Өлгөндөн калган адабият. Жоголгон муун – 2: Турсуналы Бостонкулов, Айдарали Жапаров

(2-макала. 1-макала)

Улуттук адабият тарыхына “алтымышынчылар” деген ат менен келишкен акын-жазуучулардын чоң толкуну бар. Ошол мезгилде алардын алды 30-35, арты 20-25 жаштагылар болчу. Кийин бул толкундагылардын дээрлик ар бири алп жазуучу, алп акындар болушту. Ошон үчүн бул муундагыларды сүймөнчүк менен “алтымышынчылар” атайбыз. Өкүнүчтүүсү, андан бери жарым кылым өтсө да, адабиятка андагыдай күчтүү муун келе элек.

Доор кулаганда жоголгон муунда “алтымышчылардай” чыгармачылык жана интеллектуалдык потенциал бар эле. Баралына келип, бышып, мына-мына “мөмө” бере турган учурунда өткөөл жылдардын басырындысында калып, көртирлик менен алпурушуп калышты. Болбосо, мына ушул 80-90чулардын тобу жок дегенде “алтымышынчылар” багынткан бийиктиктерди багынтып, алардын адабий эрдиктерин кайталамак, мүмкүн алардан да жогору бийиктиктерге жетмек беле деген кейиштүү ой кетет.

Таланты бар адам кайсы мезгил болбосун жарк этип жанар тоодой атылып чыгат. Турмуштун кыйынчылыгын көтөрө албаган адам чыгармачылыктын азап-тозогун көтөрө албайт. Өзүңдүн алсыздыгыңан улам аткара албаган иштериңди, колуң жетип жасабаган жумушту жашоонун кыйынчылыктарына шылтап, өзүңдү өзүң соороткондо, баарын турмуштун оордугуна шылтай бергенде болбойт. Адамдын адамдык касиети аны жеңе билгенинде. А чыгармачыл адам эки эсе өжөр, беттегенин бербеген көк болушу керек. Алыкул айтмакчы, “Бир четин мүлдө кыргыз көтөрө алгыс” килем токугусу келген калемгер турмуштун бир же эки жолку соккусунан мүңкүрөп калганы уят иш. Мен деле башкалардай эле ушинтип ойлойм.

Бирок, кашайып чыгармачыл адамдын баары эле кыргыз айтмакчы: “Заманаң карышкыр болсо – карышкыр болуп, түлкү болсо – түлкү боло” албайт экен. Айрыкча таланттуулары. Ал эми талантсыздар өз жемин кай жерден болбосун талашып жей беришери эч кимге жаңылык эмес.

Турмуштун кашкайган чындыгы ушундай: чыныгы таланттар арасынан карышкыр менен карышкырдай кармашып, түлкү менен түлкүдөй кубалашып, чөөлөр менен чөөлөрдөй улушкандар чанда чыгат. Көбүнесе алардын жан дүйнөлөрү назик келип, турмушта сынып, канатын кайрытып алганынын себеби ушунда.

А чыгармачылык түйшүк таптакыр башка нерсе. Канчалык узанып, канчалык азап тартсаң, чыгармачылык түйшүктөн ошончо ырахат аласың. Ар бир жакшы чыгармаң менен кайра жараласың. Чыгармачылык адамга канат байлатат. Анын азабына караганда жыргалы көп. Кээде өзүңдү унутуп койгон абалга жетип, өзүң ойлоп тапкан ааламда жашайсың.

Соңку 30 жылда далысын салган боору таш мезгилге таарынып, калем-кагазын таштап, адабияттан биротоло же жарым-жартылай кол үзүп койгондор көп эле болду. Башкалары да, тагыраагы таланттуулары кыйратып жазышкан жок. А талантсыздарга айла жок, күлтөбөгө оонап деле жаза беришет.

Эгер, кыйсыпыр доор келбегенде 80-жылдардын аягы 90-жылдардын башында улуттук адабиятта “алтымышынчылар” жараткандай чоң жарылуу болору күтүлүп калган. Аны 70-жылдардын аягы 80-жылдардын башында адабиятка келип кошулган чоң толкун жасамак. Тилекке каршы, улуттук адабияттын бактысы жок, ал кайра жаралуу доору же адабияттын күмүш доору болбой калды.

Турсуналы Бостонкулов
Турсуналы Бостонкулов

Ошол адабияттын күмүш доорун жарата тургандардын бири акын Турсуналы Бостонкулов эле, өкүнүчтүүсү анын таланты толук ачылбай кетти. Кеткенде да дайынсыз кетти.

Адабий журтчулук жакшы билет, ал “Дүбүрт”, “Кол тамга” ырлар жыйнактарынан эле анын дүбүртү катуу экенин тастыктап койгон. Замандаштары баары муну моюнга алышчу. Анын ырларын ойлонбой окууга мүмкүн эмес болчу. Окуганда да, бардык иштериңди нары таштап салып, кунт коюп окубасаң, акындын айтайын деген оюн кармап калышың кыйын эле. Аябай терең акын эле. Жөнөкөй жазчу, анын ошол жөнөкөйлүгүндө уюган алтындай салмак сезилип турчу:

* * *

Аскаларда желбирттеген булутту
Апакемдин жоолугуна окшотуп.
Бала чакта капарга албай турмушту,
Сезбептирмин коёрлугун жоктотуп.

Өттү жылдар карегимден тартылып,
Каркырадай учуп өткөн жаздагы,
Эски, муңдуу жомок сымал айтылып,
Күбөсүндөй жаштыгымдын андагы.

Ошол күнүм жыргал беле бир күндүк,
Мындай таттуу, мындай кыска болбосу…
Көз жетпеген мелмилдеген мейкиндик,
Бул кез менен бала чактын ортосу.

Жашайм бүгүн кооз шаар койнунда,
Мен өзүмдү шаарлыкмын деп атап.
А чынында өзүм шаарлык болдум да,
Бала чагым тоодо жашап келатат.

Таң алдында чыгып алып балконго,
Карап турсам тоолор күмүш, жалтырак
Мээрим төгүп мен кусалуу болгондо,
Бала чагым өткөн жактан күн чыгат.

Тунук жарык көздөрүмдөн башталып,
Аппак буурул таңдын көркү тартылат.
Жумшак нурлар бийиктиктен ташталып,
Күн да тоого балалыгын калтырат.

Өмүр, бакыт, ырыскыга бөлөнүп,
Көк асмандын жарык ойноп бетинде,
Эртең менен күн тоолордо төрөлүп,
Тоо койнуна барып батат кечинде.

Билем азыр жигитчилик жашымы,
Билбейм бирок канча менин жашаарым.
Өмүр бүтсө тагдырымда акыры,
Мен да күндөй тоого барып батамын…

Акындын чеберчилигин караңызчы, ойлорду бири-бирине кыш кынагандай кынап жүрүп отурган. Өзү шаарлык болсо да, балалыгы тоодо жашап калганын, бала чагы өткөн жактан күн чыгарын, күн да тоого балалыгын калтырарын айта келип: /Эртең менен күн тоолордо төрөлүп, / Тоо койнуна барып батат кечинде/ дейт да, /Мен да күндөй тоого барып батамын/ деп жыйынтыктайт.

Балалык, тоолор жана күн бири-бири менен чынжырдай чырмалышып, өмүрдүн башталышы жана аякталышы тууралуу поэтикалык ойго келип такалат. Акын балалык өткөн чактан күн чыгарын эске салат да, Күн да тоолордо төрөлөт деп, балалык менен Күндү тоого байлайт. Антип адамды алып учуп Күнгө теңеп, улуу кылып ийген да, адам Күнгө окшоп тоого батарын айтат.

Мына чыныгы поэзия, поэзиядагы философия болсо ушундай болот. Ушинтип жөнөкөй сөздөр менен логикалык ырааттуу айтылып жүрүп отурат. Ойдолоп, адамдын башын айлантып, курулай акылдуусуна бербейт.

Кайран Турсуналы Бостонкуловдун интеллектуалдык көрөңгөсү Табылды Мукановдон кем эмес болчу. Изденгичтиги жактан да окшоштуктары бар эле. Экөө да ойго, ырдагы философиялык поэтикалык ойго басым жасашчу.

ЖАШТЫК

Токойдон чыгабыз да темир жолго,
поездге олтурабыз вагону көп.
Калышат карагайлар терең ойдо,
телмирген жашыл жоолук, кызыл көйнөк.

Зуулдап, чимирилип дөңгөлөгү,
алыска поезд бизди алып кетет.
Капыстан өтүп кетип өмүр көбү,
күндөрдү эсептесек жетпейт эсеп.

Сагынтат жашыл токой бизди дайым.
Эңсейбиз булбул үнүн тыңшаганды.
Сүйгөнүм өзгөрүлүп жоолуктарың,
Көйнөгүң нечен ирет алмашылды.

Ал эми карагайлар биздей болуп,
поездге түшүшпөдү вагону көп.
Башында баягы эле жашыл жоолук.
үстүндө баягы эле кызыл көйнөк.

Кызык ыр бекен!? Ойдун логикалык ырааттуулугун караңызчы. Сынын да, сымбатын да бузган эмес. Жашыл жоолук, кызыл көйнөк карагайлардай солк этпеген тейде адам өмүрү аялдын жоолугу менен көйнөгүндөй улам алмашылып, эскире берерин эсибизге салат.

Ал айрым акындардай кыйкырган саптарды, ыксыз салыштыруулардын артынан кубалачу эмес. Ойлуу ырларды жазчу жана кийинкилерге да ойлуу ырларды жазыш керектигин ишараат кылгансыды.

Акын Турсуналы Бостонкулов дайынсыз кетпегенде, “алтымышынчылардан” ашса ашкан, асти кем эмес акын болмок. Мына улуттук адабият Бостонкуловдой зор талантынан ажырап калды. Мүмкүн, буга эч кимдин деле ичи ачышпас чыгар. Бирок, адабият үчүн күйгөн ар бир адамдын ичи сөзсүз ачышат.

Айдарали Жапаров
Айдарали Жапаров

Лейлектик акын Айдарали Жапаровдун да акындык дарамети чоң болчу. “Алыкулдун акбозат” поэзия фестивалында таанышып, ага-ини дос болуп калдык. Кыялкеч, жумшак, адамга катуу айта албаган, жан дүйнөсү жашыл жалбырактай делбиреген, мүнөзү тоо гүлүндөй үлбүрөгөн, жүрөгү назик акын эле.

Бирок, Козу-Баглан дарыясындай толкуп ташып турчу. Элет, атажурт темасына арналган ырларынан атажурт жыттанып, айдың талаа, түнкү жылдыздуу асман, жымжырттыкта тунган кыштак кечи көз алдыга элестеп, дарыялардын шоокуму кулагыңа кадимкидей угулчу. Салттуу ырларды да, эркин ырларды да бирдей жазчу.

* * *

Жылдыз толгон бейпил асман жамынып,
айлым менин ай нуруна киринет.
Назик бир кыз аппак жоолук салынып,
ак бата алып, түгөйүнө биригет.

Кан тамырды дүүлүктүрүп эргитет,
дүйнөң туюп бир жышаанды айта алгыс.
Алоолонгон ойлор чырмап, кишендеп,
кетип калдым дайра бойлоп жапжалгыз.

Бейкут дайра Саманчы жол дирилдеп,
түшүп келип жуушайт мында булуттар.
Жымжырттыкта айдың талаа мемиреп,
мажүрүм тал ырдайт: “Жаным, унутпа”.

Айыл түнү оттуу сезим жаратып,
көп нерсени эске салды бул ирет.
Ким бирөөгө жолугууну саматып,
эмнегедир ырдагымды келтирет.

Адамда кээ бир учурларда өзгөчө маанай, өзгөчө бир аруу сезим болот. Андайда өзүң менен өзүң калгың келип, жүрөгүң жымжырттыкты издейт. Акын мына ушул жан дүйнөдөгү ары аруу, ары үлбүрөгөн сезимди, жан маанайды укмуштай чеберчилик менен бере алган. Лирикалык каарман элбиреп-делбиреп, кимгедир жолуккусу, эмненидир ырдагысы келет.

Аттигиниң, Айдарали Жапаровдун да адабий мүмкүнчүлүктөрү кенен болчу. Бирок, багы жокко дагы жок болуп, доор оодарылып кетти. Кайран акын кеселге кезигип, алышкан оору акыры алып тынды. Ошентип, андагы акындык талант дээрлик ачылбай калды.

Чындыгында, заман оошо турганы, кыйын күндөр келе жатканы 90-жылдарда эмес, андан 10 жыл мурда эле билинип калган. Өткөн кылымдын 80-жылдарынын башында эле китеп чыгаруу иши кыйындап, жаштардын китептерин басмак түгүл, улуу муундагылардын китептери чыгышы кыйындап, Түгөлбай Сыдыкбеков окшогон залкарлар деле кол жазмалары басмалардын текчелеринде кезек күтүп, барактары саргарып турганын айтып калышчу. Жаштарды сооротуш үчүн жупкадай бир табак басма көлөмүндөгү ырлар жыйнактарын ырымдап чыгарган болушчу. Кол жазмалары басмаларда чаң 5-6 жылдап чаң басып жатчу.

Ошентип, 90-жылдарга карата адабий процесс солгундай берди. Анан эле эгемендиктин келиши менен жазуучулар союзу эки-үчкө бөлүнүп тынды. Быржыбайды там басты жылдар башталды.

Баарыбыз колубуздан келген ишти жасап, кара курсактын камын көрүп кеттик. Чыгармачылык арткы планга жылып, кара курсак алдыңкы планга чыкты. Мурда басмадан китебиң чыкса, калем акы төлөнсө, кийин ар ким чөнтөгүнөн акча чыгарып, китептерин чыгарып калышты.

Каржылык жагынан алганда, ошол ополоң-тополоң мезгил жаңыдан канат байлап келаткан чыгармачыл күчтөргө кыйын эле болду. Анүстүнө өлкөнү каптаган жумушсуздуктан, калемгерлер да четте калган жок.

Улуу муундагы акын-жазуучулар сыр алдырбай, көчөгө көп чыкпай калышты. Орто муун менен кийинки муун чыгармачылыкка жакыныраак кесипке кирип, өлбөстүн күнүн көрүп калышты. Балдарың үйдө жарым ачка отурса, кантип чыгарма жазасың. Курсагы токтору, кызматтагылары чыгармачылык менен күндүр-түндүр иштеп, ачыраактары кантип курсакты тойгузуштун амалын көрүп калган мезгилди башыбыздан кечиргенибиз бул тарыхый чындык.

Көптөр куу турмуштун айынан ичип кетишип, өмүрү эрте кыйылгандар да болду. Көчөдө үй-жайсыз калгандар да болбой койбоду. Жазуучулар карылар үйүнө түшүштү. Калемгерлерибиздин биринин сөөгү шаардагы моргдо калып, эч ким алып кетпей, айтылуу доктор Хагенс Германияга жүктөп кеткени да эгемендүү өлкөбүздүн бетиндеги чиркөө. Кайран кыргыз калемгери Германиядагы музейлердин биринен бизди тиктеп тургандыр.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.