Жаңы пьесаларга сынак

Кыргыз театрларынын репертуарын жаңы көркөм туундулар аркылуу байытуу жана улуттук драматургияны стимулдаштыруу, өстүрүп-өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кыргызстан театр ишмерлер союзу биргелешип жаңы пьесаларга конкурс жарыялайт. Конкурска пьесаларды кабыл алуу жарыяланган күндөн тартып, 2023-жылдын 20-ноябрына чейин уланат.

Конкурска мурда театрларда коюла элек жана башта конкурстарга катышпаган драмалык чыгармалар гана сунушталат.

Тема эркин. Жанрылары чектелбейт.

Сынакка професионал драматургдардан тартып пьеса жазууга дилгирленген баардык калемгерлер катыша алышат.

Ар бир калемгер бир, же андан ашык драмаларын конкурска сунуштоого акылуу.

Конкурска сунушталган пьесалар Word форматта кыргыз, же орус тилинде жазылып, электрондук вариантта гана жиберилип, 9 миң сөздөн кем болбош керек.

Конкурска сунуш этилген пьесалар 2023-жылдын 20-ноябрынын саат 24.00үнө чейин Кыргызстан театр ишмелер союзунун stdkg@mail.ru электрондук почтасына жиберилет. Көрсөтүлгөн убакыттан кеч келген пьесалар конкурска катыштырылбайт.

Конкурска сунушталган пьесалардын ичинен конкурстук комиссия 2023-жылдын 5-декабрына чейин гуманисттик принциптерге, көркөмдүк талапка жооп берген, маани-маңызы олуттуу, драманын спецификалык белгилери так сакталгандарын тандап алып, Кыргызстандын профессионалдуу театрларына койдуруу үчүн Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине сунуштайт.

Конкурста утуп чыккан пьесалардын авторлоруна жеңүүчүнүн сертификаттары менен кошо акчалай байгелер тапшырылат.

Авторлор Кыргыз Республикасынын гана жарандары болуусу шарт. Чет өлкөлүк авторлор конкурска катыша алышпайт.

Авторлор пьесаларынын этегине жеке координаттарын толук көрсөтүшөт.

Конкурстун байге фонду 2 миллион сомдун тегерегинде.

Сурап-билүү үчүн телефондор:

0559 888 156 (WhatsApp), 0772 193 500 (WhatsApp)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.