкүн болушунча азайтууга шарт түзүлөт;

б) бара-бара адабий чыгармаларды тиешелүү тилдерден кыргызчага түз которо ала турган адистердин жоон тобу пайда болот;

в) кыргыз тили жаңы түшүнүктөр менен байыйт;

г) кыргыз окурманы дүйнөлүк адабиятка жеткилиги артат, жалпы түшүнүгү кеңейип, дүйнөгө көзү ачылат;

д) кыргыз маданиятынын адабиятка тиешелүү туунду тармактары (кино, театр, обондуу ырлар) үчүн материалдарды (сценарий, текст, драматургиялык чыгармалар) даярдоо жеңил болуп калат. Бул көркөм адабияттын кумулятивдик таасири;

е) тиешелүү мамлекеттер менен дипломатиялык алака-катыштар бекемделет;

ж) өз чыгармачыл дараметин сынай албай жүргөн котормочуларга мүмкүнчүлүк түзүлүп, иш табылат;

з) мамлекеттик бюджеттен каражат талап кылбайт.

Тоскоолдуктар жана аларды жеңип чыгуунун жолдору

Биринчи тоскоолдук – каражаттын жоктугу. Ушу тапта мамлекетибиз мынча котормонун баарын каржылай албайт. Бирок анын кереги да жок. Маданият министрлиги өлкөбүздөгү чет мамлекеттердин элчиликтери менен келишим түзүп, бул ишти координациялоону, системанын эрежелерин түзүүнү өзүнө алса болот. Элчиликтер өз өлкөсүндөгү мыкты чыгармаларды Маданият министрлиги менен кошо тандашып, бир пикирге келгенден кийин анын кыргызчага которулушун каржылоону өзүнө алгыдай болушу керек. Айрыкча чоң мамлекеттердин элчиликтери үчүн жылына бирден-экиден китептин которулушун каржылоо кыйынга деле турбайт. Экинчи тынчсыздандырган жагдай – котормонун сапаты. Дүйнө тилдеринен түз которуу боюнча тажрыйба азырынча жетишсиз болгондуктан анын сапатын, тактыгын текшерип чыгыш кыргыз окурманы үчүн мүмкүн эмес. Бирок бул маселени чечиш үчүн котормочуну элчиликтер өздөрү сынак негизинде тандап алгыдай кылган оң. Көч бара-бара түзөлөт дегендей, башында кеткен кемчиликтер бара-бара оңолушуна баары ынтызар болмокчу.

Адабий көпүрөнү бекемдеген жагдайлар

Маданият министрлиги тиешелүү элчиликтер менен которула турган чыгармаларды тандап алып жатканда эки тарап тең кайсы бир чен-өлчөмдөргө таянышы зарыл. Которула турган чыгармалардын негизги критерийлери кандай болушу керек?

1) диний үгүткө, үчүнчү тарапка каршы саясий үгүткө, кайсы бир мамлекеттин учурдагы жетекчисин мактоого, анын өзүнүн чыгармасына тиешеси жок;

2) чыр-чатактарды чыгара турган жагдайлары жок;

3) колдон келсе дүйнөлүк адабияттын казынасына кирген;

4) куга чейин кыргызчага которулбаган;

5) калпы адамзаттык баалуулуктарды даңазалаган;

6) тиешелүү өлкөнүн сыймыгы болгон, ошол эле учурда кыргыз адабиятчыларынын кызыгуусун жараткан;

7) бири көзү өтүп тарыхта калган, бири ушу тапта жашап жаткан автордун калемене таандык китептер болушу зарыл.

Поэтикалык чыгармаларды которуу өтө чоң чеберчиликти талап кылгандыктан, бул иштин алгачкы жылдарында адегенде чакан жана орто көлөмдөгү классикалык проза чыгармаларына басым жасоо сунуш кылынат. Башында тажрыйба алгычакты чакан эле чыгармалар которулганы оң.

Иштин алгоритми

Эгерде сунуш кабыл алынса адегенде Маданият министрлиги бул долбоорду макулдашып, негиздемесин түзүп, бардык элчиликтердин пикирин, мүмкүнчүлүгүн бир сыйра алдын-ала билип, кийин алардын башын кошуп конференция өткөрүп, долбоордун бет ачарын өткөрөт. Андан соң ЖЫЛ САЙЫН бул долбоорго кирген ар бир өлкөдөн экиден китеп (бир көзү өтүп кеткен автордуку, бир тирүү автордуку) которулуп, бет ачары тиешелүү элчиликтер менен чогуу өткөрүлүп турат. Китептердин бир бөлүгү Кыргызстандын китепканаларына бекер таратылат, калгандары сатыкка коюлуп, долбоордун ишине жумшалышы мүмкүн.

Жыргалбек КАСАБОЛОТ, журналист, аналитик

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.