Өлгөндөн калган адабият. Жоголгон муун – 3: Жолдошбек Зарлыкбеков, Алик Акималиев

(3-макала, 2-макала, 1-макала)

Акыркы 30 жылда адабий процесс солгундап, улуттук адабиятта өткөн кылымдын 60-70-жылдарындагыдай илбирс секирик болбогону менен мындан адабиятчылар ишсиз калган жок. Филология илимдеринин докторлорунун, кандидаттарынын саны жылдан жылга өсүп, конвейерден чыккандай чыгып жатат. Арийне, бирок бирин-экин сын макала, Ч.Айтматов, Т.Касымбековдун кийинки чыгармалары тууралуу саналуу адабий иликтөөлөрдү эсепке албаганда, учур адабияты дээрлик изилденген жок. Адабий сында аты аталгандардын акыркылары 70-жылдардын аягы 80-жылдардын башында келген К.Култегин, Ө.Тиллебаев, С.Раев, М.Апышев, А.Акбаров, А.Акималиев ж.б.лар гана болуп, ошону менен сын да токтолду.

Алардан кийинкилерди эстеп, ким бар, ким жок экенин түгөлдөгөн киши болбоду. Адабиятчы Аскар Медетов гана анда-санда акын Шайлообек Дүйшеевди эстегени болбосо, экөөнөн башкалар бири-бирин эстебеди.

Бул кийинки муундагы калемгерлер сөз кылууга татыбаганынан эмес. Мунун бир же эки эле себеби бар. Биринчиден, эгемендүүлүк жылдарында саналуу авторлордун китептери гана чыгып, ал да аз санда чыкты. Айрыкча ыр жыйнактар саналуу нуска менен чыккандыктан, жаңы муундагы калемгерлердин китептери улуу муундагыларга жеткен жок.  Республика боюнча кыргыз китебин саткан жалгыз дүкөн калды. Экинчиден, улуу муундагы алды академик, арты илимдин докторлору болушкан адабиятчыларыбыз мамлекеттик кызматка аралашып, адабияттан алыстап кетсе, башкалары да жогорку окуу жайларындагы лекцияларынан, күнүмдүк иштеринен колу бошобой калды. Анан калса улуу муундагы адабиятчылардын жашы өйдөлөп калгандыктан, бу да тоскоолдук жаратты. Сынчы, адабиятчы К.Даутов “китеп окуганга көз жетпей калды, болбосо жаштарды да окуп, оюмду айтпас белем” деп айтып калчу экен. Демек, улуу муундагылар кийинкилер тууралуу сөз кылганды намыс көрүштү деп айтканда болбойт. Буга объективдүү жана субъективдүү жагдайлар себеп болгону анык.

Ал эми адабиятчылардын кийинки муунунда адабиятка адашып келип алгандар көбүрөөктөй сезиле берет. Менимче, алар адабиятка, улуттук адабияттын тагдырына, эртеңине кызыкпайт. Кандидаттык, докторлук диссертацияларынын айланасында гана “жашайт”. Өткөндө адабиятчылар өздөрү адабиятка кызыкпай калды дегенимдин төркүнү ушул жакта.

Ушундан улам, эстелбей калгандарды, эч ким окубагандарды эстеп турсам, элдин эсине салсам деген оюм бар. Буга алтын жаак, жез таңдай төкмө Үмөталынын акындык тагдыры да себеп. Мен бул акынды өмүр бою изилдеп, ырларын жана ал тууралуу маалыматтарды мыскалдап чогултуп келаткан жападан жалгыз адаммын.

Үмөталы акындардын акыны болгон экен. Ал айтылуу Эсенаман ырчынын уулу. Акын кыздардын алпы Ырыскүлдүн (Наркүлбүбү) бир тууган иниси.

Үмөталы Эсенаман уулу – Жеңижок, Эшмамбет, Токтогулдар менен замандаш жашап, той-аштарда бет келишип айтышкан алтын көмөкөй ырчы. Үнү бийик болуптур. Акындын ырларын эл арасынан чогултуп жүрчүдө аксакалдардын: “Үмөкеңдей таланттар жаралса кылымга бир жаралаар чыгар. Кайран киши Көк-Кыядан ырдаса, Кара-Сууга шашпай угулуп турчу” деп аңыз кылып, тамшана айткандарын угуп калдым. Көк-Кыя менен Кара-Суунун ортосу 14-15 чакырым жер. Эми ойлоп көрүңүз, 14-15 чакырымга жеткен эмне деген үн. Ишенип-ишене албайсың. Ишенбейин десең, Түгөлбай Казаков да: “Апам экөөбүз Жаңы-Турмуш тарапка барып калганда, аксакалдардын “Силердин айылда той-тамаша болуп жатканын Үмөталынын торгойдой таңшыган үнүнөн улам билчүбүз” деп айтканын айтты эле. Жаңы-Турмуш менен биздин айылдын ортосу да 14-15 чакырым жер.

Бүркүт ободо көзгө көрүнүп-көрүнбөй турса да, шаңшыганы жерге кадимкидей угулуп турат эмеспи. Демек, Үмөталы бүркүттөй шаңшып ырдаган ырчы болгон. Ошон үчүн замандаштары анын үнүнүн бийиктигин бүркүттүн шаңшыганы менен үнүнүн кооздугун торгойдун таңшыганына салыштырып, Үмөталы бүркүт шаңшык, торгой таңшык ырчы деп айтышчу экен. Бул тарых чындыгы.

Залкар акындын кыргыздын санжырасын ырга кошуп ырдаганы да өзүнчө даңаза. Жеңижок да, Эшмамбет да, Токтогул да аны менен айтышта теңдеше албаптыр. Тилекке каршы, бүгүн адабиятчылар арасында Үмөталы тууралуу билгендер аз. Себеби, өз убагында ырлары кагазга түшүп, изилденип калган эмес. Эмне үчүн андай болуп калганы узак сөз. Ал тууралуу өзүнчө айтаарбыз. Болору болду, боесу канды. Акындар чыгармачылыгы алда качан изилденип, залкарлардын ар бирине баа берилип, орду көрсөтүлүп калган. Үмөталыны акындар поэзиясынын тарыхына киргизиш үчүн ал тарыхты кайра башынан жазыш керек. Бүгүн ага ким даайт!?

Арийне, азыр анын кажети да жок. Акындар поэзиясынын тарыхында кызыл чеке талашчу нерселер көп. Адабият тарыхына Үмөталынын ысымы кирбей калса эле, мындан анын акындык бедели түшүп, же кемип калбайт. Ал анткени өткөн кылымда жашап, тарых жаратып кеткен адам. Жеңижок, Эшмамбет, Токтогул сыяктуу залкар акындардан жашы кичүү болсо да, алар Үмөталынын талантын сыйлап, дайыма жол беришкен. Астынан кыя өтүшкөн эмес. А адабият тарыхына киргизбей койгону Жеңижоктун да, Эшмамбеттин да, Токтогулдун да күнөөсү эмес. Бул аларды изилдеген адабиятчылардын, акындар адабиятын жазган окумуштуулардын жана коомчулуктун абийириндеги, адабият тарыхындагы ак так бойдон кала берет.

Андагыдай кайдыгерлик, ыкшоолук азыр деле бар. Баарыбыз эле калем кармап, кооз жазганды билебиз. Антсе да, унутта калып бараткандар тууралуу билгендерибизди жазгыбыз келбейт. Таланттардын талантына жараша баа берип, жок дегенде көзү өткөндөн кийин болсо да, көкөлөткүбүз келбейт. Көзү өткөндөрдү эскерип, жылуу сөз айтып коюуну пенделик парзыбыз, озуйпабыз деп эсептебейбиз. Бул эмне ичи тардыкпы?

Жолдошбек Зарлыкбеков
Жолдошбек Зарлыкбеков

Айталы, акын Жолдошбек Зарлыкбеков эстелбей, унутта кала бере турган калемгер беле? 70-жылдардын аягы 80-жылдардын башында адабиятка келген чоң толкундун ири өкүлдөрүнүн бири – Ж.Зарлыкбеков эле. Кайран Жокем жазган ар бир ырынын үтүр, чекитинин түбүнө чейин түнөп чыккан, поэзияга өтө чоң жоопкерчилик менен караган алтындай адам болчу. “Ленинчил жаш” гезитинде бир кабинетте бир жылдай чогуу отуруп, чогуу ийиндеш иштешип калдык.

Адамды тамшандыра турган, окуп баратканда тык этип дароо көңүлүңдү өзүнө тарта турган элестүү сөз издегенден, уккулуктуу, ыргактуу сөздү сөзгө кынап жазгандан эч тажачу эмес. Эгер кайсы бир ырына ылайык сөз таап калса, аны алмаштырып, улам кайра кайталап окуп көрүп, мурдагысынан дурус чыгып калса, мулуңдап, кудуңдап сүйүнүп калаар эле. Бирок ага деле ыраазы болбой, ошол эле сөздү, ошол эле ыр саптарын башка күнү эринбей кайра эле оңдоп жатканын көрчүсүң. Кара жанын азапка салып изденгенин ушундан билиңиз, бир ырда бир сөздү экинчи кайталабаганга, ага маанилеш сөз тапканга аракет кылчу.

Бул өмүр – берер жообу кечеңдеген…

Тянь-Шань, кең асманың толо жылдыз.
Төккөн ай нуру ундай. Көөшүйт кыштак.
Желаргы. Токум булут сүзөт изсиз,
дайранын мээлүн күүсүн үзүл тыңшап.

Жетелеп сансыз майда толкундарын,
дайра агат бейпилдикти бузуп-бузбай.
Мелтейет Күңгөй-Тескей, олтургансып
эки чал маңдай-тескей унчугушпай.

А бул жол – алда неге сунулган кол,
арылап, аң-сезимде андан да ары.
Төбөдө тетир түшкөн Саманчы жол –
жылдыздар – жылдыз курттай шамалдагы.

А бул жол кеткен өрдөп тоо-талааны,
жээгинде чаалыгышкан чаңдан чийлер.
Бу жолдо ээсиз издер канча дагы,
бу жолдо артка кайтпай өткөн кимдер?

Кырка тоо – кудум кырк төө үргүлөгөн,
сан ойдун салбыратып чуудаларын.
Жол жутат жолоочуну түн жиреген,
басаңдап бабыргандын ыйлаганы.

Сен мага… түшүндүңбү? Туура түшүн,
же мейлиң, эчен-токон көзөлдөрдөн
өттү өмүр – жеңдей кыска, колдой узун,
өттү өмүр – берер жообу кечеңдеген.

Бул жөн гана жылдыз толо асмандын, түнкү жымжырттыкта көөшүгөн кыштактын, дарыянын күү чалып агып баратканын, табияттын түнкү көрүнүшүн тарткан этюд эмес, бул айылдын четинен башталып, ааламга кеткен жолдо кимдер өтүп, кимдер калганын, ээсиз издердин арманын баяндаган бүтүндөй бир турмуштук философия.  

Акын түнкү табиятка көз салып отуруп, адам тагдыры тууралуу ойлойт. Өмүр жеңдей кыска, колдой узун экенин түшүнүп, ага өкүт кылат. Берер жообу кечеңдеген өмүр өтө берерин аргасыз мойнуна алат.

Акын Жолдошбек Зарлыкбековдун ырларында жол темасы кызык сызык менен өткөнүн байкоого болот:

СҮРӨТТӨГҮ ӨСКӨН ЖЕР

Жол кетет. Жолду жээктеп талаа кетет,
талаанын арты, билем, дагы талаа.
Кеткен жол илкип-салкып араң жетет
суу кечип, Боом өрдөп Тянь-Шанга.

Алкагы өрүк жыгач, буудай түс сыр –
эргүүдөн бүткөн сүрөт. Ойго тунам,
жанымдын дабаасына жазылган ыр
жаралган өңдүү жайсыз чындыгымдан.

О, айтпа, түшүндүрбө! өскөн жердин
көгүндө күмүш канат булут шашып,
төрүндө дүйүм чөбү тамыр жайып,
жээгинде шамал дуулап, толкун ташып

жол келет. Жолду жээктеп талаа келет,
берилеп, улам жылган сайын дагы,
берилеп… илкип-салкып араң жетет
апамдын сөөгү жаткан айылга бу.

Акын жол тууралуу бул ырына “Сүрөттөгү өскөн жер” деп тема койгон. Эмне үчүн ал өскөн жерин сүрөттө дейт. Ырдын табышмагы, сыры жана тузу ушерде. Бул эмне сүрөт? Кагаздагы сүрөтпү? Жүрөктө калган сүрөтпү? Буга жооптуу окурман өзү табышы абзел. 

Эненин сөөгү жаткан айылга келген жол илкип-салкып араң жетери да ырас. Эгер эне тирүү болсо, анда көңүлүңө канат байлап, учуп жетмексиң. Караанынан кагылайын апабыз күлүп-жайнап күтүп турмак. А энебиз жокто бизди айылда ким күтмөк да, ким жаркылдап тосуп алмак!? Эненин ордун ким жоктотпой толтурмак!? Ырда мына ушул ойдун баары камтылган. Эненин бул дүйнөдөгү орду, аны эч качан алмаштырууга болбостугу айтылган.

Мына ушундай керемет ырларды мураска калтырган Жолдошбек Зарлыкбеков да өтүп кетти. Өткөндө да артында 3-4 томдук кол жазмасы: ырлары, прозалары мурас калса да, ушул күнгө чейин бир да китеби чыга элек. Мына биздин кайдыгерлигибиз кайда!? Эртең ошол кол жазмалар түп орду менен жоголуп кетпестигине, алтынга алмашкыс руханий мурастан кол жууп калбастыгыбызга кепилдик барбы?

Алик Акималиев
Алик Акималиев

Качан да болбосун “Кыргыздын №1 акыны менмин!” деп кашка тишин кашкайтып күлүп калган акын Алик Акималиев эстебей турган жан беле!? Анын ашык-кеми жок: “Мен гениймин” дегени мага жакчу. Чынында анын ырлары гений деп айтканга татыктуу эле.

КРЕДО

Менин атым Алик дейт,
Поэзия Ван-Гогу.
Бүт дүйнөнү ээликтейт,
Ырдын императору.
Кызыктырбайт мени эч бир,
Көр байлыктын бар-жогу.
Дайым чабуул коөмун,
Жок эч менде коргонуу!..

Моюнуна шарф оронгон
Поэзия Ван-Гогу,
Кечем нөшөр,бороондон,
Мен сүрөткөр болгону.
Жан жейт көйгөй кычашкан,
Калем сынбайт колдогу.
Бардык жолдор туташкан,
Мен дүйнөнүн борбору.
Өрт кучактап келатам,
Жоортулда бүт сонетам.
Телибайдай жолдогу,
Толубайдай толгону.
Тагдыр канча кейиткен,
Таарынбаймын, болжолу:
Сүйүү, Бакыт, Эрдиктен,
Балким, жолум болбоду.

Чыңгызхандын кошунун
Алдыма тиз, маа десең.
Кыжылдаган кытайдын
Колун табат сөз чечен.
Тургузам сөз бийик эң,
Эпкинимин, күүмөн
Эңшерип бузулат
тыптыйпыл жок кылынат
Халтуранын коргонуу.
Дайым чабуул коемун
Жок эч менде коргонуу!

Бир тырнактай табылга
Көрүү бурчум болгону:
Мен Поэзия Ван-Гогу
Жана дагы кебелбес
Ырдын императору.
Даяр турам чабуулга,
Жок эч менде коргонуу!…

Ван Гогдун байлыкка кызыкпай, кара жанын карч урган иштермандыгы жана өз учурунда бааланбай калганынан улам, акын өзүн Ван Гогго салыштырган болушу керек. Болбосо, нидерланд сүрөтчүсү Ван Гог А.Акималиевдин идеалы деле эмес болчу.

Алик да руханий жактан бай туруп, материалдык жактан жакыр жашады. Бирок ал эч качан өз турмушуна нааразы болуп, наалычу эмес. Үстүндөгү кийими эски болгону менен ар бир жолу сүйлөгөн сөзү жаңы болчу, ырларынын ар биринде поэтикалык жаңы ой, табылга жатар эле. Анын генийлиги ушунда экенин эми айтканда не, айтпаганда не.

Бир жолу: “Жогорку Кеңешке барып, атын айтпай эле коеюн (айткан ооздон айлансын), бир депутатка кирип, китебимди белек кылдым. Алды да же рахматын айтпады, же ырымын кылбады. Бирөө башымдан ылдый суу куюп ийгендей жаман абалда калдым. Же ыйларымды, же күлөрүмдү билбей, башымды бийик көтөргөн бойдон сыртка чыгып кеттим. Ага чейин жакшы саламдашчубуз. Ошондон кийин аны көрсөм да, саламдашпай, көрмөксөн болуп жанынан өтүп кетем” – деп катуу ыза болгонун айтты эле. Унчуккан жокмун. Түшүнүп турдум. Сыягы, ал тиги депутат трибунада кооз сүйлөсө, сөздү сыйлайт, китебине ырым кылат деп ишенип, үмтөтүп барган окшойт.

Төмөндөгү ыр мына ошондой турмуштан ыдык көргөн күндөрдүн биринде жазылса керек: 

МЕНИН ҮЙҮМ

Менин үйүм чала бүткөн, жармы бар…
Тагдырымдай күлкү аралаш кайгы бар.
Төгөрөктүн төрт бурчундай ой камтып,
Төрт сап ырдай төштү мыкчыйт төрт дубал.

Бу турмуштун уу, терс тили маңгытып,
Алдым окшойт жонго түйшүк арбытып,
Аңырайып жатат үйүм чатырсыз,
Аалам жутуп, асман жутуп, ай жутуп…

Өмүр сүрсөм өнөр күтүп, ар күтүп,
Өлүп-талбайм мансап, байлык, мал күтүп.
Жыгылчудай турат үйүм шыбы жок, 
Жылдыз жутуп, жыргал жутуп, ыр жутуп…

Көкүрөгүм ачышса да муң жутуп,
Көйгөй мени койсо дагын мүргүтүп,
Кучакташат дүйнө менен жер кепем.
Куса жутуп, кумар жутуп, түн жутуп…

Айдагым бар жылдыздарды дүргүтүп,
Борсолоңдойт кызым менен бир күчүк.
Чытырап чок… чылым келет оозума,
Чындык күтүп, Сүйүү күтүп, Пир күтүп…

Көр пенделер көр оокат деп түртүшүп,
Чачырашты жылдыздардай үркүшүп…
Ала-Тоом, Кыргыз өлкөм — өз үйүм,
Кудуреттүү Кудайдан кут, нур түшүп.

Жан ачынса жаткан кезде түн түшүп,
Жадырайлы жакшылыктуу журт күтүп.
Күн көкүлдүү тоого карайт эшигим,
Күлкү күтүп, күдөр күтүп, күн күтүп?!

Мен жашаймын машакаттуу жылдарда,
Миң туш болуп мээнет, мээрим, жыргалга.
«Арчабешик» айылындагы үйүмдү,
Аилантсам дейм Тютчевдик гулзарга.

Калсын, мейли, сары барик жаап, боз түшүп,
Менин үйүм, чырак жаксам түндө суук.
Терезеси бүт дүйнөлүк жол карап,
Келеби деп Вийон, Басе, Рубцов,
Чай бералсам жолоочуга калса үшүп…

Өзүм эмес үйүм бүтүп калганда,
Сүйүнүчүм, сүйүүм кулач жайганда.
Баардык жакыр генийлерди, досторду,
Чакырамын бүт дүйнөнү мейманга.

Ушул үйдө кыз узатып, уул үйлөп,
Жылдыздарга көз жиберсем дирилдеп.
Калың бактын шуудурашын тыңшасам,
Чылым чегип, иңир чөгүп, күүгүмдөп…

Анан туруп ырахаттуу чайды ичем,
Жаркылдаган Күлүмайым, — байбичем.
Дал ошондо үй-бүлөдөй бакыт жок,
Не жубайлар сүйүүсүндөй бар бекен?!

Жашырганда эмне, Алик Акималиевдин адабияттын “А”сын түшүнбөгөн аксымдардан ачуу сөз уккан, кагуу жеген, мындан да жаман кемсинтүүлөрдү башынан кечирген учурлары көп эле болду. Бирок кандай кыйынчылыктарды башынан кечирбесин поэзияны тагдырдын тайгүлүк ташына таштап кетпей, көгөргөн бойдон, ырга ынак, ырыс кешик бойдон калды. Жүрөк титиреткен, акыл-ойду аңгыраткан, тамшандырган ырларды жазды. Улуттук поэзиянын бир учун созун, даңазасын көтөрө турган мурас калтырып кетти. Бул түшүнгөн кишиге эрдик, Алик Акималиевдин эрдиги. Анүчүн Алик Акималиевге алтындан эстелик тургузсак да аздык кылат. Дагы 100 жыл өтөт, кыргыз тарыхында арам дүйнөгө туйтунуп байыган адамдар, мандатты акчага сатып алган депутаттар калбайт, калса А.Акималиевдин ыры калат.

“Менин үйүм” – бул чыныгы акындын ыры, чыныгы турмушу. Акыркы 30 жылдан бери адабий журтчулук мына ушинтип ачык асмандын астында жашап, күнүмдүк жашоонун кордугун тартып келатат. Бирок алар адабиятты, асыресе поэзияны көртирликтин басырындысына басып беришкен жок. Бул үчүн кыргыз коомчулугу адабий журтчулукка, анын ичинде Алик Акималиевге өмүр бою карыздар бойдон кала берери шексиз.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.