Элмира Ажыканова

1966-жылы 15-октябрда Талас районундагы Кум-Арык айылында туулган. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Кыргыз Радиосунда эмгектенет. КТРдин отличниги, республикалык «Айтыш» коому уюштурган «Мыкты аңгемелер» конкурсунун эки жолку жеңүүчүсү,  Махмуд Кашкари атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата жарыяланган сынакта 3-орунга ээ болгон, маданияттын мыкты кызматкери, КР Ардак грамотасынын ээси. 

“Көгүш гүлдөр” (2007-ж.) ырлар жыйнагы, “Жан маанай” (2017-ж.) ырлар жана аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.

 

Элмира Ажыканова жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Элмира Ажыканова: “Ичим жаркын, сыртым салкын аялмын”

Элмира Ажыканова: Сырты муздай жалтырак, ичинде жылуулугу жок китептер көп

 

Ырлар

ЭСКИ МЕШТИН ЖАНЫНДА

Талдап бүтпөй  оңум менен солумду,
Таштап салып талыкшыган боюмду.
Кыш түнүндө, меш түбүндө телмирип
Олтурамын  отко кактап колумду.

Жер айланып зуулап барат огунда,
Менин үйүм тогуз жолдун тоомунда.
Бир ойлосом мен бир чекит дүйнөдө
Бир карасам аалам менин колумда.

Көкүрөгүм ысып-күйүп  эзилем,
Көр турмушка  жем болчудай сезилем.
Шашып жашап, шашып ичем чайымды
Бир тыныксам  биротоло  кечигем.

Мен мезгилге барган сайын  утулуп,
Мерез  заман үрөйүмдү учуруп,
Аласалып  кетип барам кургуйга
Айлампалуу ылдамдыкка жутулуп.

Мен бир пенде сүкүт чалган түндөгү,
Акылыма сыйдыра албайм дүйнөнү.
Эч ким мага бере албады жылуулук
Эски мештин табынчалык үйдөгү.

3-январь, 2021-ж.

 

* * *

Таш дубал, таш тепкичтер сыйда муздак,
Эшиктер өзү ачылган сага туштап.
Оңой, тез, баары белен алаканда
Топчуну бассаң эле даяр кызмат.

Дүкөндөр, дүр-дүнүйө жолумда азыр,
Дүйнөлүк бүт маалымат колумда азыр.
Зуулдап кетип барам адамзаттын
Дүркүрөп өсүп жаткан доорунда азыр.

Бирок мен робот эмес, адам элем,
Гүл сүйгөн, күлкү сүйгөн аял элем.
Асыл бир сезимдерди ак жубардай
Ааламга жайылтууга даяр элем.

Бу заман кайрып койду канатымды,
Айттырбай аялдык ак санатымды.
Агылган калың көчтүн арт жагында
Баратам таңып алып жараатымды.

Даны бар, өркүнү жок данектердин,
Оту жок, мээрими жок каректердин.
Мен дагы окчун болгум келип элден
Чеп куруп, кулпу салып алектендим.

Тор айнек, темир тосмо – абактардай,
Түнөрүп карыш түшкөн кабактардай.
Бекинип жашай берип таш үйлөрдө
Берч болуп көкүрөктөр бараткандай.

3-сентябрь, 2021-жыл   

 

ШАМАЛ

Шагын ийген күзгү түнгө урунуп,
Шамал келди боздоп-сыздап, жулунуп.
Жатат сыртта сапырылып бүт аалам
Жатам үйдө жалгыз жаным буулугуп.

Түнкү шамал тынчымды алат, шаштырат,
Жүрөк байкуш титирейт да, аптыгат.
Ал ансайын чатырымда ышкырып
Ал ансайын каалгамды каккылап.

Качанкы бир буюм сымал эскирдим,
Кайдасың деп тынчын албайм эч кимдин.
Өзөгүңө бир арманды уютуп
Өмүр кыска болорлугун кеч билдим.

Шамал, шамал чуркап көчө бойлобо,
Чарбагымдын булуң-бурчун жойлобо.
Коштоп сени ырдай турган кез өткөн
Баягыдай азгырам деп ойлобо.

Жылдар кетти каркырадай тизилген,
Жылдыз  өчтү жылт деп улам ичимден.
Таарынычты жүрөгүмө жүк кылбай
Таш ыргыткан жандарды эбак кечиргем.

Шамал, шамал, арманымды козгобой,
Ай-талаага кетип калчы боздобой.
Ансыз деле өксүп турган өмүрдүн
Ай-жылдары зуулап барат токтобой.

Шамал, шамал, ооздугу жок алкынган,
Айыга албай койдум көңүл дартымдан.
Тагдыр жолдо тарткылыгым көп болду
Жайына кой жан дүйнөнү жанчылган.

14-15-август, 2022-ж.  

 

КҮН АГАТ ЖОЛУМДА

Мен анда жер кезген айдарым жел элем,
Мейкиндер, Асман-Жер – баарысы мен элем.

Деңиздин үстүндө от болуп жүгүрдүм,
Жылдарга чачылып, шурудай күбүлдүм.

Өтүптүр агылып жаш өмүр билинбей,
Өрүктүн шамалга күбүлгөн гүлүндөй.

Жашапмын үн катпай, билгизбей бар-жогум,
Жол ушул дептирмин турмуштун тар жолун.

Уга албай жылаажын добушун башаттын,
Ачкычы жоголгон кулпудай жашапмын.

Чыктым мен акыры көк жайык аралга,
Сапырып жибердим өткөндү  шамалга.

Жүктөрдөн бошондум  жеңилдеп ийиним,
Буулган көңүлдүн жандырдым түйүнүн.

Алды жак  кең мейкин,  Күн агат жолумда
Ак жарык дүйнөнүн  ачкычы  колумда.

Сентябрь, 2017-ж.

 

СЕН ДЕҢИЗСИҢ…

Сезген элем  жети катар туюмдан,
Сени мага  тагдыр өзү буйурган.
Апрелдин ошол күнкү  жамгыры
Арзуу болуп төбөбүздөн куюлган.

Ошол көктөм төлгөсүндөй тагдырдын,
Мен сүйүүгө акылымды алдырдым.
Көкүрөккө толуп кеткен көз жашым
Күүсү болуп агып турду жамгырдын.

Алты кабат айлампалуу жолдомун,
Айтып болбос бул тагдырдын болжолун.
Билесиңби, сага келген ушул жол
Кандай татаал, кандай азап болгонун?!

Сен деңизсиң толкундары түрүлгөн,
Мен желаргы сени көздөй жүгүргөн.
Билбейм бизди кайда алпарат бул тагдыр
Биротоло келдим сага бугүн мен.

Февраль, 2018-ж. 

 

АРМАН-КӨЙҮМ КОЗГОЛГОНДО…

Олтурамын калем кармап,
Ыгын таппай сөздөрдүн.
Сен эмгиче улгайдың го
Мен да кыйла өзгөрдүм.

Коңур жыттуу коюу чачың
Буурул тартып калгандыр.
Бириктирбей койгон бизди
Ушул жашоо армандыр.

Саймаланган жашыл айдың
Сары түскө алмашты.
Катар тушкөн изибизди
Кабат-кабат кар басты.

Арман-көйүм козголгондо
Асманымдан Ай кулайт.
Өмүр бою өчпөй койгон
Өзөктөгү кайгыны айт.

Сен да ичиңе камап баарын
Зор деңизге тетесиң.
Билем бирок буулукканда
Ичип- чегип кетесиң.

Салтты сен да буза албадың,
Мен да кайра  барбадым.
Менден сага белек болсун
Жанды жеген арманың.

Сентябрь, 2018-жыл. 

 

* * *

Ак карлуу тоолор тараптан
Айдарым соккон жел келет.
Жолубуз кайчы болгон соң
Жолукмак элек эмне деп.

Сылама  таштуу зоокадан
Сыдырым соккон жел келет.
Кеч калып жолдон буйдалдың
Келмексиң эми эмне деп.

Айлыңа сенин  ал түндө
Ак жамгыр болуп барамын.
Армандуу ырдап сызылып
Айнегиң ылдый агамын.

Улуган шамал уктатпай
Шуулдап жатса бактарың –
Ал менин үнүм боздогон
Демек мен өзүң  жактамын.

Январь, 2019-ж. 

 

КЕЛИП КЕТ

Билемин сен жакта али кыш,
Бишкекте гүлдөдү өрүктөр.
Сөз менен айта албайм жеткирип
Кусамды көзүмдөн  келип көр.

Канча жыл шыбырап сүйлөшүп,
Капаска камадык сүйүүнү.
Баратат улгайып өмүрлөр
Бакыттын чечилбей түйүнү.

Келип кет жазганбай эч кимден
беймарал, күн жарык, түн узун.
Эл айтат деп жүрүп ансыз да
Өткөрдүк жылдарды тымызын.

10-май, 2019-ж.

 

* * *

Жан жагым сары түс эле
Жалбырак жааган күз эле.
Үйүмө кирип келдиң сен
Айттырбай, дебей түз эле.

Айланам аста тынч алып,
Асманды кызыл нур чалып.
Күн батар күздүн кечинде
Күтүүсүз келдиң мынчалык?!

Жабыккам, күткөм, арыгам,
Жарты өмүр өтүп карыгам.
Карааның издеп  кан жолдон
Карагат көзүм талыган.

Кеп-сөзү болуп  кыйланын,
Капаста үнсүз ырдадым.
Өзүбүз үчүн жашасак
Өмүрдүн калган жылдарын.

27-28-октябрь, 2020-ж.  

 

* * *

Көктү тилип муздак чагылган,
Көгүш-жашыл отун жандырды.
Чыкпай калдык жолго бүгүн да
Шылтоо кылып жааган жамгырды.

Терезеден карап турабыз,
Көл чайпалат түсү каралжын.
Кантип сенин  албуут сүйүүңө
Кучак жайып коркпой бара алдым?!

Жамгыр жууп жатат өрүктүн
Шагы ийилип бышкан бутагын.
Ааламдагы эң бир жылуу жай
Сенин кенен, бейпил  кучагың.

Дүйнө – кумар,  дүйнө – табышмак
Аңдап көрсөң акыл жетпеген.
Ай-ааламдай асыл жаныңа
Кантип арзып, кантип бет келем?

10-май, 2022-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.