“Алтын калем” сыйлыгына сынак жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу

ЖАЛПЫ ЖОБО

Бул жобо калемгерлердин “Алтын калем” улуттук сыйлыгынын негизги максаттарын, тартибин жана өзгөчөлүктөрүн аныктайт.

Конкурс “Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу” тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен жыл сайын өткөрүлөт.

Конкурстун уюштуруучулары:

  • Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги;
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу

Конкурстун уюштуруучулары төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

  • конкурсту өткөрүүгө документтерди даярдоо;
  • калыстар тобунун ишин аткара турган белгилүү адабият жана искусство ишмерлеринен турган компетенттүү Сынак комиссиясын түзүү;
  • конкурстук иш-чараларды өткөрүү;
  • жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземин өткөрүү;
  • конкурсту жана анын жыйынтыгын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдыруу.

Конкурстун максаттары:

  • кыргыз тилинин нукура көркөмдүгүн, баа жеткис байлыгын, океандай тереңдигин даңазалоо;
  • кыргыз тилинде чыгарма жараткан акын-жазуучулардын мыкты чыгармаларын аныктоо;
  • калемгерлердин талантын ачууга жана адабий жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү.

Конкурстун этаптары жана мөөнөттөрү:

  • Конкурстук чыгармалар жарыяланган күндөн тартып 2023-жылдын 20-ноябрына чейин кабыл алынат.
  • Конкурстук чыгармаларды окуп чыгуу жана баалоо 25-ноябрдан 10-декабрга чейин жүргүзүлөт.
  • Жыйынтык 12-декабрь Улуттук адабият күнүндө чыгарылат.

Конкурска катышуунун шарттары:

  • Конкурска Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан жазылган кыргыз тилиндеги чыгармалар кабыл алынат.
  • Конкурска катышуучулардын жаш курагы чектелбейт.
  • Конкурска катышуу үчүн авторлор конкурстук иштери менен катар өзү тууралуу маалымат камтыган билдирмени сынактын чыгармаларын кабыл алуу мөөнөтү аяктаганга чейин тапшырышы керек.

Конкурстук арыздардын берилиши:

  • Электрондук почта аркылуу kg@gmail.com адресине “Конкурска” деген белги менен);
  • Кагазга түшүрүлгөн варианттар болсо (басма текстин) Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Бишкек шаарындагы дарегине алып келүүсү шарт.

Дареги: Эркиндик бульвары 54

Сурап билүү үчүн телефон: 0312 62 39 24, 0708 50 28 80

Конкурска катышуу үчүн автор жөнүндө ишенимдүү маалыматтарды көрсөтүү жана жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берүү менен анкетаны толтуруу керек (форма тиркелет). Катышуучу сынакка катышуу үчүн арыз берет. Арызга 2 файл тиркелет:

  • конкурстук адабий чыгарма (поэзия, проза, драма, балдар адабияты, адабий сын, котормо, орус тилинде жазылган чыгармалар)
  • катышуучунун сүрөтү.

Бардык жиберилген файлдардын аталышы катышуучунун аты-жөнүнөн, андан кийин файлдын мазмунуна ылайык башталууга тийиш: арыз, (поэзия, проза, драма, балдар адабияты, адабий сын, котормо, орус тилинде жазылган чыгармалар) өмүр баяны, сүрөт.

Плагиаттык, ачык айтылган уят сөздөрдү камтыган, ошондой эле улуттар жана диндер аралык араздашууну козуткан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чыгармалар конкурска кабыл алынбайт.

Уюштуруучу конкурска жиберилген бардык чыгармаларды жарым-жартылай же толугу менен жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернеттеги веб-сайттарга жана социалдык тармактарга сый акы төлөбөстөн жарыялаганга жана пайдаланууга укуктуу.

Конкурстун катышуучулары конкурска чыгармаларды берүү менен, Уюштуруучулар тарабынан жеке маалыматтарды чогултууга, сактоого, колдонууга, иштетүүгө жана жайылтууга автоматтык түрдө макулдук беришет.

Чыгарманы конкурска жиберген адам авторлугу аныктыгына жооп берет. Конкурстун материалдары кайтарылбайт жана рецензияланбайт.

Уюштуруучу конкурска жиберилген чыгармаларды рецензиялабайт, кайтарып бербейт (эгер почта аркылуу кагаз жүзүндө жөнөтүлгөн болсо), авторлор менен талкууга кирбейт.

Уюштуруучу конкурстун шарттарына жооп бербеген чыгармаларды эсепке албайт.

Конкурстук чыгармаларды каттоого коюлган талаптар:

  • Поэзия

– ырлар жана поэмалар, көлөмүнө жана тематикасына чектөө коюлбайт.

  • Проза

аңгеме, повесть, роман, көлөмүнө жана тематикасына чектөө коюлбайт.

  • Адабий сын

Тематикалык чектөө коюлбаган бүгүнкү күндөгү адабий процесстин өсүп-өнүгүү, өксүк маселелерин так-таамай чагылдырган адабий эмгектер, ошондой эле авторлордун чыгармаларына жазылган адабий сындар, көлөмүнө жана тематикасына чектөө коюлбайт.

  • Драма

пьеса, драма, көлөмүнө жана тематикасына чектөө коюлбайт.

  • Котормо

көркөм-адабий котормолор, көлөмүнө жана тематикасына чектөө коюлбайт.

  • Балдар адабияты

Балдар ырлары, жомоктор, көлөмүнө жана тематикасына чектөө коюлбайт.

  • Орус тилинде жазылган чыгармалар

Орус тилинде жазылган поэзия, проза, драма, көлөмүнө жана тематикасына чектөө коюлбайт.

Сынакка берилген чыгармалар мурда китеп болуп чыкпаганы шарт.

Конкурска сунуш кылынган чыгармалар төмөндөгүдөй форматта кабыл алынат:

  • текстик редактор WORD, шрифт Times New Roman, 14 кегль, интервалы 1,5.
  • Электрондук форматта жиберилген арыздар төмөндөгү эки форматтын биринде болууга тийиш: WORD же PDF.

Конкурстун катышуучуларынын чыгармаларын баалоонун этаптары

Катышуучулардын чыгармаларын баалоо үчүн Уюштуруучу топ 9 (тогуз) адамдан турган, анын ичинде 8 (адам) мүчө жана 1 (бир) адам төрага, 1 (бир) адам катчылык кылган комиссия түзөт. Катчы чыгармаларды баалоого катышпайт.

Конкурстук комиссия ушул Жобонун негизинде иш алып барат жана конкурстук иштерди баалайт, ошондой эле конкурстун жеңүүчүлөрүн жана лауреаттарын аныктайт.

Конкурстук чыгармалар конкурстун уюштуруучулары тарабынан катталат жана калыстар тобуна автордун аты-жөнүн көрсөтпөй катталуу номерлери боюнча берилет.

Конкурстук комиссиянын ар бир мүчөсү чыгарманы баалоодо тиркелген формадагы рейтингдик таблица менен иш алып барат.

Конкурсту баалоо 10 баллдык система боюнча жүргүзүлөт.

Калыстар тобунун чечими менен эң жогорку суммардык балл алган конкурстун катышуучулары лауреат болушат.

Жыйынтыктоочу суммардык балл сынактын жеңүүчүлөрүн аныктайт. Уюштуруучу, Төрага жана Конкурстук комиссия мүчөлөрү конкурстун жыйынтыктоочу протоколун түзөт.

Конкурстук комиссиянын ишинин жыйынтыгы комиссия мүчөлөрү тарабынан конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине чейин ачыкка чыгарылбайт.

Жеңүүчүлөрдү жарыялоо жана сыйлоо

Конкурстун жыйынтыгын жарыялоо жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи жыл сайын 12-декабрда Улуттук адабият күнүндө өткөрүлөт.

Конкурстун жыйынтыгы боюнча лауреаттар сыйланат.

Конкурстун сыйлык фонду 1 000 000 (бир миллион) сомду түзөт:

Эң мыкты поэзия – 100 000 (жүз миң) сом (диплом, статуэтка, сертификат, гүл);

Эң мыкты проза – 100 000 (жүз миң) сом (диплом, статуэтка, сертификат, гүл);

Эң мыкты адабий сын – 100 000 (жүз миң) сом (диплом, статуэтка, сертификат, гүл);

Эң мыкты драма – 100 000 (жүз миң) сом (диплом, статуэтка, сертификат, гүл);

Эң мыкты котормо – 100 000 (жүз миң) сом (диплом, статуэтка, сертификат, гүл).

Эң мыкты балдар адабияты боюнча чыгарма – 100 000 (жүз миң) сом (диплом, статуэтка, сертификат, гүл).

Эң мыкты орус тилиндеги чыгарма – 100 000 (жүз миң) сом (диплом, статуэтка, сертификат, гүл).

Аталган сыйлык фонду КР Мыйзамдарында аныкталган чегерүүлөрдү эске алуу менен берилет.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.